СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Афганчылар куну

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Афганчылар куну»

Афганчылар куну

Сабактын максаты:Афганистандагы согуш жонундо тушунук беруу менен окуучуларды патриоттулукка,эли-жерин суйуу менен гана чектелбестен дайыма аны коргоого даяр турууга ,жоопкерчиликтуу мамиле жасоого,оз ишине так мамиле жасоого,жолдошторуна жардам берууго, улуттар аралык ынтымакта жашоого тарбияланат

Сабактын жабдылышы: слайддар, плакаттар, маркерлер,диск.

Сабактын формасы: диспут.

Сабактын журушу:а)уюштуруу

б)класстагы окуучулардын маанайын суроо, класстын сабакка даярдыгын текшеруу,окуучулардын катышуусун козомолдоо

в)Жаны теманы баяндоо

Советтер союзунун Ооганстандан өз аскерин чыгарганына быйыл 30 жыл болот. Бул согуш тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Аскерий эксперттер дээрлик 10 жылга созулган ооган согушунун геосаясий оюндардын алкагында болгон эч кереги жок оопасыз алаамат болгонун айтса, ооганчылар өздөрү мамлекетибиздин чек арасына чектеш өлкөгө тынчтык орноттук деп айтышат. Канткен күндө да постсоветтик өлкөлөрдүн жоокерлери өз моюндарына тагылган интернационалдык милдетти абийирдүүлүк менен аткарып, мекен, эл алдында жүздөрү жарык болуп отурат. Баткен окуясында, Ош коогалаңында да ушул ооган ардагерлери алдыңкы катарда болушкан. Ал эми жаш муун бул окуя жөнүндө анча деле билбейт. Ошондуктан ооган согушу жөнүндө кененирээк маалымат берүүнү зарыл деп таптык.

Ооган согушунун тарыхы

Афганистан 19-кылымдын орто ченинен тартып эле Россия империясы үчүн маанилүү өлкө болгон. Анткени ал Россия менен Улуу Британияны Орто Азия менен бириктирип туруучу аймак эле.

  1917-жылкы төңкөрүштөн соң жаңы түзүлгөн Россиянын тышкы саясаты үчүн Афганистан чоң мааниге ээ болгон. 1919-жылы Москва менен Кабулдун ортосунда бирин бири тааныгандык боюнча келишим түзүлгөн. Афганистандын өз алдынча королдук бойдон калгандыгына карабастан, Советтер союзу Мухаммед Захир шахтын өкмөтүнө активдүү жардам берген. Ошентип Орто Азия өлкөсүндө Советтер союзунун алдында түзүлгөн Афганистандын элдик-демократиялык партиясы деген уюм пайда болгон. 1960 –жылдары бул партиянын мүчөлөрүнүн саны абдан көбөйгөн.

1973-жылы Афганистанда мамлекеттик төңкөрүш болуп,  Мохаммед Дауд башчылыкка келет. Анын позициясынан улам коммунисттер өз ара бөлүнүшүп, акыбетинде жаңы эки партия пайда болот. 1978-жылдын апрелинде НДПАнын (АЭДП) гезитинин редакторун өлтүрүп кетишет. Бул окуя «Апрель революциясы» деп аталган куралдуу төңкөрүшкө алып келген. Парчамисттер партиясы бийликке келип, Афганистан демократиялык республикасынын жактоочуларынын бири Нурмухаммед Тараки башчылыкка шайланат. Бирок анын тушунда да өлкөдө абал жакшырбай курч бойдон кала берет.

1979-жылы өлкөдө абал өтө курчуйт. Бул абалга премьер-министр Нажибулла Амин президент Таракинин күнөөлөп, өлтүрүүгө буйрук берет. 9-октябрь күнү Тараки жаздыкка тумчуктурулуп өлтүрүлөт.

Бул окуя Советтер Союзуна 2 себеп менен жакпай калат. Биринчиден, Афганистан СССРдин түштүк чек арасына (Өзбекстан, Тажикстан) жакын болгон. Экинчиден, Тараки советтик жетекчилердин «адамы» болгондуктан, анын өлүмү Москванын жетекчилерине, өзгөчө Леонид Брежневге катуу таасир эткен. Л.Брежневдин Таракинин өлүмүнө өтө кайгырганы тууралуу  СССРдин ошол кездеги тышкы иштер министри Андрей Громыко өз мемуарында кенен жазган.

Ошентип  1979-жылдын 25-декабрында «Афган өкмөтүнүн ар тараптан жардам суроосуна жооп кылуу максатында» Советтик армиянын биринчи бөлүгү Афганистанга киргизилген.

Легендарлуу 40-армия

25-декабрда Советтик армиянын Чектелген контингенти (ограниченный контингент- ОК, 40-армия)  Афганистандын аймагына кирип, эки күндөн соң Кабулдагы президенттик сарайды алышат. Бул операцияда 20 га жакын советтик жоокер курман болот. Сарай колго алынып, Аминди үй-бүлөсү менен өлтүрүшөт. Бул тууралуу оогандар таң эртелеп Аминдин ордуна Москва ылайыктуу тапкан Бабрак Кармалдан угушкан. Б.Кармал Кабул радиосунан сүйлөгөн сөзүндө Нажибулла Аминди америкалык “империалисттердин” тыңчысы деп атайт жана оорудан соң көз жумгандыгын билдирет.

Ушул эле күнү советтик аскерлер Ооганстандын Кабулдан башка дагы чоң шаарларындагы өкмөттүк кеңселерди ээлешет жана айдын аягына чейин өлкөгө 80 миңден ашык жоокер киргизилет.

Афган согушу тууралуу маалыматтар Советтер союзунун өзүндө такыр айтылбаган. Маалымат каражаттарында башка «маанилүү окуялар» чагылдырылып турган.

"Афган синдрому"

СССРдин Афганистандагы аскердик ийгиликтери ойдогудай болбогон. Кабулдагы режим чоң-чоң шаарларды гана көзөмөлдөп,  моджахеддердин отряддары Иран, Пакистан, АКШ жана Араб королдугунан колдоо жана жардам алып турушкан. 1988-жылдын 15-майында бул согушка чекит коюлуп, Женева келишимине ылайык, Афганистандан советтик аскерлер чыгарыла баштаган. 1989-жылдын 15-февралында акыркы жоокерлер Аму дарыясынын көпүрөсү аркылуу Советтик Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өтүшкөн.

 Бул согушка союздан 120 миң адам (12 дивизия) катышкан. Анын ичинен 15 миңден ашык жоокер жана офицер курман болуп, миңдеген жоокерлер жарадар болуп кайтышкан. Согуштун кесепетинен психикалык жактан жабыркап, бирок ал учурда дароо байкалбай, кийин ооруп калгандардын тагдыры жүрөк оорутчу маселе. Тарыхта бул муун «афган синдрому» деген ат менен эскерилет.

Оопасыз ооган эли

 Ал эми Ооганстандын өзүн алсак, анын калкынын бир жарым миллионго жакыны ооган-совет согушунда набыт болду, беш миллиондой ооган (өлкө калкынын дээрлик үчтөн бири) өз шаар-кыштагынан качып, бозгундукка кетүүгө аргасыз болгон.

  Советтер союзу аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткенден кийин өлкөдө жарандык согуш тутанат. Мужахиддердин түрдүү топтору арасындагы ыркы жоктуктан улам өлкө ого бетер бүлүнүп, эл тозуп-тонот. Каатчылык жагдайда талибан кыймылы пайда болот. 1992-жылы апрелде Нажибулланын ордуна келген Кармалдын режимин Ахмадшах Масуд менен Рашид Дустумдун отряды кулатат. Афганистан ислам мамлекети болуп калды, бирок моджахеддер бийликти бөлө албай, анын кесепетинен жарандык согуш көнүмүшкө айланды...

«Ооган согушундагы күндөрдү азыр да унута албайбыз»

   Кыргызстандан Ооган согушуна 7400 жоокер барган. Алардын ичинен  300дөн ашууну курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. 2 кыргызстандык жоокерге «Советтер союзунун баатыры» наамы берилген. Мунун ичинен Ош аскер комиссариатынан (Ош, Баткен, Жалал-Абад) 4200 жоокер жана офицер барып, 18и кайткан эмес. 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бир жоокерге Советтер союзунун баатыры деген наам берилген. Кайтып келгендери Ооган согушунда алган психологиялык     стресстен («афган синдрому») улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калган. Айына 6000 сом өлчөмүндө мамлекет тарабынан жөлөк пул алышат. 15-февраль ооганчылар күнүн утурлап, айрымдары менен байланыштык.

 Уйго тапшырма: «Мекен» темасында ырларды жаттоо


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!