Просмотр содержимого документа
«Африка материги жөнүндө»
Африка материги
30 221 532 км²
Калкы
1,1 млрд (2013)[1] адам
Жыштыгы
30,51 адам/км²
Этнохороними
африкалыктар
Курамында
55 өлкө[2]
Көз каранды
өлкөлөр
Тилдери
Африка тилдери
Убакыт аралыгы
UTC-1 — UTC+4
Commons-logo.svg Африка Уикиказынада
Африка - дүйнөдө чоңдугу боюнча Евразиядан кийинки экинчи материк, дүйнө бөлүгү. Аянты 29,2 млн км2 (аралдары менен 30,3 млн км2). Калкы 896,7 млн (2005). Батышынан Атлантика океаны, түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Инди океаны жана Кызыл деңизи менен чулганат. Суэц мойногу аркылуу Азия менен туташып, кууш (13 км) Гибралтар кысыгы аны Европадан бөлөт. Африканын эң түндүк учу - Эль-Абьяд тумшугу, түштүк чети - Ийне тумшугу, батышы - Жашыл Тумшук жарым аралындагы Альмади тумшугу, чыгышы - Сомали жарым аралындагы Рас-Хафун тумшугу. Жээктери көбүнчө тоолуу, ыңгайлуу булуң-буйтка аз; эң чоң булуңдары - Гвинея, Сидра. Эң ири жарым аралы - Сомали. Африкага (дүйнө бөлүгү катары) таандык аралдар: чыгышында - Мадагаскар, Комор, Маскарен, Амирант, Сейшель, Пемба, Мафия, Занзибар, Сокотра; батышында Мадейра, Канария, Жашыл Тумшук, Аннобан, Пагалу, Сан-Томе, Принсипи, Фернандо, По, Биоко, алыскы аралдары - Вознесение, Ыйык Елена, Тристан-да-Кунья. Геологиялык түзүлүшү боюнча Африка - негизинен кембрийге чейинки платформа. Анын фундаменти Нубия-Араб, Ахаггар, Регибат жана башка калкандарда жер бетине чыгып жатат. Африканын түндүк-батышындагы Атлас тоолорунун ички бөлүгү жана материктик түштүгүндөгү Кап тоолору герцин, ал эми Атлас тоолорунун түндүк тармактары альп бүктөлүүлөрүнө таандык. Дүйнөлүк маанидеги кен байлыктары: алмаз (Түштүк жана Батыш Африка), алтын, уран (Түштүк Африка), темир, алюминий (Батыш Африка), жез, кобальт, бериллий, литий (негизинен Түштүк Африка) рудалары, фосфорит, нефть, табигый газ (Түндүк жана Батыш Африка).
Табияты
Рельефинде түздүктөр, платолор жана бөксө тоолор үстөмдүк кылат, ал эми ойдуңдар материктин аймагынын 9,8% аянтын гана ээлейт, алар негизинен жээк бөлүктөрүндө жайгашкан. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги (750 м) боюнча Антарктидадан жана Евразиядан кийинки 3-материк; эң бийик жери Чыгыш Африка бөксө тоосундагы Килиманжаро жанар тоосу, 5895 м. Африканы экватордон түндүктү карай дээрлик бүт Сахара, Судан түздүктөрү жана платолору ээлейт. Сахаранын борбордук бөлүндө Ахаггар, Тибести тайпак тоолору (эң бийик жери - Эмми-Куси чокусу, 3415 м), Суданда - Дарфур платосу (3088 м), Сахаранын түндүк-батышында Атлас тоолору (4165 м, Тубкаль чокусу) көтөрүлөт. Кызыл деңизди бойлой Этбай кырка тоосу созулуп жатат (2259 м, Ода чокусу). Судан түздүгү түндүгүнөн Түндүк Гвинея дөңсөөсү (Бинтимани чокусу, 1948) жана Азанде бөксө тоосу менен чектешет. Чыгышындагы Эфиопия тайпактоосу (Рас-Дашан чокусу, 4620 м) Афар ойдуңун карай тик түшөт; Афар ойдуңунда Африканын эң чуңкур жери орун алган (андагы Ассаль көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 150 м төмөн жайгашкан). Азанденин түшгүгүндө жайгашкан Конго ойдуңу батышынан Түштүк Гвинея дөңсөөсү, түштүгүнөн Луанда-Катанга бөксө тоосу, чыгышынан Чыгыш Африка бөксөтоосу (Килиманжаро тоосу, 5895 м; Рувензору чокусу, 5109 м) менен чектешет. Түштүк Африкада жайгашкан бийик Калахари түздүгү батышынан бөксөтоолор, чыгышынан Ажыдаар тоолору (3482 м) менен чектешет. Материктин түштүк четинде орто бийиктеги (2326 мге чейин) Кап тоолору созулуп жатат. Материкте түзөң рельефтин басымдуу болушу анын платформалык структурасына байланыштуу. Африканын түндүк-батышында платформанын фундаменти терең жатып, үстүн чөкмө тектер калың жаап, басымдуу бийиктиги 1000 мге чейин болгондуктан Жапыз Африка, ал эми түштүк-батышында байыркы фундамент айрым жерлеринде жер бетине чыгып, бийиктиги 1000 мден ашкандыктан ал Бийик Африка деп аталат. Африка платформасынын төмөн ийилген жерлери ири ойдундарга (Калахари, Конго, Чад жана башка), жогору көтөрүлгөн жерлери тоолорго туура келет. Африканын чыгыш чет жакасы платформанын эң активдүү кыймылдуу бөлүгү болгондуктан көтөрүңкү (бийик Эфипопия тайпак тоосу, Чыгыш Африка бөксө тоосу жайгашкан) жана өтө тилмеленген; анда Чыгыш Африка тектоникалык жаракаларынын татаал системасы созулуп жатат.