СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Африка материгине саякат

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Африка материгине саякат»

Тема:Ойлон ,изден ,тап. Африка материгине саякат.

Сабактын максаты:Окуучулар Африка материги боюнча алган билимдерин текшеришет,ой жүгүртүү ,эске тутуу жөндөмдүүлүгун,карта менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу.

Окуучулардын таанып билүүсүн,өнүктүрүү,карта контур карта менен иштөөгө көнүктүрүү.

Алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө,топто иштөөгө,өз оюн тартынбай айтууга тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы:Карта, глобус,контур карта,карточка,Баш катырма.

Сабактын журушу: а) Уюштуруу.

Б)Үй тапшырма.

В) Топко бөлүү.

Үй тапшырма боюнча Африканы изилдеген окумуштуулар жөнүндө маалымат топтоо.

Ар бир топ өздөрү топтогон окумуштуулардын атынан топторду аташат.

1-топ Д Ливингстон (1840-1873жж)

2-топ Н Н Вавилов (1926-1927 жж)

3-топ В В Юнкер.

Мугалим: Балдар биз бүгүн силер менен улуу окумуштуулардын изи менен Африка материгине сапар алабыз.

Бул материк өзүнүн өзгөчө жаратылышы,бай флорасы фаунасы,жана ээлеп турган физика-географиялык абалы менен кеңири таанышабыз.Анда эмесе 3 топ саякатка жөнөдүк.Биздин учак алгач Казакстанга,андан Турцияга барып конуп,Турциядан Египеттке сапар тартабыз.Ошентип Африкага жетип алыш үчүн бизди алдыда сыноолор турат.Кандай гана жерге саякатка чыкпайлы ал жердин тарых таржымалын билбей туруп,биз көздөгөн жерибизге жете албайбыз.Доскада 3 категория турат,бирөөсүн тандайбыз,ал жерде 7 суроо камтылган,суроолорго жооп берген топ Казакстандан Турцияга учат, жооп бере албаса ал топ Казакстанда калат.

1 Африканын физика-географиялык абалы.

1 Африка сөзүн чечмелеп бер?.

2 Материктин жалпы аянты?.

3 Баштапкы меридиан материкти кайсы тарабынан кесип өтөт?.

4 Материктин эң чоң жарым аралы?.

5 Материктин эң чоң булуңу?.

6 Материкти түндүк-чыгышта Евразия менен туташтырган мойногу?

7 Материкти Европадан бөлгөн кысык?

2 Материктин рельефи жана кен байлыктары.

1Материкте басымдуулук кылган рельефтин негизги формалары?

2 Материктин кайсы тарабы тоолу келет?

3 Улуу Африка жаракасы материктин кайсы болугундо?

4 Материктин туштугундогу тоо кыркалар?

5 Материктин дениз денгээлинен томон жаткан жери?

6 Тундук Африка кайсы кен байлыкка бай?

7 Материк боюнча эн бийик чоку?

3 Ички суулары жана климаты.

1 Африка материгинде канча климаттык алкак бар?

2 Экватордук аймакка муноздуу мезгил?

3 Сооллгон дарыялардын нуктары кандай аталат?

4 Суусунун молдугу боюнча экинчи орунда турган дарыя?

5 Субэкватордук алкакта жайгашкан колу?

6 Африка материгинин эн чон колу?

7 Чолдогу эн чон температура?

Балдар ошентип биз Африка материги боюнча жалпы маалымат

алдык.Жеткиликтуу упай топтой албаган топ менен Казакстандан

коштошуп сапарыбызды улантмакчыбыбыз.

Ошентип биз Казакстандан Турцияга аман-эсен конуп алдык бул жерде да бизди кутулбогон суроо кутуп турат.Алдыбызда Африка материгинин контур картасы турат,контур картага материкти чулгап турган океандар,дениздерди,кысыктарын,булундарын,аралын,жарым аралын туура тушурсок сапарыбыз байсалдуу болуп Турциядан Египетке аман-эсен жетип алмакчыбыз.

Тапшырма контур картага океандарды ,дениздерди ,кысык-булун,арал-жарым аралдарды тушуруу.

Азаматтар,ошентип,биз Египетке конуп Африка материгине жетип алдык.Африканын кызыктарына конул буралы.

Менин суроттошум боюнча соз эмне жонундо болуп жатканын табабыз!

Вадил

Аларга ношорлогон жаандан кийин анда-санда гана пайда боло калуучу гоот суулар толот.

Нил

Чыгыш Африка боксо тоосунан башталып,Виктория жана бир нече колдор аркылуу агып отот.Узундугу 6671км.

(Нигер)Конго

Экваторду эки ирээт кесип уч болукко ажырап болунот.Ал суусунун молдугу жана (узундугу) алабынын аянты боюнча Туштук Африкадагы Амазонка дарыясынан гана калышат.

Виктория

Шаркыратманын алдында дарыянын туурасы 1800м жайылып ,андан кийин шаркыратма 105м бийиктиктен тар капчыгайга оргуп тушот,шаркыратманын дабышы коптогон км ге чейин угулат .Жергликтуу калк шаркыратманы “Курулдогон тутун” деп коюшат.

Самум

Кундуз ото ысыган аба менен дем алуу кыйын.Жайында коп учурларда кум учурган катуу шамал согот.Уп болот.Мындай климат тропиктик чол климаты д.а.

Вельвичия

Анын кыска жана жоон сонгогу жер бетинен 50 см гана жогору которулот.Осумдуктун башынан узундугу 3м ге жеткен калын нык эки жалбырак айрылып осуп чыгат.Жалбырактар сабагынан тынымсыз осо берет.Уч жагы болсо,куурай берет.150 жылдан ашык осот.

Бышыктоо:

Эми балдар Африканы жыйынтыктоо учун карта толтурабыз .

Колониялык эзуудон жана кул соодасынан жабыр тарткан Африкадай дуйнодо бир да материк жок.Африка олколорунунун артта калышынын эн баштапкы себеби ал материк толугу менен ꭙꭙ- кылымдын башына чейин колония болуп келгендигинде.

Экинчи дуйнолук согуштан кийин колониялык система акырындап ыдырап,анын саясий картасында 54 коз карандысыз мамлекет п.б. Морокко,Лесото,Свазиленд ушул 3 олколор гана коз карандысыз болуп келген.

Силерге берилуучу тапшырма конвертте катылган дарыя,кол жана олкону картага тушуруу.

1-Нил дарыясы,Чад колу,Эфиопия олкосу.

2-Нигер дарыясы,Виктория колу,Ливия олкосу.

3-Конго дарыясы,Танганика колу,Тунис олкосу.

б.Чогулткан упайларды эсептоо.

в.Уй тапшырма.