СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Африка жана Латын Америкасы. 10-класс. Слайд.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Африка жана  Латын Америкасы. 10-класс. Слайд.

Просмотр содержимого документа
«Африка жана Латын Америкасы. 10-класс. Слайд.»

Африка жана Латын Америкасы Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html  Бесплатно и без регистрации. Дүйнө тарых 10-класс

Африка жана Латын Америкасы

Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html

Бесплатно и без регистрации.

Дүйнө тарых

10-класс

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Сабакка колдонулган медиа материалдар

Африка Африканын түндүк жагындагы Сахаранын түштүк бөлүктөрүнө чейин орто кылымдардан тартып ак араб жана бербер калкы басымдуулук кылат, анда эфиоптор ж. б. элдер да жашашат. Судандын жана Сомалинин калкы-бет түзүлүштөрү европалыктарга окшош, бирок чачтары тармал, кара түстүү калк. Африкадагы башка элдер кара түстүүлөргө кирет. Мадагаскар аралындагы калк-Индонезия калкына тектеш малагасийлер болушат.

Африка

  • Африканын түндүк жагындагы Сахаранын түштүк бөлүктөрүнө чейин орто кылымдардан тартып ак араб жана бербер калкы басымдуулук кылат, анда эфиоптор ж. б. элдер да жашашат.
  • Судандын жана Сомалинин калкы-бет түзүлүштөрү европалыктарга окшош, бирок чачтары тармал, кара түстүү калк. Африкадагы башка элдер кара түстүүлөргө кирет.
  • Мадагаскар аралындагы калк-Индонезия калкына тектеш малагасийлер болушат.
 Африка мамлекеттери Араб халифаты кулагандан кийин Африкадагы бир нече мамлекеттер пайда болгон. Египет, Ливан, Тунис, Алжир, Марокко сакталып калган. Осмон империясы 17 к. Мароккодон башкасын басып алган. Эфиоп өз алдынчалыгын сактап калган. Конго, Чад көлүнүн, Инди океанынын, Гвинея булуңунун жээктеринде бир нече феодалдык мамлекеттер пайда болгон. Африканын түштугүндө алгачкы жамааттык түзүлүш сакталып калган. Африка мамлекеттеринин чек аралары болгон эмес. Африка дүйнөлүк маданиятка сурөт өнөрү, өзгөчө жыгачты оюп түшүрүү боюнча салым киргизген.

Африка мамлекеттери

Араб халифаты кулагандан кийин Африкадагы бир нече мамлекеттер пайда болгон.

  • Египет, Ливан, Тунис, Алжир, Марокко сакталып калган.
  • Осмон империясы 17 к. Мароккодон башкасын басып алган.
  • Эфиоп өз алдынчалыгын сактап калган.
  • Конго, Чад көлүнүн, Инди океанынын, Гвинея булуңунун жээктеринде бир нече феодалдык мамлекеттер пайда болгон.
  • Африканын түштугүндө алгачкы жамааттык түзүлүш сакталып калган.
  • Африка мамлекеттеринин чек аралары болгон эмес.
  • Африка дүйнөлүк маданиятка сурөт өнөрү, өзгөчө жыгачты оюп түшүрүү боюнча салым киргизген.

Европа өлкөлөрүнүн басып алуулары 18к. англичандар, француздар, голландар Алтын жээкке (Гана) бекем орношкон. Француздар Сенегал дарыясына порт негиздеген. Голландиялыктар Ыйык Үмүт тумшугун, Кап колониясын түзгөн. АНГЛИЯ Кап колониясын басып алып, бурларды (жергиликтүү эл) түндүк-чыгышка сүргөн, кулга айландырган. Колонизаторлор Европага пилдин сөөгүн, алтын, алмаз ж. б. асыл таштарды ташып, элди кулга айландырып байышкан.

Европа өлкөлөрүнүн басып алуулары

  • 18к. англичандар, француздар, голландар Алтын жээкке (Гана) бекем орношкон.
  • Француздар Сенегал дарыясына порт негиздеген.
  • Голландиялыктар Ыйык Үмүт тумшугун, Кап колониясын түзгөн.
  • АНГЛИЯ Кап колониясын басып алып, бурларды (жергиликтүү эл) түндүк-чыгышка сүргөн, кулга айландырган.
  • Колонизаторлор Европага пилдин сөөгүн, алтын, алмаз ж. б. асыл таштарды ташып, элди кулга айландырып байышкан.
Африка элинин күрөшү Анголанын калкы 15 к. аягынан 18 к. аягына чейин португалиялыктарга каршы күрөшкөн. Түштүк Африкадагы коса жана зулу уруулары, бурлар, кийин англиялыктар менен согушуп келген. Египет эли Наполеондук француздарга каршы күрөшкөн. Франция Суец каналын казууга концессия ( келишим) алып, каналды казуу 11 жылга созулуп, 1869-ж. ишке киргизилген. Алжир эли 1847-ж. Абд-аль Кадырдын жетекчилигинде каршы күрөшкөн. Эфиопия арабдарга, түрктөргө, португалдарга каршы күрөшүшкөн. 1867-1868-жж. император Теодорос II Англияга согуш ачып, жеңилип калган, бирок эл жеңилген эмес. Англиялык аскерлер өлкөнү таштап кеткен. Европалыктар континенттин 11% гана басып ала алган.

Африка элинин күрөшү

  • Анголанын калкы 15 к. аягынан 18 к. аягына чейин португалиялыктарга каршы күрөшкөн.
  • Түштүк Африкадагы коса жана зулу уруулары, бурлар, кийин англиялыктар менен согушуп келген.
  • Египет эли Наполеондук француздарга каршы күрөшкөн. Франция Суец каналын казууга концессия ( келишим) алып, каналды казуу 11 жылга созулуп, 1869-ж. ишке киргизилген.
  • Алжир эли 1847-ж. Абд-аль Кадырдын жетекчилигинде каршы күрөшкөн.
  • Эфиопия арабдарга, түрктөргө, португалдарга каршы күрөшүшкөн. 1867-1868-жж. император Теодорос II Англияга согуш ачып, жеңилип калган, бирок эл жеңилген эмес. Англиялык аскерлер өлкөнү таштап кеткен.

Европалыктар континенттин 11% гана басып ала алган.

Латын Америкасы Вест-Индия, Борбордук жана Түштүк Американын өлкөлөрү Испаниянын колониялары болгон.  Гаити аралы Францияга тиешелүү болгон. Ал алгач Х. Колумб тарабынан ачылып, кийин француз каракчылары ээлеп алышкан. Гаитиде кант камышын иштетүү үчүн Африкадан көп негр кулдарды алып келишкен. 1791-ж. Гаитиде Туссен-Лувертюр баштаган кулдардын көтөрүлүшү чыккан. Бир нече жылдан кийин Наполеон француз аскерлери жиберилип, Туссен туткунга алынып, Франциядагы түрмөдө каза болгон. Бирок Франция Европадагы согуштардан бошогон эмес, анын аскерлери өлкөдөн куулуп, 1804-ж. Гаити Республикасы түзүлгөн.

Латын Америкасы

  • Вест-Индия, Борбордук жана Түштүк Американын өлкөлөрү Испаниянын колониялары болгон.
  • Гаити аралы Францияга тиешелүү болгон. Ал алгач Х. Колумб тарабынан ачылып, кийин француз каракчылары ээлеп алышкан. Гаитиде кант камышын иштетүү үчүн Африкадан көп негр кулдарды алып келишкен.
  • 1791-ж. Гаитиде Туссен-Лувертюр баштаган кулдардын көтөрүлүшү чыккан. Бир нече жылдан кийин Наполеон француз аскерлери жиберилип, Туссен туткунга алынып, Франциядагы түрмөдө каза болгон. Бирок Франция Европадагы согуштардан бошогон эмес, анын аскерлери өлкөдөн куулуп, 1804-ж. Гаити Республикасы түзүлгөн.
Америкадагы индейлердин күрөшү Мексикадагы ацтектер жана Түштүк Америкадагы инкилер испандыктарга каршы күрөшкөн. Метистер-индейлер менен актардын тукумдары, мулаттар-негр менен актардын тукумдары болгон. Латын Америка өлкөлөрүн европалык мамлекеттер басып алып, зордук-зомбулук, талап-тоноо менен коштолгон. Жерлеринен ажыраган индейлердин бир бөлүгү кырылып жок болушу колонизаторлорду Ямайканын, Кубанын, Бразилиянын плантацияларында иштетүү үчүн Африкадан негр кулдарын алып келүүгө мажбурлаган.

Америкадагы индейлердин күрөшү

  • Мексикадагы ацтектер жана Түштүк Америкадагы инкилер испандыктарга каршы күрөшкөн.
  • Метистер-индейлер менен актардын тукумдары, мулаттар-негр менен актардын тукумдары болгон.
  • Латын Америка өлкөлөрүн европалык мамлекеттер басып алып, зордук-зомбулук, талап-тоноо менен коштолгон. Жерлеринен ажыраган индейлердин бир бөлүгү кырылып жок болушу колонизаторлорду Ямайканын, Кубанын, Бразилиянын плантацияларында иштетүү үчүн Африкадан негр кулдарын алып келүүгө мажбурлаган.
Боштондук күрөшү 1810-ж. колонияларда элдик көтөрүлүштөр башталган. Мексикада айылдык поп Мигель Идальго метистер менен индейлерден аскер курап, өлкөнүн бир канча жерлерин басып алып, кулдарды 10 күндүн ичинде бошотууга буйрук берген жана индейлердин салыктарын жойгон. Идальгонун элдик кошууну испаниялык аскерлерден талкаланып, өзүн туткунга алышкан жана 1811-ж. атып, элге көрсөтүш үчүн башын темир тордун ичине илип коюшкан. Бирок Мексикадагы боштондук күрөш улантылып, 1821-ж. Мексика өз алдынча мамлекет болгон. Кулчулук жоюлган, кийин өлкө республика болуп жарыяланган.

Боштондук күрөшү

  • 1810-ж. колонияларда элдик көтөрүлүштөр башталган.
  • Мексикада айылдык поп Мигель Идальго метистер менен индейлерден аскер курап, өлкөнүн бир канча жерлерин басып алып, кулдарды 10 күндүн ичинде бошотууга буйрук берген жана индейлердин салыктарын жойгон. Идальгонун элдик кошууну испаниялык аскерлерден талкаланып, өзүн туткунга алышкан жана 1811-ж. атып, элге көрсөтүш үчүн башын темир тордун ичине илип коюшкан. Бирок Мексикадагы боштондук күрөш улантылып, 1821-ж. Мексика өз алдынча мамлекет болгон. Кулчулук жоюлган, кийин өлкө республика болуп жарыяланган.

Симон Боливар

  • С. Боливар –венесуэлалык бай креолдун үй-бүлөсүндө туулган. Мыкты билимге ээ болуп, Европаны кыдырып чыккан. Венесуэланын боштондук армиясын түзгөн, испандыктарга каршы күрөшкөндүгү үчүн «Бошотуучу» деген ардактуу наам алган.
  • С. Боливар Европанын алдыңкы коомчулугунан жардам сураган, жардамга ирланддар, англдар, немецтер, италиялыктар, орустардан ыктыярдуулар келишкен.
  • 1819-ж. Венесуэла көз карандысыздыгын жарыялаган. Ошол эле жылы Боливар Венесуэладан Анд тоолорунан ашып өтүп, Жаңы Гренада аймагын испандардан бошотууну чечкен, жолдогу кыйынчылыктарга карабастан Жаңы Гренада Венесуэла менен бириккен жана Боливар республиканын –Улуу Колумбиянын президенти болуп калган.
  • Боливар индейлерден алым жыйноону жойгон, ири помещиктердин жерлерин конфискациялоо жөнундө мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан. Испандарды жеңгенден кийин бай креолдор Боливарды отставкага чыгууга аргасыз кылган.
  • Боливар революциянын эң кыйын мезгилинде эл менен бирге болгон, ошондуктан эл азыркы күнгө чейин аны эстен чыгарбайт. Венесуэланын монетасы да боливар деп аталат.

Латын Америка өлкөлөрүнүн боштондук кыймылдары Аргентинаны генерал Хосе Сан-Мартиндин жетекчилиги астында революциячыл аскерлер бошоткон, андан кийин Аргентинадан Анды тоолорун ашып Чили менен Перуну бошотууга жардам берген. 1822-ж. Бразилия Португалиядан бөлүнүп чыккан, бирок кулчулук сакталган. 1824-ж. декабрда Перуну өз алдынчалыгынан ажыратууга аракет жасаган испандык аскерлер Боливардын армиясы тарабынан талкаланган. Кийинки жылы Боливардын урматына Боливия Республикасы тузүлгөн.

Латын Америка өлкөлөрүнүн боштондук кыймылдары

  • Аргентинаны генерал Хосе Сан-Мартиндин жетекчилиги астында революциячыл аскерлер бошоткон, андан кийин Аргентинадан Анды тоолорун ашып Чили менен Перуну бошотууга жардам берген.
  • 1822-ж. Бразилия Португалиядан бөлүнүп чыккан, бирок кулчулук сакталган.
  • 1824-ж. декабрда Перуну өз алдынчалыгынан ажыратууга аракет жасаган испандык аскерлер Боливардын армиясы тарабынан талкаланган. Кийинки жылы Боливардын урматына Боливия Республикасы тузүлгөн.

Латын Амекрикасындагы революциялардын максаты Латын Америкасынын көз карандысыздыгы үчүн согуштардын максаты-Испания менен Португалияга болгон көз карандылыкты жоюу болгон. Ал максат ишке ашкан, бирок кулчулук сакталып калган. Венесуэла, Колумбия, Перуда кулчулук 19к. 50-жж. жоюлган, ал эми Бразилияда 80-жж. чейин созулган. Латын Америкасынын өлкөлөрүнүн экономикалык жактан артта калгандыгынан жана бытыранды болуп бир нече мамлекетке бөлүнүшүнөн Англия, АКШ пайдаланган.

Латын Амекрикасындагы революциялардын максаты

  • Латын Америкасынын көз карандысыздыгы үчүн согуштардын максаты-Испания менен Португалияга болгон көз карандылыкты жоюу болгон. Ал максат ишке ашкан, бирок кулчулук сакталып калган.
  • Венесуэла, Колумбия, Перуда кулчулук 19к. 50-жж. жоюлган, ал эми Бразилияда 80-жж. чейин созулган.
  • Латын Америкасынын өлкөлөрүнүн экономикалык жактан артта калгандыгынан жана бытыранды болуп бир нече мамлекетке бөлүнүшүнөн Англия, АКШ пайдаланган.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат! Республикалык М. Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык орто мектеп-интернатынын тарых мугалими Ажыбаева нурила Эргешбаевна

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

Республикалык М. Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык орто мектеп-интернатынын тарых мугалими Ажыбаева нурила Эргешбаевна