СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Африканын климаты жана дарыялары

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Африканын климаты жана дарыялары»

Африканын климаты жана дарыялары



Африканын басымдуу бөлүгүнүн тропик алкактарынын аралыгында жайгашуусу жана суммардык күн радиациясынын жогорулугу (180200 ккал/см2) анын климатын аныктайт. Ошого байланыштуу Африканын басымдуу бөлүгүндө жогорку температура үстөмдүк кылып, дүйнөдөгү эң ысык материк деп эсептелинет. Гвинея булуңунун түндүк жээгинде жана Конго ойдуңунда абанын жылдык орточо температурасы 25-26°С болот. Судандын түндүгүндө жана Сахарада жайында өтө ысык (орточо температурасы 30-32°С), батышында 38°Сге чейин; Эль-Азизия (Ливияда) Жер шарындагы эң ысык жер, анда 58°С катталган. Субтропик кеңдиктеринде 16-22°С. Кыш мезгилиндеги абанын орточо температурасы 20° түндүк жана түштүк кеңдиктеринде 16°С, субтропиктерде 10°С. Африканын чыгыш жээгин экватордон түштүктү карай чулгап турган Мозамбик жана Ийне тумшук жылуу агымдары материктин жээгинин темпрасын көтөрүп, бир калыпта кармап турат; Канар жана Бенгал муздак агымдары температураны төмөндөтүп, Африканын тропик алкактарындагы батыш жээктеринде кургактыкты күчөтөт. Түндүк жарым шарда кургактык зо4р аймакты ээлегендигине жана Азиянын жакын жайгашкандыгына байланыштуу климаттын континенттүүлүгү өтө жогору. Түштүк жарым шарда Ажыдаар тоолорунун айдарым капталдарында жана Мадагаскарда жаан-чачын мол жаайт. Африканын үстүндөгү негизги циркуляциялык процесс - тропиктик абанын пассатар менен кириши. Пассаттык тропиктик аба ички тропиктик конвергенциянын түндүк жана түштүк зоналарында экватордук аба менен беттешип, циклондук депрессия пайда болот да нөшөрлөнгөн жаан-чачын алып келет. Пассаттык циркуляция муссондук циркуляция менен татаалдашат. Муссондук циркуляция айрыкча Гвинея булуңунун түндүк жээгине жана Африканын чыгыш чет жакасына мүнөздүү. Атмосфералык циркуляциянын, температуранын жана жааган жаан-чачындын сезондук өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу Гвинея булуңунун жээктеринде жана Конго ойдуңунда дайыма нымдуу, ысык экватордук климат (5-7° түн. кендиктер менен 2-3° түштүк кендиктердин аралыгында) түзүлөт. Камерун тоосунун этегинде жайгашкан Дебунжада жылына 9655 мм жаан-чачын жаайт (Африканын эң жаанчыл жери). Экватордук климат түндүктү жана түштүктү карай акырындап субэкватордук (экватордук муссондук) климатка өтөт; мында жайы жаанчыл, кышы кургакчыл болот. Кургакчыл кышкы сезондун узактыгы 2 айдан 10 айга чейин созулат; ал эми жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1800 ммден 300 ммге чейин азаят. 20° түн. кеңдиктен түндүктү, 18° түштүк кендиктен түштүктү карай тропиктик климат өкүм сүрөт; Түндүк жарым шарда чөлдүү, өтө кургакчыл; Сахарада жылдык жаан-чачындын өлчөмү 100 мм жана андан аз; Чыгыш Сахара Африканын эң кургакчыл жери, мында жылына 10-20 мм гана жаан-чачын жаайт. Чыгышын жээктей климаты океандык чөлдүү, абанын салышгырмалуу нымдуулугу жогору. Түштүк жарым шардын тропиктик алкагында климаттын 3 сектору түзүлөт: батышы - океандык чөлдүү; борбордук бөлүгүндө - мелүүн континенттик кургакчыл жана кургакчыл, чыгышында деңиздик пассаттык, жайы жаанчыл. Африканын түндүк жана түштүк чет жакалары субтропиктик климаттык алкактарда жайгашкан. Африканын түндүгүндө Жер Ортолук деңиздик - Атлас тоолорунун айдарым капталдарына накта, анын ички аймактарына, Ливиянын жана Египеттин жээктерине жарым чөлдүү жана чөлдүү Жер Ортолук деңиз климаты мүнөздүү. Түштүк жарым шарда накта Жер Ортолук деңиздик климат Кап тоолорунун түштүк-батыш айдарым капталдарында байкалат; жаан-чачын максимуму жайында болгон муссондук субтропик климаты - түштүк-чыгыш чет жакасына, жарым чөлдүү жана чөлдүү климат - ички аймактарына мүнөздүү. Африка жылдык агымынын өлчөмү (5390 км3) боюнча Азия жана Түштүк Америкадан кийинки 3-материк. Дарыялары экватордук климаттык алкакта жыш, ал эми чөлдөрдө жана Калахаринин кумдуу түздүктөрүндө дээрлик жок. Континенттик суу бөлгүч Афиканын чыгыш көтөрүңкү бөлүгү аркылууу өтөт. Ошондуктан Атлантиканын алабына Африканын аянтынын 36,05%, Инди океанынын алабына 18,48% , Жер Ортолук деңиздин алабына 14,88% таандык. Ири дарыялары: Конго, Нил, Нигер, Замбези, Оранж. Алардын ичинен Конго жылдык агымынын өлчөмү боюнча (1230 км3) дүйнөдө Амазонкадан кийинки 2-ири дарыя, ал эми Нил дүйнөдөгү эң узун (6671 м) дарыя деп эсептелинет. Суусу сыртка агып чыкпаган аймак Африканын аянтынын 30,5% ин ээлейт. Африканын дарыялары куралуусу боюнча төмөнкү типтерге бөлүнөт: 1) экватордук (жамгыр сууларынан гана куралып, агымы жылбою туруктуу болгон); 2) судандык (эң көп таралганы; негизинен жамгыр суусунан куралат; агымы жайында жана күзүндө мол болот); 3) сахара (мезгил-мезгили менен пайда болуучу агымдар - уэддер мүнөздүү); 4) Жер Ортолук деңиздик (жамгыр, бир аз кар сууларынан куралып, жайында тайыздап же соолуп калган суулар). Африканын ири дарыялары бүт татаал режимдеги транзиттик дарыялар. Африканын чоң көлдөрүнүн дээрлик бардыгы Чыгыш Африка бөксө тоосундагы тектоникалык ойдуңдарда жайгашкан; алар узун, кууш жана терең. Танганьика көлү тереңдиги боюнча (1435 м) Байкал көлүнөн кийинки дүйнөдөгү экинчи-көл. Африканын эң ири көлү - Виктория, тузсуз көлдөрдүн ичинен Түндүк Америкадагы Жогорку көлдөн кийинки экинчи көл. Кийинки ири көлдөр: Ньяса, Тана, Чад жана башка.