СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Африканын жаратылыш зоналары

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Африканын жаратылыш зоналары»

Африканын жаратылыш зоналары жана жаныбарлары



Нымдуу дайыма жашыл экватордук токой (гилея) ысык жана дайыма нымдуу климаттуу Гвинея булуңунун жээктеринде (7° түндүк кеңдик менен 12° түштүк кеңдиктердин аралыгында) жана Конго ойдуңунда (4° түндүк кеңдик менен 5° түштүк кеңдиктердин аралыгында) кеңири аймакты ээлейт. Ал түндүгүндө жана түштүк чет жакаларында аралаш (жалбырагын түшүрүүчү - дайыма жашыл) токойго өтөт. Тропиктик нымдуу (негизинен пальмалуу) токой Африканын чыгыш жээги менен Мадагаскардын чыгышында, жазы ийне жалбырактуу аралаш токой Африканын түштүк-чыгыш муссондуу чет жакасында, дайыма жашыл катуу жалбырактуу (негизинен тыгын эмендүү) токой Атлас тоолорунун айдарым капталдарында өсөт. Тоо капталдарын 3000 м бийиктикке чейин жана жаан-чачын мол жааган жерлерди ээлеген тоо токою жапыз өсүп, анда мамык чөп менен эңилчектер көп кездешет. Гилеянын астында кызыл-сары ферралит, латериттик глей, тропиктик саз, жалбырагын түшүрүүчү - дайыма жашыл токоюнун астында кызыл, Чыгыш Африканын түштүгүндөгү жана Түштүк Африкадагы сейрек токойдун астында кызыл-күрөң топурактары өөрчүйт. Саванна Экватордук Африканын токой массивдерин курчап, Судан, Чыгыш жана Түштүк Африка аркылуу түштүк тропиктен ары карай созулуп жатат. Ал өскүлөң, накта (кургакчыл) жана чөлдөшкөн саванна болуп бөлүнөт. Өскүлөң саванна жаан-чачын мол жааган (800-1200 мм) жерлерди ээлеп, жыш жана бийик өскөн (мисалы, пил чөбү 5 мге жетет) кылкандуу өсүмдүктөр аралаш же жалбырагын күбүүчү, дайыма жашыл галерея токой массивдери менен айкалышып жатат. Накта саванна (жаан-чачындын өлчөмү 500-800 мм) бийиктиги 1 мге чейинки кылкандуу чөп өсүмдүктөрдүн (кызыл от, темеда жана башка) текши тилкеси; дарак өсүмдүктөрдөн пальма, баобаб, акация, молочай жана башка кездешет. Чөлдөшкөн саванна (300-500 мм) суйдаң кылкандуу өсүмдүктөрдөн турат; анда тикендүү бадалдар (негизинен акация) кеңири таралган. Саваннанын алдында кызыл, кызыл-коңур, кызгылт коңур топурактары өөрчүйт. Чөлдүн эң зор аймагы Африканын түндүк бөлүгүндө, анда дүйнөдөгү эң ири Сахара чөлү жайгашкан. Анын өсүмдүктөрү склерофилдүү (жалбырагы катуу, кургакчылыкка чыдамдуу), өтө суйдаң. Оазистердин негизги өсүмдүгү - курма пальмасы. Түштүк Африкадагы Намиб жана Карру чөлдөрүндө негизинен суккуленттер (мезембриантемум, алое, молочай) өсөт. Карруда акациялар көп. Африканын чөлдөрү субтропиктик чет жакаларында кылкандуу өсүмдүк-бадалдуу жарым чөлдөргө өтөт. Жаныбарлары өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, Эфиопиялык зоогеографиялык аймагына кирет. Африканын тропиктик зоналарын (негизинен коруктарда) пил, керик, гиппопотам, зебра, антилопа жана башка туяктуулар; арстан, кабылан жана башка ири жырткыч айбанаттар мекендейт. Маймыл, майда жырткыч жаныбарлар, кемирүүчүлөр, кургакчыл жерлерде сойлоп жүрүүчүлөр көп. Канаттуулардын көп түрү, анын ичинен төөкуш, ибис, фламинго кездешет. Чарбага термит, чегиртке, цеце чымыны чоң зыян келтирет. 19-кылымда, айрыкча 20-кылымдын башында өтө азайып бараткан жаныбарларды коргоо максатында улуттук парк жана коруктар (ирилери - Крюгер, Калахари-Гемсбок, Серенгети, Цаво) уюшулган.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!