СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Агартуучулар 4 класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Агартуучулар 4 класс»

1-тур Дуэль (Визуализация)

  1. Тоголок Молдо (Байымбет Абдрахманов)

  2. Хусейн Карасаев

  3. Ишеналы Арабаев

  4. Болот Юнусалиев



2- тур

  1. Бул инсан башынан өтө чоң сыноолорду өткөргөн. 3 жашында апасынан айрылган. 1918-жылдын каардуу ачарчылыгынан кыйналып Өзбекстанга тайкесиникине барышкан. Ал жактан 8 жашында атасынан да айрылган. Андан соң жетим балдар үйүнө кабыл алынып, жашоосундагы чоң өзгөрүүлөрдүн башатын баштаган. Анын өтө зирек экендигин байкаган тарбиячылары, Ташкенттеги жатак мектепке котортушкан. Ал жактан 1925-жылга чейин билим алган. Сөз кайсыл агартуучу жонундо болуп жатат? Жооп: Исхак Раззаков



  1. Бул агартуучу философ, жазуучу эле эмес композитор дагы болгон. Анын "Деревенский Колдун"(кыргызча аталышы:" Айыл сыйкырчысы") деп аталган операсы 1752-жылы 10-октябрда Фонтенблодо королдун катышуусу менен биринчи жолу көргөзүлгөн. СУРОО: Бул операны кайсы агартуучу жазган ? Жооп: Жан Жак Руссо



  1. Кыргыз элинин туңгуч агартуучуларынын бири болгон Касым Тыныстанов, башынан көп кыйынчылык өткөзүп 1916-жылы Кытайга да качып барган. Ал элинин сабаттуу болушуна бар күчүн жумшап, кыргыз элинин эркиндигин, ынтымагын эңсеп өзүнүн балдарына да жөн ат койбогон экен. Анын балдарынын ысымы кандай болгон? Жооп: Теңдик, Бирдик, Эркиндик.



  1. Бул адамдын китепканасын Екатерина II 1762-жылы орусиянын Париждеги дипломаты Голицындын сунушу менен 15 000 ливрга сатып алган. Кийин 1785-жылы ал адам каза болгондон кийин китепкана Санкт-Петербургка көчүрүлүп келинип Эрмитаждын бир залына коюлган. СУРОО: Бул китепкана кайсы адамга тиешелүү болгон??? Жооп: Дени Дидро



  1. Октябрь революциясы жеңгенден кийин өлкөдө билим берүү маселеси менен катар эле илимий иштерге да олуттуу көңул бурула баштаган. Алардын эң негизгиси 1922-жылы Кыргызстандагы Илимий комиссиянын түзүлүшү болгон. Алгачкы төрөга катары ким дайындалган? Жооп: Ишенаалы Арабаев



  1. Агартуучулук доору Францияда VII кылымдан баштап эле өнүгө баштаган. Ал эми XVIII кылымдын эң көрүнүктүү агартуучуларынын бири болгон бул философ тууралуу айта кетсек болбос. Анын чыныгы аты, Франсуа́-Мари́ Аруэ́ болгон. Ал 1694-жылы Франциянын Париж шаарында төрөлгөн. Анын эң белгилүү эмгектери катары "Философиялык жазуу", "Микромегас", "Задиг же тагдыр" ж.б. болуп эсептелет. Бул адам дүйнө элине кандай ат менен белгилүү? Жооп: Voltaire (Вольтер)



  1. Казак элинин, жаңы казак адабиятынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон бул жазуучу, акын,1893-жылы Алматы облусунда төрөлгөн. Ал 1905-1910-жж. медреседе араб, фарс, түрк тилдеринде сабак алган. 1912-жылы анын эң алгачкы араб алфавити менен казакча "Шолпан" аттуу поэитикалык жыйнагы жарык көрөт. Анын белгилүү китептери "Казагым", "Мен жаштарга ишенем", "Айга" ж.б. Улутчул деген күнөө менен 1938-жылы репрессияга кабылган. Сөз кайсы ким жөнүндө болуп жатат? Жооп: Магжан Жумабаев



  1. Орустун улуу педагогу Антон Макаренконун айтымында: «Кыргызды сактап калган эки гана доор бар. Алардын бири — Улуу кыргыз каганаты жана сиздер экинчи кайсы доор экенин атаңыздар? Жооп: 1930-жылдары репрессияланып кеткен алгачкы агартуучулардын доору.



  1. Бул китепти чоңдор үчүн атайын алиппе катары латын тамгасында 1928-жылы Кусейн Карасаев жана Ишенаалы Арабаев Фрунзе шаарында түзүшүп, "Кыргызмамбас" тарабынан жарык көрөт. Бул китеп кыргыз эли латын тамгасын кабыл алган кезде жаңы тамга менен биринчи басылып чыккан эң мыкты окуу куралы болуп, элдин сабатсыздыгын жоюуда зор кызмат кылган. Бүгүнкү күндө бул китептин бир даанасы Москвадагы “Революция музейинде” сакталуу. ЮНЕСКОнун сейрек жана кызык китептеринин тизмесине алынган кыргыз китеби болуп калган. Эми сиздер китептин атын атап бериңиздер? Жооп: "Жаңылык" китеби.



  1. Бул белгилүү "Манас" жыйноочу жана фольклорчу, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1948), 1905-ж. Караколдогу "Жаңы тартип" мектебин бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштейт. 1939-ж. Фрунзедеги педагогика институтунун 2 жылдык адабий факультетин бүтүргөн. "Манас" эпосунан тартып элдин тарыхый, маданий көркөм мурастарын мыкты билген жыйноочу катары 1935—60-ж. Тил жана адабият илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. Агартуучулук ишинен улам эл ичинде "Ак Молдо", "Молдоке" деген ылакап атка конгон. Сөз кайсы кыргыздын туңгуч агартуучусу жөнүндө болуп жатат? Жооп: Ыбрай Абдырахман уулу



  1. Ассолоому алейкүм, азиздерим,
    Жүгүргүн миллет (улут) үчүн азаматым.
    Билүүгө Европанын магрифатын (окуу, билим),
    Талаптангын илимге адыл затым - бул ыр саптары 1914-жылы Уфа шаарында жарык көргөн кайсы туңгуч агартуучунун, кандай аталыштагы китеби? Жооп: Осмонаалы Сыдык уулунун, "Тарих-и кыргыз Шадмания” китебинен алынган.



  1. 1895 ж. жазылып баштап 1934 ж. аяктаган, бул эмгектин жазылышына китеп саткан дүкөнчүнүн «кыргызга тарыхтын кереги жок» деген сөзү болгонундугун автор өзү эскерген. Сөз кайсы китеп жөнүндө болуп жатат? Жооп: Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" китеби.





3- тур Эң мыкты оюнчу



  1. Ишенаалы Арабаевдин демилгеси менен 1911-жылы Уфа шаарында алгачкы кыргыз тилинде басылып чыккан китеп жана анын автору ким? Жооп: "Кысса-и- Зилзала", Молдо Кылычтын калемине таандык.



  1. 1921-жылы казак гезитинин биринде жарык көргөн, Касым Тыныстановдун "Ала-Тоо" аттуу алгачкы өз эне тилинде жазылган ыры кимге арналып жазылган? Жооп: Ата-энесине



  1. Кыргыздын туңгуч гезити “Эркин Тоонун” алгачкы саны 1924-жылы 7-ноябрда Ташкенде чыккан. Улут тилиндеги алгачкы басма сөз ал жердеги азганакай чыгармачыл топтун аракети менен жарык көрүп, алты номуру чыккан соң, редакция Бишкекке көчүп келген.Тун гезиттин аты да бир нече ирет өзгөрүлүп, большевиктик террор күчөй баштаган чакта “Кызыл Кыргызстанга”, кийин “Советтик Кыргызстанга”, эгемендик заманда “Кыргыз туусуна” айланды. Эми ошол "Эркин Тоонун" биринчи редактору ким болгон? Жооп: Осмонкул Алиев



  1. Жазгыч акын, агартуучу жана  кыргыз тилинде эң  алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст  – «Санаттар” аттуу кол китептердин автору ким? Жооп: Молдо Нияз



  1. Иса Коноевич Ахунбаев канчанчы жылы биринчи жолу жүрөккө операция жасаган? Жооп: 1964-жылы.





Кошумча суроолор:



  1. Достук кылам, ушу баштан эскертем,

Түшүндүрөм, туйундурам, эстетем.

Эгер көнбөй адетиңди иштесең,

Мен да көнбөй, буруламын, терс кетем. - бул ыр саптары кимдин калемине таандык жана бул ырдын аталышы?

Жооп: Касым Тыныстановдун "Ойнобо" аттуу ыры.



  1. Орусиянын агартуучулук доору XVIII кылымга барып такалат. Илим менен чыгармачылыкка бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө көңүл бурула баштаган бул доордо Орусиянын алгачкы университеттери, китепканалары, музейлери, театрлары курулган. Бул агартуучулуктун эң башында кайсы Орус падышачылыгынын башчысы турат?

Жооп: Улуу Екатерина II



  1. Касым Тыныстановдун элге болгон кызматы көп, ал кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү жана элдин сабаттуу болушуна бар күчүн жумшап бир катар эмгектердин автору катары маалим. Замандаштары тарабынан да мактоого татып, "Касым кыргыздын, Ломоносову" деген ойду ким айткан?

Жооп: Жусуп Абдрахманов



  1. 1751-жылы атактуу " Илим, искусства жана кол онорчулук энциклопедиясын" тузуудо Дени Дидро менен биргеликте иштеген. Энциклопедиядагы математика, механика болукторун бул инсан жазган. 1717-жылы торолуп,1783-жылы 65 курагында каза болгон. СУРОО: Бул инсан ким? ЖООП: Жан Лерон Д'Аламбер



  1. "Чондор учун Алиппени "ким тузгон? Жооп: Касым Тыныстанов



  1. И. Арабаев жана К. Тыныстанов менен бирге " Чондорго кат таану алиппесин" жазган агартуучу ким? ЖООП: Базаркул Данияров



  1. "Куйучу ресурстарды рационалдуу пайдалануу жонундо" деген дипломдук ишин эн жогорку денгелде коргоп чыгып билимге ээ экендигин далилдеген. Агартычуу ишмер ким болгон? (жооп Искак Разаков)



  1. Ал 1930- жылдан баштап терминология маселелери боюнча алектенип, Край таануу илим изилдоо институнун кызматкери катары создукторду тузууго, термин создорду жыйноого катышып илим мн алектенип жургон мезгилинде 1937-жылкы репрессияга кабылып ошодон 1938-жылы каза болгон. Бул кайсы агартуучу? ЖООП: Белек Солтоноев



  1. Эн алгачкы агартуучулардын оор эмгеги Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында укмуштуудай таамай жана чон реализм менен ачык корсотулгон? ЖООП: Биринчи Мугалим