СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аял жонундо мыкты ойлор.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аял жонундо мыкты ойлор.

Просмотр содержимого документа
«Аял жонундо мыкты ойлор.»

АЯЛ -ДЕГЕН КИМ? (окугула)

Аял - үй бүлөнүн чырагы! Жаркырап жанып турган чыракка махабат менен караган эркек - нагыз эркек.

Аял көп сүйлөйт. Себеби аялда жакшы ой көп. Ою ишке ашкан сайын аялдын сөзү азая берет. Аялым көп сүйлөбөсүн десең, алдын-ала оюн окуп кой да, ошого жараша аракет кыл..

Аял таарынган күнү үйдөн береке кетет. Берекеден айрылгың келбесе, аялды таарынтпа!

Аялды төмөндөтпө! Аялыңа төмөн карасаң, перзентиң ынжык, жазганчаак болот..

Аялын баалай билген эркектин эл алдында абройу артат, эңсеси көтөрүңкү жүрөт..

Аял - назик гүл! Аны баптап күтө билсең, үйүңөн күндө жыпар жыт аңкып турат..

Аялдын бетине тырыш түшкөн менен, жүрөгүнө тырыш түшпөйт..

Аял менен айтышпа! 
Аны тыңдап, колдоп, коргой билсең жеңиш сенде болот!

Аялды урба, сөкпө, тилин чыгарасың. Тили чыккан аял тикенекке айланат...

Аял өтө сезимтал жан. Сезгенин айтса, ишенимсиздик таанытпа..

Тууганың менен жакындаткан да аял, алыстаткан да аял. Тууган-урук менен таттуулук - аялдын тилинде. Таттуу тил табыштырат, заардуу тил чагыштырат.

Аялдын жүрөгү жамандыктан тилинет. Тилинген жүрөктү жамаган менен тыртыгы калат. Эси бар эркек аялынын жүрөгүн бүтүн калпында кармайт.

Аялдын жанын түшүнгүң келсе, деңизге түш, терең туңгуюгуна көз сал, толкундар менен ойно.

Сулуулук менен жылуулук аялда! 
Сулуулугуна тамшанып, жылуулугунан кубат аласың. Аялды баалай бил! Өмүрүңдү жайнаткан да, кара казандай кайнаткан да аял!

Урматтуу аялдар коому! Ар бириңе бакыт тилейм! Силердин көзүңөрдөн бир тамчы жаш көргүм келбейт. Жаныңарда башыңарды баалай билген жан болсун!