СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айкындооч мүчөлөр

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Айкындооч мүчөлөр»

7-сабак \Кыргыз тили\9-класс\Ибрагим Абдубалиев

Тема: Айкындооч мүчөлөрдүн түшүндүрмө мүчөсү

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчү максаты: Айкындооч мүчөлөрү жана алардын окшоштуктары, айырмачылыктары, аларга коюлуучу тыныш белгилери жөнүндөгү билимдерди алышат.

-ар бир окуучу сүйлөмдөргө тыныш белгилерди коюну үйрөнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Ар бир окуучу өз алдынча талдоого, тыныш белгилерин коюуга үйрөнүшөт.

-талкуунун жыйынтыгы боюнча аргументтүү жыйынтыктарды жасап, сынчыл ой-жүгүртө алышат.


Таалим-тарбия берүүчү максаты: Алтын эрежелерди сыйлоого, бири-биринин пикрилерин колдоого, эрежелерге ылайык көнүгүүлөрдү иштөөгө тарбияланышат

-билимдүү, адептүү жана маданияттуу инсандын үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрүшөт.


Сабатын тиби: Жаңы теманы анализдөө

Сабактын усулу: Баарлашуу

Сабактын жабдылышы: окуу китеби 9-класс, сүрөттөр, интерактивдүү доска, слайд, дидактикалык каражаттар.

Сабактын жүрүшү:

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

гуманизм, датировка, декламация, деталь, диалектизм, диалог, диван, диология, драматург, драма, драматургия,

Гуманизм-лат сөз-адамгерчилик

Датировка-жыл сүрүштүрүү

Декламация-лат сөз-көркөм окуу

Деталь-фр сөз-майда

Диалектизм-гр сө-мекен, өлкө

Диалог-гр-сүйлөшүү

Диван-фар сөз-жазма, китеп

Диология-гр сөзү-эки баян

Драматург-драмалык чыгарманын ав

Драма-гр сөз-аракет

Драматургия-драмалык чыгармаларындын жыйындысы


2)Үй тапшыр-масын суроо

(5-мүнөт)


Акыл чабуулу

Менделеевдин мезгилдик системасындагы бир элементтин аталышын эки жолу жазсаңыз, ар бир мамлекетте бар бир сөз келип чыгат. Ал кайсы элемент.

Бор. Борбор

4)Жаңы тема.

(10 мүнөт)


Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүндө да түшүндүрмө мүчө болот.

  1. Түшундурмө аныктооч атооч сөздөрдөн турган сүйлөм мүчөлөрүн жандап, алардын маанилерин, кайсы бир касиети аныктап-тактап көрсөтөт. М: Биздин жердин, Ала-Тоонунун, кен байлыгы мол.

  2. Түшүндурмө толуктоочтор сүйлөмдөрдөгү толуктоочторду жандап, алардын маанилерин тактап көрсөтүп турат. М: Бир гана окуучуга, Айгүлгө, олимпиадага катышуу укугу берилди.

  3. Түшүндүрмө бышыктоочтор сүйлөмдөгү бышыктоочторду жандап, алардын маанилерин тактап көрсөтөт. М: Ылдыйдан, биринчи кабаттан, коңгуроонуну үнү угулду.

1)Топтор менен иштөө

(12 мүнөт)








130-көнүгүү

Көчүрүп жазып, түшүндүрмө мүчөлөрдүн алдын сызгыла.


131-көнүгүү

Түшундүрмө мүчөлөрдү гана көчүрүп жазгыла жана текст боюнча түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле


5)Бышыктоо

(5 мүнөт)


  1. Түшүндүрмө мүчө деп эмнени айтабыз?

  2. Түшүндүрмө аныктооч, бышыктооч, толуктооч деген эмне?





6) Рефлексия

(3 мүнөт)







Билдим…

Кызык болду…

Мен түшүндүм…

Эми аткара алам…

Мен үйрөндүм…

Мен аракет жасайм….

Мени таң калтырды…

Мен дагы аткаргым келди…












7)Үйгө тапшырма

(1мүнөт)




132-көнүгүү

Суроолорго түшундурмө мүчөлүү сүйлөмдөр менен жооп бергиле\




8)Бааолоо

(3мүнөт)



Окуучлардын сабакка катышуу жөндөмдүүлүгүнө жараша... “5”, “4”, “3”, “2”



Мугалим: Келерки сабакка чейин: Арыбагыла балдар!

Окуучулар: Сиздагы, бар болуңуз!