СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айлана чөйрөнү коргоо жана аларга адамдар тарабынан болуп жаткан терс көрунүштөрдү жөнгө салуу максатында

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кайсы бир жерде ,аймакта,материкте болуп жаткан экологиялык көйгөйлөр бул адамзаттын көйгөйлөрү,жаратылшты когргоо адамзаттын эң биринчи милдети.

Просмотр содержимого документа
«Айлана чөйрөнү коргоо жана аларга адамдар тарабынан болуп жаткан терс көрунүштөрдү жөнгө салуу максатында»

Б е к и т е м и н

Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары.

__________Ж. Өмүралиева. 3-октябрь 2019-ж

С а б а к т ы н п л а н ы.

Планды түзгөн: Абдыгазиева Таажыгүл Зарлыковна. Предмет : география I чейрек. класс :10 Сабактын темасы: Айлана –чөйрөнүн булганышы жана аны коргоо . Сабактын тиби: Билимди жини билгичтиктерди өнүктүрүү Колдонуучу усул: Көрдүм, билдим,уктум Колдонуучу каражаттар:ДСК Предмет аралык байланыш:тарых,АЖК.

Сабактын максаттары

Күтүлүүчү натыйжалар

А) Окуучулар айлана –чөйрөнүн антропогендик булганышы. Жаратылышты коргоо иштери жана экологиялык саясат жөнүндө билим алат. Б) Айлана –чойрөнү коргоодо келип чыгуучу көйгөйлөрдү чече билүү жана натыйжаларына баа берет.

Айлана-чөйрөнүн булганышынын негизги себептерин талдайт.

Өндүрүштүн өнүгүүсүнө тоскоол болуучу жана адам баласынын өзүнө коркунуч туудуручу негизги себепти анализдейт

Б)Таштандыларды кайра иштетүү,өнөр жайлардан,

техникалардан чыккан түтүндөрдү тазартуу үчүн долборду сунуштайт,азыркы абалга турмуштагы мисалдарды келтирип баа берет.

В) Биргелешип иштегенге,талкуулагунга көнүгүшөт

Турмуштагы көрсөткүчтөрдү мисал кылып ,баа берет,башкалардын оюн угат.

Негизги компетенттүүлүк Предметтик компетенттүүлүк

Маалыматтык:Айлана-чөйрө менен өз аракеттешүүнүн ар кандай куралдарын пайдалануу жөндөмдүүлүгү

Географиялык: Жергиликтүү,аймактык жана глобалдык деңгээлдерде жаратылыштын,калктын,чарбанын өнүгүүсүн мейкиндик аспектилерин жана себеп натыйжа байланыштарын талдайт,географиялык картаны колдоно алат.

Социалды –коммуникациялык:Өз умтулууларын социалдык топтун жана башка адамдардын кызыкчылыктары менен айкалыштыруу жөндөмдүүлүгү.

Геоэкологиялык: Глобалдык жана аймактык экологиялык өзгөрүүлөрдү жана көйгөйлөрдү,келечеке божомолдорду,өз өлкөсүндөгү, дүйнөдөгү күтүлгөн терс жана оң таасирлерди талдайт

Өз алдынча уюштуруу,маселени чечүү:Окуучулар өзунүн көз карашын ар түрдүү ойлорду эске алуу менен иретке келтиришет.

Социалдык инсандык:Курчаган дуйнөдө жекече ийгиликтүү аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн баалай алат.

Сабактын мазмуну.

Сабактын жүрүшү



Мугалимдин иш аракети



Окуучунун иш аракети

Баалоо

Уюштуруу:

(1мин)

Саламдашуу, журнал боюнча толуктоо,класстын тазалыгын кароо,жагымдуу маанай тартуулоо.

Саламдашат,нөөмөтчү окуучу жооп берет,Бири бирине карап жылмайып жагымдуу сөз айтат.

Азаматсыңар, барыңарга ийгилик каалайм.

Окуучунун сабакка болгон көңүлүн актуалдаштыруу. 5-мин.

Тема боюнча суроо. Азыркы мезгилдерде айлана –чөйрөнүн булганышынын негизги себептери кайсылар?


Топтордо талкуулап далилидүү мисалдар менен берилген суроого жооп берет.


Диагностикалык

1-Сабактын темасы жана максаты.

Видео ролик

10-мин


Теманы жана максатын жарыялайм.

Текс менен иштөө. Окуу китебинин окуп тема боюнча түшүнүк алгыла. Кошумча маалымат берүү үчүн видео ролик көргөзөм

Теманы угат. Сабактын максатын түшүнөт, максатка жетүүгө шыктанат.



Окуу китебиндеги теманы окуйт жана видео роликтен маалымат алат

калыптандыруучу

Бышыктоо:



17 мин

Топтордо иштөө талдоо, аныктоо, карта менен иштөө Балдар айлана –чөйрөнүн антропогендик булганышын талдагыла. Жаратылышты коргоо иштери жана экологиялык саясат Айлана –чойрөнү коргоодо келип чыгуучу көйгөйлөрдү чечүү жолдорун аныктагыла жана абалга баа бергиле.


Айлана-чөйрөнүн булганышынын негизги себептерин талдайт.

Өндүрүштүн өнүгүүсүнө тоскоол болуучу жана адам баласынын өзүнө коркунуч туудуручу негизги себепти анализдейт

Таштандыларды кайра иштетүү,өнөр жайлардан,

техникалардан чыккан түтүндөрдү тазартуу үчүн долборду сунуштайт,азыркы абалга турмуштагы мисалдарды келтирип баа берет.

Смайликтер

Рефлексия.

10 мин

Бүгүнкү сабакта кандай маалыматтарга ээ болдуңар?

Тапшырма аткарууда кандай кыйынчылыктар болду?

Кызыктуу маалыматтар боюнча оюн бөлүшөт.

тоскоолдуктарды айтат,суроолорду берет.

Смайликтер

Үйгө тапшырма берүү: 1-мин

Теманы окуп кошумча жаңы маалыматтарды илип келүү

Алган маалыматтарын тереңдетүү үчүн кошумча маалымат булактарын колдонуп жаңы маалыматтарды алып келет.

Суммалоочу

Бири бирин баалашат