“Аймагымдын жаратылышын сактоо боюнча менин изилдөөм”.
Изилдөөнүн багыты \ Атмосфера.
Изилдөөчү: Каналбекова Азема Муратовна.
Класс: 10
Мектеп: Капалов Эшимбек атындагы орто мектеби
Дареги: Мүзүрбек көчөсү №114
Электрондук дарек: [email protected]
Киришүү.
Менин изилдөөм Бакай-Ата районуна караштуу Шадыкан айыл аймагындагы Ынтымак айылынын таштанды көйгөйү.Биздин айыл тоо этегинде жайгашкан 2454 калкы бар чакан кыштак.Таштанды көйгөйүн алганымдын себеби: Биздин өлкөдө таштандылардын бир далайын чогултуп бир жерге үйүп жатабыз. Көп таштандылар ар кайсы жерде калып жатат,кээде айыл-чарба ишинде пайдаланган полиэтилен аңызда калат,кийинки жылы жер айдалганда көмүлүп жатат, алар семирткичтер эмес тескерисинче жылдан жылга топтоло берип маданий өсүмдүктөрдүн өсүшүн начарлатат. Акыры таптакыр өстүрбөй коюшу ыктымал. Көчөлөрдөгү чачылган полиэтилен менен пластик бөтөлкөлөр такыр эле жыйналбаган жерлер бар. “Кийинки муундар кандай чөйрөдө жашаар экен” деп ойлонбосок, экологиялык кырдаал улам курчуй бериши мүмкүн.
Мисалы: табигый чөйрөдө кагаз чирип жок болуп кетиш үчүн эки жылдан он жылга чейинки убакыт керек, консерванын банкасына-90жыл,сигареттин фильтирине–100 жыл,полиэтилен пакетине-200 жыл,пластмассага-500 жыл, айнекке – 1000 жыл керек.
Ойлонуп көрсөңөр, бүгүн ийинден алыс ыргыткан ар кандай, бир жолу колдончу буюмдар кайда барып жатып калат.
Азыркы учурда таштандылардын арасында эмнелер гана жок.Эгерде ар бир шаардын тургуну, күнүгө жогорку аталган материалдардан турган таштандыларды чыгарып турса, анысы аз келгенсип бир жерге чогултпай көрүнгөн жерге ыргытсак,шаардын келечеги кандай болор экен? Таштандылар менин айылымда топурак менен аралашып , ар бир жерде жата берет .Бул биздин айылда таштандылардын көптүгүн билгизет.Айылда таштандылардын көп болгонун бирден бир себеби таштанды салуучу урналардын жоктугу жана адамдардын кайдыгерсиз эле таштандыларды жолго ыргытуусу. Ошол ыргытылган таштандылардан чыккан уулу заттар , адамдын организмин булгап мутацияга айлантат.
Адамдын мутацияга айланышынын баштапкы этабынын бирден-бир себеби генотиптин бузулушу. Ал генотиптин бузулушуна 3 фактор таасир этет. Биринчиси физикалык фактор , буга радиактивдүү заттар кирет.
Экинчиси химиялык фактор, буга биз күнүдө эле жеп жүргөн химикаттар,даары-дармектер кирет.
Үчүнчүсү географиялык факторлор, буга бизди курчап турган айлана чөйрө кирет. Ал айлана чөйрөгө токой,суу,жер,жаратылыш жана аба кирет. Мына ушул фактор бузулса адам жашоосуна чоң таасир тийгизет.Анын ичинен абанын бузулушу, адамзатынын жашоосун бузат.Бирок дал ошол адамзаты ошол жаратылыштан тазаланган абаны бузат. Абанын бузулушуна завод,фабрикалардын көп болушу,унадан чыккан түтундөр, таштандылар таасир этет. Бул жерде түтүндүн таасирин билебиз.Ал абадагы көмүр кычкыл газын көбөйтүп , кычкылтекти азайтат.Анын айынан адамдар дем ала турган аба булганып,бузулуп адамзатын эле эмес бүт тирүү организмди өлүмгө алып барат , бунуго оңдого болот, токойлорду көбөйтүү менен.Ушул көйгөйлөрдүн ичинен эң маанилүүсү таштанды болуп эсептелинет.Таштанды бул дүйнөлүк көйгөйлөрдүн бири болгондуктан, мен ушул теманы тандадым.Себеби, таштандыдан чыккан уулу заттар ошол жерде тура берет,ал же жерге сиңирилип жок болбойт ,болбосо шамал менен учуп кетпейт, ошол жерде эле калкып тура берет. Бул уулуу заттар ар кайсынысы ар кандай болот. Мисал катары жөнөкөй эле батарейка , буну кичинекей балдар талкалап жарып көрүшөт,бирок ошол батарейкадан чыкан заттар абаны бузуп,адам организмине кирип ичтен өлтүрүп, жок кылат. Ушу таштандыны биз таштагандан кийин , бизден кийинки кичинекей балдар таштабай коймок беле. Кыргыздарда ушуга карата жакшы макалдар бар. “Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың”, “Байкени көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт”. Биз келечек урпака үлгүлүү болушубуз керек. Ар кайсы жере кагазды,өлүп калган жаныбарларды,пакети,желим бөтөлкөлөрдү таштабай улгулуу болууга аракеттенүүбүз керек. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүүгө кандай чараларды колдонушубуз керек. Канткенде айлана чөйрөнү таштандылардан коргой алабыз? Кандай чара көрө алабыз?Ушул суроолорго жооп тапсак мамлекетибиз, көйгөйлүү бир маселеден айрылмак. Таштанды көйгөйүн чечүү үчүн, бир канча деген жаңы мыйзамдарды киргизүү керек.Алардын биринчиси ар бир көчөгө,айылга таштандыларды өз-өзүнчө бөлүп салуучу уруналар орноштуруу. Мисалы биздин мектепте,биздин класс уюштурган “Таза коом” аттуу акциясынан улам, “Улуттук Кызыл Ай Коомунун” демилгеси менен таштанды таштоого урна орнотулган. Анда пластик,айнек кагаз,тамак аш калдыктары учун деп ар бири өзүнчө бөлүнгөн таштандыларды сатып акча табууга болот. Бул да болсо биздин айылынын жетишкендиги. Андан тышкары дагы биздин мектептин окуучулары айылды кыдырып, “Таза айыл таза коом” акциясын уюштуруп,таштандыларды терип чыгышкан, айыл таза айылдардын биринин катарына кошууга аракет жасалган. Бул демилген айыл тургундары колдоп өзүнүн тегерек чекесин таза кармоого сөз беришкен, сөзүнө турган айылдын тургунунуна айылдын урматтуу тургуну наамы берилет.
Экинчиси абаны буза турган завод, фабрикаларды азйтып токой ресурсун көбөйтүү. Себеби, жашыл өсүмдүктөр гана фотосинтез кубулушуна жөндөмдүү. Адан тышкары ошол заводдордун моорун узун жайгаштыруу же болбосо заводдон чыккан түтүндү фильтирлөө. Бул бир канча болсо да абанын булганышын азайтат.
Үчүнчүсү бүт өлгөн жаныбарлардын(кой уй жылкы ит ж.б) таштоочу атайын терең чуңкурларды касылып , анын үстүн цементеп, жыты абага таркалбашы жана уулу заттар ошол жактан чыкпас кылыш керек. Мына дал ушундай чуңкур биздин айылга керек. Себеби биздин айыл өкмөтүбүз таштандыны ташып кетүүчү камаз (айына эки жолу)жалдаганы менен ал таштанды барып,биздин айылдын эле бир аңына эле ташталат. Ал жерден чыккан жыттар,заттар кайра келип биздин организмибизге эки эсе зыян келтирет(шлактарга толот). Менин оюм боюнча,ошол таштандыларды кайра иштеп чыгуучу заводдор курулса таштандыга экинчи өмүр берилсе таштанды маселесинин орсундуу бөлүгү чечилмек.
Биз адамзаты бул жашоого , бир жолу адам болуп жаралгандан кийин адамдык сапатты жоготпой,аны барктап ,урматтап ата - бабабыз бизге калтыргандай кылып бизда кийинки муунга турганын , тургандай кылып жеткизүүбүз керек. Баарыбыздын динибиз , рассабыз бөлөк болгону менен адамдык сапатыбыз бир. Ошондуктан бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруубуз керек. Баарыбыз бирдикте иштесек баары оңолот.
2