СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айтемир баатырдын Лейлектеги урпактары

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Айтемир баатыр жана андан тарагандар тууралуу сөз кылмакпыз. Тейит уруусунун тукумдарынын бири, 1980-жылы дүйнөдөн кайткан Жунусов Токтор 1986-жылы атасына аш берип, анын күмбөзүн тургузуу жөнүндө Каратума уруусунун элине кеңеш салат. Уруулаштары сунушту туура табышат. Жунусов 1996-жылы ажы сапарына аттанып, сапардан кайтсам чоң атамдын кабырын көтөрөм, деген ниетин билдирет.

Просмотр содержимого документа
«Айтемир баатырдын Лейлектеги урпактары»

Айтемир баатырдын Лейлектеги уруулары

Автору Ураимов И. Эл агартуу журналы, 2/2012

Айтемир баатыр жана андан тарагандар тууралуу сөз кылмакпыз. Тейит уруусунун тукумдарынын бири, 1980-жылы дүйнөдөн кайткан Жунусов Токтор 1986-жылы атасына аш берип, анын күмбөзүн тургузуу жөнүндө Каратума уруусунун элине кеңеш салат. Уруулаштары сунушту туура табышат. Жунусов 1996-жылы ажы сапарына аттанып, сапардан кайтсам чоң атамдын кабырын көтөрөм, деген ниетин билдирет. Жунустун атасы Үсөн Айтемир баатырдын сөөгү коюлган жерди көрсөтүп кеткен экен. Ал жерди Жунус Токторго көргөзгөн мезгилде бейитте чоң таш болгондугун эскерет.

Айтемир баатырдын уулу Тегешен өзүнүн кырк чоросу менен сырттан келген душмандардын мизин кайтарып турган деп айтылат. Күндөрдүн биринде ал тынч жаткан элдерди кырып, жок кылып, бейбаштык иш жасайт. Бул окуяны уккан атасы Тегешенди кырк чоросу менен өз элинен кууп жиберген, деген уламыш бар. Уламышка ылайык Тегешен Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүзгө же кара-Колго ооп кеткен. Убакыт өткөндө Айтемир эки уулун сагынып, мындай деген экен:

Каракозу, Кулуштан,

Кайда калдың Ындыстан?

Каратума, Кулуштан,

Кайда жүрөт Ындыстан?

Айтемир баатыр экинчи уулуна төмөнкүчө өксүк билдирген экен:

Көзүмдүн жашы кургады,

Мында калды ал эсен.

Каратума, Тегешен,

Эми кимге теңешем?

Тегешен өзүнүн кырк чоросу менен сырттан келген душмандардын тыптыйпылын чыгарып турчу эле, - деп Айтемир баатыр бат-бат Тегешен уулун эстеп, ыйлачу экен. Ындыстан уруусу тууралуу маалыматтан эч бир кабар болбогон. Баткен мамлекеттик университетинде Б.Толубаевдин 70 жылдыгына арналган эки күнгө созулган конференцияда мен Айтемир баатыр жөнүндө макаламды окугамын. Конференцияга КГПИнин окутуучулары да чакырылган эле. Макаланы окуп, Айтемир баатырдын беш уулу тууралуу, алардын ичинен Ындыстан уруусунан ушул мезгилге чейин кабар жок экендигин айттым. Талкуу жүрүп жатканда конференциянын катышуучусу Ходжаяров Арзыкул жылмайган абалда мага жылуу кабар айтты. Көрсө, биз бир уруудан экенбиз, мен өз уруумду таап алдым. Ал киши, биз Ындыстан уруусунан болобуз, деп мени менен бир топко баарлашты. Алар Лейлектеги Эшкара уруусунан болушат экен. Мирсатовдордун тобу экен жана Пахридин, Саатбайлар, Азизбайлар экен. Конференциянын жыйынтыктоочу бөлүмүндө бул уруунун табылышына конференция себепкер болгондугу белгиленди жана секциялык иште уруулар жөнүндө эң сонун талкуулар жүрдү. Конференцияга биз менен барган жалпы тарых кафедрасынын башчысы А.Токсонович – секция жетекчиси конференциянын жыйынтыктоочу бөлүмүндө Айтемир баатырдын Ындыстан уруусунун табылышы тууралуу жылуу пикирин билдирди.