СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ак илбирс - жаратылыштын символу.

Категория: Экология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Коргоо шартында окуучулардын сейрек  кездечучу жаныбар жонундо баяндоо.

Просмотр содержимого документа
«Ак илбирс - жаратылыштын символу.»

Ак Илбирс Жаратылыштагы Ак Илбирстер Автор: Шаршембиев Курманбек ТОСВТ9-2-21

Ак Илбирс

Жаратылыштагы Ак Илбирстер

Автор: Шаршембиев Курманбек ТОСВТ9-2-21

Байыркы кыргыз ак илбирске өзгөчө мамиле кылып, кыргыз элинин колдоочусу катары көрчү.

Улуу кыргыз каганатынын негиздөөчүсү, биринчи каганыбыздын аты да Барсбек деп бекеринен коюлган эмес.

Алтай тектүү тууган элдер азыр да илбирсти “барс” деп аташат. Мисалы, татар, башкырлар. Кыргыздарда болсо барс илбирс болуп калган. Анткени, барс дебей ил барс деп сыйлап атачу.

Байыркы кыргыздарда ил менен эл деген сөздөрдүн мааниси бир болчу. Бара бара, мезгил өтүп, илбарс кыргыз тилинин сингармонизм мыйзамына ылайык илбирс болуп калды.

Илбирс – ыйык жаныбар.

Илбирс – элибиздин тоолорубуздун көркү жана байлыгы.

Кыргыздын алгачкы ажосунун, каганынын аты да бекеринен Барсбек коюлган эмес.

Учурда Кыргызстанда өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы иштелип жатат.

Бул дата эмне себептен тандалып алынган?

Анткени биз 2040-жылы Улуу кыргыз Каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1200 жылдыгын белгилейбиз.

Кыргыз Каганатынын биринчи жетекчиси, кыргыздардын алгачкы каганынын аты Барсбек деп коюлганы жакшы белги.

Ак илбирстин тукумун сактоо боюнча чечкиндүү кадамдарды жасамайын биз өтө сейрек жаныбарлардын жана куштардын миңдеген түрлөрүнөн кол жууп калгандай эле,

жаратылышыбыздын кайталангыс тартуусун биротоло жоготуп алышыбыз ыктымал.

Балдарыбыз ак илбирсти музейлерден гана көрүп калышына биз жол бербешибиз керек. Жерибиз үчүн биз жооптуубуз.

Ак илбирстин тагдыры биздин колубузда. Биргелешип биздин дүйнөнү, жаратылышты анын түркүн жан-жаныбарларын сактап кала алабыз деп ишенем.

Ак Илбирс, Ирбис, Снежный барс . Мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч. Кыргызстанда да кезигет .  Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек.

Ак Илбирс, Ирбис, Снежный барс .

Мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч. Кыргызстанда да кезигет . Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек.

Турпаты Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу мене узундугу 220-230 см чейин жетет. Салмагы 52-72кг. Жүнүнүн түсү көгүлтүр-бозомуктан саргыч-күңүрт чейин болуп тегерек каралжын тактар менен коштолот.

Турпаты

Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу мене узундугу 220-230 см чейин жетет. Салмагы 52-72кг. Жүнүнүн түсү көгүлтүр-бозомуктан саргыч-күңүрт чейин болуп тегерек каралжын тактар менен коштолот.

 Жашоо аймагы   Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо , Алтай, Саян жана Кунлун жана башкалар болуп, деңиз деңгээлинен 3350 метрден 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет. Илбирстер Овганистанда, Бутанда, Кытайда, Индияда, Казакстанда, Кыргызстанда , Монголияда, Непалда,Пакистанда, Орусияда, Тажикстанда жана Өзбекстанда таралган. Илбирстин жашаган жерлерине жетүү кыйын болгондуктан алардын жашоосунун көптөгөн учуралары толук маалым эмес .

Жашоо аймагы

Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо , Алтай, Саян жана Кунлун жана башкалар болуп, деңиз деңгээлинен 3350 метрден 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет.

Илбирстер Овганистанда, Бутанда, Кытайда, Индияда, Казакстанда, Кыргызстанда , Монголияда, Непалда,Пакистанда, Орусияда, Тажикстанда жана Өзбекстанда таралган.

Илбирстин жашаган жерлерине жетүү кыйын болгондуктан алардын жашоосунун көптөгөн учуралары толук маалым эмес .

  Илбирстер Кыргызстанда Кыргызстанда илбирстер  Тескей Ала- Тоодо ,  Кыргыз Ала- Тоосунда ,  Талас Ала- Тоосунда ,  Чаткал ,  Какшаал-Тоо ,  Фергана  жана Памир-Алай кырка тоолорунда кезигет. Азыркы учурда илбирстердин саны абдан азайып кеткендиктен алар жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар катары  ХХ кылымда Эл аралык жаратылышты коргоо бирикмесинин кызыл китебине киргизилген. 2010 -жылкы такталган маалымат боюнча илбирстерди атууга тыюу салынган.

Илбирстер Кыргызстанда

Кыргызстанда илбирстер  Тескей Ала- Тоодо Кыргыз Ала- Тоосунда Талас Ала- Тоосунда Чаткал Какшаал-Тоо Фергана  жана Памир-Алай кырка тоолорунда кезигет.

Азыркы учурда илбирстердин саны абдан азайып кеткендиктен алар жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар катары ХХ кылымда Эл аралык жаратылышты коргоо бирикмесинин кызыл китебине киргизилген. 2010 -жылкы такталган маалымат боюнча илбирстерди атууга тыюу салынган.

Илбириске аңчылык   Илбирсти бардык эле мергенчи биле бербейт, анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу жүрүүлөрү керек. Мындай адамдарды элде «илбирс кармоочулар» деп коюшат. Мына ушул илбирсти кармооочулар чоңдорун капкан менен кармашып, балдарын үңкүрлөрдөн алышып сатышат .

Илбириске аңчылык

Илбирсти бардык эле мергенчи биле бербейт, анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу жүрүүлөрү керек. Мындай адамдарды элде «илбирс кармоочулар» деп коюшат. Мына ушул илбирсти кармооочулар чоңдорун капкан менен кармашып, балдарын үңкүрлөрдөн алышып сатышат .

Заманыбыздын улуу жазуучусу  Чыңгыз Айтматов да«илбирс» темасынын кыйгап өткөн эмес. Өзүнүн  «Тоолор кулаганда» романында баш  каармандар катары ак илбирс менен  адам тагдырын шайкеш чагылдырып, Бир эле учурда коомдогу руханий  байлыктын жакырланышы Тууралуу проблемаларды козгосо,  ошол эле учурда ага  шайкеш келген экология темасын да козгоп чыккан.

Заманыбыздын улуу жазуучусу

Чыңгыз Айтматов да«илбирс»

темасынын кыйгап өткөн эмес. Өзүнүн

«Тоолор кулаганда» романында баш

каармандар катары ак илбирс менен

адам тагдырын шайкеш чагылдырып,

Бир эле учурда коомдогу руханий

байлыктын жакырланышы

Тууралуу проблемаларды козгосо,

ошол эле учурда ага

шайкеш келген экология темасын

да козгоп чыккан.

Чыңгыз Айтматов "Тоолор кулаганда" романын орус тилинде жазып, чыгарма адегенде Москвада 2006-жылы "Дружба народов" журналына басылат. Кийинки жылы өзүнчө китеп болуп чыгып, дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулат.

"Тоолор кулаганда" жазуучунун эң көп окурмандары бар немец тилине таржымаланып, "Ак илбирс" ("Снежный барс") деген ат менен чыккан. Экинчи бир аталышы "Вечная невеста" ("Түбөлүк колукту"). Кыргызча эки котормосу бар, бирин Самсак Станалиев, экинчисин Абибилла Пазылов которгон жана анын котормосу "Жаабарс" деп аталган. Окурман журтчулугуна ушул роман тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштап турган чагыбыз.

Башкы каарман — ак илбирс. Анын аты – Жаабарс. Жаабарстын мөңгү астындагы жашоосун, анын кар үстүндө, бийик аскаларда өз олжосун не бир кыйынчылыктар менен кармап жешин, жашоо үчүн күрөшүн автор укмуштуудай чеберчилик менен өзү көрүп тургандай сүрөттөйт. Алардын өз жашоосу, өз мыйзамы бар, анын түбөлүктүү келе жаткан табияты ошондой, ошол нерсени эч кимдин бузууга акысы жок. Бирок жаналгыч болуп цивилизация, не бир кубаттуу техника келе жатат. Алардын күчү, таасири аскаларга да жетет. Бул жаныбарларды жок кылуучу тышкы күч болсо, адамды жок кылуучу күч да ошол сырт жактан келип, анын ичине кирип алып, ошол адамдын рухун талкалайт. Айтматов дайым кайрылып келген адам жана табияттын окшоштугу, гармониясы, аларды бузуучу нерселер бул чыгармада жаңы кырдаал-шартта, рыноктук-экономикалык кыйратуулардын шартында көрүнөт. Бир убактагы ээн-эркин өз жемин жеп жүргөн Жаабарс дал ошол сырттан жылмаңдап келген бүлдүргүчтөрдүн капканына кабылды, буга анын терисинин баалуулугу себеп болду. Канчалык адамдардан алыс кеткени менен анын жолу тар болду, адам буту баспай турган жерге жете албады. Жаабарс эки ургаачы илбирс менен жашады, биринчиси кудайдын зилзаласынан набыт болуп калган, андан урук калбады, экинчиси менен жакшы жашады, эки тукум калды. Карылык капшырып кирип келгенде бир кездеги алдуу, күчтүү Жаабарстын ошол төл берген ургаачысын да башка жашыраак ак илбирс — чунак кулак тартып кетти. Бул — тагдыр, бул — маңдайга жазылган жазуу, бул — турмуш мыйзамы. "Жаабарс жалгыз, өзүнүн бешенесине жазылган негизги энчисинен ажыраган бойдон кала берди, тукум улоо үчүн күрөштө табият дайыма кийинки келген жаш күчтөрдү тандайт тура". Өч алайын деди, бирок "кандайдыр бир белгисиз күч, белгисиз үн, белгисиз эрк аны токтотту. Кимдир бирөө ичтен буйругандай — тукум улап жаткандарга тийбе, зыян келтирбе деп шыбырап айткандай болду".

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!