СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара

Нажмите, чтобы узнать подробности

5-март Ак калпак күнү 

Просмотр содержимого документа
«Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара»












Сабактын темасы: Ак калпак куну

Сабактын максаты: 1.Улуттук баш кийимдердин баалуулугун,аларды

урматтап сактап кийип жүрүү керектигин били

шет.

2.Улуттук баш кийим Ата мурасы ,аны турмушта

барктап,аздектеп кийүүнү үйрөнүшөт.

3.окуучулар баш кийимди ыйык сактоого,баш

кийимди эч нерсеге алмаштырбоого үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы: Улуттук баш кийимдер,калпактын түрлөрү,слайд

Сабактын методу: Түшүндүрүү,ролдоштуруу.

Сабактын формасы : сахна-сабак.

Сабактын жүрүшү:

Ак калпак,боз үй жана комузсуз кыргыз элин элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыз элимдин эң ыйык буюму баш кийими болот. Баш кийимдердин эң ыйыгы-калпак. Калпак койдун ,төөнүн жүнүнөн жасалат. Илгертен эле баш кийимди аздектеп,барктап,баалап кийип келишкен. Калпактын көптөгөн түрү бар. Аны жашына карап кийишет.

2
011-жылдын 5- мартын Улуттук Ак калпак күнү деп белгилешкен.



Ыр:

Үйү болгон эзелтеден көктө жылдыздын.

Көркү ажайып ,көз тандырган ээси чындыктын.

Ала-Тоодон ат салышып ,бүркүт таптаган ,

Мен уулумун шамал жиреп ,өскөн кыргыздын.

Сыймыктанам ,мактанам ,жер жүзүнө жар салам.

Мен кыргыздын,мен кыргыздын,мен кыргыздын уулумун

Уламалуу уясындай ыйык нур куттун.

Уюткулуу улут болуп устун тургуздун

Кыйындыкта оттой жанып,белин чечпеген

Мен уулумун көз ирмебес ,баатыр кыргыздын

Сыймыктанам ,мактанам,жер жүзүнө жар салам,

Мен кыргыздын,мен кыргыздын,мен кыргыздын уулумун



Тукүлүгүн түптөп бекем,жашоо-турмуштун

Түк буздурбай сактап боосун таза чындыктын

Бүт чегелеп түндүгүнө жылдыз кадаган

Мен уулумун кут ширеткен чебер кыргыздын

Сыймыктанам ,мактанам,бүт дүйнөгө жар салам

Мен кыргыздын,мен кыргыздын,мен кыргыздын уулумун.



Саламдашам кептен айтып салмактуу.

Саламатпы эли-журтум ардактуу.

Амандашып анан башка сөзгө өткөн.

Ата-баба апапакай калпактуу



Калпак күнү бүт кыргыздар сүйүнгөн.

Калпак кийип мен да келдим үйүмдөн.

Бүт кыргыздын балдарындай мен дагы.

Калпак кийгем тээ балалык күнүмдөн.



Жигит болуп кыргыз атка татыган.

Ак калпагын түшүрбөгөн башынан.

Эли-журтум майрамдайбыз кут болсун

Куттуктаймын үй бүлөмдүн атынан.



Беш жаштабы,мейли токсон жаштабы.

Калпак кийген абалтадан жаш-кары.

Эске түшөт ак калпакты көргөндө.

Ак кар баскан Ала-Тоонун ак кары.



Баалап барктап баардыгыбыз азыр да.

Кийеличи жайда,күздө,жазында.

Комуз түшпөй кыргызымдын колунан.

Ак калпагы дайым болгон башында.



Жүргөнсүйбүз ак калпакты барктабай.

Кийиш керек үйгө катып сактабай.

Майрам экен бүгүн кийдик болду”-деп

Жакшы эмес да бүгүн кийип таштамай



Калпак кийип жүрсөк деймин мен дайым

Калпак сүйлөт кыргыздардын тек жайын

Бир жылдагы бир күн менен чектелбей

Калпак күнү боло берсини ар дайым.



Көк мелжиген мөңгүлүү бийик тооонун.

Кичирейтип жасаган калпак кылып.

Тоолори жылып жатабы деп ойлойсуң.

Кыргыздар ак калпакчан бара жатса



Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун сереси.

Ак калпакка чөгөрүлгөн элеси.

Ак калпакты алтынга да алмашпа.

Бул кыргыздын эң бир ыйык белгиси.



Ызгаар шамал урса дагы ашынган.

Ак калпакты учурбагын башыңдан.

Бул ак калпак ыроологон теңирден.

Көкүрөккө түйүп алгын жашыңдан



Чет элдерге ызаат менен ийилип.

Сый-сыпатын ,сыйкорлугун билгизип.

Ата-бабам аздектеген калпакты.

Өзгөгө да белек кылат кийгизип.



Мындан башка белек жокпу аларга.

Көңүлүн таап көкөлөтүп салаарга.

Сөзсүз эле баш кийимди кийүүбү.

Эмне үчүн муну албайбыз капарга?



Касиеттүү Ала- Тоону жердеген.

Кыргыз эли баш кийимин эч бербеген.

Эскиргенин тепселетип таштабай.

Өрттөп салган касиеттүү эл деген.



Жомок :

Илгери өткөн заманда бир хан жашаган экен. Анын үч уулу болуптур. Бир күнү хандын башы катууу ооруп калат.Ал уулдарын чогултуп мындай дейт.

  • Кана эмесе,уулдарым . менин башым ооруп кыйналып жүрөм. Жаздын аптаптуу күндөрүндө башка салкын,кышкысын жылуу баш кийимди келиндерим жасашын.

  • Макул,хан ата. Айтканыңыз аткарылат!-дешет бир ооздон.

Арадан күндөр өтүп ,белгиленген убакта келиндери баш кийимдерди алып келишет.

Биринчи келин уулу тебетей алып келишет .

  • Ата ,муну кийип көрүнүзчү-дешет.

  • Бул баш кийим кышкысын жылуу болгону менен,жайкысын тердетет экен-дейт.

Экинчи келин уулу малакайды алып келишет.

  • Атаке ,бул баш кийимди кийип көрүңүзчү _дешти

  • Бул баш кийим жайкысын ыңгайлуу болгону менен,кышкысын башым үшүйт го-дейт.

Үчүнчү келин –уулу Ак калпакты алып келишет.

  • Ата бул баш кийимди кийип көрңүзчү _дешет.

  • Оо бул баш кийим кышкысын жылуу,жайкысын салкын экен . көрүнүшү да көрктүү экен. Бул баш кийим кандай аталат?

  • Ата ,бул баш кийим –Калпак деп аталат. Бул төөнүн ,койдун жүнүнөн жасалат. Ичине пахтадан токулган кездеме тигилет . Ошондуктан кышта жылуу, жайда салкын болот . Дайыма кийип жүрсөңүз башыңыз оорубайт.

  • Ырахмат, ыраазымын силерге.

Ошентип хан уулдары,келиндерине ыраазы болуптур.



Бий: Кыргыз жолу.



Мен силерге келип турат даңктагым.

Кадимки эле кыргызымдын калпагын.

Анда эмесе баарың кулак салып тур.

Ак калпактын улуулугун айтайын.



Тээ илгертен ата-бабам кийишкен.

Бийик тутуп кадырлашып келишкен.

Ак калпагың түшпөсүн деп башыңдан.

Ак калпагын балдарына беришкен.



Жайда салкын сактап күндүн нурунан.

Кышта катуу сактайт ызгаар сууктан.

Жашка карап түрдүү калпак кийишчү

Айырмаланган талаа,чачык,кыюудан.



Чоң аталар жайкалтышып сакалын

Кийишчү эле бийик бакайм калпагын.

Аппак калпак кийчү чыгаан мырзасы.

Баатырлыктан чыгарышкан атагын.



Кызыл кыюу калпак кийген кыздары.

Үйлөнгөнгө жубай издеп жүрүшкөн.

Айлыбызга бойдок жигит келди деп

Шум женелер калпагынан билишкен.



Жашыл кыюу калпаккийген жаш балдар.

Балакатка али жашы жете элек.

Эркелешип жаратылыш койнунда.

Эне сүтү али оозунан кете элек.



Ата-бабам кийген ыйык калпакты .

Сен да бүгүн сыймык менен кийип жур.

Кепка , шапка,шляпаларды кийбестен .

Кыргызсыңбы ак калпагың кийип жүр.



Ала –Тоого окшош кийген калпагың.

Алп Манастай сүрдүү болсун айбатың.

Аска –зоодой көтөрүлүп зоболоң.

Ата- журтка кызмат кылсын кайратың.



Ала-Тоонун койнунда

Акыл калчап бийиктерден

Ар намыстуу уулдары .

Аппак калпак кийишкен.





Бий: Көк бөрү.



Үй иши : Калпак жөнүндө макалдарды үйрөнүү.









2)





Сабактын темасы: Ак калпак.

Негизги

компетенттуулуктөр

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөр: Жогорудагы

коюлган максаттар ишке ашат,

эгерде:

1.Маалыматтык

А) Улуттук баш кийимдердин баалуулугун, аларды урматтап сактап кийип жүрүү керек экенин билишет.

Улуттук баш кийимибиз Ак калпактын пайдалуулугун, баалуулугун даңазалашат.

Окуучулар улуттук баш кийимдердин баалуулугун билишсе

Баш кийимдерди урматтап, барктап кийип жүрө алышса

Балдар баш кийимди ыйык сактоону үйрөнүшсө

2.Социалдык-

коммуникациялык

б) Улуттук баш кийим Ата мурас экенин ошондой эле аны турмушта барктап, аздектеп кийүүнү билишет

Улуттук баш кийим Ата мурасы экенин билишсе

Аны барктаса

Аздектеп кийүүнү билишсе

3.Өз ишин уюштуруу

жана көйгөйлөрүн

чечүү компетенттүүлүгү

в) Окуучулар баш кийимди ыйык сактоого, баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоого үйрөнүшөт.


Баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоону уйронүшсө

Ресурстар: Улуттук баш кийимдер, ак калпактын түрлөрү, слайд, үн жазуулар,

Сабактын методу: Сахналаштыруу, ролдоштуруу, ыр, бийлер

Уюштуруу: Хор “Ак калпак”. Окуучулар хор ырдашат, экранда слайд.

Ак калпак

Кийгенде башка жарашкан

Суктанып баары карашкан.

Ак калпак калган мураска

Атабыз айкөл Манастан

Киебиз сыймыктап ардактап, ардактап

Кыргыздын жүзүсүң ак калпак, ак калпак

Кыргыздын жүзүсүң, жузүсүң ак калпак,

Ак калпак ай ак калпак

Киебиз сыймыктап ардактап, ардактап

Кыргыздын жүзүсүң ак калпак, ак калпак

Кыргыздын жүзүсүң, жузүсүң ак калпак,

Ак калпак ай ак калпак

Ак калпак кыргыз белгиси

Ак калпак кийип эргишип

Алыстан көзгө элестейт

Ал окшоп тоонун мөнгүсү

Кайырма.

Эркиндик элге жеткени

Арбыды калпак кийгени

Ак калпак жагып көп элге

Аралай берсин дүйнөнү.

Кайырма.

1-окуучу: Кыргызымдын башында
Ак калпагы кийилген

Жарашыктуу ак калпак

Кыргыз экенин билдирген.

-Кыргызымдын эң ыйык буюму баш кийим болот. Баш кийим ак калпак деп айтылат. КАЛПАК төөнүн, койдун, эчкинин жүнүнөн жасалат. Биздин ата-бабалар баш кийимди аздектеп сактап келишкен. Калпактын көптөгөн түрү бар. Аны жашына карап кийишкен. 2011-жылдын 5- мартынан баштап АК КАЛПАК кунү деп белгилешкен. 9 жылдан бери майрамдап келе жатабыз.

Анда жомок аткарып берели.

Автор: -Илгери өткөн заманда атагы далайга кеткен бир хан болуптур. Ал бир күнү билермандарды дарыгерлерди чогултуп алып мындай дейт.

Хан: - Силер билесиңер, дайыма атамдын башы ооруп кыйналып жүрөт. Жаздын аптаптуу күндөрүндө башка салкын боло турган баш кийим таап келгиле.

Автор: Аркимиси башка салкын боло турган баш кийим алып келе башташат.

Бул баш кийиди корүңүзчү?

Автор:- Ханга эч бири жакпайт. Бир күнү бир жөнөкөй киши баш кийим алып келет.

- Бул баш кийимди көрүңүзчү?

Хан: - (Ары бери кармалап көрүп) Ушул баш кийим аябай жакшы экен. Эми кышында кийгени жылуу баш кийим таап келгиле!

Бул баш кийим сизге жагат бекен, көрүңүзчү

Ушул тумак сизге жагат деп ойлойм, ханым.

Хан:- Жок, болбойт бул тердетип жиберет, аба да өткөрбөйт.

Автор: - Көптөгөн баш кийимдерди алып келишсе да ханга жакпайт. Бир күнү дагы баягы жөнөкөй киши баш кийим алып келет.

-Ханым бул кышында кийсе эң жылуу баш кийим, көрүңүзчү?

Хан:- ( Ары бери карап) Эмне үчүн салкын баш кийим десем да, жылуу баш кийим десем да ушул баш кийимди алып келесиң?

-Ханым бул баш кийимдин аты- КАЛПАК. Бул төөнүн, эчкинин, койдун жүнүнөн жасалат. Анын ичинен пахтадан токулган кездеме тигилет. Ошандуктан кышта жылуу, жайда салкын болот.Атаңыз дайыма кийип жүрсө башы оорубайт.

Хан: Туура айтасың, бул калпакты тезирээк атама алып баралы. Жүргүлө!

Алия: - Ала Тоонун койнунда

Акыл калчап бийиктерден.

Ар намыстуу уулдары

Аппак калпак кийишкен.

Нурислам: -Ак калпагы кыргыздын

Ак жүзүндөй нур кыздын

Ак кар баскан тоолордо

Ак нурундай жылдыздын.

-Балдар “Көк бөрү” бийине бийлешет.

Башына ак калпак кийген киши көпчүлүктүн арасынан кескин айырмаланып, көзгө даана көрүнөт. Топ ичинен боордошуңду дароо тааныйсың

Ак калпак кийген киши боюнун кыскалыгына карабай шыңга бойлуу болуп чыга келет. 

Калпак кышында сууктан, жайында ысыктан сонун коргойт. Ал табигый таза материал — кийизден жасалат.

Калпак кийип турган кишинин жаш курагын, коомдо ээлеген ордун, социалдык абалын биздин ата-бабалар жаңылбай аныктаган.

Ак калпакты, негизи эле баш кийимди кыргыздар дайыма ыйык тутуп келген. Мындан улам аны эч убакта жерге таштаган эмес. Ар убакта төр жакка, бийик жерге коюлган. 

Калпакка түшүрүлгөн ар бир оюунун философиялык мааниси бар. Ата-бабалар ага өзгөчө маани берип, аяр мамиле жасаган. 

Калпактын көркөмдүгү, ыңгайлуулугу чет элдиктердин бүйүрүн кызытып келет.

Дагы: Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт..
Калпакты жерге койбо..
Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң..
Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың.
Калпакчан жүрсөң оорубайсың; калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет.
Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун.

Ак калпыкты даңазалоо. Көркөм окуу (слайд менен)..



Мен силерге келип турат даңктагым,

Кадимки эле кыргызымдын калпагын.

Анда эмесе баарың кулак салып тур,

Ак калпактын улуулугун айтайын.



Тээ илгертен ата бабам кийишкен,

Бийик тутуп кадырлашып жүрүшкөн

Ак калпагың түшпөсүн деп башыңдан

Ак калпагын балдарына беришкен.



Жайда салкын сактап күндүн нурунан

Кышта жылуу сактайт ызгаар сууктан

Жашка карап түркүн калпак кийишчү

Айырмаланган талаа, чачык, кыюудан.



Чоң аталар жайкалтышып сакалын,

Кийишчу эле бийик бакай калпагын.

Аппак калпак кийчу чыгаан мырзасы

Баатырлыктан чыгарышкан атагын.



Кызыл кыюу калпак кийген жигиттер

Үйлөнгөнгө жубай издеп жүрүшкөн.

Айлыбызга келди бойдок жигит деп

Шум жеңелер калпагынан билишкен.



Жашыл кыюу калпак кийген жаш балдар,

Балагатка али жашы жете элек.

Эркелешип жаратылыш койнунда

Эне сүту али оозунан кете элек.





Кыргыз калпагынын символикасы

А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ):
1. Күндүн аян белгиси.
2. Өмүрдүн, тиричиликтин, жалпы жашоонун символу.
Б) Төбөсүндөгү топ чачы:
1. Тукумдун, тамыры тереңге жайылуунун аян белгиси.
2. Тынчтыктын, жаркын турмуштун, токпейил жашоонун символу.
3. Күлгун жаштыктын, оттуу курактын аян белгиси.
- Төбөсү түшкөн белги:
1. Баш көтөрөөр эр бүлө үйдө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун үйүтүндө, үйрүсүндө болом деген аян белги.
Элдеги “Төбөңдөн ургур!”, “Төбөң түшүп калгыр!”, “Төбөң түшкүр!”, “Төбөң түшкүрдүкү” – деген сыяктуу каргыш сөздөр да ошондон калган.
2. Калпактын оң кыргагын басып кийсе (төмөн түшүрүп же шыпырып) аялынан (эгер эркек үй бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси, аяны деп эсептелген.
3. Калпактын сол ныптасы көтөрүлбөй төмөн шыпырылып (оң кыргагы төмөн каралып жапырылса) өтө күчтүү аза күтүү аян белгиси. Анда айылдын, элдин куттуу баатырынан тектүүсүнөн, кадырман аксакалынан айрылып, аза күтүү аян белгиси.
4. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып (шыпырып) кийсе: “Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алаар каруу – күч калбады”, деп жедеп, тукулжурап, мүңкүрөп, мөгдөп калуунун белгиси.
5. Калпактын кыры менен кырбуусундагы манат, баркыт, чый баркыт сыяктуу кездемелердин кара, көк, кызыл, күрөң түсү жаш өзгөчөлүгүн билдирсе, көбөөлөнгөн кыргактын өзү - таяныч, өбөк, жөлөк колдоонун ыйык символу.

Кыздар бийине бийлешет.