Просмотр содержимого документа
«Ак калпак кыргыз келбети.»
Ак калпактын философиясы
Кыргыз калпагынын символикасы
А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ):
- 1. Күндүн аян белгиси. 2. Өмүрдүн, тиричиликтин, жалпы жашоонун символу.
Б) Төбөсүндөгү топ чачы:
- 1. Тукумдун, тамыры тереңге жайылуунун аян белгиси. 2. Тынчтыктын, жаркын турмуштун, токпейил жашоонун символу. 3. Күлгун жаштыктын, оттуу курактын аян белгиси.
Төбөсү түшкөн белги:
1. Баш көтөрөөр эр бүлө үйдө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун үйүтүндө, үйрүсүндө болом деген аян белги. Элдеги “Төбөңдөн ургур!”, “Төбөң түшүп калгыр!”, “Төбөң түшкүр!”, “Төбөң түшкүрдүкү” – деген сыяктуу каргыш сөздөр да ошондон калган.
2. Калпактын оң кыргагын басып кийсе (төмөн түшүрүп же шыпырып) аялынан (эгер эркек үй бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси, аяны деп эсептелген.
3. Калпактын сол ныптасы көтөрүлбөй төмөн шыпырылып (оң кыргагы төмөн каралып жапырылса) өтө күчтүү аза күтүү аян белгиси. Анда айылдын, элдин куттуу баатырынан тектүүсүнөн, кадырман аксакалынан айрылып, аза күтүү аян белгиси.
4. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып (шыпырып) кийсе: “Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алаар каруу – күч калбады”, деп жедеп, тукулжурап, мүңкүрөп, мөгдөп калуунун белгиси.
5. Калпактын кыры менен кырбуусундагы манат, баркыт, чый баркыт сыяктуу кездемелердин кара, көк, кызыл, күрөң түсү жаш өзгөчөлүгүн билдирсе, көбөөлөнгөн кыргактын өзү - таяныч, өбөк, жөлөк колдоонун ыйык символу.
Калпактын кырына коюлган түстүү кыюулар адамдын жаш өзгөчөлүгүнө болгон:
Балдардын калпагынын кыюусу кызыл, жашыл кездемеден;
Жигиттердин калпагынын кыюусу – көк кездемеден;
Азаматтардын, орто жашка чейинкилердин калпагынын кыюусу – күрөң, кара кездемеден;
улгайып калган карыялардын, аксакалдардын калпагынын кыюусу – ак же ала кездемеден жасалган.
Калпак – кыргыздын
улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү. Ата -бабадан кастарланып келе жаткан асыл мүлк.
Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, узак уламалуу санжыра .