Сабактын темасы: Ак калпак- кыргыз сыймыгы.
Сабактын максаты: 1.Улуттук баш кийимдердин баалуулугун,аларды
урматтап сактап кийип жүрүү керектигин били
шет.
2.Улуттук баш кийим Ата мурасы ,аны турмушта
барктап,аздектеп кийүүнү үйрөнүшөт.
3.окуучулар баш кийимди ыйык сактоого,баш
кийимди эч нерсеге алмаштырбоого үйрөнүшөт.
Сабактын жабдылышы: Улуттук баш кийимдер,калпактын түрлөрү,слайд
Сабактын методу: Түшүндүрүү,ролдоштуруу.
Сабактын формасы : сахна-сабак.
Сабактын жүрүшү:
Ак калпак,боз үй жана комузсуз кыргыз элин элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыз элимдин эң ыйык буюму баш кийими болот. Баш кийимдердин эң ыйыгы-калпак. Калпак койдун ,төөнүн жүнүнөн жасалат. Илгертен эле баш кийимди аздектеп,барктап,баалап кийип келишкен. Калпактын көптөгөн түрү бар. Аны жашына карап кийишет.
2011-жылдын 5- мартын Улуттук Ак калпак күнү деп белгилешкен.
Ыр: “Мен кыргыздын уулумун”
Үйү болгон эзелтеден көктө жылдыздын.
Көркү ажайып ,көз тандырган ээси чындыктын.
Ала-Тоодон ат салышып ,бүркүт таптаган ,
Мен уулумун шамал жиреп ,өскөн кыргыздын.
Сыймыктанам ,мактанам ,жер жүзүнө жар салам.
Мен кыргыздын,мен кыргыздын,мен кыргыздын уулумун
Уламалуу уясындай ыйык нур куттун.
Уюткулуу улут болуп устун тургуздун
Кыйындыкта оттой жанып,белин чечпеген
Мен уулумун көз ирмебес ,баатыр кыргыздын
Сыймыктанам ,мактанам,жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын,мен кыргыздын,мен кыргыздын уулумун
Тукүлүгүн түптөп бекем,жашоо-турмуштун
Түк буздурбай сактап боосун таза чындыктын
Бүт чегелеп түндүгүнө жылдыз кадаган
Мен уулумун кут ширеткен чебер кыргыздын
Сыймыктанам ,мактанам,бүт дүйнөгө жар салам
Мен кыргыздын,мен кыргыздын,мен кыргыздын уулумун.
Саламдашам кептен айтып салмактуу.
Саламатпы эли-журтум ардактуу.
Амандашып анан башка сөзгө өткөн.
Ата-баба апапакай калпактуу
Калпак күнү бүт кыргыздар сүйүнгөн.
Калпак кийип мен да келдим үйүмдөн.
Бүт кыргыздын балдарындай мен дагы.
Калпак кийгем тээ балалык күнүмдөн.
Жигит болуп кыргыз атка татыган.
Ак калпагын түшүрбөгөн башынан.
Эли-журтум майрамдайбыз кут болсун
Куттуктаймын үй бүлөмдүн атынан.
Беш жаштабы,мейли токсон жаштабы.
Калпак кийген абалтадан жаш-кары.
Эске түшөт ак калпакты көргөндө.
Ак кар баскан Ала-Тоонун ак кары.
Баалап барктап баардыгыбыз азыр да.
Кийеличи жайда,күздө,жазында.
Комуз түшпөй кыргызымдын колунан.
Ак калпагы дайым болгон башында.
Жүргөнсүйбүз ак калпакты барктабай.
Кийиш керек үйгө катып сактабай.
“Майрам экен бүгүн кийдик болду”-деп
Жакшы эмес да бүгүн кийип таштамай
Калпак кийип жүрсөк деймин мен дайым
Калпак сүйлөт кыргыздардын тек жайын
Бир жылдагы бир күн менен чектелбей
Калпак күнү боло берсини ар дайым.
Көк мелжиген мөңгүлүү бийик тооонун.
Кичирейтип жасаган калпак кылып.
Тоолори жылып жатабы деп ойлойсуң.
Кыргыздар ак калпакчан бара жатса
Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун сереси.
Ак калпакка чөгөрүлгөн элеси.
Ак калпакты алтынга да алмашпа.
Бул кыргыздын эң бир ыйык белгиси.
Ызгаар шамал урса дагы ашынган.
Ак калпакты учурбагын башыңдан.
Бул ак калпак ыроологон теңирден.
Көкүрөккө түйүп алгын жашыңдан
Чет элдерге ызаат менен ийилип.
Сый-сыпатын ,сыйкорлугун билгизип.
Ата-бабам аздектеген калпакты.
Өзгөгө да белек кылат кийгизип.
Мындан башка белек жокпу аларга.
Көңүлүн таап көкөлөтүп салаарга.
Сөзсүз эле баш кийимди кийүүбү.
Эмне үчүн муну албайбыз капарга?
Касиеттүү Ала- Тоону жердеген.
Кыргыз эли баш кийимин эч бербеген.
Эскиргенин тепселетип таштабай.
Өрттөп салган касиеттүү эл деген.
Жомок :
Илгери өткөн заманда бир хан жашаган экен. Анын үч уулу болуптур. Бир күнү хандын башы катууу ооруп калат.Ал уулдарын чогултуп мындай дейт.
Кана эмесе,уулдарым . менин башым ооруп кыйналып жүрөм. Жаздын аптаптуу күндөрүндө башка салкын,кышкысын жылуу баш кийимди келиндерим жасашын.
Макул,хан ата. Айтканыңыз аткарылат!-дешет бир ооздон.
Арадан күндөр өтүп ,белгиленген убакта келиндери баш кийимдерди алып келишет.
Биринчи келин уулу тебетей алып келишет .
Ата ,муну кийип көрүнүзчү-дешет.
Бул баш кийим кышкысын жылуу болгону менен,жайкысын тердетет экен-дейт.
Экинчи келин уулу малакайды алып келишет.
Атаке ,бул баш кийимди кийип көрүңүзчү _дешти
Бул баш кийим жайкысын ыңгайлуу болгону менен,кышкысын башым үшүйт го-дейт.
Үчүнчү келин –уулу Ак калпакты алып келишет.
Ата бул баш кийимди кийип көрңүзчү _дешет.
Оо бул баш кийим кышкысын жылуу,жайкысын салкын экен . көрүнүшү да көрктүү экен. Бул баш кийим кандай аталат?
Ата ,бул баш кийим –Калпак деп аталат. Бул төөнүн ,койдун жүнүнөн жасалат. Ичине пахтадан токулган кездеме тигилет . Ошондуктан кышта жылуу, жайда салкын болот . Дайыма кийип жүрсөңүз башыңыз оорубайт.
Ырахмат, ыраазымын силерге.
Ошентип хан уулдары,келиндерине ыраазы болуптур.
Бий: Кыргыз жолу.
Мен силерге келип турат даңктагым.
Кадимки эле кыргызымдын калпагын.
Анда эмесе баарың кулак салып тур.
Ак калпактын улуулугун айтайын.
Тээ илгертен ата-бабам кийишкен.
Бийик тутуп кадырлашып келишкен.
Ак калпагың түшпөсүн деп башыңдан.
Ак калпагын балдарына беришкен.
Жайда салкын сактап күндүн нурунан.
Кышта катуу сактайт ызгаар сууктан.
Жашка карап түрдүү калпак кийишчү
Айырмаланган талаа,чачык,кыюудан.
Чоң аталар жайкалтышып сакалын
Кийишчү эле бийик бакайм калпагын.
Аппак калпак кийчү чыгаан мырзасы.
Баатырлыктан чыгарышкан атагын.
Кызыл кыюу калпак кийген кыздары.
Үйлөнгөнгө жубай издеп жүрүшкөн.
Айлыбызга бойдок жигит келди деп
Шум женелер калпагынан билишкен.
Жашыл кыюу калпаккийген жаш балдар.
Балакатка али жашы жете элек.
Эркелешип жаратылыш койнунда.
Эне сүтү али оозунан кете элек.
Ата-бабам кийген ыйык калпакты .
Сен да бүгүн сыймык менен кийип жур.
Кепка , шапка,шляпаларды кийбестен .
Кыргызсыңбы ак калпагың кийип жүр.
Ала –Тоого окшош кийген калпагың.
Алп Манастай сүрдүү болсун айбатың.
Аска –зоодой көтөрүлүп зоболоң.
Ата- журтка кызмат кылсын кайратың.
Ала-Тоонун койнунда
Акыл калчап бийиктерден
Ар намыстуу уулдары .
Аппак калпак кийишкен.
Кийгенде башка жарашкан.
Суктанып баары карашкан.
Ак калпак калган мураска.
Атабыз айкөл Манастан.
Кыргызымдын башында
Ак калпагы кийилген.
Жарашыктуу ак калапак.
Кыргыз экенин билдирген.
Ак калпагы кыргыздын.
Ак жүзүндөй нур кыздын.
Ак кар баскан тоолордо.
Ак нурундай нур кыздын.
Бий: Көк бөрү.
Үй иши : Калпак жөнүндө макалдарды үйрөнүү.