50
55
60
65
70
75
5
10
15
20
25
30
35
40
45
Кыргыздын эң ыйык буюмунун бири-анын баш кийими. Кыргыз баш кийимин жерге таштабайт, өз уулунан башкага бербейт, белекке жолдобойт. Атүгүл аны адам отурган отургучка да койбойт.
Ак калпак - кыргызды кыргыз кылып, башка элден айырмалап таанытып турган
Ала-Тоосу, Ысык-Көлү, боз үйү, комузу сыяктуу эле ата мурас энчиси. Ак калпактын бычылышы, тигилиши, түзүлүшү да боз үйдүн түндүгүн кайталап, кандайдыр бир элдик акылмандыкты, ыйык салт-санааларды туюнтуп тургандай сезилет. Ошондой эле төрт тарап, алардын бириккен жери - уюл-чоку. Этек жагы дагы улам кеңейип, төгөрөктүн төрт бурчунун чексиздигинен кабар берип тургансыйт.
Тебетейибиз да ушул эле нукта жасалат. Түпкүрүндө ак калпактын эки капталында эки тилик кулакчыны болуп, ал кулактын үстүнө дал келип, калпактын туюк эки өңүрү алдыны карап, маңдайга кийиле турган. Аны айчыктуу ак калпак дешчү. Кийген адамдын чекеси жазылып, жарашып турчу. Азыр алдынан бир эле жырык чыгарып, аны чекебизге тумшукча кылып кондуруп алдык. Бул биздин өзүбүздүн ата мурас буюмубузга маани бербегенибизден го. Мурун эки улакчыны эки канат болуп, оңду-солду имерип турган ыйык калпак эми мурдуман алысты көрө албайм дегенсип, жырык тумшукчага айланып калды. Бул эмне, мезгилдин өзгөрүшүбү же чабытыбыздын тарышыбы? Болбосо, «маданияттуу» кылалы деп кепкага окшоштурууга жасаган аракетибизби?
Эркектин баш кийимин, мейли ак калпак же тебетей болсун, башынан эле айыл ичиндеги аты чыккан уздарга атайын бир адамга арнап тиктиришкен. Баланча тиккен калпак, түкүнчө жасаган тебетей экен деп көргөндөр көркүнөн таанып, даңаза кылышкан, сын-сыпатына таӊ беришкен. Бир уруунун бийлик төбөлү экинчи уруунун кандайдыр бир той-ашына урматтуу конок болуп чакырылганда гана өтө сый конокко арнап калпак же тебетей тиктирилбесе, башка сыйлуу коноктордун алдына ат тартып, үстүнө тон жаап, колуна куш кондуруу менен гана чектелишкен.
Анан ушундай дөөлөттүү ыйык буюмубуздун колдон колго өткөн катардагы буюмга айланып калышына ким күнөөлүү? Албетте, биринчи кезекте өзүбүз, өзүбүздүн эле эч нерсени энебеген аңкоолугубуз, ата салтын, элдин наркын унуткан манкурттугубуз, кошоматка кой сойгон ийилчээктигибиз...
Кечээ, жыйырма-отуз жыл мурун эле ак калпакты кыргыздар чанда кийип, жалаң шляпа, кепкага өтүп албадык беле. Анан өз алдынчалыкка жеткенде, бат эле калпакка жабыла өтүп кетпедикпи. Ал аз келгенсип, кандай деңгээлдеги конок келбесин, мейли ал мамлекеттик жеке ишмер болсун, мейли алар бирөө же он болсун, баарынын баштарына ата мурас калпагыбызды кондура коюу катардагы көрүнүш болуп калды. Өзүбүз четке чыксак да, калпагыбызды көтөрө барып, тушкелди тапшырып кайтабыз. «Бозону ашыкча ичсең - мас болосуң, досту ашыкча күтсөң - кас болосуң» дегендей, аша чаап кеттик эле, ата мурасыбыз ак калпактын түпкү маани-маңызы жоголду да калды.
Эми эмне кылышыбыз керек? Менимче, байпак чыгаргансып эле баш кийимди ашыкча чыгарганды токтотушубуз керек. Арзан, ашыкбаш буюм - барксыз буюм. Ошондой эле калпакты көрүнгөнгө эле тартуулай берүүнү да токтотуу зарыл. Ал эми калпакты жасаган уздар ой келди ойкутуп-кайкыта бербей, баш кийимдин түпкү маани-маңызын сактап, көп эле ашыкбаш кетпей жасоолору тийиш. Себеби, ал -элдин ыйык буюму.
15-саптагы «төгөрөктүн төрт бурчу» деген туюнтма эмнени билдирет?
Ак калпактын көрүнүшүн
Айлананын ичиндеги төрт бурчтугу
Бүтүндөй дүйнө жүзүн
Төрт бурчтуктун ичиндеги айлананы
Текст боюнча ак калпактын кадыр-баркынын төмөндөшүнүн башкы себеби эмнеде?
Өтө көп чыгарылгандыгында
Белекке көп берилгендигинде
Баасынын арзандыгында
Ата салтынын унутулгандыгында
Төмөндөгү ырастоолордун кайсынысы берилген тексттин негизги максатын тагыраак аныктайт?
Улуттук баш кийимдер тууралуу толук маалымат берүү
Элдик уздардын чеберчилигин даңазалоо
Ак калпакты чыгарууга тыюу салуу
Замандаштарды ата салтын сактоого чакыруу
Тексттин 1-5-саптарындагы абзацтын контекстинде «Кыргыз баш кийимин... өз уулунан башкага бербейт...» дегенди кандай мааниде түшүнүүгө болот?
Баш кийимди ыйык туткандык
Уулунун урмат-сыйына умтулгандык
Буюмга ичи тардык кылгандык
Баш кийимден башка берер нерсеси жоктук
41-46-саптардагы сүйлөмдө берилген башкы ой кайсы?
Элдин баш кийимди бардык белектен жогору эсептеши
Кыргыз урууларынын той-ашты көп бериши
Элде аттын, тондун, куштун көптүгүн көрсөтүшү
Элдин конокко төбөлдөрдү гана чакырышы
Ак калпакты кыргыздар эмне үчүн ыйык көргөн?
Боз үйдүн түндүгүнө окшоштугу үчүн
Ата мурасы болгондугу үчүн
Мыкты уздар тиккендиги үчүн
Адамга жарашыктуулугу үчүн
27-30-саптардагы сүйлөмдүн контекстинде «мурдуман алысты көрө албайм» деген түшүнүк кандай маанини билдирет?
Көздүн начар көрүүсүн
Ой жүгүртүүнүн чектелгендигин
Өз кызыкчылыгын гана ойлоону
Илим-билимдин жетишсиздигин
Текст боюнча ак калпак менен тебетейдин окшоштугу эмнеде?
Атайын арнап тигилишинде
Өңдөрүнүн бирдейлигинде
Тиликтеринин бирдейлигинде
Төрт тараптуу экендигинде
I гана
I, II гана
I, III гана
I, IV гана
70-79-саптарда автор ...
А) маселенин маӊызын айтууда
Б) маселени чечүү үчүн сунушун айтууда
В) маселени себебин билдирүүдө
Г) маселенин оӊ-терс жактарын айтууда
Жалпы республикалык тестке даярданабыз:Абитуриенттер үчүн колдонмо. Негизги тест. Б.:Аль Салам, 2017