КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМЫ
Тема: Академиялык эркиндик
Максаты: окуу жайлардагы академиялык эркиндиги жөнүндө түшүнүк алуу
Академиялык эркиндик – жайларындагы
жетекчилигинде өзүн өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу программаларын аныктоо жана ички тартиптер боюнча ; жана илим изилдөө жагында инсанга берилген спецификалык укуктардын жана эркиндиктердин топтому; профессорлорду жана көз карандысыз, сырткы административдик бийликтин кийлигишүүсүсүз жүрөт. Жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулар составына, илимий кызматкерлерге жана төмөндөгүдөй эркиндиктер берилет:
– предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көзкарашы боюнча түзүү, илим изилдөө темаларын тандоо, аларды өзүнүн ыкмаларынын негизинде жүргүзүү;
– студенттин өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүнө жана муктаждыктарына карата билим алуусу.
Профессор - (. – окутуучу) – жогорку окуу жайдын окутуучусунун жана илим-изилдөө мекемесинин илимий кызматкеринин илимий наамы жана кызмат орду. Официалдуу статусу XVI кылымда белгиленген (эң алгач ). Бул наам жогорку окуу жайлардын же илим-изилдөө мекемелеринин, өндүрүштүк бирикмелердин окумуштуулар советинин көрсөтүүсү боюнча, Жогорку улуттук аттестациялоо комиссиясынын чечими боюнча ыйгарылат. Айрым өлкөлөрдө ординардык (штаттык) жана экстра ординардык (штаттан тышкары) профессордук кызматы болот. Бир катар өлкөлөрдө (, , ГЭР, жана башка) университеттин жана башка окуу жайларынын гана эмес, ошондой эле мектептердин мугалимдери, АКШда колледждин окутуучулары дагы профессор деп аталышат.
Укук — 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый укук). Укук жазылма (статуттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. Укук тутум катарында, ар биринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: , , үй бүлө укугу, эмгек укугу, ), тармакчаларына (м.: автордук укук., мурастоо укугу ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк укуктары, ишкердик укуктары) ажырымдалат. Укукту салыштырма укук таанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үй бүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-америкалык, мусулмандык, салттык жана социалисттик; 2) субъективдүү маанисинде алганда, адамдын, мамлекеттик органдын, элдин, мамлекеттин жана башка субъекттин мүмкүн болуучу жүрүм-турумунун түрү жана чарасы (юридикалык укук).
Билим берүү - – системалуу илим билимдерди берүү жана алуу процесси.
Билим берүү мазмуну боюнча эң татаал түшүнүктөрдүн катарына кирет. Биринчиден, билим алуу кандайдыр бир көлөмдөгү жана сапаттагы билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү; экинчиден, билим берүү – белгилүү бир тартипте уюштурулган окутуу процесси жана инсандын калыптанышы, өнүгүшү; үчүнчүдөн, билим берүү – билимдерди алууга жана берүүгө багытталган адамдардын аракеттеринин системасы катары каралат. Күндөлүк турмуштан байкалгандай, «билим берүү» термини биз элестеткен кеңири мазмунду толук чагылдыра албайт. Анткени, бул термин адатта мугалимдин аракетин же билим берүүчү мекемелердин гана ишин мүнөздөп калгандай көрүнөт.
Чындыгында, бул термин аркылуу аныкталуучу түшүнүктүн мазмуну адамдын билимге ээ болуу процессин, ага жетекчиликти жана уюштурууну, акырында келип анын жыйынтыгын мүнөздөйт. Ошондуктан «билим берүү» түшүнүгүн өтө кеңири мааниде: окуучунун билим алуу, билгичтиктерге жана көндүмүдөргө ээ болуу ишмердигин; окуучунун инсан катары калыптануу процессин; таалим-тарбия берүү процессинин жана аны ишке ашырууга түзүлгөн шарттардын жалпы комплексин, ошондой эле таалимчилердин иш-аракетин; акыры келип инсандын гармониялуу мүнөздөгү өнүгүшүн түшүнүү ылайык болот.
Ректор - (лат. rektor – жетекчи, башкаруучу) – жогорку окуу жайынын жетекчиси. Кыргызстанда ректор илимдин доктору, илимий наам-даражасы бар, тажрыйбалуу, уюштуруучулук жөндөмгө эгедер, компетенттүү окумуштуу-адистердин ичинен тандалат жана ЖОЖдун коллективи тарабынан шайланат. Өзүнүн уставдык милдети боюнча ректор окуу жайынын окуу-тарбиялык, илимий финансылык-чарбалык иштерин, мамлекеттик стандарттын, окуу пландарынын, окуу программаларынын аткарылышын жетектейт, көзөмөлдөйт, камсыз кылат. ЖОЖго студенттерди кабыл алууну, бүтүрүүчүлөрдү ишке бөлүштүрүүнү уюштурат жана ишке ашырат. ЖОЖдун ички тартибинин эрежелерин, профессордук-окутуучулар курамынын штатын, окуу тизмелерин бекитет. Окумуштуулар кеңешин жетектейт. Бардык жерлерде жогорку окуу жайынын өкүлү катары чыгат жана иш жүргүзөт.
Шайлоо – добуш берүүнүн жардамы менен мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын түзүү ыкмасы. Жарандардын өзүнүн тандап алуу укугун жүзөгө ашыруусу мамлекетти башкарууга катышуусунун эң маанилүү көрүнүшүнүн бири болуп саналат.
Студент (лат. studens-окуучу) – жогорку, орто (кээ бир мамлекеттерде) окуу жайларынын окуучулары.
ХI кылымда уюшулгандан тартып, андагы окуучуларды (алгачкы учурларда окутуучуларды да) студент деп айтышкан. Окутуучулар үчүн илимий наам киргизилгенден кийин Студент – окугандарга гана колдонулуп калган. окугандар – Студент, атайын орто окуу жайында – окуучу, аскер окуу жайында – курсант, академиядагыларда – угуучу аталат. Биздин башка шериктеш мамлекеттер м-н бирге эле 17-ноябрь Студенттердин Эл аралык күнү деп бүгүнкү күнгө чейин белгиленип жүрөт.
Просмотр содержимого документа
«Академиялык эркиндик»
Академиялык эркиндик – жогорку окуу жайларындагы профессорлордун жетекчилигинде өзүн өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу программаларын аныктоо жана ички тартиптер боюнча укуктар; билим берүү жана илим изилдөө жагында инсанга берилген спецификалык укуктардын жана эркиндиктердин топтому; профессорлорду жана ректорлорду шайлоо көз карандысыз, сырткы административдик бийликтин кийлигишүүсүсүз жүрөт. Жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулар составына, илимий кызматкерлерге жана студенттерге төмөндөгүдөй эркиндиктер берилет:
– предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көзкарашы боюнча түзүү, илим изилдөө темаларын тандоо, аларды өзүнүн ыкмаларынын негизинде жүргүзүү;
– студенттин өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүнө жана муктаждыктарына карата билим алуусу.
Профессор - (лат. – окутуучу) – жогорку окуу жайдын окутуучусунун жана илим-изилдөө мекемесинин илимий кызматкеринин илимий наамы жана кызмат орду. Официалдуу статусу XVI кылымда белгиленген (эң алгач Оксфорд университетинде). Бул наам жогорку окуу жайлардын же илим-изилдөө мекемелеринин, өндүрүштүк бирикмелердин окумуштуулар советинин көрсөтүүсү боюнча, Жогорку улуттук аттестациялоо комиссиясынын чечими боюнча ыйгарылат. Айрым өлкөлөрдө ординардык (штаттык) жана экстра ординардык (штаттан тышкары) профессордук кызматы болот. Бир катар өлкөлөрдө (Австрия, Белгия, ГЭР, Югославия жана башка) университеттин жана башка окуу жайларынын гана эмес, ошондой эле мектептердин мугалимдери, АКШда колледждин окутуучулары дагы профессор деп аталышат.
Укук — 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый укук). Укук жазылма (статуттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. Укук тутум катарында, ар биринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: жарандык укук, конституциялык укук, үй бүлө укугу, эмгек укугу, кылмыш-жаза укугу), тармакчаларына (м.: автордук укук., мурастоо укугу ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк укуктары, ишкердик укуктары) ажырымдалат. Укукту салыштырма укук таанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үй бүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-америкалык, мусулмандык, салттык жана социалисттик; 2) субъективдүү маанисинде алганда, адамдын, мамлекеттик органдын, элдин, мамлекеттин жана башка субъекттин мүмкүн болуучу жүрүм-турумунун түрү жана чарасы (юридикалык укук).
Билим берүү - – системалуу илим билимдерди берүү жана алуу процесси.
Билим берүү мазмуну боюнча эң татаал түшүнүктөрдүн катарына кирет. Биринчиден, билим алуу кандайдыр бир көлөмдөгү жана сапаттагы билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү өздөштүрүү; экинчиден, билим берүү – белгилүү бир тартипте уюштурулган окутуу процесси жана инсандын калыптанышы, өнүгүшү; үчүнчүдөн, билим берүү – билимдерди алууга жана берүүгө багытталган адамдардын аракеттеринин системасы катары каралат. Күндөлүк турмуштан байкалгандай, «билим берүү» термини биз элестеткен кеңири мазмунду толук чагылдыра албайт. Анткени, бул термин адатта мугалимдин аракетин же билим берүүчү мекемелердин гана ишин мүнөздөп калгандай көрүнөт.
Чындыгында, бул термин аркылуу аныкталуучу түшүнүктүн мазмуну адамдын билимге ээ болуу процессин, ага жетекчиликти жана уюштурууну, акырында келип анын жыйынтыгын мүнөздөйт. Ошондуктан «билим берүү» түшүнүгүн өтө кеңири мааниде: окуучунун билим алуу, билгичтиктерге жана көндүмүдөргө ээ болуу ишмердигин; окуучунун инсан катары калыптануу процессин; таалим-тарбия берүү процессинин жана аны ишке ашырууга түзүлгөн шарттардын жалпы комплексин, ошондой эле таалимчилердин иш-аракетин; акыры келип инсандын гармониялуу мүнөздөгү өнүгүшүн түшүнүү ылайык болот.
Ректор - (лат. rektor – жетекчи, башкаруучу) – жогорку окуу жайынын жетекчиси. Кыргызстанда ректор илимдин доктору, профессор илимий наам-даражасы бар, тажрыйбалуу, уюштуруучулук жөндөмгө эгедер, компетенттүү окумуштуу-адистердин ичинен тандалат жана ЖОЖдун коллективи тарабынан шайланат. Өзүнүн уставдык милдети боюнча ректор окуу жайынын окуу-тарбиялык, илимий финансылык-чарбалык иштерин, мамлекеттик стандарттын, окуу пландарынын, окуу программаларынын аткарылышын жетектейт, көзөмөлдөйт, камсыз кылат. ЖОЖго студенттерди кабыл алууну, бүтүрүүчүлөрдү ишке бөлүштүрүүнү уюштурат жана ишке ашырат. ЖОЖдун ички тартибинин эрежелерин, профессордук-окутуучулар курамынын штатын, окуу тизмелерин бекитет. Окумуштуулар кеңешин жетектейт. Бардык жерлерде жогорку окуу жайынын өкүлү катары чыгат жана иш жүргүзөт.
Шайлоо – добуш берүүнүн жардамы менен мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын түзүү ыкмасы. Жарандардын өзүнүн тандап алуу укугун жүзөгө ашыруусу мамлекетти башкарууга катышуусунун эң маанилүү көрүнүшүнүн бири болуп саналат.
Студент (лат. studens-окуучу) – жогорку, орто (кээ бир мамлекеттерде) окуу жайларынын окуучулары.
ХI кылымда университеттер уюшулгандан тартып, андагы окуучуларды (алгачкы учурларда окутуучуларды да) студент деп айтышкан. Окутуучулар үчүн илимий наам киргизилгенден кийин Студент – окугандарга гана колдонулуп калган. ЖОЖда окугандар – Студент, атайын орто окуу жайында – окуучу, аскер окуу жайында – курсант, академиядагыларда – угуучу аталат. Биздин мамлекетте башка шериктеш мамлекеттер м-н бирге эле 17-ноябрь Студенттердин Эл аралык күнү деп бүгүнкү күнгө чейин белгиленип жүрөт.