СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аксакалдар кеңеши жөнүндө жобо

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аксакалдар кеңеши - Кыргыз каганатында жана анын башкаруу иерархиясында өзгөчө функцияны аткарган. Бул кеңешке кыргыз коомуна жана мамлекеттин алдында өзгөчө аткарган кызматы бар коомдук-саясий, аскер ишмерлери, уруу жана уруулук бирикмелердин жетекчилери, кагандын кеңешчилери, жакын жардамчылары катыша алышкан.

Просмотр содержимого документа
«Аксакалдар кеңеши жөнүндө жобо»

Аксакалдар кеңеши (wikipedia.org)

Аксакалдар кеңеши - Кыргыз каганатында жана анын башкаруу иерархиясында өзгөчө функцияны аткарган. Бул кеңешке кыргыз коомуна жана мамлекеттин алдында өзгөчө аткарган кызматы бар коомдук-саясий, аскер ишмерлери, уруу жана уруулук бирикмелердин жетекчилери, кагандын кеңешчилери, жакын жардамчылары катыша алышкан. Аксакалдар кеңешинде каган тарабынан сунушталган маанилүү мамлекеттик маселелер, өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы учурдагы урунттуу жана болочок маселелер талданып, мерчемделген. Чарбалык-экономикалык жалпы абал, өлкөдөгү калктын жашоо деңгээли талданган. Кеңеш патриархалдык-уруулук мамилелер терең калыптанып, өнүккөн коомдо өзгөчө абройго ээ болгондугу илимде маалым.

Аксакалдар кеңеши Кыргыз мамлекетинин жана мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсүнүн соңку доорлоруна чейин өз функциясын аткарып келди. Арийне, борборлошкон Кыргыз каганаттары түзүлүп, өнүгүп-өсүп жаткан доорлордо мамлекет башчылары болгон кагандар өлкөдөгү өтө маанилүү маселелерди жеке өздөрү да чече алышкан. Аксакалдар кеңеши - алгачкы общиналык (жамааттык) коомдо (көпчүлүк учурда мамлекетке чейинки коомдордо да) коллективдик-жамааттык, уруктук, уруунун ичиндеги жашы боюнча башкаларга салыштырмалуу улуу мүчөлөрү, ошол коллективдин бийлик жана башкаруу органы болгон. Аксакалдардын коомдогу ээлеген (эреже катары, эркектер) орду алардын каада-салттарды сактап алып жүргөн кадыр-баркы, аброю менен аныкталган. Алгачкы общиналык (жамааттык) коомдун өсүп-өнүгүшү менен бирге, аксакалдар менен катар башка да бийлик жүргүзүүчүлөр, мисалы жол башчылар (жол башчы деп көбүнчө мураска калчу башкаруу бийлигин түшүнүшөт) пайда боло баштайт.

Аксакалдар менен жол башчылардын коомдогу (уруудагы, уруулук бирикмедеги) реалдуу бийлигинин салмагы өзгөрүп турган. Коомдун өнүгүүсү, жеке менчиктин жана мүлктүк дифференциянын пайда болуусу менен бирге жол башчылардын бийлиги жогорулай баштайт. Уруу башчылары болгон аксакалдар кеңеш берүүчүлөргө айланышат. Бирок бул жаатта да аларды жол башчынын жан-жөкөрлөрү артка сүрүп олтурушту. Ошого карабастан, алгачкы жамааттык коом ыдырап, бузулуп бара жатканда аксакалдар коллективдин жаш мүчөлөрүнө салыштырмалуу көбүрөөк артыкчылыктарды алууга мүмкүндүк алышкан. Аксакалдар мындай артыкчылыктарды өз туугандарына бекемдеп берүүгө умтулушкан. Ошону менен бирге, алар урук-уруулук, өзгөчө аристократиялык катмардын калыптанышында негизги булактардын бири болуп калышкан.



Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Институттун Окумуштуу кеңешинде бекитилген, протокол №_____, _____ ________________

Төрага ________________________

ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту

Аксакалдар кеңеши жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

1.1. Аксакалдар кеңеши ОшТУнун эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда (мындан ары - институт) кеңеш жана сунуш берүүчү орган катары түзүлөт.

1.2. Аксакалдар кеңеши коллегиалдуу коомдук орган болуп эсептелет. Ал өз курамына квалификациялуу, тажрыйбалуу кызматкерлерди жана институтта көп жыл эмгектенген, билим берүү системасындагы тажрыйбага бай, турмуштук тажрыйбасы бар, институттагы традицияларды билген, институттун кызматкерлери тарабынан урмат-сыйга жана авторитетке ээ болгон ардагерлерди бириктирет.

1.3. Аксакалдар кеңеши институттагы традициялардын уланышын жана илимий, окуу-усулдук, тарбиялык жана башкаруу ишмердигиндеги оң тажрыйбаларды камсыздоо максатында түзүлөт.

1.4. Аксакалдар кеңеши өз ишмердигинде КРнын мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук актыларын, институттун Уставын, Окумуштуу кеңештин чечимдерин, институттун башка локалдык нормативдик актыларын, ушул жобону жетекчиликке алат.

1.5. Аксакалдар кеңешинин ишмердиги мыйзамдуулук, өз эрки менен жана мүчөлөрүнүн тең укуктуулук принциптерине негизденет.

1.6. Аксакалдар кеңеши өз ишинде институттун башка коомдук бирикмелери менен кызматташат, андан тышкары башка уюмдарды жана бийлик органдарын коомдук кызматташууга тартат.

2. Аксакалдар кеңешинин негизги максаттары жана функциялары

2.1. Аксакалдар кеңешинин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • азыркы шартта стратегиялык багыттарды аныктоо жана институттун ишмердигинин программасын иштеп чыгуу;

  • аймактык жана республикалык деңгээлдерде ишмердиктин бардык багыттары боюнча институтту өнүктүрүү жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн көтөрүү;

  • келечекке тиешелүү программалардын негизинде институтту өнүктүрүү, кызматкерлердин эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу жана институттун структуралык бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу.

2.2. Коюлган максаттарга жетүү үчүн Аксакалдар кеңеши төмөнкү функцияларды аткарат:

  • азыркы шарттагы институттун стратегиялык багыттарын аныктоого жана институттун ишмердигинин программасын иштеп чыгууга катышат;

  • аймактык жана республикалык деңгээлдерде ишмердиктин бардык багыттары боюнча институтту өнүктүрүүгө, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө жардамдашат;

  • институттун жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн келечекке өнүгүү программаларына эксперттик баалоону ишке ашырат;

  • эмгек ардагерлеринин жана институттун кызматкерлеринин кесиптик жактан баарлашуусуна, жаш коллегалары менен чыгармачылык тажрыйба алмашууга, муундардын байланышын жана калыптанган традицияларды сактоого, ошондой эле коллективде корпоративдик маданияттын калыптанышына жардамдашат (бирге аракеттенет);

  • институттун кызматкерлерин мамлекеттик, өкмөттүк, ведостволук жана муниципалдык сыйлыктарга көрсөтүү үчүн сунуштарды берет.

3. Аксакалдар кеңешине мүчөлүк

3.1. Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы саны институттун директорунун буйругу аркылуу аныкталат. Аксакалдар кеңеши институтта 15 жылдан кем эмес эмгектенген, институттун алдында педагогикалык, тарбиялык, илимий жана административдик ишмердиктеринде салмактуу эмгек сиңирген илимий-педагогикалык жана административдик кызматкерлеринен куралат.

3.2. Аксакалдар кеңешинин төрагасы, төраганын орун басары жана катчысы болот.

3.3. Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү өзүнүн жеке каалоосу боюнча, институттун Окумуштуу кеңеши, бөлүмдөрү, кафедралары аркылуу сунушталып, түзүлөт.

3.4. Төрагасы, орун басары жана катчысы Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен, ачык добуш берүү аркылуу, тизмедегилердин 50%тен кем эмес мүчөлөрү катышкан кеңештин отурумунда, жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү аркылуу шайланат.

4. Аксакалдар кеңешинин иши

4.1. Аксакалдар кеңешинде кабыл алынган чечимдер сунуш берүү мүнөзүнө ээ.

4.2. Аксакалдар кеңеши институттун директору менен макулдашылган, календарлык жылга түзүлгөн план боюнча иштейт.

4.3. Аксакалдар кеңешинин ишинин формасы кеңештин отуруму болуп эсептелет. Эгерде тизмедеги мүчөлөрдүн жарымынан көбү катышкан болсо, анда Аксакалдар кеңешинин отуруму укуктук жактан күчкө ээ болот.

4.4. Аксакалдар кеңешинин чечимдери отурумга катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4.5. Аксакалдар кеңешинин отурумдары эки айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кезексиз отурумду өткөрүү чечими Аксакалдар кеңешинин төрагасы тарабынан кабыл алынат.

4.6. Аксакалдар кеңешинин отурумдары жана анын чечимдери протоколдоштурулат.

4.7. Аксакалдар кеңеши өзүнүн отурумдарына институттун кызматкерлерин жана кызыкдар тараптарды кошумча чакыруу укугуна ээ.

4.8. Аксакалдар кеңешинин төрагасы:

  • Аксакалдар кеңешинин ишин пландаштырат жана уюштурат;

  • Аксакалдар кеңешинин отурумдары өткөрүлүүчү орунду, убактысын аныктайт, отурумдун күн тартибин түзүүнү уюштурат;

  • Аксакалдар кеңешинин отурумдарына төрагалык кылат же отурумду алып барууну орун басарына тапшырат;

  • отурумдардын протоколдоруна, ошондой эле Аксакалдар кеңешинин атынан чыгыш болуучу башка документтерге колтамга коет;

  • өз компетенциясынын чегиндеги жана башка полномочиелерди ишке ашырат.

4.9. Аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары:

  • Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде иш планды жана кезектеги отурумдардын күн тартибин калыптардырат;

  • төраганын тапшыруусу боюнча Аксакалдар кеңешинин отурумдарына төрагалыкты алып барат;

  • Аксакалдар кеңешинин төрагасынын башка тапшырмаларын аткарат.

4.10. Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү:

  • Аксакалдар кеңешинин иш планы, отурумдарынын күн тартиби жана суроолорду талкуулоо тартиби боюнча сунуштарды берет;

  • Аксакалдар кеңешинин отурумдарына катышат жана отурумдарга материалдарды даярдоого катышат.

4.11. Аксакалдар кеңешинин катчысы:

  • Аксакалдар кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын тапшырмаларын аткарат, отурумдарды өткөрүүнү уюштурат жана Аксакалдар кеңешинин документтерин даярдайт, анын ишмердиги жөнүндө маалыматты камсыздайт.

5. Жобону бекитүү жана өзгөртүү тартиби

5.1. Ушул Жобого өзгөртүү жана толуктоо Окумуштуу кеңештин, институттун директорунун, Аксакалдар кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча киргизилет.

5.2. Бул Жобо институттун Окумуштуу кеңешинин чечими менен бекитилет.