СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Активдүү жаранды тарбиялоо
Жарандык билим берүү сабагы боюнча
мугалимдер үчүн колдонмо
9-11 класстар үчүн
Ага Хан Фонду, Кыргызстан
Жазып жана иштетип чыккан автору Шаранья Р. Васудеван
Кыргызчага которгон Хадича Шамбеталиева
МАЗМУНУ
Бул колдонмону кантип пайдаланса болот?.....................................3 -б
Бул колдонмо кандай түзүлгөн?.......................................3-б.
Аныктамалар………………………………………..
Баалоо системасы: Көнүгүүлөр кантип бааланат?.............................
Сабактардын планы кандай түзүлгөн?............
Инсанга багытталган мамиле…………………..
Балдардын эс алуу мейкиндиги………………..
Эмне үчүн жарандык билим берүү………………
Бул колдонмодо пайдаланган негизги көнүгүүлөрдүн обзору…………………..
1- бөлүм. Жеке окшоштук - Инсан……………………………….
Мен киммин?.............................................
Өзүн өзү аӊдап билүү жана өзүнө ишеним…………………………………
Урмат-сый……………………………………..
2- бөлүм. Жергиликтүү окшоштук: класс жана коом…….
Мен мамилелеримди кандай түшүнөм?................................................
Чыр-чатакты чечүү………………………………
Гендердик теңдик…………………………………
Айлана-чөйрөгө кам көрүү………………….
3- бөлүм. Улуттук окшоштук: Өлкө жана дүйнө……..
Сабырдуулук…………………………….
Көп түрдүүлүктү камтуу…………………………
Кызматташуу…………………………………..
Өз ара байланыш…………………………………….
1-ТИРКЕМЕ. Глоссарий (сөздүк)……………………………………
2-ТИРКЕМЕ. Баалоо рубрикасы………………………………
Пайдаланылган адабияттардын тизмеси………………
Бул колдонмону кантип пайдаланса болот?
Урматтуу мугалимдер!
Жарандык билим берүү боюнча колдонмого кош келиңиздер! Аталган колдонмо жарандык билим берүү сабактарыңызды жакшыртуу үчүн сиздерге бир нече пайдалуу ресурстарды сунуштайт деп биз ишенебиз. Бул колдонмону кантип пайдаланса болот жана кандай ресурстар берилген деген суроолор туулушу мүмкүн. Анда төмөңкү бөлүмгө көңүл буруңуз!
Бул колдонмо кандай түзүлгөн?
Жарандык билим берүү - бул баланын мектепте билим алуусунун абдан маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жарандык билим берүү аркылуу мугалимдер жана окуучулар жынысына, бай-кедейлигине, этностук ишенимине же экономикалык абалына карабастан жарандык жөнүндө, ошондой эле чечим кабыл алуучу процесс жөнүндө, бир өлкөнүн ичиндеги бардык жарандардын укуктары жана ролу жөнүндө диалог курушат.
Бул колдонмо негизги үч бөлүктөн турат. Алар мугалимге чыр-чатактарды чечүүчу концепцияларды, сабырдуулукту(толерантность), теӊсиздик жана башка ушул сыяктуу темаларды иликтөөгө жана алардын жалпы жарандык билим берүү предметине кандай байланышы бар экениндигин билүүгө көмөк көрсөтөт. Колдонмонун үч бөлүгү – бул инсандын үч жеке окшоштугу (идентичность), алар аркылуу окуучулар үч окшоштугун аныктай алышат.
Бул үч окшоштукту төмөндөгү диаграммадан көрүүгө болот:
Жеке окшоштук: Инсан.
Мен киммин? Мен өзүмду ким деп эсептейм? Менин сыймыктана турган кандай өзгөчөлүктөрүм бар? Мен кайсы өзгөчөлүктөрүмдү жакшыртышым керек?
Өзүн өзү аӊдап билүү жана өзүнө ишеним: Мен өзүмдү кайсы деӊгээлде билем? Башкалар мени кандай кабыл алышат? Өзүнө ишенүү деген эмнени билдирет? Мен өзүмдун жасап жаткан ишиме канчалык денгээлде ишене алам?
Урмат-сый: Мен урмат-сый деп эмнени билем? Эмне үчүн өзүмдү жана жанымдагыларды жаш курагына, жынысы жана жарандыгына карабастан урматтоо маанилүү?
Жергиликтүү окшоштук: класс жана коом.
Мен мамилелеримди кандай түшүнөм: Мен үчүн кандай карым-катнаш маанилүү? Бул мамилелер эмне үчүн маанилүү? Мен мамилени кантип түзөм? Өзүмдүн чөйрөмдө тынчтык түзүү үчүн мен аталган карым-катнаштарды кантип пайдалана алам?
Чыр-чатакты чечүү: Мен чыр-чатакты кандай түшүнөм? Мен айланамда кандай чыр-чатактардын түрлөрүн көрүп же ал жөнүндө угуп жүрөм? Чыр-чатактар качан пайда болот? Качан мен акыркы жолу чыр-чатактын катышуучусу болгон элем жана ал чыр – чатакты кандай чечкем.
Гендердик теңдик: Гендердик теңдик деген эмне? Мен аны маанилүү деп эсептейминби? Гендердик ролдорду биз кантип аныктайбыз? Эркек бала жана кыз бала, эркек менен аял бирдей эле укуктарга ээ болушу керек деп ойлоймунбу?
Айлана-чөйрөгө кам көрүү: Айлана-чөйрөгө кам көрүүдө менин ролум кандай? Менин жашоомдо айлана-чөйрө кандай ролду ойнойт?
Улуттук окшоштук: Өлкө жана дүйнө
Сабырдуулук. Мен сабырдуулук деген терминди кандай түшүнөм? Сиздин оюнуз боюнча сабырдуу улут кандай болот?
Көп түрдүүлүктү камтуу: Мен көп түрдүүлүктүк деп эмнени түшүнөм? Өз коомчулугумда, элимде жана бүткүл дүйнөдө көп түрдүүлүктү кабыл алууда мен кандай жардам бере алат элем?
Кызматташуу: Кайсы бир адам , топ же коомчулук менен кызматташуу деген эмнени билдирет? Кызматташуунун кандай артыкчылыктары бар? Сизден айырмаланган топ менен кызматташууда кандай кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн? Аталган айырмачылыктар менен мен кандай иш алып барам?
Өз ара байланыш: өз ара байланыш деген термин эмнени билдирет? Көз карашы менен айырмаланган кимдир бирөө менен мен байланышта болушум мүмкүнбү?
Колдонмодогу көнүгүүлөрдү аткарып бүткөндөн кийин силердин окуучуларынар төмөнкү нерселерди аткара алышат:
чечимдерди кабыл алуу процессинде мектептердин, жергиликтүү жана улуттук өкмөттөрдун ар түрдүү денгээлинде салым кошо ала турган жигердүү жаран болуу үчүн зарыл болгон сапат, жөндөмдөргө ээ болот жана жашап жаткан өз коомчулугунун социалдык-экономикалык абалын жогорулатат.
бул жөндөмдөр алардын класстарында, коомчулукта жана өлкөдө оң өзгөрүүлөрдү жаратуу үчүн пайдалуу боло турганын түшүнө алышат.
адамдар жашына, жынысына, туткан динине же улутуна карабастан бири –бири менен байланышта экенин түшүнө алышат.
Окуучулар ушул колдонмону пайдаланып сынчыл ой жүгүртүү, көйгөйдү чечүү, өз ара мамилелерди куруу жана башкаларга боор тартуу сыяктуу жөндөмдөргө ээ болот.
Аныктамалар:
• Пикирди калыптандырууда сынчыл ой жүгүртүү талдоо жана баалоо процессине таандык. Студенттер адамдардын татаал табиятын жана коомдогу көйгөйлөрдү түшүнүп, дискуссия жана талкууларды алып барууга үйрөнүшөт.
•окуучулар бири-бири менен өз ара мамилелерди курууда, баарлашууда, бири-биринин ой-пикирин угууда жана алардын ишенимдери менен туш болгондо, алар менен чогуу иштешкенде гана мамиле жаралат. Алар бири бири менен сый-урматта иштешип, түшүнүктөрдүн, талкуулардын, талаш-тартыштардын маӊызына жетүүгө умтулушат.
Көйгөйлөрдү чечүү бул ой жүгүртүү ыкмасына тиешелүү, анда адамдар негизги маселелерди аныктоо үчүн биргелешип иштешип жана аны чечүүнүн жолдорун таап, бир негизги багытты тандап алышат. Биз көйгөйлөрдү тим калтырбастан, аларды чечүүдө жеке өзүбүздүн эле эмес жалпы башкалардын жашоосун дагы жакшырууга умтулабыз.
• Студенттер башкалардын ордуна өзүн коюп жана адамдардын жашоосунда, коомчулукта, мамлекетте, дүйнөдө ар кандай кыйынчылыктарга туш болорун түшүнүп калган кезде боор тартуу пайда болот. Бул бизден айырмаланып турган адамдар эмнени сезип турганын түшүнүү үчүн өтө маанилүү.
Баалоо системасы: Көнүгүүлөр кантип бааланат?
Окуучулардын окуу процессине канчалык денгээлде киришкендигин аныктоо үчүн Б тиркемесинде берилген рубрикадан төрт критерийди таба аласыз. Баса белгилеп кетчү нерсе, көрсөтүлгөн рубрика колдонмодо берилген көнүгүүлөрдү эске алып түзүлгөн. Ошондуктан бул колдонмо менен окуучулардын аткарган көнүгүүлөрүн бааласа болот. Мугалим катары сиз сунушталган рубриканы өзүӊүздүн окуу планыныздагы рубрикалар менен тартынбай эле айкалыштырсаӊыз да болот.
Рубрика – бул сунушталган көнүгүүлөрдү аткарууда окуучулардын натыйжалуулугун жана активдүүлүгүн көзөмөлдөөчү каражат болгондуктан жана бул көнүгүүлөрдү иштелген окуу планына киргизүү максатында сиз аны кошумча ресурс катары пайдалансаӊыз болот.
Сабактардын планы кандай болуп түзүлгөн?
Сабактардын планы сабак берген мугалим тараптан иштелип чыккан. Ар бир сабактын жыйынтыктарын көрүп жана эн негизги жерлерин тез түшүнүү максатында маанилүү маалыматтар жана сабакка көз жүгүртүү пландын биринчи бетинде берилген. Төмөндө сиз ар бир сабактын биринчи бети кандай болуп түзүлөрүн көрүү үчүн бир үлгү менен таанышасыз.
|
Зарыл материалдар
Сабак өтүүдө колдонуучу бардык зарыл материалдар берилет. |
Негизги терминдер
Сабакта колдонуучу бардык маанилүү терминдер көрсөтүлөт. Ар бир терминге аныктама берерде Сиз сөздүккө кайрылсаңыз болот.
|
көндүмдөр
Сабакта үйрөтүлүүчү көндүмдөрдүн кыскача тизмеси
|
| Аныктамалар: Аныктамалар бул ар бир сабактын негизги милдеттери болуп саналат. Бул милдеттемелер окуучунун ар бир сабагынын аягында кандай максаттарга жетишүүсү зарыл экендигин тастыктап турат. Ар бир сабакта 2-3 аныктамалар берилип, окутуучу жана окуучу ошол багытта иштеши керек. |
| Программа:
Бул сабактардын окуу программасы көрсөтүлгөн жер. Ар бир шилтөөчү кадамдарга чектелген убакыт берилет. Бул мугалимге 40 мүнөттүк сабакты пландаштырууга жардам берет. Эскерте кетчү нерсе, сунушталган көнүгүүлөрдүн үлгүлөрүн сиз өзүнүздүн окуу планыныз менен айкалыштырсаӊыз болот. Сабагыӊыздын максатына жараша көнүгүүнү өзгөртсөӊүз болот. Бул программа ошондой эле класс менен бөлүшүүгө берилген. Окуучулар менен сабакка чейин эле программа менен бөлүшүү абдан маанилүү. Себеби окуучулар сабакты өз убагында бүтүрүүгө умтулушуп, андан кийин ой жүгүртүүгө жана жыйынтыктоого жетиштүү убакыт бар экенин билишет. .
|
Инсанга багытталган мамиле
Инсанга багытталган мамиле жөнүндө эмне айтууга болот?
Инсанга багытталган мамиле бул активдүү окуучуну окутуу практикасындагы колдонуучу бир формасы.
Бул окуу планынын,колдонуучу методологиялардын жана окуу процессинин эн негизги борбору катары баланы (окутуучуну) сактаган процесс. Ошондуктан, тиркеменин (приложениенин) практикалык компоненттерине атайын көңүл бурулууда. Анда окуучулар класстарда алып жаткан билиминдей эле өздөрүн ар түрдүү жагдайларда(контексттерге) батырып, социалдык өз ара аракеттенүү аркылуу билим алышат.
Эмне үчүн жарандык билим берүүдө инсанга багытталган мамиле маанилүү?
Себеби ал ар түрдүү контексттердеги алган билимин окуучуларга колдонууга мүмкүндүк берет. Мугалимдер болсо инсанга багытталган мамилени татаал жана маанилүү талкууларды өткөрүүдө колдоно алышат, ошондой эле окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өстүрүүдө жана татаал талкуу жүргүзүүдө пайдалана алышат. Окуучуларга алган билимдерин колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда жарандык билим алуунун практикалык жактарын түшүнүүсү кыйын болуп калат.
Алар өздөрүнүн түшүнгөндүгүн көрсөтүүсүн камсыз кылуу максатында, мугалимдер окуучуларды ал класста үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонууга мүмкүндүк берүүчү чыныгы шарт түзүү керек. Бул чечимдер талаш-тартыш, топтук көнүгүүлөр, оозеки баяндамалар жана жамааттык талкуу түрүндө болушу мүмкүн. Бул сөздөр студенттерди башкалардын угушуна, алардын өз оюн эркин билдиришине, өздөрү да башкаларды угууга укуктуу экенин сезүүгө жардам берет.
Мугалимдер, анан көндүмдөрдү өлчөө үчүн рубрика түзүп, түшүнүктөрдү, тыянактарды жана жетишкендиктерди жетишүү өлчөй алат.
Бул көндүмдөр баалоо жана мазмунун тереӊдетүүгө ылайыктуу болуу үчүн сынчыл ой менен коштолуп жана вариантташтырылат. Бул аталыштар чыныгы пикирди ар кандай түзүмдөрдө берүүгө жардам берет.
Инсанга багытталган педагогика: Жарандык билим берүү боюнча сабактарды өткөрүү өтө маанилүү болуп саналат, эске алуучу кээ бир жагдайлар бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек.
1) Окуучулардын бирдей катышуусу - мугалимдер бардык студенттер чыныгы бирдей катышууну камсыз кылууга жардам берет.
2) ошону менен ата-энеси жана башка үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде коомчулуктун мүчөлөрү менен байланышып, окуучулардын класстан тышкары талкууну улантышына шарт түзөт.
3) башка чөйрөлөргө жарандык билимди киргизүү - бул үзгүлтүксүздүк сезимин жаратууга шарт түзөт.
4) ар бир класстын жана сабактын ачык-айкын максаттарын окуучуларга тааныштыруу - окуучулар менен сабактардын жыйынтыгын чыгаруу, алар үйрөнүп жаткан көндүмдөрдү көзөмөлдөп турууга шарт түзөт.
5) окуучуларга жана алардын өсүшүнө ар дайым көз салып туруу - бул, мугалимдер, силерге түрдүү көз араш , пикир менен ынанымдарды байкоого , демек, Сиздин сабактарды, талкууну пландаштырууга жардам берет.
Балдардын эс алуу мейкиндиги - БЭМ
Аларды түзүү эмне үчүн маанилүү, башкача айтканда балдар эс алуусу жөнүндө эмне айтууга болот?
Балдардын эс алуу мейкиндиги – окуучу катышып жана окуп жатып өзүн ыӊгайлуу жана бейкапар сезген чөйрө болуп саналат. Бул мейкиндик кандайдыр бир тема боюнча окуучулар менен мугалимдердин жоопкерчилиги астында ар бир мектепке түзүлүшү мүмкүн.
Балдардын эс алуу зонасы академиялык сабактар үчүн эле эмес, ошондой эле тынч жана жемиштүү мамилелерди илгерилетүү үчүн экенин белгилеп кетүү маанилүү. Бул мейкиндик бардыгын камтыйт жана кодулоо жок болот. Балдардын эс алуу аймагындагы негизги маселелеринин бири болуп билим алууга максималдуу шарты бар чөйрө түзүүгө байкоо жүргүзүү жүргүзүү болуп саналат, бул чөйрө жайлуу экендигин байкоо да зарыл. Бул сөзсүз эле баары бирдей дегенди билдирбейт.
Ошондуктан окуучуларда коопсуздук сезими жаралып жана ал активдүү болушуна шарт түзүү маанилүү болуп саналат жана студенттер активдүү болууга шарт түзүшү маанилүү.
Эмне үчүн окуучуларга жарандык билим берүүдө эс алуу мейкиндигин түзүү маанилүү болуп саналат?
Жарандык билим берүүӊү практикалык ишке ашыруу окуучулар менен достук мамиледе болуп, бардык окуучулар менен иштөө маанилүүлүгүн белгилеп, анын конкреттүү муктаждыктарын эске алууменен жакшы жарандарды өстүрөт . (Шилтеме кошуу)
Окуучунун жеке тажрыйбасына таянуу менен, ар бир тандалган тема окуучуга актуалдуу болушу керек. Бул ар биринин катышуусуна жана чынчыл болушуна шарт түзөт. Ошондой эле өз ара тажрыйба алмашууда өздөрү катышкан иш-аракеттерден алган билимдерин алмашууга жардам берет.
Анткени теманын аяр жана маанилүү мүнөзү жарандык билим берүү боюнча окутуу учурунда окуучулардын бош убакыт мейкиндигин түзүү үчүн да өзгөчө маанилүү болуп саналат. Кээ бир студенттер жөнөкөй айрым темалар боюнча иштей алат, ал эми ошол эле нерсе башка студенттер үчүн кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан, чөйрө түзүү - бардык студенттер коопсуз катышкан жана өзүнүн көз карашын билдирип, билимин жана суроолорду бөлүшкөн чөйрөнү түзүү мугалимдердин да, окуучулардын да, биргелешкен милдети болуп саналат. Пикир келишпестиктер бул талкуулоонун бир бөлүгү болуп саналат, демек, бардык окуучулар аларды угат деп эсептешсе,чөйрө талкууга тартуу үчүн өтө маанилүү болуп саналат.
Бирок, ар бир сабак талкуудан мурда күтүүлөрдү аныктоо мугалим үчүн маанилүү болуп саналат. Алар активдүү угуучу болууга, талкууга активдүү катышууга, ошондой эле окуучулар темага толук катышып жатканына байкоо жүргүзүп турушу керек. Окуучулар арасында эч кандай зордук-зомбулук же зыяндуу талаш жоктугун билүү үчүн да маанилүү болуп саналат.
Жараандык билим берүү эмне үчүн зарыл?
Эмне себептен бул диалогго катышуу маанилүү, ошондой эле окуучулардын активдүү жаран катары өз ролун түшүнүшү маанилүү болуп саналат.
Жарандык билим берүү окуучуларга жарандык жөнүндө билип жана жаран катары алардын ролуна байланыштуу болгондуктан, мындай билим берүү кандай контекстте болбосун маанилүү. Улуу же кичүү экенине карабастан окуучуга чечим чыгаруу процессине катышууга мүмкүндүк бергендиктен автивдүү жаранды калыптандырууга жардам берет. Көпчүлүк өлкөлөрдө ишке ашкан (канча өлкөдө ишке ашканын тапкыла) жарандык билим берүү кээде тарых сабактары менен байланышта социалдык билимдин бөлүгү болуп саналат. Бул жарандар чечим кабыл алууда ойногон ролуна жараша жергиликтүү же республикалык бийликте роль ойнойт.
Жарандык билим берүү ар кайсы өлкөлөрдө жана контекстте ар кандай жүрүшү мүмкүн экендигине карабай анын негизи окуучулардын өз укуктарын жана жоопкерчилигин так сездирүүгө, негизги көӊүлдү билимге жана көндүмдөргө бөлүүгө багытталган. Бул билим жана көндүмдөр контекстке жараша өзгөрүшү мүмкүн .
Жарандык билим берүү түрдүү жолдор менен ишке ашат. Ал кээде өзүнчө предмет катары окутулса болот же колдонулуп жаткан базалык окуу программалары менен айкалышта колдонулса болот, же болбосо мектептен тышкаркы иш чаралардан кийин формалдуу эмес окутуу катарында да жүргүзүлсө болот. Көп өлкөлөрдө жарандык билим берүүнүн инновациялык методдору колдонулат. Айрым кеӊири белгилүү стратегиялар маалыматтык деӊгээлди жогорулатуу үчүн искусство, театр же спортту; жаш лидерлерди бөлүп көрсөткөн балдардын эс алуусу боюнча демилгелерди; чыр-чатак кырдаалын күч колдонбой чечүү мүмкүндүгүн жайылтуу үчүн ата-энелерди окутууну (Фонтандар шаары, 1999) колдонот. Айрым долбоорлор жарандык билим берүүнү илгрилетүү үчүн технологияларды колдонот.
Бул көйгөйлөргө карабай жарандык билим берүү предметин ишке ашыруу үчүн көптөгөн артыкчылыктар бар экенин белгилөөгө болот. Мугалимдер бул же тигил терминдер эмнени билдире тургандыгына тереӊ түшүнүүгө ортомчу болгондуктан маанилүү ролду ойнойт. Мугалим ошондой эле бала үчүн тынчтык жана чыр-чатак деген сөздөр эмнени билдирерин окуучунун тереӊ түшүнүүсүнө шарт түзөт. Жарандык билим окуучуга бул концепттер адамдын аӊ-сезиминде жаралып, андан соӊ анын айлана- чөйрөсүнө таасир этерин түшүнүүгө жардам берет. Ал ошондой эле окуучулардын күнүгө ар кандай топтогу адамдар менен ар башка ролду ойной турганын аныктоого жардам берет. Жарандык билим мектеп жана окуучу үчүн гана пайдалуу болбостон жаркын келечек үчүн зарыл.
Аталаган колдонмодо пайдаланылган негизги көнүгүүлөрдөн обзору
Ойлонуу. Жуптарга бөлүнүү. Ой бөлүшүү-сиз окуучулар чакан топтордо өз ойлору жана пикирлери менен бөлүшүүсүн каалаганыӊызда колдонулат. Бул көнүгүү окуучу каралып жаткан маселе боюнча өз позициясы жөнүндө жекече ой жүгүртүүгө, андан соӊ түгөйүнө(өнөктөшүнө) бурулуп, аны менен пикир алышып, анын оюн угууга мүмкүндүк берет. Сиз коммуникативдик көндүмдөрдү гана жаратпастан башка балдарды уга билүүгө үйрөткүӊүз келсе бул көнүгүү абдан жакшы.
Тегеректеги көнүгүү: сиз көнүгүүгө бүт классты катышсын десеӊиз колдонууга ылайык. Тегеректеги көнүгүүнү аткаруу үчүн мугалим бардык катышуучуларды тегерете отурушун суранат, ошондо ар бир окуучу калган бардык окуучуларды көрө алат. Тегеректеги көнүгүүнү баштоодон мурда бардык окуучулар жетекчиликке ала турган принциптердин тизмеси бар экенин эске алыӊыз. Мисалы: тегеректеги бирөө сүйлөп жатканда калгандары аны карап жана угуп турушу керек.
Ой жүгүртүү күндөлүгү: Ой жүгүртүү күндөлүгү – бул башында окуучуларга таратып бере турган блокнот. Күндөлүк ар бир сабактагы окуучунун ой жүгүртүүсүн жана пикирин чагылдыруунун ыгы болуп саналат. Бул баалонун формасы, ошондой эле сабактын аягында окуучунун түшүнүгүн текшерүү мүмкүндүгү боло алат.
Ролдук оюн: айрым көнүгүүлөрдө колдонулат, ролдук оюн – бул сиз окуучуну өзүн башка адамдын ордуна коюуну суранганда колдонулуучу метод. Бул аларга түрдүү көз караштарды түшүнүүгө жана алардын адам туш болуучу түрдүү кырдаалдарга кандай жооп кыларына сын көз менен кароого мүмкүндүк берет.
Талаш- тартыштар: аталаган колдонмодо талаш- тартыштын түрдүү ыктары колдонулат, ал окуучулар арасында натыйжалуу байланыш түзүүнүн түрдүү көз караштарын кабылдоону, түрдүү темаларды сын көз менен балоонун, өз позициясы жөнүндө ой жүгүртүүнүн пайдалуу жана натыйжалуу ыгы болуп саналат. Ар кандай сандагы катышуучуларга карата өтө ыӊгайлуу болуп саналат жана окуучулар бири- бири менен алака кылуунун пайдалуу аспабы болуп саналат. Бул топтор бат-бат аралашып, окуучулар улам жаӊы топ менен мамилелешип жана иштешкенде өзгөчө натыйжалуу болуп саналат .
Кырдаалды талдоо: бул колдонмодо кырдаалды талдоо кээде окуяларды айтуу жолу менен иш- аракеттерди куруу ыгы катары колдонулат. Бул билим алууга гана жардам бербестен окуу материалын сын көз менен талдоо көндүмүн калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Жыйынтык чыгаруу: Көбүнчө жыйынтык чыгаруу ар бир сабактын аягында колдонулат. Бул колдонмо силерге, мугалимдерге, тереӊ диалог өткөрүү үчүн колдонулуучу, багыт берүүчү суроолордун үлгүсүн берет. Ал тегеректеги көнүгүүлөр учурунда же сабактын аягында студенттерге өз сезимин жана пикирин билдирүүнүн, ошондой эле күн бою алган билимин синтездөөгө жана сабакты жыйынтыктоого шарт түзүүчү ыкма катары колдонулат.
1-бөлүм: Жеке окшоштук - инсан
Багыттоочу суроолор:
1) Эмне үчүн биз ойногон ар түрдүү ролдорду аныктоо маанилүү?
2) Чыр-чатактарды жөнгө салууда жана тынчтыкты орнотууда өз күчубузгө ишенүүнү кантип колдоно алабыз?
3) Эмне үчүн башкаларга жаш курагына, жынысы жана жарандыгына карабастан урмат-сый менен мамиле кылуу маанилүү?
Бөлүмгө көз жүгүртүү:
Мен киммин? Бул сабакта окуучулар ар кайсы чөйрөдөгү өздөрүнүн ойногон ар түрдүү ролдорун кантип аныктаса болорун изилдешет. Аталган ролдордун маанилүүлүгү тууралуу жана инсан кантип калыптанат деп сүйлөшүшөт.
Өзүн өзү аӊдап билүү жана өзүнө ишеним: бул сабакта окуучулар өздөрүнүн күчтүү жактарын так билип жана жеке жашоосундагы көйгөйлөрдүү чечүүдө
өзүнүн күчүн колдонууга үйрөнүшөт. Ошондой эле, алар өзүн- өзү аӊдап билүүнүн маанилүү экендигин билип жана аны өздөрүнүн ролдорун аныктоого пайдаланышат.
Урмат-сый: бул сабакта окуучулар урмат- сый деген эмне экендигин билишет жана анын жаш курагына, жынысына, жарандыгына, бай-кедейлигине жана диний өзгөчөлүктөрүнө карабастан маанилүү экендигин талкуулашат. Мындай мамиле алардын классында гана эмес, өздөрүнүн чөйрөсүндө, айылында жана өлкөсүндө өтө маанилүү экендигин белгилешет.
Мен киммин?
|
Зарыл материалдар Кырдаалдык үлгүлөрдү басып чыгаруу Таза барактар Түстүү карандаштар /маркерлер Блокноттор
|
Негизги терминдер Жеке окшоштук Аныктоо маӊкурт миф |
Көндүмдөр сынчыл ой жүгүртүү түшүнүү жазуу анализ |
| Аныктамалар 1. Окуучулар өздөру ар түрдүү ролдорду аныктап жана ошол ролу менен катышын баяндап беришет. 2. Окуучулар бул ролдор алардын айлана-чөйрөсүнө кандай таасир берерин түшүндүрүп беришет. |
| Программа:
1. Башталгыч көнүгүү: Мен киммин? [15 мүнөт] 2. Акыл калчоо: Окшоштук терминин аныктоо жана түшүндүрүү [10 мүнөт] 3. Колдонмо көнүгүү: окшоштук карталары [10 мүнөт] 4. Жыйынтык чыгаруу: жыйынтыктоо жана талкуулоо [5 мүнөт] |
1-сабак
Башталгыч көнүгүү: Мен киммин?
• Сабакты баштоодон мурда сабактын «Мен киммин?» деген аталышы доскага жазылганына байкоо жүргүзүӊүз.
• Төмөнкү «Манкурт» мифин чагылдырган кыскача текстти көбөйтүӊүз.
| Чакан кырдаалдык үлгү: Борбордук Азияда «Маӊкурт» деп аталаган кызыктуу миф бар. Бул адамды кулга айландыруу процессии жөнүндө. Борбордук Азиянын түрдүү өлкөлөрүнөн тарыхый аӊгемелер Маӊкурт жөнүндө мифти баяндайт, ал өзүнө колго түшкөн жана чөлгө айдалып барган адамдын тарыхын камтыйт. Анын башына төөнүн терисин кийгизишет жана ысыкка таштап коюшат. Тарых бул процесс адамдын мээсин кантип бузарын, ал өткөндөр жөнүндө, өз мамилесин, ойлорун унутуп каларын баяндайт, анын денеси бар, бирок эмоционалдык жана менталдык окшоштугун жоготот.
|
• Окуучуладры кырдаалдык үлгүнү жекече окуп чыгышын сураныӊыз.
• Окуучулар текстти окуп бүткөнчө бул суроолорду доскага жазып коюӊүз:
Эркек киши манкуртка айланганда окшоштугу эмне болду?
Окшоштук терминин кандай түшүнөсүз?
• Окуучулар текстти окуп бүткөн соӊ мугалим алардын өнөктөшүнө бурулуп жубу менен «Ойлонуу. Жупка бөлүнүү. Айтып берүү» көнүгүүсүн он мүнөт аткарып, доскада жазылган эки суроону талдоого сунуштайт.
• Жупта талдоо бүткөн соӊ айрым жуптардан эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн сураӊыз. Биринчи жуп ой бөлүшкөн соӊ, класстан ушул эле маселелердиби же башканы талкуулаштыбы деп сурап билиӊиз.
Акыл калчоо: окшоштук терминин аныктоо жана түшүнүү
• Окшоштук терминин доскага жазыӊыз, бир нече окучуудан бул термин эмнени билдире турганын сураӊыз.
• Кырдаалдык үлгүгө кайтып келип, окучуулардан андан мисал алып, адам өзүн бир нече инсанга окшоштура алабы деп сураӊыз. Эмне үчүн окшоштурду же окшоштурган жок?
• Өзүӊүздүн (мугалим) окшоштугуӊузга мисал келтириӊиз (мисалы, кыз/уул мугалим, ата-эне, кыргыз жана башка)
• Окуучулардан сураӊыз: -« Ар бир ролго сиз түрдүү маани бересизби? Бересизби же беребейсизби, эмне үчүн?»
Колдонмо көнүгүү: окшоштук картасы
• Таза барак таратып бериӊиз (эгер мүмкүн болбосо, окуучуларга дептеринин барагын колдонгула дейсиз).
• Барактын темасын «окшоштук картасы» деп жазышын сураныӊыз.
• Зарыл болсо карандаш/түстүү калемсаптарды таратыӊыз.
• Окуучуларга окшоштук картасын түзүүнү сунуштаӊыз. Бул төмөнкү нерселердин бири болушу мүмкүн – сүрөт тартуу/скетч, ыр, диаграмма же тизме (же креативдүү башка бир нерсе, алар окучуулар өзүн таандык кылган түрдүү окшоштуктарды сүрөттөшү керек).
• Окуучуларга өзүӊөр иштегиле деп айткыла.
• Окшоштук картасын бүткөн соӊ, аларды жубу менен отуруп, өнөктөшү менен картасын алмаштырышын сураныӊыз.
• Өнөктөштөр андан соӊ өз жубунун окшоштук картасын карап көрүп аны кандай көрөрүн жазса болот. Мисалы , дос, классташ, өнөктөш.
• Окуучу ошентип өзүнүн окшоштугун кандай кабыл аларын гана билбестен, башкалар анын окшоштугун кандай кабыл аларын билет.
• Алар толтуруп бүткөн соӊ окшоштук картасын чогултуӊуз. Эгер орун болсо дубалга окшоштук карталарын илип коюӊуз.
Жыйынтык чыгаруу: бүтүм жана талкуу
• Өнөктөштөр менен иштеп бүткөн соӊ окуучуларга чагылдыруу китепчеси менен жекече иштөөгө убакыт келгендиги жөнүндө маалымат бергиле.
• Окуучуларга өз тажрыйбасы жана бул сабактан жаӊы эмне билгенин жазуу тапшырмасын берет.
• Кийинки сабактын темасы жөнүндө маалымат бергиле.
Мугалимге жазууга жана чагылдырууга орун:
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Өзүн-өзү аӊдап билүү жана өзүнө ишенүү
|
Зарыл материалдар Диаграммаларды басып чыгаруу Суроолорду басып чыгаруу Дептерлер жана жазуу үчүн куралдар
|
Түйүндүү терминдер Окшоштук Күчтүү жактары Өзүн-өзү аӊдап билүү Өзүнө ишенүү
|
Көндүмдөр Сынчыл ой жүгүртүү Өзүн-өзү баалоо Чагылдыруу
|
| Аныктамалар: Окуучулар өз күчтүү жактарын, аны жакшыртуу жолдорун, бул алардын иш-аракетине кандай таасир этерин аныкташат. Окуучулар өзүнө- өзү ишенүү жана өзүн аӊдап билүү айлана- чөйрөдө позитивдүү өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө кандай жардам берерин түшүндүрөт. |
| Программа: 1. Башталгыч көнүгүү: тез бириге калуу(20 мүнөт) 2. Акыл калчоо: өзүн-өзү аӊдап билүү жана өзүнө ишенүү терминдерин аныктоо жана түшүнүү(10 мүнөт) 3. Альтернативдүү көнүгүү: кызуу кандуу диалогдор(20 мүнөт) 4. Жыйынтык чыгаруу: бүтүм жана талкуулоо(10 мүнөт) |
2- сабак
Башталгыч көнүгүү: тез бириге калуу!
Сабактын темасы менен тааныштыруудан мурда класс төмөндөгү диаграммада көрсөтүлгөндөй жайгашканына көз салыӊыз.
Окуучуларды сиз жайгаштырган класстан орун алышын сураныӊыз(төмөнкү сүрөттү караӊыз)
Окуучуларга диаграмманы көрсөтүп, доскага суроолордун тизмегин илингенин айтыӊыз. Алардын милдети белгилүү убакыт ичинде көбүрөөк суроого жооп берү же бир-эки суроону тандап алып аларга кеӊири жооп берүү. Көнүгүүнүн максаты өнөктөшү менен белгилүү бир убакыт ичинде өз чагылдыргандары тууралуу ой бөлүшөт.
Сырткы тегеректе окуучулар кыймылдуу болушат (диаграммада көрсөтүлгөндөй)
Мугалим ар бир эки мүнөттө тышкы те геректе отурган окуучулар туруп кийинки орунга жылсын деп коӊгуроо чалат. Бул ар бир эки мүнөттө окуучу жаӊы адам менен сүйлөшөт дегенди билдирет.
Суроолордун тизмеги төмөндө келитирилген:
Эгер өзүӊүздү бир сөз менен аныктасаӊыз бул кайсы сөз болот? Эмне үчүн?
Өзүӊүз сыймыктана турган акыркы иш-аракетиӊизди сүрөттөӊүз.
Оӊдой турган өзүӊүздөгү бир нерсени атаӊыз. Эмне үчүн оӊдоӊуӊуз келет?
Башка адам менен биринчи жолукканда кайсы сапатына көӊүл бурасыз? Эмне себептен?
Өзүӊүз ыраазы болгон/сыймыктанган бир сапатыӊызды атаӊыз.
Бул көнүгүүнү окуучуларда көпчүлүк классташтарына айтууга жана аларды угууга мүмкүндүк бергендей 20 мүнөт аткарыӊыз ичинде. Көнүгүү бүткөн соӊ сизде классты мурдагыдай жайгаштыруу үчүн 5 мүнөт убактыӊыз бар. Окуучулар өз ордуна отурушсун.
Жекече төмөнкү суроолорго берилген жооптогу өз ойлорун талкуулап жана жазышын сураныӊыз.
Сиз айткан же уккан жооптор сизди таӊ калтырдыбы? Эмне үчүн?
Эмнебиз мыкты же эмнени жакшыртуу керек экендигин билүү эмне үчүн маанилүү?
Жооп берүү оор болгон суроолор кезиктиби.
Суроого берилген жооптордон эмнени сездиӊиз.
Окуучуларды класс менен өз ойлорун жана жоопторун бөлүшүүсүн сураныӊыз.
Акыл калчоо: өзүн-өзү аӊдап билүүнү жана өзүнө ишенүүнү аныктоо
Өзүн-өзү аӊдап билүү жана өзүнө ишенүү терминдерин жазыӊыз жана класстан бул терминдер эмени билдирерин сураӊыз. Өзүн-өзү аӊдап билүүнү жакшыртуу эмне үчүн маанилүү
Окуучуларга адам өз күчтүү жана алсыз жактарын билген соӊ өзүн кантип өзгөртө аларын, өз айланасында позитивдүү өзгөрүүлөрдү жүргүзө аларын айтып бериӊиз.
Өзүнө ишенүү адамга керек, себеби бул өзүӊүз көргүӊүз келген өзгөртүүлөрдү жаратууга түрткү берет.
Өзүнө ишенүү сизди жаӊы идеяларды үйрөнүп, жаӊы адамдар менен жолугуп, өз кыялыӊыздан эч качан баш тартпоого жардам берет.
| Альтернативдүү көнүгүү: кызуу кандуу диалогдор
(Эгер класста парталарды өзгөртүп жайгаштыра албасаӊыз окуучуларга өз түшүнгөндөрүн жаздыруудан мурда бул көнүгүүнү иштетип көрсөӊүз болот)
|
Жогоруда көрсөтүлгөн суроолорду барактарга жазып, бүктөп, урнага салыӊыз. Алардын бирин окуучулар алып чыгып окуганча суроолорду эч ким көрбөш керек.
Окуучуларды жуп же 4-5 кишиден турган чакан топторго бөлүнүшүн сураныӊыз
Ар бир жупту/топту урнага келип туш келген теманы/суроону тартып алып, жуп же топ менен талкуулашын сураныӊыз.
Окуучуларга активдүү спикер гана болбостон жакшы угуучу болушуна, өнөктөштөрү же топтун мүчөлөрүнүн айткандарына жооп берерине көзүӊүз жетсин.
Жыйынтык чыгаруу: бүтүм жана талкуу
Окуучулар жупта же топто иштеп бүткөн соӊ китепчеге жекече жазуу убактысы келгендиги жонүндө маалымат бериӊиз.
Окуучуларга өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул сабакта билген жаӊы нерселерин жазышын сураныӊыз.
мугалимге жазууга жана чагылдырууга орун: _____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Урмат –сый
|
Зарыл материалдар Кырдаалдык материалдарды басып чыгаруу Блокноттор Жазууга керек каражаттар |
Негизги терминдер Урмат-сый Адатка айланган көз караш Алдын-ала жаман ойдо болуу Сыйлабоо Статус
|
көндүмдөр
сынчыл ой жүгүртүү мамиле түзүү боор тартуу
|
| Аныктамалар 1. Урмат-сыйды кандай деп түшүнгөндүгүн окуучулар айтып бере алат. 2. Эмне үчүн адамдардын жаш курагына, жынысына, улутуна, статусуна, диний артыкчылыктарына карабастан урмат-сый менен мамиле кылуу маанилүү экендигин окуучулар бул сабактан түшүнө алышат.
|
| Программа: Башталгыч көнүгүү: ролдук оюн – Урмат-сый деген эмне экенин жана кандай болорун билесизби? [20 мүнөт] Акыл калчоо «Урмат-сый», «алдын-ала жаман ойдо болуу» жана «адатка айланган көз караш» деген терминдерге аныктама берип түшүндүрүү. [10 мүнөт] Альтернативдүү көнүгүү: тегеректеги көнүгүү [20 мүнөт] Жыйынтык чыгаруу: жыйынтык жана талкуу. [10 мүнөт]
|
3 - САБАК
Башталгыч көнүгүү: ролдук оюн!
• Сабактын астында окуучуларга өзүн-өзү түшүнүү деген теманын уландысы экендигин айтып, бүгүнкү сабакта ага кошумча урмат-сый деген эмне экендигин талкуулашарын айтып коюңуз.
• Окуучуларыңызды 4 кичи топко бөлүңүз (мындай топто бири-бири менен көп аралашпаган балдарды бириктирип коюңуз)
• Ар бир топко кол менен кагазга жазылган же компьютерге терилген сценарийлерди таратып бериңиз. Топтор алган сценарийлерин классташтарына ойноп беришкенден кийин ал сценарийди жалпы талкуулашат. Окуучуларыңызга сөзсүз эскерте кетиңиз, ар бир сценарийдин аягы жок, ошондуктан алар каалагандай кылып жыйынтыкташса болот.
1 - сценарий:
| Мугалим сабакка кирип келип окуучуларды китептери менен карандаштарын алып сабакка даярдануусун талап кылат. Эки окуучу мугалимдин айтканын укпай өз ара сүйлөшө берет. Мугалим аларга кайрылып, сүйлөшкөндөрүн токтотуп сабакка даярдык көргүлө дейт. Окуучулар мугалимге каяша айтып, уруша кетишет. Андан ары эмне болот?
|
2 - сценарий:
| Үйүнө кайтып келген үй- бүлө аларга жаңы кошуналар көчүп келгенин байкашат. Алар токтоп учурашайын дешет, бирок коңшулары башка тилде сүйлөшуп жатканын угушат да алардын эмне деп жатканын түшүнүшпөй үйүнө кирип кетишет . Бир үй-бүлө мүчөсү башкаларга карап мындай дейт:«Мен биздин коомчулукта бизге окшобой башка тилде сүйлөгөн адамдарды жек көрөм». Андан ары эмне болот?
|
3 - сценарий:
| Бир топ достор пикникте эс алып, сейилдеп жүрүп, курсактары ачкандан кийин ресторанга киришип официантка тамак заказ беришет. Бирок, официант кайрылып келгенде адашып туура эмес заказды алып келгенин көрүшөт. Достордун бирөөсү ачууланып официантка кыйкыра баштайт. Андан кийин эмне болот?
|
4 - сценарий:
| Класска жаны окуучу келет. Ал Х жамаатын мүчөсү эле, класстын басымдуу бөлүгү У жамаатына кирет. Мугалим жаңы келген окуучуну У жамаатындагы баланын жанынан орун алып отуруусун суранат. Бирок эки окуучу тең ага макул болбой коет, себеби экөө тең бир биринин жамаатын жаман көрүшөт. Окуя эмне болуп аяктайт?
|
• Окуучулар өз сценарийлерин алгандан кийин даярдыктарына 4-5 мүнөт бериңиз. Көнүгүү олуттуу экендигин жана роль ойноп жаткан балдар ага терең көңүл бурушун сөзсүз түрдө балдарга эскертип коюңуз.
• Окуучулар өз ролдорун ойноп буткөндөн кийин ар бир сценарийге 5 мүнөт убакыт калтырып, багыттоочу суроолор аркылуу талкуулагыла.
Сценарийди ойногон топтун мүчөлөрүнө:
Сценарийдин аягын кандай кылып бүтүрдүңөр?
Сценарийди ойноп жатып өзуңөрдү кандай сездиңер?
Бардык класстагы окуучуларга:
ушу сыяктуу окуяларга кимдир бирөөлөр туш болду бекен?
сиздердин оюңуздар боюнча оюндун кандай өзгөчөлүктөрүн баса белгилей кетет элеңиздер?Мисалы, эки окуучунун орой болгонун ж.б.
Сценарийди дагы кантип аяктатса болот эле? Сиз эмне кылат элеңиз?
| Альтернативдүү көнүгүү: тегеректеги көнүгүү (кээ бир себептерден улам, ролдук оюн болбой калса, анда альтернативдүү көнүгүү өткөрсө болот. Төмөңкү көнүгүү биринчи көнүгүүнүн уландысы катары пайдаланылышы мүмкүн)
|
Бул көнүгүү үчүн окуучулардын баарын тегерете бири бирин көрө алгыдай болуп отуруусун сураныңыз.
Тегеректин ичин коопсуз жер катары, анын ичинде окуучулар өз ойлорун бири-бири менен бөлүшө алаарын айтыңыз. Бирок бирөө сүйлөп жатканда башка окуучулар активдүү угармандар болушу керек.
Жогоруда берилген сценарийди ачык маселе катары окуп көргүлө. Окуучулар эмне сезгендерин ачык айтып бере алгандай болушсун.
Окуучуларды жеке тажрыйбасы менен бөлүшүүсүн сураныңыз. Балким кимдир бирөөлөр аларды уят кылып же таарынтып, басынткан учурларды же болбосо, балким, алар өздөрү бирөөнү уят кылып же басынткан учурлар болгондур.
Ишара: Сиз өзүңүздүн тажрыйбаңыз менен бөлүшүңүз, себеби ошондо гана окуучулар коопсуз жай экенин сезишип жана бул жерде чындык гана айтыларына көзү жетет.
Акыл калчоо: «Урмат-сый», «алдын-ала жаман ойлоо» жана «адатка айланган көз караш» деген терминдерге аныктама берүү
• Досканын бетине бул терминдерди жазып коюңуз. Окуучуларды жекече сунушталган терминдерге аныктама берүүсүн сураныңыз. 2 мүнөттөн кийин жазган аныктамалары менен каалоочулар класс менен бөлүүшүсүн сураныңыз.
• Үч терминдин айырмасы эмнеде:
Урматтоо: бирөөнү баалоо, түшүнүү менен суктануунун бир ыкмасы. ϴзүңүзгө кандай мамилени күтсөңүз, башкаларга да ошондой мамиле кылыныз.
Алдын ала жаман ойлоо: адилетсиз деп эсептеген топко, нерселерге, иш-чараларга каршы же макул болуу.
Тескери ойго ишенүү: кайсы бир топ адамдардын, бир кишинин, буюм же иш-чараларга калыс эмес түшүнүктөр. Мындай ойлор көбүнчө себепсиз жана негизделген эмес.
• Окуучуларга мындай окуялар күндө кездешчү абал экендигин жана ошондуктан аталган терминдер жөнүндө түшүндүрүү иштерин алып баруусу зарыл экендигин айтыңыз. Бүт адамдар, ал тургай жандыктар алардын абалына, улутуна жана жынысына карабастан сыйга татыктуу экендигин түшүндүрүңүз. (Көнүгүүлөрду сабактар менен байланыштыргыла)
Жыйынтык чыгаруу: бүтүм жана талкуу
Окуучулар жуп же топ менен иштегенден кийин китепчелери менен жеке иштөө убактысы келгендигин маалымдаңыз.
• китепчелери жеке ой жана тажрыйба үчүн, өзгөчө класста бөлүшө албаган сырлары үчүн экендигин баса белгилеңиз.
• окуучуларды сабактан алган тажрыйбасын жана бардык жаңы билимдери жөнүндө жазуусун сураныңыз.
Мугалимге жазууга жана чагылдырууга орун:
__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
2- бөлүм. Жергиликтүү окшоштук: класс жана коом
Багыттоочу суроолор:
мамилелер кантип түзүлөт жана биз өтө маанилүү деген мамилелерди эмне аныктайт?
үй-бүлөдөн же класстан тышкары адамдар менен өз ара түзгөн мамилелерге кайсы нерселер таасир этет?
биздин класста жана коомчулукта биздин ролубуз кандай?
| Бөлүмгө көз жүгүртүү: Мен мамилелеримди кандай түшүнөм?. Бул сабак окуучулардын өз ара мамилелерин кантип түзгөндүгүнө баа бергенге жардам берет жана өз ара мамилелерди түзүүдө кайсы себептер абдан маанилүү экендигин билдирет. Ошондой эле окуучулар жашоодогу ар кандай мамилелердин түрлөрү менен таанышышат. Чыр-чатакты чечүү: Бул сабакта окуучулар өздөрү катышкан, же окуган, же уккан чыр- чатактарды талкуулашат. Андан кийин окуучулар айланасындагы чыр-чатактардагы алардын ролун кандай экендигин талкуулашат. Дагы бир ирет жеке окшоштук деген темадагы чыр-чатактарды талкуулоодо кайра дагы кайрылып келишерин эстерине салып коюнуз. Гендердик теңдик: бул сабакта окуучулар «теңдик» деген түшүнүк менен жана класста, коомдо пайда болуп жаткан гендердик теңсиздиктин түрлөрү менен таанышышат. Айлана-чөйрөгө кам көрүү: бул сабак окуучулардын жашоосунда айлана чөйрө кандай ролду ойнорун жана эмне үчүн айлана- чөйрөнү сактап калуу азыркы муунга гана эмес, келечек муунга дагы өтө маанилүү экендигин талкуулашат.
|
Өз мамилелеримди кандай түшүнөм?
Зарыл материалдар
Барактар
Боектор
Карандаштар
Блокноттор
Көндүмдөр
Сынчыл ой жүгүртүү
Боор тартуу
Мамиле түзүү
4-сабак
Башталгыч көнүгүү: мамиле дарагы
Туугандык дарагынын үлгүсүн доскага колдонмодо берилген мисалга негизденип чийиӊиз. Үй бүлөлүк/туугандык дарак биз түзгөн презентацияны/туугандык мамилени түшүнүүнү жеӊилдеткен диаграмма экендигин окуучуларга билдириӊиз.
Ошондой эле окуучуларга үй бүлөлүк дарак негизинен үй бүлө жана туугандар үчүн колдонуларын бирок, бүгүнкү сабак үчүн канча адам ысымын жаза алса, ошончолук бата турган дарак тартса болорун түшүндүрөт.
Окуучуларга көрсөтүү үчүн үй бүлөлүк дарактын диаграммасынын үлгүсү:
Окуучуларга булл үлгү эле экенин, үй бүлөлүк дарак канча туугандык катыш болсо, ошончону батыра аларын, ага достор, өнөктөштөр, мугалимдер жана башкалар кирерин түшүндүрүӊүз.
Окуучулар өз үй бүлөлүк дарагы менен 10 мүнөт иштеген соӊ айрымдарын класска презентациялашын сураӊыз
Мугалим үчүн ишара: бул нерсени сиз жалгыз да жасай аласыз!
Окуучулардын бир нечеси ой бөлүшкөн соӊ төмөнку суроолорго жооп берүүсүн сураныӊыз:
Бүткүл өмүрүӊдө болгон мамилелерди 10 мүнөттө жазыш оӊой болдубу?
Кайсы мамиле сиз үчүн өзгөчө маанилүү?
Сиз бул мамилени кантип түзөсүз? Мисалы: айрым мамилелер өзүӊ төрөлгөн үй бүлөдө, айрымдары жалпы кызыкчылыктары бар адамдар менен кийин достошкондон пайда болот ж.б.
Акыл калчоо: биз түзгөн мамилелерге таасир эткен факторлор
Окуучуларга алар курган мамилелерге таасир эткен айрым факторлорду чагылдырып жана бөлүшүп кетишин сураныӊыз. Мисалы: мен жана менин жакын досум бирдей эле нерселерге ишенебиз, ошондуктан аны менен болуу мага оӊой. Көпчүлүк досторум менен өткөн жашоом бирдей, ошондуктан алар менен достошом.
Бизден айырмаланган, башкача көрүнгөн же башка экономикалык катмардан чыккандар менен мамиле түзүү аракети көп болобу, окуучулардан сураӊыз. Ушуну чагылдырууну окуучулардан сураныӊыз. Бул кыйынбы же жокпу? Эмне үчүн?
Муну мурдагы көнүгүлөрдөгү окуучулар адамдын кайсы мүнөзүнө көӊүл бурары жөнүндөгү көнүгүү менен байланыштырыӊыз. Сиз сыяктуу ойлонгон же пикири бар адам менен мамилени көп түзөсүзбү же түзбөйсүзбү? Эмне үчүн?
Жыйынтык чыгаруу: бүтүм жана талкуу
Жуп же топ менен иштеп бүткөн соӊ жекече иштөөгө убакыт келгенин окуучуларга кабарлаӊыз.
Китепче өздүк ой жүгүртүү үчүн, өзгөчө класс менен бөлүшө албаган нерселер үчүн, экендигин баса көрсөтүӊүз.
Окуучуларды өз тажрыйбасын бөлүшүп жана класста билген жаӊылыктарын жазышын сураныӊыз.
Мугалимге жазууга жана чагылдырууга орун:
___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Чыр - чатактар
Зарыл материалдар
басып чыгарылгын кырдаалдык мисал
басып чыгарылган башкы беттер
таза барактар
көндүмдөр
сынчыл ой жүгүртүү
натыйжалуу байланыш
5 – сабак
Башталгыч көнүгүү: муштумга муштум
Бул көнүгүүнүн негизги максаты чыр-чатактын себептерин көрсөтүү. Көп учурларда чыр-чатак туура эмес чечмелөөдөн, байланыштын жоктугунан же бири-бирин укпагандыктан башталат. Бул көнүгүү окуучуларды чыр-чатак тууралуу ойлонууга түрткү берет.
Окуучуларды жуп-жуп болуп бөлүнүп, андан соң аларга 1 жана 2 деген номурларды таратып бериңиз.
Биринчи номурлуу окуучуларды оң колдорун муштумга түйүп алуусун сураныңыз.
Эми экинчи номурлуу окуучуну биринчи номурлуу окуучунун муштумун ачып берүүсүн талап кылыңыз.
Мугалимге эскертүү: окуучулардын айланасында жүрүп канча окуучу муштумун ачканга аракет кылганын байканыз. Балким 1-номурлуу окуучулар атайын муштумун катуу түйүп өнөктөшүнө муштумун ачып бербей жаткандыгын байкайсыздыр.
Бул ишке окуучуларга 1-2 мүнөт убакыт бериңиз.
Андан кийин окуучуларынызды орун алмашуусун сураныныз. Эми 2-номурлуу окуучулар муштумун түйүп, тескерисинче 1-номурлуулар беттештеринин муштумун ачууга аракет жасашсын.
Бир –эки мүнөттөн кийин бир окуучуңузду өзүңүзгө чакырыңыз. Эми сиз муштумуңузду түйүп кармап турасыз, ал эми окуучуңуз болсо сиздин муштумду ачканга аракет жасасын. Окуучу ачалбай жаткан учурда муштумуңузду акырын ачыңыз.
Көнүгүүнү жыйынтыкташ үчүн кийинки суроолорго жооп бергиле
бул көнүгүү жөнүндө эмне ойлойсуз?
өнөктөшүңүздүн муштумун ач дегенде кандай абалда калдыңыз жана өнөктөшуңуз сиздин муштумду ачууга аракет кылганда кандай абалда болдуңуз.
Сиз канча убакыт каршылык көрсөтө алдыңыз? Эмне үчүн?
Бул көнүгүүнү мугалим сөзсүз жыйынтыкташ керек, себеби ал чыр-чатакты жөнгө салуу аттуу дискуссиянын бир бөлүгү болуп саналат. Өздөрүнүн күнүмдүк тиричилигиндеги «муштумдар» менен байланыштыргыла. Кээде биз бир нерселерди туура эмес чечмелеп же өзүбүз башкаларга натыйжасыз кабар айтып чыр-чатактарга себепкер болуп калабыз. Чыр-чатак ар кандай себептердин натыйжасында пайда болушу мүмкүн, бирок биз кайсы бир чыр-чатактардын бөлүгү болуп кала электе «чыр-чатак» деген эмне жана анын чечүү жолдорун аныктайлы.
Акыл калчоо жана кичинекей көнүгүү: чыр-чатактын чечүүчү жолдорун аныктоо
Эки чоң барактын бетине «чыр-чатак» жана «чечүүчү жолдор»деп жазып досканын бетине жабыштырып коюңуз. Окуучуларыныз 3-4 мүнөттүн ичинде берилген терминдерге аныктамаларын дептерлерине жазып койсун. Убакыт өткөндөн кийин каалоочулар жеке аныктамаларын класс менен бөлүшүүсүн сурагыла.
Эки окуучуну досканын жанына чыгарып, бири-биринен алысыраак тургузуп, колдоруна илинип турган эки баракты карматыңыз.
Алардын «чыр-чатак» жана «чечүүчү жолдор» деген терминдерге берген аныктамасына ылайык, чыр –чатакты чечүүчү кандай кадамдарды жасаш керек экендигин сураңыз.
Мисалы, чыр-чатакты жана аны чечүүгө Түшүнүү деген кадам болушу мүмкүн. Окуучулар чакан топтордо иштеп, чыр-чатакты жана аны чечүүгө 5-6 кадамды талкуулашып, аныкташат.
Бардык топтордун чыр-чатакты чечүүчү кадамдарын уккандан кийин чогуу класс менен 5-6 кадамды тандап, барактын бетине жазып койгула. Сабактын жыйынтыгын окуучулар менен чогуу чыгаргыла. Окуучулар күн сайын көрө турган жерге(же дубалга) тандалган кадамдардын тизмесин тиркеп койгула.
Колдонмо көнүгүү: диалог менен дебаттын айырмасы эмнеде?
Төмөнкү кырдаалдык мисалды окуучуларыңызга окуп бериңиз. Ошондой эле алар жеке же топто окуу үчүн бул мисалдын көчүрмөсүн окуучуларыңызга таркатып берсеңиз да болот.
Сунушталган кырдаалдык мисалдын аягы жок экендигин жана алар өздөрү мисалды кантип бүтүрөрүн окуучуларыңызга түшүндүрүп коюңуз. Бул мисал ойдон чыгарылгандыгын окуучуларга эскерте кетиңиз.
Окуучуларды кичине топторго бөлүп, ар бир топ талкуулап, өздөрү мисалды каалагандай бүтүрөрүн айтыңыз. Кырдаалдык мисалдын каармандары диалог же дебатка катышуусу абзел.
Андан кийин ар бир топ өздөрүнүн дайындаган презентацияларын класска сунуштайт, аягында дебаттар өткөрүлмөкчү.
| Кырдаалдык мисалы: Гүл менен Панам классташтар. Алар чакан айылда жашашып, акыркы үч жылда бир мектепке барышат. Экөө классташ болгонуна карабастан дос эмес. Анын себептеринин бири Гүл Панамдан айырмаланып башка этникалык топтун жана башка динди өкүлү. Ошондуктан алардын үй-бүлөлөрү да өз ара катташпайт жана эки окуучу бири-бири менен сүйлөшпөйт. Бир күнү мугалим Гүл жана Панамды топтун долбоорунун үстүнөн чогуу иштөөсүн суранат. Бирок, алар бири-бири менен иштегиси келбей мугалимге барып башка балдарга кошуусун суранышат. Мугалим аларга башка варианттардын жоктугун айтып чогуу иштөөсү керек экендигин айтат. Эки окуучу үйүлөрүнө келип, ата-энелерине айтышат. Эртеси күнү ата-энелер мугалим менен сүйлөшүү үчүн мектепке келишет. Окуя кантип аяктайт?
|
Сценарийдин аягын окуучулар диалог же дебат түрүндө талкуулагандан кийин теманы кийинки сунушталган суроолор менен талдагыла.
диалог менен дебаттын кандай айырмачылыктары бар?
эки ыкманын тең кандай артыкчылыктары жана кемчиликтери бар?
Чыр-чатакты чечүүдө кайсыл учурда диалогду, кайсыл учурда дебатты пайдаланасыздар?
ϴзүңүз чыр-чатакты жөнгө салууда кайсы стратегияны колдондуңуз эле? Эгерде сизде ушундай тажрыйбаңыз бар болсо анда класс менен бөлүшө кетсеңиз. Ал учурда колдонгон стратегияңыз кантип жардам берди эле? Эмне үчүн жардам берген жок?
Жыйынтык чыгаруу: жыйынтыктоо жана талкуулоо
Сабактын жыйынтыгын чыгаргандан кийин окуучуларыңызды экиден бөлүнүп же жеке ой жүгүртүүчү китеби менен иштоосун сурангыла.
•окуучунун ой жүгүртүүчү китеби жеке ойлорун жана тажрыйбасын, класста айтылбай турган сырларын жазыш үчүн арналган экендигин баса белгилегиле.
•окуучуларыңызды сабактан алган өз тажрыйбаларын жана бардык жаңы маалыматтарын жаза тургандыгын айтып коюңуз.
Мугалимге жазууга жана чагылдырууга орун:
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Гендердик тендик
Зарыл материалдар
Резинка (2 түстө)
Кагаз
Чагылдыруу үчүн китептер
Көндүмдөр
Сынчыл ой жүгүртүү
Боор тартуу
Мамиле түзүү
6-сабак
Баштооч көнүгүү: серпилмелүү резина/жаанын серпилгич жиби
Окуучуларга көк жана жашыл түстөгү резинкаларды иретсиз таратып бергиле. Эмнеге бул же тигил түс аларга берилгенин түшүндүрбөгүлө. Көрсөтмөлөрдү жазып, окуучулар анны окугандай кылып доскага илип койгула.
Көк түстөгү серпилмелүү резинкалары бар окуучулар
Баары класстын түп жагына барып отурушат
Аларга класстын ичинде суроо берүүгө же болбосо сүйлөөгө уруксат берилбейт
Аларга класстан чыгып кетүүгө болбойт
Ак түстөгү серпилмелүү резинкалары бар окуучуларга ар дайым жардам берүүгө милдеттүү.
Жашыл түстөгү серпилмелүү резинкалары бар окуучулар
Каалаган жерге барып отурса болот
Каалаган учурда суроо берип сүйлөй алышат
Класстан мугалимдин уруксаты менен чыгып кете алышат
Кара резинкалары бар окуучулардан каалаган учурда жардам сурай алышат.
Мындан кийин аларга жаӊы орундарына отурганга бир мүнөт убакыт берип, ээлеген орундары ушул гана сабактын учурунда экендигин түшүндүргүлө. Мындан сырткары эс нерсени түшүндүруп бербегиле.
Акыл калчоо: жынысын аныктоо
«Жыныс» терминин доскага жазыӊыз. Окуучулар өз өнөктөштөрүнө бурулуп төмөндөгү суроолорго болгон жооптору менен бөлүшүшү керек.
«Жыныс» термини эмнени түшүндүрөт? Класстын ичинде же болбосо үйдөгү жыныс айырмачылыгын көрөсүзбү? Ооба деген жооп болсо, ал айырмачылыкты эмне көрсөтүп турат?
Кээ бир жуптарды класс менен ойлорун бөлүшүүсүн сураныӊыз. ( эскертме: серпилмелүү резинка менен болгон көнүгүүнү эске алып, көк түстөгү резинкалары бар окуучулардан жооп сурабаӊыз)
Өтүү: Венн диаграммасын доскага тартыӊыз.
Ар бир тегеректе «кыздар» жана «балдар» деп жазып, чоӊураак бөлүгүн бош калтырыӊыз.
“Кыздар кыла алышат/жакшы көрүшөт...” жана “балдар кыла алышат/жакшы көрүшөт...” деген суроого бир сөз менен жооп берип, окуучулардан диаграмманы толтурууну сураныӊыз.
Окуучулар кол көтөрүп жооп бере алышат. Серпилмелүү резинкалар менен болгон көнүгүүнү эске алып көк түстөгү резинкалары бар окуучулардан жооп сурабаӊыз.
Эки бөлук толтурулуп бүткөн соӊ, окуучуларды талкуулоого тартыӊыз.
Эмнеге тизмелерди бөлүш керек болду? Эмнеге биз бөлгөн нерселерди кыз да, бала да аткара алышпайт? Бул иш аракеттердин бары бул(Венн диаграммасынын ортонку бөлүгүндө) жерде орун алуусу мүмкүнбү? Эмнеге ооба же эмнеге жок?
Өз үй бүлө мүчөлөрү тууралуу ойлонгондо жыныстык таандыгынын негизинде болгон озгөчө ролдору жөнүндө ойлоносузбу? Эмнеге?
Колдонмо көнүгүү: тегеректеги көнүгүү
Мүмкүн болсо, окуучулар отургучтар менен же жерде тегерек түзүшү керек. Эгерде бул мүмкүн болбосо, окуучулар бири бирин кунт коюп угуп жаткандыгына ынаныӊыз.
Бул көнүгүүлөр туралуу кандай ойдосуӊар? Көк түстүү резинкалары бар окуучулар, аларга көӊүл бөлүнбөгөндө, класстын түп жагында орун алууну суранганда жана жашыл түстөгү резинкалары бар окуучуларга жардам бергиле дегенде кандай сезимде болгондугун сураӊыз? Жана, жашыл түстөгү резинкалары бар окуучулар каалаган жерге отурууга мүмкүнчүлүк алаганда жана көк түстөгү резинкалары бар окуучуларга караганда көбүрөөк укуктары бар болгон кандай сезимдерди калтырды? Класстын тышында кайсыл жерлерде дал ушундай көрүнүштү көрдүнүз эле? Класста ушундай айрмачылык орун алышы керекпи? Эмне үчүн? Бул көрүнүштүн силердин классыӊарда болгон кесепети кандай?
Жыйынтык чыгаруу: бүтүм жана талкуу
Окуучулардан бүгүнкү күн тууралуу ойлорун өз дептерлерине жазууну сураныӊыз. Каалаган суроого болгон жоопту жазса болот.
Класстын тышында кайсыл жерлерде дал ушундай көрүнүштү көрдүнүз эле? Класста ушундай айрмачылык орун алышы керекпи? Эмне үчүн? Бул көрүнүштүн силердин классыӊарда болгон кесепети кандай?
мугалимге жазууга жана чагылдырууга орун: ______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________________
Айлана-чөйрөгө кам көрүү
|
Зарыл материалдар Таза барактар Блокноттор Сурөт тартууга керек каражаттар
|
Негизги терминдер Айлана-чөйрө Сактоо Деградация
|
көндүмдөр сынчыл ой жүгүртүү мамиле түзүү боор тартуу
|
| Аныктамалар
Окуучулар айлана чөйрөнүн айрым элементтерин жана алардын окуучулардын жеке жашоосунда ойногон ролун түшүндүрүп бере алат. Окуучулар айлана чөйрөнүн сактоого аракеттери эмнеге маанилүү экендигин түшүндурө алышат жана кызыккан тараптар менен талкуулай алат. Окуучулар айлана-чөйрөнүн бузулушу жөнундө жана аны токтотуу үчүн кандай иш-аракеттерди алып баруу зарыл экендигин талкуулашат.
|
| Программа:
Башталгыч көнүгүү: сиздер эшикте эмнени көруп турасынар? [15 мүнөт] Колдонмо көнүгүү: интервью жана презентация [20 мүнөт ] Жыйынтык чыгаруу: жыйынтык чыгаруу. [5 мүнөт]
|
7- сабак
Башталгыч көнүгүү: Биз эмнени көруп турабыз?
Жакшы талкуу жүргүзүү үчүн бул сабакты эшикте өтүүгө аракет кылгыла
ϴзүңүздүн окуучуларыңызды мектептен сырткары жерге барып, чөптүн, жердин үстүнө бири бирин карап тегеректеп отуурусун сурангыла.
Аларды айланада көргөн нерселерин чоң кичинесине карабай бардыгын дептерлерине тартып берүүсүн сурагыла
Сүрөттөрүн тартып бүткөндөн кийин оң жагындагы коңшу курбусу менен сүрөттөрүн бири бирине көрсөтүп, жана тартылган сүрөттөрүндөгү окшоштук жана айырмачылыктарын талкуулашсын.
Алардын курчап турган эбегейсиз зор жана татаал айлана чөйрө экендигин айтып жана аны сактап калуу өтө маанилүү экендигин түшүндүрүп бергиле. (өзүңүздүн айлана-чөйрөнү сактоо сабактарыңыз менен байланыштырыңыз)
Колдонмо көнүгүү: Айлана-чөйрөнүн маанилүүлүгү- интервью!
• Интервью көнүгүү жөнүндө окуучуларга айтып бериңиз. Бул көнүгүү аларды үй-бүлө мүчөлөрүн же бир жамааттын мүчөлөрүн «Айлана-чөйрөнү коргоо» деген терминди кандай түшүнүшөрүн жана эмне үчүн айлана-чөйрөнү сактоо маанилүү экендигин сурамжылоо менен кичинекей изилдөө жүргүзүшөт.
Башка адамдын көз карашын билүү үчүн жана эмне үчүн айлана-чөйрөнү сактоо маанилүү экендигин түшүнүү үчүн окуучулар интервью үчүн бир катар суроолорун даярдашат.
• окуучулар бул маекти каалагандай өзүнүн чыгармачылык ой жүгүртүүсүнө жараша алып барса болот. Бирок, маекте негизги маселелер бул:
Окуучу маек куруп жаткан адамдын айлана чөйрө болгон мамилесин көрө алат. (Мисалы, интервью берип жаткан адам дыйкан болушу ыктымал)
окуучу жеке бир адамдын тажрыйбасы менен жана анын айлана чөйрөнү сактоо деген пикири менен таанышат.
окуучулар адамзаттын айлана-чөйрө менен болгон өз ара байланыштарын изилдей алышат.
Бул интервью класста ар кандай жолдор менен берилиши мүмкүн (мисалы, көргөзмө уюштуруп, сүрөт тартып, гезитке макала берип)
Окуучулар өздөрүнун интервьюларын сунуштап жатканда , классташтары маектин бардык милдеттерин аткардыбы жана аны чыгармачылык жол менен тартууладыбы деп байкоо жүргүзүп турушат.
Жыйынтык чыгаруу: бүтүм
Окуучуларды өткөн күн жөнүндө жазышын сураныңыз.
Алар каалаган суроолоруна жооп берет.
Китепче өздүк ой жүгүртүү үчүн, өзгөчө класс менен бөлүшө албаган нерселер үчүн, экендигин баса көрсөтүӊүз.
Мугалимге жазууга жана чагылдырууга орун:
________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
3- бөлүм. Улуттук окшоштук: Өлкө жана дүйнө
Багыттоочу суроолор:
сабырдуу улут деген кандай болот?
«ар түрдүүлүк» деген терминди мен кандай түшүнөм жана аны туура түшүнүү эмне үчүн маанилүү?
Адам, коом жана улут менен байланышта жана кызматташ болуу дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Биз бардыгыбыз кандай байланыштабыз?
| Бөлүмгө көз жүгүртүү:
Сабырдуулук. Бул сабакта окуучулар «сабырдуулук» деген терминге аныктама берип, сабырдуу улут деген эмнени билдирерин түшүндүрүп беришет.
Көп түрдүүлүктү камтуу: Бул сабакта окуучулар өз коомчулугунда, элинде жана бүткүл дүйнөдө көп түрдүүлүктү камтуу деген эмнени түшүндүрөрүн талкуулашат.
Кызматташуу жана өз ара мамиле: Бул сабакта окуучулар «Кызматташуу жана өз ара мамиле» деген терминди аныктап жана анын баалуулугун белгилеп кетишет.
Өз ара байланыш: Бул сабакта окуучулар «өз ара байланыштар» деген термин эмнени билдирерин аныктап, байланыштар менен сөздөр биздин айланабыздагы адамдарга кандай таасирин тийгизерин талкуулашат.
|
Сабырдуулук
|
Зарыл материалдар: Кырдаалдык мисалдарды бастырып чыгуу Сүрөттөрдү бастырып чыгаруу Кичине барактарга жазылган ролдор Чагылдыруу үчүн китепче |
Негизги терминдер: Сабырдуулук Алдын ала жаман ойлоо Айырмачылыктар Ксенофобия |
Көндүмдөр Сынчыл ой жүгүртүү Боор тартуу ϴз ара мамиле түзүү |
|
| Аныктамалар: Окуучулар сабырдуулук жөнүндөгү өз аныктамаларын, ошондой эле өзүнөн айырмаланган адамдарга карата сабырдуу болуу деген эмне экендигин түшүндүрө алышат. Окуучулар бүт дүйнө жүзүндө адамдар арасындагы түрдүү байланыштарда сабырдуу болуу ролун ойлонуп тажрыйбага ээ болот. |
| Программа: Башталгыч көнүгүү: сиз эмнени көруп турасыз? [10 мүнөт] Колдонмо көнүгүү: ролдук оюн [20 мүнөт] Жыйынтык чыгаруу: бутум жана талкуу. [5 мүнөт]
|
8-сабак
Башталгыч көнүгүү: сиз эмнени көруп турасыз
Ылдый жакта берилген сүрөттү доскага илип же көчүрмөсүн окуучуларга таратуу менен окуучулардан аны даана көрүүшүн камсыз кылыңыз. Бул сүрөттү алар мурда көргөнүн сураңыз. Эгер көрсө көнүгүү бүткөнчө өнөктөштөрү менен талкуулабай туруусун сураныңыз.
Окуучуларды сүрөттү карап, мындай сүрөттү көргөндө пайда болгон өз ойлорун жана сезимдерин жазышын сураныңыз. Окуучулар текшерүү китепчеге жаза алышат.
Кааласаңыз төмөнкүдөй ишара суроолорду берсеңиз болот.
Мындай сүрөттү кайдан көрдүңүз?
Мындай сүрөттөрдүн максаты кандай?
Мындай сүрөт сизди кандай сезимге туш кылат?
Бул сүрөт менен байланышкан көйгөй барбы же жокпу? Эмне үчүн?
Окуучуларга таратылуучу сүрөт:
Бул сурөт өкмөттун колдоосу менен тузулгөн
Окуучулар билгенин жазган соң, аларды тегерете отуруп өз жооптору жөнундө сүйлөшүүгө чакырыңыз.
Окуучулар төмөнку маселелерди өз пикирлеринде айта тургандай талкууну багыттоо зарыл:
Сенин оюӊча сабырдуу улут кандай болот? Эмне үчүн мындай плакат алдыңкы орунга илинген?
өлкөдө дин кандай колдонулуп жатканына өкмөт өзүнүкүн таңуулап жана көзөмөлдөй алабы? Эмне үчүн?
Плакатты мисалга келтирүү менен динди тандоо жана сабырдуулуктун ролу жөнундө пикириӊизди билдириңиз
Колдонмо көнүгүү: ксенофобияны түшунүү учун ролдук оюн
Окуучуларга беш адамдан топко бөлүнүүгө сунуштаныз. Ар бир топко бештен роль берилет.(сиз ролдорду туш келди бөлүп берсениз болот же ар бир окуучу бирден алат). Мындан сон аларга берилген аягы бүтпөгөн кырдаалдарды окуу сунушталат. Алар топ катары кайсы каарман эмне кыларын, алар кырдаалга кандай жооп берерин чечиши керек.
Ар бир топко берилүүчү ролдор:
Мугалим
Х өлкөсүнөн келген киши
Х өлкөсүнөн келген киши
У өлкөсүнөн келген киши
Х өлкөсүнөн келген кишинин ата-энеси
Окуучуларга берилүүчү кырдаалдык мисал
| Класска жаны окуучу келди. Бул окуучу Х өлкөсүнөн келди. Ал жаӊы окуучу Х окуу жылынын ортосунда келди, себеби ата-энеси бул өлкөгө иши боюнча которулган. Ал класстагы башка өлкөлөрдөн келген биринчи окуучу. Ал тынчсызданып турат, мугалим биринчи эле күнү Х өлкөсүнөн келген окуучу менен топко бөлөт. Х өлкөсүнөн келген окуучу аны менен жанаша отургусу жана аны менен сүйлөшкүсү келбейт, себеби ата-энеси жана коомдогу башка адамдар Х өлкөсунөн келген адамдар кооптуу жана ишенимсиз деп айтышкан. Алар окуучуну топко кошпой жана мугалим көрбөй калган учурда аны эликтеп жатышты. Көӊүлү калган жаны окуучу мугалимге ушул кырдаал боюнча мугалимдин чара көрүүгө чолоосу жок. Сабак бүткөндө окуучулардын ата-энеси балдарын алууга келгенде Х өлкөсунөн келген бала өз ата-энесине жаны окуучу жөнүндө даттанат. Атасы мугалимге барып, баласын башка топко которууну суранат. |
Окуучуларга кырдаалдык мисалды окуп чыгып, андан соӊ бүткөрүүчү сценканы аткарып, кандайдыр бир чечүүгө сунуштаңыз.
Ар бир топ презентацияны бүткөн соң ар бир команданын ролдоштуруп аткарышынын бүткөрүлүшүн жыйынтыктаңыз.
Төмөнкүдөй суроолорго жооп берип, пикирлерин билдиришин сураңыз:
Чыныгы турмушта ушундай кырдаалды жолуктурдуңузбу? Же башка өлкөдөн келген адам келген жеринде жашай албай калгандыгы жөнундөгу окуяны уктуңуз беле? Эмне үчүн жашай алган жок?
Мындай алдын-ала жаман ойлоонун келип чыгышынын себеби эмнеде жана мындай жаман ойлор айрым өлкөлөрдө жана коомдордо кандай таасир эткен?
Жыйынтык чыгаруу: бүтүм жана талкуу
Окуучуларды өткөн күн жөнүндө жазышын сураныңыз.
Алар каалаган суроолоруна жооп берет.
Мугалим жаза турган жана чагылдыра турган орун:
___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Көп түрдүүлүктү камтуу
|
|
|
| ||
|
Зарыл материалдар: Дүйнөлүк карта Жыйынтык чыгаруу үчүн суроолорду бастырып чыгаруу Жазуу үчүн китепчелер Бирдей материалдан бешөө. Мисалы беш кыпчыткыч |
Негизги терминдер: Көп түрдүүлүк Кошулуу Камтуу Айырмачылыктар
|
Көндүмдөр Сынчыл ой жүгүртүү Боор тартуу ϴз ара мамиле түзүү | ||
| Аныктамалар:
1. Окуучулар көп түрдүүлүк терминин түшүнө алышат. 2. Окуучулар көп түрдүүлүктү маанилүүлүгү жөнүндө сөзгө кошула алышат
|
| Программа: 1. Башталгыч көнүгүү: көп түрдүүлүктү түшүнүү [5 мүнөт] 2. Колдонмо көнүгүү: көп түрдүүлүктү камтуу [15 мүнөт] 3. Чакан лекция жана тегеректеги көнүгүү [15 мүнөт] 4. Жыйынтыктоо: бүтүм жана талкуулоо [5 мүнөт] |
9-сабак
Башталгыч көнүгүү: көп түрдүүлүктү түшүнүү
Дүйнөлүк картаны доска же башка жерге илиңизбардык окуучулар көргөндөй болсун.
Жоопторду текст бүткөнгө чейин айтпаңыз. Сиз бул текстке стимул кошуу менен көбүрөөк интерактивдүү жана кызыктуу кыла аласыз:
Дүйнөдө канча өлкө бар? Жооп – 195
Дүйнөдө канча дин бар ? Жооп – 4200
Дүйнөдө калктын саны канча? Жооп – 7 млрд.
Кыргызстандын калкынын саны канча? Жооп – 5,72 млн.
Канча адам ар жылы башка өлкөгө миграция болот же башка өлкөдө жашайт? Жооп – 224 млн.
Дүйнө боюнча адамдар канча тилде сүйлөшөт? Жооп – 6500 тилде
Тесттен кийин окуучулардан суроого таң калдыңарбы деп сураңыз. Эмне үчүн?
Жоопторду угуп эмне сездиңиз? Эмне үчүн? (мисалы, бул жооптор мага дуйнө ушунчалык кенен экендигин түшүндүрдү)
Муну көп түрдүүлүк темасы менен түшүндүрүңүз. Окуучулардан алып көп түрдүүлүк терминин кандай түшүнөрүн сураңыз.
Көп түрдүүлүк бүткүл дүйнөдө кабыл алынды деп ойлойсузбу?Эмне үчүн?
Колдонмо көнүгүү: көп түрдүүлүктү камтуу
Бул көнүгүүгө даярданып жатып ар кандай топторго бөлүнгөн бир канча предметтерди чогултуңуз.(мисалы, беш карандаш, беш өчүргүч, беш кыпчыткыч) ошондой эле топко кошула албаган эки буюм болсун (мисалы бир калем сап жана бир дептер)
Сумкага предметтерди топтогу окуучулардын санына жараша салыңыз. Мисалы, 15 окуучусу бар топ үчүн сиз чоң сумкага беш карандаш, төрт өчүргүч, төрт калемсап, бир дептер жана бир кыпчыткыч салсаңыз болот.
Ар бир окуучу сумкадан бирден предмет алып чыксын. Ар бир окуучу бирден предмет алган соң аларды предметке негизденүү менен топко бөлүнүүнү сураңыз.
Эки катышуучу предметтери дал келбегендиктен топтун мүчөсү боло албайт.
Эгер топтор аларга кошулууну сунуштаса алардын предмети дал келбегендиктен алар топко кошула албайт деп айтыңыз. Айрым топтор аларды кошууга аракеттениши кызыктуу. Мындай болсо жыйынтык чыгарып жатып талкуулаңыз.
Жыйынтыктоо үчүн окуучуларды предметтерди сумкага салуу менен бир жамаат болушун сураныңыз.
Бул жерде окуучулар менен жыйынттыктоо үчүн колдонулуучу айрым суроолор келтирилген.
Силер бардыгы өздөрү тиешелүү болгон топту издеп жатканда эмнени байкадыңар?
Силер алар командага киреби же кирбейби деп ойлогондо бул топко кандай таасир этти? Командага тиешеси жок экөөнө кандай тажрыйба болду?
Командаларга киргендер үчүн экөөнүн топко кошулбай жүргөнү кандай таасир этти?
Командага кошулуу сезимин баштан өткөрүү үчүн команда мүчөлөрү эмне кыла алышат?
Команданын капитаны экөөнү кошуу үчүн үндөөдө эмне кыла алат?
Чакан лекция жана тегеректеги көнүгүү
Окуучуларды тегерете турушун сурангыла. “Кошулуу”, “Ар түрдүүлүк” жана “Айырмачылыктар” терминдерине байланыштуу сүйлөшкүлө.
Муну “кошулуу” жөнүндөгү мурунку көнүгүү менен байланыштыргыла
“Алар кошула албай калган учур жөнүндө сурагыла же алардын жанында диндик айырмадан, улуттук тегинен, жынысынан же статусунан айырмаланган адамдар кандай сезет?
Бул эмне үчүн болду же болгон жок?
Биз айрым адамдарды айрым укуктардан же көнүгүүдөн ажыратышыбызга себеп болгон айрым факторлор кайсы?
Кошулуунун артыкчылыгы эмнеде? Эмне үчүн адамдарды кошуу маанилүү?
Кошуу сабырдуулуктун бир башка түрү боло алабы? Же бул нерсе мындан чоң нерсеби?
Жыйынтык чыгаруу: бүтүм жана талкуулоо
Окуучуларды бүгүнкү күн жөнүндө дептерлерине жазуусун сураныңыз. Алар каалаган суроолоруна жооп бере алат.
Мугалим жаза турган жана чагылдыра турган орун:
_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Биргелешип иш жургузуу жана кызматташтык
|
Зарыл материалдар Чагылдыруу үчүн китепче таза барактар түстүүкарандаштар
|
Негизги терминдер
кызматташуу биргелешип иш жүргүзүү ийкемдүүлүк топтук жумуш
|
көндүмдөр
сынчыл ой жүгүртүү боор тартуу өз ара алака түзүү
|
| Аныктамалар: 1. Окуучулар кызматташуу жана биргелешип иш жүргузуу терминдерин аныктайт. 2. Окуучулар түрдуу топтогу адамдар арасындагы кызматташуунун жана биргелешип иш жүргузүүнүн пайдасын жана эки терминдин маанисин түшүнөт. |
| Программа: Башталгыч көнүгүү: цитаталарды интерпретациялоо [5 мүнөт] Колдонмо көнүгүү: сурот тартуу учуру [15 мүнөт] Акыл калчоо жана чакан көнүгүү [15 мүнөт] Жыйынтык чыгаруу: бүтүм жана талкуулоо [5 мүнөт]
|
10-сабак
Башталгыч көнүгүү: кызматташтыкты түшүнүү
Бул цитатаны доскага жазып, андан эмнени түшүнгөнүн алгач өз алдынча, андан соң жубу менен талкуулоону мугалим суранат.
Цитата «жалгыз аз нерсени гана жасай алсак, чогуу көп нерсени жасай алабыз» - Элен Келлер
Окуучулардан цитатадагы ой менен макул же макул эмес экендиги жөнүндө ойлонууга чакырыңыз. Эмне үчүн?
Айрым окуучуларды же жуптарды цитата жөнүндө эмне ойлошкону жөнүндө класс менен бөлүшүүсүн сураныңыз.
Колдонмо көнүгүү: сурөт тартуу учуру
Окуучуларды 5 кишиден топко болүп, ар бир топко бирден барак жана карандаш же түстүү карандаш бергиле.
Ар бир топтон бирден окуучу форма же контур тартып баштайт. Сүрөт андан кийин команданын башка мүчөсүнө берилет, ал сүрөткө кошумча киргизет ж.б.
Ар бирине кошумча тартканга 5 секунда берилет.
Сүрөт тартканга чейин жана тартылып жатканда команда мүчөлөрүнүн арасында талкуу болбойт.
Сүрөт бир мүнөттүн ичинде тартылып бүтүшү керек.
Сүрөт тартылып бүткөн сон төмөнкү суроолорду жыйынтык чыгаруу үчүн бериңиз:
Топ тарткан сүрөттө маани барбы?
Жамаат менен иштөө кызыктуу болдубу?
Жамаат мүчөлөрү бул тапшырманын үстүндө кандай иштешти?
Чектелген убакыт эмне жана кантип тартылганын кандай өзгөрттү?
Муруңку тартканга кошумча тартуу жеңилби же жаңы тартуу женилби? Эмне үчүн?
Жаңы тартылган сүрөттө эмне болушун каалайсың?
Эмне үчүн акыл ачык болуш керек?
Ийкемдүүлүктү кызматташтык менен байланыштыра аласызбы?
Стресс учурунда жамаат менен кызматташуу идеясы жакшыбы?
Акыл калчоо жана чакан көнүгүү:
Окуучуларга эки көнүгүүдөн эмнени үйрөнүшкөнүн сураңыз, ошондой эле муруңку берген аныктамадан азыркы кызматташуу жана биргелешип иш жүргүзүү аныктамасына айырмалоо үчүн колдонуңуз.
Кызматташуу жана биргелешип аракеттенүүнүн мааниси эмнеде?
Кызматташуу же бирөө менен биргелешип иш жүргүзүү процессине тоскоол болуучу факторлор кайсы? (мисалы, жыныстык, диний, статустук айырмачылыктар)
Сиз кимдир бирөө менен кызматташууга аракет кылганда кандай жеке көйгөй жаралды?
Жыйынтык чыгарган соң окуучуларды туш келди беш адамдан топ түзүүсүн сунуштаңыз.
Беш мүнөттүн ичинде топтун беш мүчөсүнүн он окшоштугун табышын сураныңыз.
Бул жакшы көргөн тамагы, музыкасы өңдуу түрдүү окшоштук болушу мүмкүн.
Жалгыз эреже: топтун бардык беш мүчөсү тен макул болушу керек
Ар бир топ ой бөлүшкөн соң, алар ич ара окшоштукту кантип табышканын сураңыз. (мисалы натыйжалуу байланыш)
Кимдир бирөө менен окшоштук бар экенин билсеӊ эмне болот? Бул силерди жакындатабы? Эмне үчүн?
Сиз жакшы билген адамдар жөнүндө билгениӊизди аны менен биргелешип иштөө жана кызматташууда кандай колдоно аласыз?
Бүткөн соң окуучуларга айлана –чөйрөдөгү адамдар менен натыйжалуу байланыш болсо эмне болорун айтып бериңиз. Бул өз ара байланышты жеӊилдетеби? Эмне үчүн?
Кызматташуу менен биргелешип иш жүргүзүүнүн артыкчылыгы эмнеде? Бул топтук ишти жеӊилдетеби? Чыныгы турмуштан алган тажрыйбаны мисал келтиргиле.
Жыйынтык чыгаруу:бүтүм жана талкуу.
Окуучулардан бүгүнкү алганын дептерге жазуусун сураныңыз. Алар каалаган суроосуна жооп берсе болот.
Мугалим жаза турган жана чагылдыра турган орун:
_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
ϴз ара байланышкандык
|
Зарыл материалдар: Чагылдыруу үчүн китепче Контейнер Барактар карандаштар |
Негизги терминдер: ϴз ара байланышкандык Ааламдашуу Адвокатура |
Көндүмдөр Сынчыл ой жүгүртүү Боор тартуу ϴз ара мамиле түзүү |
| Аныктамалар: Окуучулар ааламдашуу терминин анын кандай оң жана терс жактарын бар экендигин кандай түшүнөрүн билдиришет. Окуучулар ааламдашуу өз ара байланышкандыкка алып келерин жана бүткүл дүйнө жарандары кандай байланышта экенин түшүндүрө алышат. |
| Программа Башталгыч көнүгүү: менин кызыгууларым кандай жана алар кандай жаралды? [15 мүнөт] Акыл калчоо: ааламдашуу жана өз ара байланышкандык. [15 мүнөт] Колдонмо көнүгүү: түйдөктү ыргытуу [10 мүнөт] Колдонмо көнүгүү: чечим табуу жана түзүү [10 мүнөт] Жыйынтык чыгаруу: бүтүм жана талкуу. [5 мүнөт]
|
11 – сабак
Башталгыч көнүгүү: мендеги кызыкчылыктар кандай жана алар кантип жаралды?
Окуучулар сүйгөн спортун, тамагын, суусундугун, фильмин, музыкантын тез ойлонбой туруп жазышсын.
Тизмедеги ар бир буюм/продукт кайдан келгенин, чыккан өлкөсүн коңшулар табыш үчүн алар менен бөлүшүү керек.
Азык-түлүктү жана идеяларды биз башка жактардан алып жаткандыгыбыз жөнүндө идея ааламдашуу деп аталарын талкуулагыла.
Акыл калчоо: ааламдашуу жана өз ара байланышкандык
Ааламдашуу окуучулардын аныктама беришин жана терминди кандай түшүнөрүн сураңыз
Төмөндөгү суроолорду ишара катары алып класста талкуу жүргүзүңүз:
Ааламдашуу оң көрүнүшпү же терс көрүнүшпү? Кандайча?
Ааламдашуу өз ара байланышкандыкка алып келеби?
Дүйнө кандай байланышкан? Сиз коом, өлкө жана дүйнө катары байланышкандан башкача ыгын ойлоп таба аласызбы? 1-2 мисал келтириңиз. Мисалы, джинсы. Анын кездемеси биринчи жолу Италияда чыгарылса да дүйнөдө канча адам джинсы кийип жүрөт.
Ааламдашуунун жана өз ара байланышкандыктын туруктуулукка кандай катышы бар? Биз туруктуу болбосок эмне болот? Бул силерге гана таасир этеби же башкаларга дагыбы?
Колдонмо көнүгүү: түйдөктү ыргытуу:
Адамдар бүт дүйнө жүзүндө бет келген түрдүү кырдаалдарды талкуулагыла. Бул көйгөйлөр түрдүү денгээлде болушу керек: өздүк, мектептик, коомчулукта, өлкөдө жана ааламда, түрдүү темаларды камтышы керек: саясий, социалдык, маданий жана экономикалык
Ар бир окуучу бир көйгөйдү жазсын жана контейнерге салсын.
5-8 окуучу бирден сценарий алсын жана класстын алдына отурсун.
1- окуучу түйдөк жипти алып көйгөйдү/сценарийди окуйт да түйдөктү башка окуучуга тоголотот.
2-окуучу түйдөктү тосуп алат да, анан көйгөйүн/сценарийди окуйт, окуучу же класс алардын көйгөйүн мурунку көйгөй менен кандай байланышарын аныктоого аракеттенет. Андан сон түйдөктү башка окуучуга жылдырат, ал дагы мурдагы окуучу кылганды аткарат.
Мисалы, окуучу «жакырдык» көйгөйүн жазса, кийнки окуучу «алсыздык жана билимсиздик» көйгөйүн жазат. 2- окуучу «алсыздык жана билимсиздик» көйгөйү «жакырдык» менен байланышарын талкуулашы керек. Мисалы, «билимсиздик» жакырдык менен байланыштуу, себеби жакыр аймактарда мектептер аз, болсо да сапатсыз, себеби бул мектептерге инвестиция салууга каражат жетишсиз. Ошондой эле жакыр райондордо окуучулар мектепке баруунун ордуна иштеши керек.
Аягында түйдөктөгү жиптен желе түзүлүшү керек, бул көйгөйлөр жана туруктуулук милдеттери окшош экендигин көрсөтөт.
2-көнүгүү чечим табуу жана түзүү
Көйгөйлөр боюнча акыл калчоону 1-көнүгүүдө жогоруда көрсөтүлгөндөй өткөрүңүз. Бул көйгөйлөрдү доскага ырааты жок туш келген тартипте жазыңыз.
Класс же топ катары көйгөйгө түрдүү таасирлердин деңгээлинин санын жазып , талкуу өткөрүңүз. Көйгөйлөрдун биринен экинчисине доскага сызык менен байланыштырып көйгөйлөр торун түзүңүз. Бардык көйгөй торго киргизилгенине көзүңүз жетсин.
Окуучулар көйгөйгө себеп болгон жана чече алган адамдарды коому менен кошо санап чыгышсын.
Көйгөйдүн себеби болгон жана аны чече алган адамга же топко кат жазышсын.
Жыйынтык чыгаруу: бүтүм
Бүгүнкү күн жөнүндө окуучулардын жазышын сураныңыз. Алар өздөрү каалаган суроолоруна жооп бере алышат.
Мугалим жаза турган жана чагылдыра турган орун:
_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
1-ТИРКЕМЕ. Глоссарий (сөздүк)
Адвокатура: бир себеп менен жумуш же саясат үчүн колдоо көрсөтө турган уюм.
Алдын-ала калыптанган ой: бир нерсенин, адамдын, топтун пайдасына же ага каршы алдына-ала ойлоо.
Кызматташуу: Кимдир бирөө менен бир нерсе жаратуу үчүн өндүрүү же жаратуу
Коллектив: кайсы бир жумуш аткаруу үчүн адамдар жараткан топ
Чыр-чатак: олуттуу талаштар же келишпестиктер
Сактоо: үнөмдөөчү иш-чаралар, атап айтканда бир нерсени сактап калуу
Биргелешип иш-аракет жасоо: жалпы максатка жетүү үчүн топ менен иштөө процесси
Диалог: Эки же андан көп адамдардын ортосундагы маек, сүйлөшүү
Айырмачылыктар: адамдардын же бир нерселердин окшош эместиги, окшошпогон көз караш же ыкма
Сыйлабоо: сыйдын жоктугу
Ар түрдүүлүк: бир топтун ичинде айырмачылык болгон абал
Камтыган: каалоо жана энтузиазм менен кабыл алуу жана колдоо (ишенимди,теорияны же өзгөрүүлөрдү)
Курчап турган чөйрө: адам, жаныбар же өсүмдүктөр жашаган чөйрө же шарттар
Ийкемдүүлүк: өзгөртүүнү каалоо же келишүү
Жыныс: эркек же аял абалы
Ааламдашуу: адамдар, идеялар жана товарлар бүт дүйнөгө таралып, дүйнөлүк маданияттар, өкмөттөр жана экономикалар тыгыз кызматташууга жана интеграциялоого өтүшүн стимулдаштырылган процесс
Аныктоо: тигил же бул нерсе менен так ассоциация кылуу
Окшоштук: адам же буюмдун ким же эмне экенин билдирген факты
Таасир кылуу: кимдир бирөөгө же бир нерсеге күчтүү эффект жаратуу
Кошулуу: кошулуу аракети же статусу, топко же түзүмгө киргизүү
Теӊсиздик: теӊдиктин жоктугу
Байланыштуулук: бардык буюмдарда окшоштукту көргөн дүйнө таанымдын бир бөлүгү
Маӊкурт: түрк мифологиясындагы акыл-эсин жоготкон кулду билдирген термин
Миф: элдин байыркы тарыхына тиешелүү айрым табият жана социалдык кубулуштарына тиешелүү түшүндүрмө
Алдын-ала жаман ойлоо: акылга же практикалык тажрыйбага негизделген алдын-ала аныкталган ой
Өз ара мамиле: эки же андан көп түшүнүктөр, предметтер же адамдардын байланыш ыгы
Уруксат: проблеманы же чыр-чатакты чечүүчү иш-аракет
Сый: адамга же башка нерсеге анын мүмкүнчүлүктөрүнө, сапаттарына жана жетишкендиктерине негизденүү менен тереӊ таазим этүү
Өзүн-өзү аӊдап билүү: өз мүнөзүн, сезимдерин, мотивдерин жана каалоолорун жакшы билүү
Өзүнө-өзү ишенүү: өзүнүн сапаттарына, шыгына жана пикирине ишеним сезими
Окшош: бирдей болбой туруп окшошуу
Статус: кимдир бирөөнү же бир нерсени социалдык, кесиптик же башка жактан аныктаган нерсе
Күчтүү жактары: күчтүү болуу сапаты же статусу
Топтук иш: адамдар тобунун кошулуп иш аракет жасашы
Сабырдуулук: бир нерсе менен, тактап айтканда пикир же мүнөз менен макул болбосо да кабыл алуу жөндөмү жана даярдыгы
Ксенофобия: башка өлкөдөн чыккан адамдардан коркуу же туура эмес кабыл алуу.
2-ТИРКЕМЕ. Баалоо рубрикасы………………………………
Төмөнкү таблица сабактын аягында окуучуларыңыздын катышуусун жана алардын сабакты түшүнүүсүн текшере турган рубриканын үлгүсү
| көндүмдөр
| Эң жакшы (4) | жакшы (3) | канаттандырарлык (2) | жаман (1) |
| катышуу* | Сынчыл ой жүгүртүү менен өздөрүнүн ой-пикирлерин айтып, дискуссияларга көп катышат | Негизги ой-пикирлерин айтууга, сынчыл ой жүгүртүү аркылуу талкууларга катышат | Сынчыл ой жүгүртүүсү азыраак, талкууларга көп катышпайт | Дискуссияларга сейрек же эч кандай кызыгуу жок, талкуу же анализдөө учурунда активдүү эмес |
| Креативдүүлүк | ϴзүнүн оюн билдирүү үчүн жеке ой-пикирлерин гана пайдаланат
| ϴзүнүн жеке ой-пикирлерин пайдаланат
| Жеке ой-пикирлерин көп учурда пайдалана албайт, ошондой эле өнөктөшүнүн таасири байкалып турат
| Жеке ой-пикирлерин сейрек пайдаланат жана активдүү эмес,
|
| Мазмуну | Түп мазмуну жакшы ойлонулган жана жакшы уюшулган. Ар дайым сынчыл ой жүгүртүүсү көп байкалып турат | Баштапкы мазмуну негизинен жакшы уюштурулган. Сынчыл ой жүгүртүүсү кездешип турат | ϴнөктөшүнүн таасири мазмунунда эле көрүнүп турат, сынчыл ой жүгүртүүсү сейрек кездешет | Мазмуну оригиналдуу эмес, сынчыл ой жүгүртүүсү таптакыр байкалбайт. Мазмунунда эч кандай далилдерди көрүүгө мүмкүн эмес жана ал дээрлик эч кандай уюштурулган эмес. |
| Топ менен иштөө | Көнүгүүнү аткарыш үчүн окуучулар боорукердик жана өз ара эффективдүү байланыштарды көрсөтүп, топтун ар бир мүчөлөрүн угуп жана алардын оюн талкуулашат. | Окуучулар боорукердик көндүмдөрдү жана эффективдүү мамилелерди көрсөтүүдө. Алар бири-бирин уга билип, көп учурда натыйжалуу сүйлөшүшөт. Көпчүлүк окуучулар көнүгүүнү аткарыш үчүн дискуссияларга катышышат. | Окуучулар боорукердик көндүмдөрдү жана эффективдүү мамилелерди көп көрсөткөн жок. Кээде угуп ошондой эле натыйжасыз сүйлөшүп отура беришет. Берилген тапшырма топтун бардык мүчөлөрү тарабынан аткарылган жок. | Окуучулар боорукердик көндүмдөрдү жана мамиле түзүүлөрүн көрсөткөн жок. Эффективдүү талкуулар байкалган жок. Окуучулардын көпчүлүгү, топтун мүчөлөрү көнүгүүнү аткаруу үчүн катышкан жок
|
Пайдаланылган адабияттар
Широ, M. С. (2013). Окуу пландын теориясы: карама-каршы көз караштар жана туруктуу көйгөйлөр. Лос-Анджелес, Калифорния: Sage басылмалары
Рихт, C., Манназоко, C., и Пасик, M. (2006). Балдардын эс алуучу мектеби;колдонмо, 1–244. Нью Йорк: ЮНИСЕФ. http://www.unicef.org/publications/files/Child_Friendly_Schools_Manual_EN_040809.pdf алынган
Сканнел, M. (2010). Чыр-чатактарды жалпылоочу оюндардын чоң китеби. Чикаго, McGraw-Hill компаниясы.
http://www.institutik.cz/wp-content/uploads/2010/10/The-big-book-of-conflict-resolution-games.pdf булактан алынган
Хадлстон, T. (2010). Жарандык билим берүү сабагын окуткан мугалим: жаңы сабак же жаңы сабактын түрү үчүн тренинг. http://www.jsse.org/index.php/jsse/article/viewFile/995/898 алынган
34