СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акыл ордо интелектуалдык таймашы

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Акыл ордо интелектуалдык таймашы»

Саламатсыздарбы урматтуу эжелер, көрүүчүлө жана катышуучулар. Математика- илимдердин падышасы деген темадагы акыл ордо интелектуалдык таймашыбызды ачык деп жарыялап. Кыскача Математика кантип пайда болгон токтоло кетейин.

Математика деген эмне?

Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,

Бул экөөнөн урмат сыйды көп көрөт- демекчи өздөрүнүн билими менен дүйнөнү жаркыратып, жарык кылам деген жалан гана акылдуу, мыкты сегиз катышуучубуз таймашка даяр турушат. Анда эмесе окуучулар менен таанышып алалы.

  1. Мурас кылган ата-салтын сактайлы,

Беттешүүнү салам менен баштайлы.

Мен Исакова Айдай ийилип таазим этип сиздерге,

Математика илиминде билимимди сынап көрүүгө келдим.

  1. Мен Абдыназарова Малика-

«Сокур дешет билимсизди жөн дебе, окуу гана жарык чачат дүйнөгө» демекчи мен ар дайым билимдүү болууну самайм.

  1. Мен Алмазбекова Саяна.

«Ата-энемдин алкышына татыган, Улуу элдин маңдайына жазылган.Адам болуп из калтырган дүйнөгө,Татаал тагдыр сыноосуна сынбаган» деген ураан менен билим алып келемин.

  1. Мен Сарталиев Эрбол.

Бабам Манас пир туткан.

Мекенимдин куржунун толтурууга, илим билим чырагына кол сунган»- дегендей мен билимдүү жаштардын катарын толуктагым келет.





  1. Мен Абдыкапарова Анара.

Менин жашоодогу урааным окуу,окуу жана окуу. Мына ошол ураанымды чыңдаш үчүн «Акыл ордо» интелектуалдык таймашына келдим.



  1. Мен Арстаналиева Мырзайым.

«Билими күчтүү миңди жыгат,

Билеги күчтүу бирди жыгат” дегендей мен ар дайым билимдүү адамдардын катарын толуктагым келет.

  1. Мен Алишеров Ырыскелди.

«Билим түгөнгүс байлык» дегендей өз билимимди сынап көрүүнү чечтим.

  1. Нарктуу салам айтайын,

Намысты колдон чыгарбай.

Орун алып таймаштан,

Билимимди чыңдайын деген үмүт менен

Мен Масалбекова Айзирек.



Азаматсыңар балдар «Акыл миң күндүк, кийим бир күндүк» экендигин данктаган биздин сегиз катышуучубузга ийгилик каалайм.

Анда эмесе таймашыбызды баштасак.













Акыл ордо таймашы.

Акыл ордо таймашынын максаты:



а)Таймаш аркылуу окуучулар алган билимдерин бышыкташат ., билимдин баалуулугун сезишет.Тапкычтыктарын өркүндөтүү менен билимге болгон кызыгуусун арттырышат.



б)Математикага болгон шыгын жана демилгесин ойготушат.



в)Ой жүгүртүү маданиятына жана улуттук баалуулуктарды эстеп, сактап калууга үйрөнөт.



Акыл ордо оюнуна 8 окуучу катышат .



Оюн 4 турдан өтөт .



1- тур----- 8 окуучу тест .

2-тур----- 6 окуучу суроо-жооп

3- тур----- 4 окуучу категория.

4- тур---- 2 окуучу жеңүүчү.

1- турдун 10 суроосу:

  1. Аябастан акырын айта берет акылын?

а)кошунаң б)мугалим

в) ата-энең

2.КРнын эгемендүүлүк күнү кайсы күн?

а) 1-сентябрь б)21- март

в)31- август г)июнь

3.Кайсы планетада жашайсың?

а)юпитер б) марс

в) жер г) сатурн

4.Көпчүлүк болуп аткарган иш эмне д.а ?

а)той

б)ашар

в)чогулуш

5.Жылдын эң кыска айын атап бер?

а)январь

б) февраль

в)март

г)сентябрь

6.100 сомдо кимдин сүрөтү бар?

а)К.Тыныстанов

б) Б.Бейшеналиева

в)А. Осмонов

г) Т. Сатылганов

7.202 көз канча адамга таандык?

а)1 б) 2 в)101 г) 20

8.Эки санды кошуудан алынган сан эмне д.а?



9. Кайсы санды бөлүүгө болбойт?

а) 0 б) 1 в)3 г) 9

10.Бөлүнө турган сан эмне д.а?

а)кемүүчү б) бөлүнүүчү в) бөлүүчү



Математикалык диктант

  1. 50дөн 4 менен 3түн көбөйтүндүсүн кемит. ( 50-12=38)

  2. 30 менен 50нүн суммасын 2ге бөл. (80:2=40)

  3. 15 санын 6 эсе көбөйт. (15х6=90)

  4. 60ты 3 эсе көбөйт,400дү 5 эсе көбөйт. (60х3=180, 400х5=2000)

  5. Кемитүүчү 175, кемүүчү 169 айырманы 2 ге бөл.( 6:2=3)

  6. 6 менен 6нын суммасын 6га бөл. 12:6=2

























2-тур

  1. Кайсы фигуранын аягы жок? (айлана)

  2. Столдун төрт бурчу бар.Бир бурчун алып салса канча бурчу калат? (беш бурчу)

  3. Борбор шаарыбыз? (Бишкек)

  4. Аягы нөл менен бүткөн сандар эмне д.а ? (тегерек ондуктар же сандар)

  5. Өсүмдүктөр жөнүндөгү илим ?( биология)

  6. Тик бурчтуктун периметрин кантип табабыз? (Бардык жактарынын жактарын өлчөп коебуз)

  7. Канча созулма үндүү тамгалар бар ? ( 6 аа,оо,уу,үү,оо,ээ)

  8. 1кг таш оорбу же 1кг пахта оорбу ? (экөө тең)

  9. Кыргыз тилинде канча тамга бар? (36)

  10. Классыңда канча окуучу бар? ( 34)























3-тур

Математика категориясы.

  1. Бирден 100гө чейинки сандарда, 9 цифрасы канча жолу жолугат? (20)

  2. Эмне дайым чоңоет, бирок эч качан кичирейбейт? (адамдын жашы).

  3. Санда канча цифра болсо, ошончо тамга болгон сан? (100-жүз, 10-он)

  4. Күндүн узактыгы 9 саат болсо, түндүн узактыгы канча? (15 саат)

  5. Бүтүн сандардын жыйындысы кайсы тамга менен белгиленет? (Z)

  6. Баардык так илимдер сүйлөөчү тил? (математика)

  7. Жарым түз сызык эмне деп аталат? (шоола)

  8. Жайылган бурчтун жарымы кандай бурч? ( Тик бурч)

  9. Саат 6.00дү көрсөткөндө, жайылган бурч болобу? (ооба)

  10. Бурчту эмне менен өлчөйбүз? ( транспортер)

















« К тамгасы» категориясы

  1. Салмактын бирдиги. (кг)

  2. Маалымат менен иштөөчү универсалдык машина (компьютер).

  3. Компьютер менен иштеп жатканыбызда биздин кайсы органыбыз көбүрөөк жабыркайт? (көз)

  4. Бардык жактары барбар болгон фигура? (квадрат)

  5. Тамак жазаганда казанга биринчи эмне салынат? (көз)

  6. Адам денесинде айлануучу суюктук?(кан)

  7. Сенин өлкөң? (Кыргызстан).

  8. Кыргыздын улуттук аспабы? (Комуз)

  9. Даражадагы 3 эмне деп аталат. (Куб).

  10. Улуттук суусундук? (Кымыз).





























Макал-лакаптар” категориясы

  1. Баатыр бир өлөт, коркок канча өлөт? (миң)

  2. Жамандын миң сөзү, жакшынын канча сөзүнө татыйт? ( 1)

  3. Кыздын канча чачы уулу? ( кырк)

  4. Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү канчаны жыгат? ( 1ди)

  5. Жети өлчөп канча кес? (1)

  6. Бир карын майды, бир ...... чиритет? ( кумалак)

  7. Айдаганы канча эчки ышкырыгы таш жарат? (төрт)

  8. Миң уккандан канча көргөн артык?(1)

  9. Беш кол .... (тең эмес)

  10. Эмгек менен жер көгөрөт, бата менен... (эл көгөрөт)

























Мектеп” категориясы

  1. Бул нерсенин үнү окуучуларды сабакка чакырат? ( коңгуроо)

  2. Билим күну качан белгиленет? ( 1-сентябрь)

  3. Класстык журналдагы сандар,булар- ? (баалар)

  4. Узундукту өлчөө үчүн колдонулган мектеп куралы? ( сызгыч)

  5. Тарбия кени мектеп, ал эми билим кени? (Китеп)

  6. “Канааттандыраалык” баасы сан түрүндө канча деген бааны түшүндүрөт? (3)

  7. Окуучуларга арналган мектептеги бөлмөлөр? (класс)

  8. Бул кесиптин ээсин “мөмөлүү даракка” салыштырып келишет? ( мугалим)

  9. Балдардын ден-соолугуна кам көргөн мектептеги сабак? (дене-тарбия)

  10. Канча деген баага окуган окуучуну “отличник” деп атайбыз? (5)





















4-тур. Логика

  1. Түшкү тамакты жеп жатып 4 тиштүү вилка менен 12жолу кленка дасторконду тешсек, кленка дасторкондо канча тешик пайда болот? (48)

  2. Сен сууга 8 метр бийиктиктен секирүүнү чечтиң дейли, секирип 5 метр өткөндө кайра ойлондуң. Сага өз эркиңден сырткары канча метр учууга туура келет? (3 метр)

  3. Пожарныйларды 3 секундада шымын кийүүнү үйрөтүшөт. Жакшы үйрөнгөн пожарный 1 минутада канча шым кийгенге үлгүргөн? ( 20)

  4. 1.2.3.4.5 сандарды ордунан жылдырбай математикалык амалдарды кашааны коюп жообу 100 болгудай кылгыла. (1•2+3)•4•5=100

  5. Кайсы жерде аттын буту болбойт? (шахматта)





Баардыгы “Акыл ордого” билимин сынаганы катышат, ал эми кээ бир окуучулар билимине билим кошкону катышат экен. Азаматсыңар жалпы катышуучулар!!!

Анда эмесе таймаштын жыйынтыгын угалы:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!