Просмотр содержимого документа
«Акыл ордо тарых»
Акыл ордо
1-тур
Тарых
1-суроо
Гитлер СССРден жеңилүүсүн эки себеп менен түшүндүргөн. Алар кандай себептер?
1.Россиянын катуу суугу
2.Партизандардын күтүүсүз соккулары
2-суроо
Кыргыз тарыхындагы «Улуу кыргыз дөөлөтү» деген убакытты билебиз. Ал доордун экинчи аталышы эмне деп аталат?
Жылдыз сермеген сааттар
3-суроо
Курманжан датканын Кыргызстандын саясий тарыхындагы орду чоң. Ал 1876-жылы келишим түзүү боюнча Ошко келген орус аскер башчысы, генерал М. Д. Скобелевге кылыч менен кошо жети ачкыч дагы тапшырган. Кылыч согушту токтоткондугунун белгиси катары тартуу кылынган. Ал эми жети ачкыч бергендиги эмнени билдирген?
Ошол мезгилде Россия империясынын курамына кирбеген төмөнкү жети шаар калган болчу: Ош, Анжиян, Маргалан, Кокон, Наманган, Ходжент. Жети ачкыч бергендиги ошол шаарларды да силерге тапшырдык дегенди билдирген.
4-суроо
Кайсы башкаруучу Кокон хандыгын эң көп убакыт, башкача айтканда, 28 жыл башкарган?
Нарбото бий
5-суроо
Эмне үчүн Юлий Цезарь лавр жалбырагынан жасалган таажыны кийип жүргөн?
Башында пайда болгон кашкасын жашыруу үчүн
6-суроо
Эки жолу Социалисттик эмгектин Баатыры деген наам алган аялды атагыла?
Зууракан Кайназарова
2-тур
Сүрөттөр сүйлөйт
7-суроо
8-суроо
9-суроо
Билимдүүнүн түнү – күн,
Билимсиздин күнү – түн.
10-суроо
Бакылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз,
Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз.
11-суроо
Баланы - жашынан, аялды - башынан.
12-суроо
Жатып өлгөнчө, атып өл.
3-тур
Ар түркүн суроолор
13-суроо
Кыргыздардын боз үйүнүн уникалдуулугу бүгүнкү күнгө чейин көпчүлүктү таң калтырып келет. Анткени жылдын төрт мезгилинде тең жашоого болот. Боз үйдүн сырткы көрүнүшү чоң болгону менен, эшиги кичинекей формада. Бул өзгөчөлүк кыргыз элинин маданиятына да байланыштуу.
Суроо: Эмне үчүн ата-бабаларыбыз боз үйгө жупуну эшик коюшкан?
Салтка ылыйык биздин чоң аталарыбыз боз үйдүн ичинде отургандарга, сырттан кирген адам салам салгандай эңкейип, жүгүнүп кирүүсү үчүн жупуну эшик коюшкан.
14-суроо
2010-жылы АКШда радио алып баруучулардын арасында мелдеш өтөт. Мелдештин жобосуна ылайык ар бир катышуучу узак убакытка токтобостон сүйлөп, өзүнүн чеберчилигин көрсөтүшү керек эле. Жыйынтыгында Япониялык катышуучу 220 саат тынбай сүйлөп жеңүүчү болгон. Кызыгы, ал ушул эле мелдеште өзү билбеген абалда дагы бир рекорд койгон.
Суроо: Ал кандай рекорд болгон?
Уктабаган
15-суроо
Бул нерсе адамга эки жолу бекер берилет, ал эми үчүнчүдө акчага сатып аласың. Ал эмне?
Тиш
16-суроо
Кыргызстанда тарыхый мааниге ээ бир тоо бар, ал тоо өзүнүн жайгашкан жеринин жүрөгү деп аталып келет.
Суроо: Ал кайсы тоо жана кайсы жерде жайгашкан?
Сулайман-Тоо, Ош шаарында
17-суроо
Бул нерсе кытайда ойлоп табылган. Жаңысында акчага сатып алганыбыз менен анчалык баалуулугу жок, ал канчалык булганган сайын баалуулугу артып бара берет. Ал эмне?
Кагаз
18-суроо
Ал тирүү жан эмес, бирок анын беш колу бар. Ал эмне?
Колкап