СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акыл ордонун жыйынтыгы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Акыл ордонун жыйынтыгы»





Акыл ордо” интелектуалдык таймаш

Билим издеген өсөр . Билимдүүгө дүйнө кең демекчи бүгүнкү “Акыл ордо” интелектуалдык мыктылардын таймашына кош келипсиздер.

1 Оюнчуларды тааныштыруу

Билимдүү акыл берет, Акылдуу накыл берет.

Билимден өткөн досуң жок.

Билим- түбү жок чексиз аалам.

2 Эрежелер:

Оюн үч раунттан турат, бир суроого төрт вариант бар.

Алты эң мыкты окуучу катышат.

1-раунтта 18 суроо берилип, алдыңкы төрт окуучу 2- раунтка өтөт.

2-раунтта 8 категория болот, 4 окуучу катышат.

  1. Фонетика

  2. Морфология

  3. Синтаксис

  4. Ооба же жок

  5. Макал-лакаптар

  6. Фразеологизмдер

  7. Ч. Айтматовдун каармандары

  8. К” тамгасы менен башталган сөздөр

3-раунтка 2 окуучу катышат, 4 логикалык суроо берилет.

1-раунд ( 18 суроо)

  1. Ч. Айтматовдун киндигин кесип, атын койгон инсан ким?

А) Кайыргүл Б) Каракыз

В) Канымай Г) Канымжан

2 “Саманчынын жолу “ повестинде биринчи комбайн минген адам ким?

А) Касым Б) Субанкул

В) Садырбек Г) Жайнак

3 Толгонайдын кошунасы ким?

А) Анаркан Б) Айша

В) Айбүү Г) Айна

4 Ч.Айтматовдун ата-энесине арнап жазган чыгармасы кайсы?

А) “Биринчи мугалим” Б) “Ак кеме”

В) “Саманчынын жолу” Г) “Бетме-бет”

5 Ч. Айтматовдун эң алгачкы сыйлыгы?

А) Эл жазуучусу Б) Бир жилик эт

В) Нобел сыйлыгы Г) Ленин сыйлыгы

6 Ч. Айтматовдун “Кыямат “ романы канчанчы жылы жарыяланган?

А) 1986-жылы Б) 1982-жылы

В) 1980-жылы Г) 1985-жылы

7 “Ысык-Көл форумунун” президенти ким болгон?

А) Ч. Айтматов Б) Р. Отунбаева

В) А. Акаев Г) Ж. Турусбеков

8 Абдыганы Эркебаевдин 2018-жылы канча жылдыгы болду?

А) 70 жылдыгы Б) 80 жылдыгы

В) 65 жылдыгы Г) 60 жылдыгы

9 Ноокат району канчанчы жылы түзүлгөн?

А) 1923-жылы Б) 1927-жылы

В) 1928-жылы Г) 1929-жылы

10 19-кылымдын башында бул кийимди кийизден бычып, ак же боз түстө болуп, жеңи колду жаап, жакасыз же жаклуу болгон.Бул кайсы кийим?

А) Көйнөк Б) Шым

В) Чыптама Г) Чепкен

11 “Көк асаба” романынын автору ким?

А) Т. Касымбеков Б)Т.Сыдыкбеков

В)К.Баялинов Г)К.Жантөшөв

12 Сырдык сөздөр башка сөз түркүмдөрүнөн эмнеси менен айырмаланат?

А) Жазылышында Б) Айтылышында

В) Айырмаланбайт Г) Ички сезимди билдирген сөздөр

13 “Манас” эпосундагы Коңурбайдын минген атынын аты?

А) Ак кула Б) Тайтору

В) Сарала Г) Алгара

14 Кыргыз жигиттери куруна ар дайым кандай буюмдарды кыстарып жүргөн?

А) Шибеге Б) Бычак

В) Устара Г) Бардыгы

15 Гүлүмкан деген каарман Ч. Айтматовдун кайсы чыгармасындагы каарман?

А) “Тоолор кулаганда” Б) “Бетме-бет”

В) “Кыямат” Г) “Гүлсарат”

16 Ч. Айтматовдун белгилүү карышкырлары.

А) Карышкырлар Б) Бөлтүрүктөр

В) Акбара, Ташчайнар Г) Ташчайнар

17 Жаңы келген келинге бериле турчу кездеме буюм кайсы?

А) Жууркан Б) Көшөгө

В) Сеп Г) Көйнөк

18 Айранды кимдер үйлөп ичет?

А) Чет элдиктер Б) Айран ичпегендер

В) Сүткө оозу күйгөндөр Г) Ичкиси келгендер

























Логикалык суроолор

  1. үйдө чоң эненин Амантай небереси, Борсолдой күчүгү жана Чокчолой мышыгы бар. Бардыгы болуп чоң эненин канча небереси бар?

Бир небереси бар.





  1. “Жеңишбек” поэмасынын оригинал жазмасынан 4 сап үзүндүнү канча сомдук банкнотадан көрүүгө болот?

200 сомдук



  1. Талаада жашыл түстө , базарда кара түстө, үйдө кызыл түстө бул эмне?

























2-раунд

Морфология

1 Маани бербөөчү сөз түркүмдөрү ( Кызматчы сөз түркүмдөрү)

  1. - ба кайсы мүчө ( Этиштин терс формасы)

3 Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар ? ( алты жөндөмө бар)

4 Сын атоочтун канча даражасы бар? ( Төрт даражасы бар)

5 Заттын атын атабай көрсөткөн сөз түркүмү ? ( ат атооч )

6 – ган,- ар, -бас кайсы мүчө? ( атоочтук мүчө )

7 Маани берүүчү канча сөз түркумү бар? (алты сөз түркүмү бар)

8 Кызыл деген сөз кайсы сөз түркүмүнө кирет? ( сын атооч )

9 Этиштин ар түрдүү кырдаалын билдирген сөз түркүмү ? ( тактооч )

10 Абстрактуу зат атоочко мисал келтир. ( үмүт, кыял )

11 Сөздүн маани бөлүгү эмне? ( маани бөлүгү уңгу )

12 Жатыш жөндөмөсүнү мүчөсү? ( -дан мүчөсү )

13 Адам- кандай зат атооч? (жалпы зат атооч )













Синтаксис

1 Жайкы түн. Кандай сүйлөм? ( атама сүйлөм )

2“Шаарга бардым.” Сөз айкашы кайсы жол менен байланышты? (башкаруу)

  1. Сүйлөм түзүлүшүнө карай канчага бөлүнөт? ( жөнөкөй жана татаал )

  2. Баш мүчөгө кайсылар кирет? ( ээ жана баяндооч )

  3. Аныктоочтун асты кандай сызылат? (толкун сызылат)

  4. Сүйлөм деп эмнени айтабыз? ( бүткөн бир айрым ой)

  5. Бышыктооч баш мүчөгө киреби? ( жок, айкындооч мүчө)

  6. Ээ, баяндооч аркылуу байланышкан сөз айкашы?(ээрчишүү байланыш)

  7. Сөз айкашы канча жол аркылуу байланышат?(4 жол аркылуу)

  8. Толуктоочтун суроолору? ( барыш,табыш,жатыш,чыгыш)

  9. –нын мүчөсү жалганган сөз кайсы мүчөгө кирет? ( аныктооч)

  10. Толуктоочтун асты кандай сызылат? (үзүк сызык)

  11. Татаал сүйлөм канчага бөлүнөт? ( Баш жана багыныңкы)

  12. Кызыл алма сөз айкашынын түрү (эркин сөз айкашы)



















Фонетика

  1. Үндүүлөр тил күүсүнө карай канчага бөлүнөт? (жоон жана ичке)

2 Кыргыз тилинде канча үндүү тыбыш бар? (14 үндүү тыбыш бар)

3 “Р”тыбышы жасалуу ордуна карай кайсыга кирет? ( уччулдар)

4 Алфавитте 5- катарда турган тамга? (“Д” тамгасы)

5 Үндүүлөрдүн жаактын катышына карай канчага бөлүнөт? (кең,кууш)

6 Кыргыз тилинде канча тыбыш бар? (39 тыбыш бар )

7 “А” тил күүсүнө карай кандай болот? ( жоон болот)

8 Шуулдама үнсүз тыбыштар өзүнчө канчага бөлүнөт?(1.жумшак 2.каткалаң)

9 Тыбыш боло албаган тамгалар? ( ь, ъ белгилер)

10 Канча созулма үндүү бар? (6 созулма үндүү бар)

11 Ёттошкон тамгалар тыбыш боло алабы? (жок, боло албайт)

12 “П” тыбышынын түгөйү ( “б” тыбышы б-п )

13 “Чоюн”дегенде канча тыбыш бар?( 5 тыбыш бар)

14 “м” тыбышынын түгөйү барбы? (жок)

















Фразеологизмдер

1 Кой үстүндө торгой жумурткалаган ( жай, тынчтык )

  1. Коён жүрөк. ( коркок )

  2. Мурдун балта кеспейт. ( кенебестик )

  3. Койнунда котур ташы бар. ( арам ойлуу )

  4. Сиркеси суу көтөрбөйт. ( митаам )

  5. Бармагын тиштөө. ( өкүнүү )

  6. Маңдайы жарылуу. ( кубануу )

  7. Жумурткадан кыр издөө. ( айыпка жыгуу )

  8. Ала жипти аттоо. ( кыянат кылуу )

  9. Бешиктен бели чыга элек. ( жашы жетиле элек )

  10. Балтыр эти ката элек. ( балакатка жетпеген )

  11. Элек издегени кетип, эрге тийип кетти. ( бир нерсеге барып кечиккен адам)

  12. Көзүнө чөп салуу ( Кыянат кылуу)

  13. Көзгө ийне сайса көрүнгүс ( караңгы)

























К” тамгасы

1 Улуттук суусундук – ( кымыз. )

  1. Курманжан Датка катышкан тарыхый роман –( “Кел-Кел”)

3 Окуу курал –( Китеп.)

4Үйдүн көркүн ачкан буюм –( Килем.)

5Куштун эмнеси бар – ( канаты )

6 Баткен облусундагы район – (Кадамжай )

7 Манастын аялы – ( Каныкей )

8 Ч. Айтматовдун каарманы – ( Казангап )

  1. Кыргызстанга кошуна мамлекет – ( Казакстан )

10 Тыныстановдун аты – ( Касым )

  1. Биздин мектептин аты –( Кулатов Төрөбай )

  2. Желектин түсү – ( кызыл )

  3. Музыкалык аспап – ( комуз )

  4. Арзан деген сөздүн антоними – ( кымбат )





















Ч. Айтматовдун каармандары.

1 Гүл сүйгөн каарман – ( Алиман )

2 Чычкан акеден суу сураган каарман – ( Кирск )

  1. Кирсктин чоң атасы – ( Орган карыя )

  2. Сүрөт тарткан каарман – ( Сейит )

  3. Карапайымдан академик болгон каарман – ( Алтынай )

  4. Үй-бүлөсүнөн ажыраган аял – ( Толгонай )

  5. Ильяздын сүйгөнү – ( Асель )

  6. Байтемирдин аялы – ( Асель )

  7. Жырткыч каарман – ( Акбара )

  8. Балык болуп сүзүп кеткен – ( Нургаазы жаш бала )

  9. Сүйүүнү даңазалаган каарман – ( Жамийла )

  10. Бостондун минген аты – ( Дөнкүлүк )

  11. Муз жаракасында калган каарман – ( Эрназар )

  12. Уурулук кылган каарман – ( Ысмайыл )





















Макал - лакап

1 Жамандын ( жарасы жугат )

2 Досуң миң болсо да аздык кылат,

(Душманың бирөө болсо да көптүк кылат.)

3 Кеңешип ( кескен бармак ) оорубайт .

  1. Кызы бардын ( назы бар).

  2. Жакшыга жанаш, ( жамандан адаш ).

  3. Атаңды көргөндөн ( акыл сура ).

  4. Атадан алтоо болсоң да,( сыйлашпаса жат болот ).

  5. Дат темирди жейт, ( ой өмүрдү жейт ).

  6. Дөөлөт тоголок, ( мээнет жалпак ).

  7. Дүлөй укканын койбойт, ( сокур көргөнүн койбойт ).

  8. Дөөлөттөн артык, ( мээнет бар ).

  9. Ийне көзүнөн сынат, ( чечен сөзүнөн сынат ).

  10. Калкыңа карай ( таш ) ыргытпа.

  11. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ( ич ооруган күлкү сүйбөйт ).





















Ооба же жок

1 Дарбыз ашкабак тукумудагы өсүмдүкпү? ( - ооба ).

2 Т. Сатылганов Сибирге сүргүнгө барганбы? ( - ооба ).

3 20 сомдо А. Осмоновдун сүрөтү барбы? ( - жок ).

4 Жарма талкандан жасалабы ? ( - ооба ).

5 “Ак кеме” Ч. Айтматовдун чыгармасыбы ? ( - ооба ).

6 Аристотель сүрөтчүбү? ( - жок ).

7 Ё тамгасы тыбыш боло алабы? ( - жок ).

8 Какымдан бал жасалабы? ( - ооба ).

9 Адигине Кыргызстандын тоосубу? ( - ооба ).

  1. Индияда кыш мезгили болобу? ( -жок ).

  2. Ак мөөр аялбы? ( - ооба ).

  3. Курманжан Датканын сүрөтү акча барбы? ( - ооба ).

  4. 5000 сомдук акча бирдиги барбы? ( - ооба ).

  5. Лейлек Ош областына киреби ? ( - жок ).





















Кыргыз Республикасынын илим жана билим минстрлиги

Ош облусу Ноокат району

Төрөбай Кулатов атындагы орто мектеби



Акыл ордо интелектуалдык таймаш







Кыргыз тили жана адабият мугалими : Азимбаева Камила Сыражидиновна







2018-2019-окуу жылы