Сабактын темасы: АКЫЛДЫН КҮЧҮ
Сабактын максаттары:
• билим берүүчүлүк: «Акылдын күчү» жомогунун мазмунун окуп, талдап түшүнүшөт. Табышмакмактатып таасын сүйлөгөн, өзү кедей болсо да акылга бай карапайым карыя акыл менен акылсыз увазирдин чөнтөгүн тазалап, алтындарын алып калгандыгын түшүнүшөт. Көр дүйнө - байлык эмес, акыл байлыгы азбас байлык экендиги тууралуу түшүнүктөргө ээ болушат.
• тарбия берүүчүлүк: терең ойлонууга, байкагычтыкка, ойлоп тапкычтыкка, сөз кадырын баалап, аларды турмушта колдонууга үйрөнүшөт.
• өнүктүрүүчүлүк: өз алдынча сынчыл ой жүгүртүүгө, өз оюн эркин, так айтууга көнүгүшөт. Сөз байлыгын өстүрүшөт.
Көрсөткүчтөр:
Жогорудагы коюлган максаттар ишке ашат, эгерде:
• чыгарманын мазмунун түшүнсө; чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса;
• акылдуу карыя менен увазирдин ортосунда айырмачылыкты ажырата алса;
• өз оюн далилдүү айта алса;
• карыянын жообун текст менен иштөөдө таап, көркөм окуп берсе;
• топтук ишти аткарууда бирин-бири сыйлап, уга билсе;
• көр дүйнө - байлык эмес, акыл байлыгы азбас байлык экендигин түшүнсө.
Сабактын формасы: «Акыл чабуулу» топто иштөө, кластер түзүү
Сабактын тиби: Ой жүгүртүү, талдоо
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, иллюстациялар, ватман, фломастер, карточкалар.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу (кпасста жагымдуу жагдай түзүү)
Өтүлгөн тема боюнча мугалим окуучулардын билимин текшерет жана бышыктайт.
Жаңы темага киришүү.
Мугалим кпассты 2 топко бөлөт да, ар бирине бирден суроолорду берет.
1. Акыл деген эмне?
2. Байлык деп эмнени түшүнөсүңөр?
Ар бир топтун мүчөлөрү өз ойлорун айтышат, мугалим доскага (же ватманга) жаза берет. Бир топ башка топтун суроосуна эң аягында кошумча жооп киргизсе болот.
Андан соң мугалим: «Акыл баалуубу, же байлык баалуубу?» деген суроону ортого таштайт. «Билим баалуу» деген окуучу кызыл карточканы алышат да, эки тарапка бөлүнүп турушат. Эмне үчүн мындай жоопту тандагандыктары тууралуу өз ойлорун айтышат.
Балдардын ойлорун чогуу талдагандан кийин окуу китептен текстти окушат.
Адегенде түшүнүксүз сөздөр менен иштөө жүргүзөлү.
Акылдын күчү
Илгери өткөн заманда Муса деген хан болуптур. Анын Садыр деген
увазири бар экен. Бир күнү увазир ханга кайрылып:
– Ханда кырк адамдын акылы болот дейт. Андай болгондо доочунун
доосун, талаш-тартыштын чуусун чечүүнү эмне үчүн бизге жүктөйсүз,
өзүңүз эле бүтүрө бербейсизби? Эмне үчүн бизге акыл саласыз? – деп
сураптыр.
Ошондо хан.
– Ооба, сенин айтканың туура. Бирок шаардын сыртында Акылбай
деген чал бар, ошол чалда кырк хандын акылы бар, ошону мында ко-
нокко чакырып кел, – дептир.
Садыр Акылбек чалды ханга мейманга чакырып алып келет. Хан
чалга тамагын жайнатат. Экөө кез-кез сүйлөшө калышат. Аларды карап
отурган увазир өз ичинен: «Мунусу жети урууну бийлеген хан, тигиниси
бир бечара чал. Анан анда кандай касиет болмок эле», – деп ойлонуп
отурат. Бир кезде хан чалга кайрылып:
– Карыя, мен эртең менен эрте сизге бир куш жиберем, ошол куш-
тун эки канатын жулуп тазалап кайра коё бер, – деди.
Увазир бул сөздө кандай маани бар экендигин түшүнгөн жок.
Анда карыя ханга айтты:
– Ханым, бешке бирди кошуп алтоо кылып керели кечке алтын сок-
сом да, отуз экиге жеткире албай жүрөм, – деди.
Ошентип, оокатын жегенден кийин хан:
– Чалга барып конок болуп кел, – дейт. Макул болуп, чалдын үйүнө
келет. Чалдын үйү жаман алачык экен, туш-тушунан шамал арылдап
кирип турат. Чал үстү-башы көө болгон нанын алдына коёт. Бир убакта
увазир Акылбек чалга:
– Сизге бир суроом бар эле, – дейт.
Чал кулагын тосот. Ошондо увазир:
– Кечээ сизге хан: «Таң эрте сизге бир куш жиберем, ошол куштун
эки канатын жулуп тазалап туруп жибер» деди, ошого түшүнө албай
калдым, – деди.
Ошондо чал айтты:
– Балам, мен бир бечара кедеймин. Бир баштык алтын берсең,
анын жообун аласың, биз ошону менен күн көрүп келе жатабыз, – деди.
Увазир бир баштык алтын берди.
Экинчи жолу чалга кайрылып:
– Дагы бир суроом бар, – дегенде чал айтты:
– Сурай бер, балам.
– Кечээ сиз ханга «Бешке бирди кошуп, алты кылып, эртеден кечке
алтын согуп, отуз экиге жеткире албай жүрөм», – деп айткан сөзүңүзгө
да түшүнбөй калдым.
– Ээ, балам, мен кедей адаммын, жолдугун жасап, бир баштык ал-
тын берсең, айтып берем, – деди.
Увазир дагы бир баштык алтынын берди. Ошондо кырк хандын акы-
лы бар чал:
– Балам, муна бу колум канча?, – деп колунун манжаларын көрсөттү.
Увазир:
– Беш, – деди.
– Бешке бир балканы кошсо канча болот? Алты болот. Эмесе
анын: керели кечке ушул алтоо менен иштеп тапканым ичип жегени-
ме да жетпейт дегеним эле», – деди ал. Эми хандын: «Таң эрте бир
куш жиберем, эки канатын жулуп, тазалап, кайра коё бер» дегени
мындай куш сенсиң, эки чөнтөгүңдү тазалап, алтыныңды албадым-
бы? Эми кайтып кете берсең жолуң ачык, – деп акылсыз увазирди
жолуна салат.
Увазир ошондо гана акылдын күчүнө ишенген экен.
1.Ушул текстте фразеологизм барбы? Тексттен тапкыла.
2. Увазир чалды көргөндө анын биринчи ою кандай болду эле? Тесттен таап окуп бергиле.
3. Хан менен чалдын табышмактуу сүйлөшүүсүндө эмне деп айтылды?
4. Увазир аны түшүндүбү?
5. Кийин аны чал кандайча чечмеледи?
6. Ал жоопторду алуу үчүн увазир эмне кылды?
7. Увазир берген акчаларды байлык деп эсептөөгө болобу?
8. Анда балдар, жомокту окуй электеги жоопторду эстейличи. Жооптор туура келдиби же окугандан кийин өз оюңарды өзгөрттүңөрбү?
9. Ушуга мааниси окшош жомокторду окудуңар беле?
Чыгарманы окуп бүткөндөн кийин балдардын текстти окуганга чейинки жооптору менен салыштырып, талдоо жүргүзүшөт. Аягында китепте берилген суроолордун негизинде билимдерин бышыкташат.
Келгиле анда «Кар топ» көнүгүүсүн аткаралы.
«Эки жылдыз бир каалоо» көнүгүүсүн аткарабыз.