СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акылдын күчү иштелме

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Акылдын күчү иштелме»

Сабактын темасы: АКЫЛДЫН КҮЧҮ

Сабактын темасы:

АКЫЛДЫН КҮЧҮ

Сабактын максаттары: • билим берүүчүлүк: «Акылдын күчү» жомогунун мазмунун окуп, талдап түшүнүшөт. Табышмакмактатып таасын сүйлөгөн, өзү кедей болсо да акылга бай карапайым карыя акыл менен акылсыз увазирдин чөнтөгүн тазалап, алтындарын алып калгандыгын түшүнүшөт. Көр дүйнө - байлык эмес, акыл байлыгы азбас байлык экендиги тууралуу түшүнүктөргө ээ болушат. • тарбия берүүчүлүк: терең ойлонууга, байкагычтыкка, ойлоп тапкычтыкка, сөз кадырын баалап, аларды турмушта колдонууга үйрөнүшөт. • өнүктүрүүчүлүк: өз алдынча сынчыл ой жүгүртүүгө, өз оюн эркин, так айтууга көнүгүшөт. Сөз байлыгын өстүрүшөт.

Сабактын максаттары:

  • билим берүүчүлүк: «Акылдын күчү» жомогунун мазмунун окуп, талдап түшүнүшөт. Табышмакмактатып таасын сүйлөгөн, өзү кедей болсо да акылга бай карапайым карыя акыл менен акылсыз увазирдин чөнтөгүн тазалап, алтындарын алып калгандыгын түшүнүшөт. Көр дүйнө - байлык эмес, акыл байлыгы азбас байлык экендиги тууралуу түшүнүктөргө ээ болушат.
  • тарбия берүүчүлүк: терең ойлонууга, байкагычтыкка, ойлоп тапкычтыкка, сөз кадырын баалап, аларды турмушта колдонууга үйрөнүшөт.
  • өнүктүрүүчүлүк: өз алдынча сынчыл ой жүгүртүүгө, өз оюн эркин, так айтууга көнүгүшөт. Сөз байлыгын өстүрүшөт.
Көрсөткүчтөр: Жогорудагы коюлган максаттар ишке ашат, эгерде: • чыгарманын мазмунун түшүнсө; чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса; • акылдуу карыя менен увазирдин ортосунда айырмачылыкты ажырата алса; • өз оюн далилдүү айта алса; • карыянын жообун текст менен иштөөдө таап, көркөм окуп берсе; • топтук ишти аткарууда бирин-бири сыйлап, уга билсе; • көр дүйнө - байлык эмес, акыл байлыгы азбас байлык экендигин түшүнсө.

Көрсөткүчтөр:

  • Жогорудагы коюлган максаттар ишке ашат, эгерде:
  • чыгарманын мазмунун түшүнсө; чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса;
  • акылдуу карыя менен увазирдин ортосунда айырмачылыкты ажырата алса;
  • өз оюн далилдүү айта алса;
  • карыянын жообун текст менен иштөөдө таап, көркөм окуп берсе;
  • топтук ишти аткарууда бирин-бири сыйлап, уга билсе;
  • көр дүйнө - байлык эмес, акыл байлыгы азбас байлык экендигин түшүнсө.
1. Акыл деген эмне? 2. Байлык деп эмнени түшүнөсүңөр?
  • 1. Акыл деген эмне?
  • 2. Байлык деп эмнени түшүнөсүңөр?
«Акыл баалуубу, же байлык баалуубу?»

«Акыл баалуубу,

же

байлык баалуубу?»

Акылдын күчү  Илгери өткөн заманда Муса деген хан болуптур. Анын Садыр деген увазири бар экен. Бир күнү увазир ханга кайрылып: – Ханда кырк адамдын акылы болот дейт. Андай болгондо доочунун доосун , талаш-тартыштын чуусун чечүүнү эмне үчүн бизге жүктөйсүз, өзүңүз эле бүтүрө бербейсизби? Эмне үчүн бизге акыл саласыз? – деп сураптыр.  Ошондо хан. – Ооба, сенин айтканың туура. Бирок шаардын сыртында Акылбай деген чал бар, ошол чалда кырк хандын акылы бар, ошону мында конокко чакырып кел, – дептир.

Акылдын күчү

Илгери өткөн заманда Муса деген хан болуптур. Анын Садыр деген увазири бар экен. Бир күнү увазир ханга кайрылып:

Ханда кырк адамдын акылы болот дейт. Андай болгондо доочунун доосун , талаш-тартыштын чуусун чечүүнү эмне үчүн бизге жүктөйсүз, өзүңүз эле бүтүрө бербейсизби? Эмне үчүн бизге акыл саласыз? – деп сураптыр.

Ошондо хан.

Ооба, сенин айтканың туура. Бирок шаардын сыртында Акылбай деген чал бар, ошол чалда кырк хандын акылы бар, ошону мында конокко чакырып кел, – дептир.

Садыр Акылбек чалды ханга мейманга чакырып алып келет. Хан чалга тамагын жайнатат. Экөө кез-кез сүйлөшө калышат. Аларды карап отурган увазир өз ичинен: «Мунусу жети урууну бийлеген хан, тигиниси 47 бир бечара чал. Анан анда кандай касиет болмок эле», – деп ойлонуп отурат. Бир кезде хан чалга кайрылып: – Карыя, мен эртең менен эрте сизге бир куш жиберем, ошол куштун эки канатын жулуп тазалап кайра коё бер, – деди.  Увазир бул сөздө кандай маани бар экендигин түшүнгөн жок.  Анда карыя ханга айтты: – Ханым, бешке бирди кошуп алтоо кылып керели кечке алтын соксом да, отуз экиге жеткире албай жүрөм, – деди.

Садыр Акылбек чалды ханга мейманга чакырып алып келет. Хан чалга тамагын жайнатат. Экөө кез-кез сүйлөшө калышат. Аларды карап отурган увазир өз ичинен: «Мунусу жети урууну бийлеген хан, тигиниси 47 бир бечара чал. Анан анда кандай касиет болмок эле», – деп ойлонуп отурат. Бир кезде хан чалга кайрылып:

Карыя, мен эртең менен эрте сизге бир куш жиберем, ошол куштун эки канатын жулуп тазалап кайра коё бер, – деди.

Увазир бул сөздө кандай маани бар экендигин түшүнгөн жок.

Анда карыя ханга айтты:

Ханым, бешке бирди кошуп алтоо кылып керели кечке алтын соксом да, отуз экиге жеткире албай жүрөм, – деди.

Ошентип, оокатын жегенден кийин хан: – Чалга барып конок болуп кел, – дейт. Макул болуп, чалдын үйүнө келет. Чалдын үйү жаман алачык экен, туш-тушунан шамал арылдап кирип турат. Чал үстү-башы көө болгон нанын алдына коёт. Бир убакта увазир Акылбек чалга: – Сизге бир суроом бар эле, – дейт.  Чал кулагын тосот. Ошондо увазир: – Кечээ сизге хан: «Таң эрте сизге бир куш жиберем  ошол куштун эки канатын жулуп тазалап туруп  жибер» деди, ошого түшүнө албай калдым, – деди.  Ошондо чал айтты: – Балам, мен бир бечара кедеймин. Бир баштык алтын  берсең, анын жообун аласың, биз ошону менен күн  көрүп келе жатабыз, – деди.  Увазир бир баштык алтын берди.
  • Ошентип, оокатын жегенден кийин хан:
  • Чалга барып конок болуп кел, – дейт. Макул болуп, чалдын үйүнө келет. Чалдын үйү жаман алачык экен, туш-тушунан шамал арылдап кирип турат. Чал үстү-башы көө болгон нанын алдына коёт. Бир убакта увазир Акылбек чалга:

Сизге бир суроом бар эле, – дейт.

Чал кулагын тосот. Ошондо увазир:

Кечээ сизге хан: «Таң эрте сизге бир куш жиберем

ошол куштун эки канатын жулуп тазалап туруп

жибер» деди, ошого түшүнө албай калдым, – деди.

Ошондо чал айтты:

Балам, мен бир бечара кедеймин. Бир баштык алтын

берсең, анын жообун аласың, биз ошону менен күн

көрүп келе жатабыз, – деди.

Увазир бир баштык алтын берди.

Экинчи жолу чалга кайрылып: – Дагы бир суроом бар, – дегенде чал айтты: – Сурай бер, балам. – Кечээ сиз ханга «Бешке бирди кошуп, алты кылып,  эртеден кечке алтын согуп, отуз экиге жеткире  албай жүрөм», – деп айткан сөзүңүзгө да түшүнбөй  калдым. – Ээ, балам, мен кедей адаммын, жолдугун жасап,  бир баштык алтын берсең, айтып берем, – деди.  Увазир дагы бир баштык алтынын берди. Ошондо  кырк хандын акылы бар чал: – Балам, муна бу колум канча?, – деп колунун манжаларын көрсөттү.
  • Экинчи жолу чалга кайрылып:
  • Дагы бир суроом бар, – дегенде чал айтты:
  • Сурай бер, балам.

Кечээ сиз ханга «Бешке бирди кошуп, алты кылып,

эртеден кечке алтын согуп, отуз экиге жеткире

албай жүрөм», – деп айткан сөзүңүзгө да түшүнбөй

калдым.

Ээ, балам, мен кедей адаммын, жолдугун жасап,

бир баштык алтын берсең, айтып берем, – деди.

Увазир дагы бир баштык алтынын берди. Ошондо

кырк хандын акылы бар чал:

  • Балам, муна бу колум канча?, – деп колунун манжаларын көрсөттү.
 Увазир: – Беш, – деди. – Бешке бир балканы кошсо канча болот? Алты болот. Эмесе анын: керели кечке ушул алтоо менен иштеп тапканым ичип жегениме да жетпейт дегеним эле», – деди ал.  Эми хандын: «Таң эрте бир куш жиберем, эки  канатын жулуп, тазалап, кайра коё бер» дегени  мындай куш сенсиң, эки чөнтөгүңдү тазалап,  алтыныңды албадымбы? Эми кайтып кете  берсең жолуң ачык, – деп акылсыз увазирди  жолуна салат.  Увазир ошондо гана акылдын күчүнө ишенген экен.

Увазир:

  • Беш, – деди.
  • Бешке бир балканы кошсо канча болот? Алты болот. Эмесе анын: керели кечке ушул алтоо менен иштеп тапканым ичип жегениме да жетпейт дегеним эле», – деди ал.

Эми хандын: «Таң эрте бир куш жиберем, эки

канатын жулуп, тазалап, кайра коё бер» дегени

мындай куш сенсиң, эки чөнтөгүңдү тазалап,

алтыныңды албадымбы? Эми кайтып кете

берсең жолуң ачык, – деп акылсыз увазирди

жолуна салат.

Увазир ошондо гана акылдын күчүнө ишенген экен.

Суроолор боюнча оюңарды айткыла: 1. Увазир ханга эмне деп кайрылды? 2. Хан эмне үчүн бир бечара абышкада кырк хандын акылы бар деди? 3. Увазирди хан карыяга эмне максат менен жибергенин билдиңерби? 4. Карыя эмне менен күн көрүп, оокат таап жүргөнүн байкап бааладыңарбы? 5. Демек, акыл менен сөздүн күчү кандай экен? 6. Дагы бир суроо – «алтын согуп, отуз экиге жеткизе албай жүрөм» деп абышка эмнени айтып жатат?

Суроолор боюнча оюңарды айткыла:

  • 1. Увазир ханга эмне деп кайрылды?
  • 2. Хан эмне үчүн бир бечара абышкада кырк хандын акылы бар деди?
  • 3. Увазирди хан карыяга эмне максат менен жибергенин билдиңерби?
  • 4. Карыя эмне менен күн көрүп, оокат таап жүргөнүн байкап бааладыңарбы?
  • 5. Демек, акыл менен сөздүн күчү кандай экен?
  • 6. Дагы бир суроо – «алтын согуп, отуз экиге жеткизе албай жүрөм» деп абышка эмнени айтып жатат?
«Кар топ» көнүгүүсү

«Кар топ» көнүгүүсү

Качан? эм Эмнеге? Ким?

Качан?

эм

Эмнеге?

Ким?