СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ала качуу салт эмес - оор кылмыш.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ала качуу салт эмес - оор кылмыш.»

АДАМ САТУУ-КЫЛМЫШ

            Ооба, бул адамдын аброюнаабийиринеукугуна шек келтирген кылмыш болуп эсептелинетАдам сатуу-бул азыркы күндө глобалдуу маселе. Адам сатуу деген түшүнүк биздин мамлекет өз алдынча болгон жылдардан тарта келип калды. Баарына маалым болгондой  ал жылдардан соң өлкөдө кыйынчылыктар боло баштап, жарандар эптеп акча табуунун аракетин көрүп калышпадыбы. Мына ушундай аракеттердин натыйжасы менен көп нерсеге маани бербеген түшүнүгү аз жарандар адам сатуунун курмандыгына айланып калышты.

         Бул маселе боюнча Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Келте айылында жайгашкан №11 Р.Кулуев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Адам сатууга жана кулчулукка каршыбыз” деген темада  9-11 класстардын катышуусунда тегерек стол болду. Тегерек столго ИДН кызматкерлеринен Ташматов Мирбек, айылдын милициянын аймактык ыйгарымдүү өкүлү Султанкулов Туратбектер, жалпы ата-энелер комитетинин төрагасы Эгембердиев А, ата-энелер жана класс жетекчилер катышышты. Ата-энелер комитетинин төрагасы Эгембердиев А мектебибизде өткөрүлүп жаткан класстан тышкаркы иштерге, КВН дерге, линейкаларга, тегерек столдорго келип өзүнүн кеп кеңештерин окуучуларга айтып келет.

         Ал бөтөн жерде кыйналып жүргөн мекендештерибиз, турмуштун ысык суугуна моюн сунуп, уруу-согуудан азаптанып, кайнар жаштарын төгүп, пешенесине жазганы ушул болуп, кийин кимге таарынышын, кимден жардам сурашын билишпей жүргөндөрдөн мисалдарды келтирип сүйлөдү.

         Мектебибиздин үлгүлүү мугалими, жаштарыбыздын ишенимдүү насаатчысы, кыргыз тили жана адабиятын окутуп келе жаткан эжекебиз Назарбекова Тургунбүбү  тегерек столдо өзүнүн оюн мындайча билдирди.

         Ар бир адамдын өзүнүн өмүрү өзүнө кымбат. Биз ушундай кымбат, табылгыс өмүрүбүздү андай жолдо жок кылбайлы.               Жүзү адам сыяктуу бирок, ит жасабаган иштерди аткарган адамдар да жок эместигине биз да күбө болуп жатабыз. Андыктан баарыбыз адам деген атка татыктуу бололу. Келечегибиз үчүн адам сатууга каршыбыз деген ураандын астында жашайлы.

         Биз да дайым бөтөн элдеги сонун жашоону эңсеп  суктанып, кээде кыялданып кантип ушул жолго түшүп калганыбызды билбей да калабыз. Андыктан өзүбүзгө жана жакындарыбызга сак бололу. Өз өлкөңдөн таппаган бакытты эч убакта бөтөн элден таппайсың.

         ИДН кызматкерлери балдарга “Адам сатуу, диний экстремизм, зордук-зомбулук ” боюнча кино роликтерди көргөзүштү. Кино ролик боюнча окуучулар менен суроо-жоопторду жүргүзүштү. Мектептин соцпедагогу Токторбаева Салия Абдугаппаровна доклад жасап, окуучуларга төмөнкүдөй суроолорду берип ортодо кызыктуу талкуу жүргүздү.

  1. Адам сатуу жана кулчулук деген эмне?

  2. Мындай кырдаалга кандай инсандар кабылышат?

  3. Мындан арылуунун жолу жокпу?

Соцпедагог сөзүнүн аягында : Албетте ар бир адам жаңылат. Баары эле идеалдуу эмес. Ошондуктан адам сатуунун алдын алуу боюнча өз укугубузду көбүрөөк билели. Ошондой эле жаш кыздарыбыз да чет өлкөлөргө товар катары сатылып баратат. Кичинекей балдар да көчөдөн эле уурдалып, бөтөн элдин жарандарына донор катары пайдаланууда.

         Кыргызстан-эгемендүү, келечеги бар өлкө. Азыркы заманда “өлбө жааным өлбөлөп”, “бүгүнкү күнүм эптеп өтсө болду” деп курсак камын , көңүл шаңын гана ойлоп жашаган адамдар жетишерлик. Демек ката кылсак, аны бир гана өзүбүздөн издешибиз керек.

Ошондуктан  мындай жолго түшпөө үчүн дайыма өзүбүзгө сак бололу.

Даярдаган: №11 Р. Кулуев атындагы жалпы бил

Адам сатууну алдын алуу жана күрөшүү

 

АДАМДАРДЫ САТУУ — ЖАЗАЛАНУУЧУ КЫЛМЫШ

Адамдарды сатуу — жазалануучу кылмыш, адамдарды сатып алуу-сатуу менен байланышкан, ага тете вербовка кылуу менен, ташуу, берүү, жашыруучулук, күч коркунучу жолу менен алуу, аны же башка мажбурлоо формаларын колдонуу, уурдоо, алдамчылык, алдоо, кыянаттык бийлиги же аялуу жобону колдонуу же болбосо төлөмдөр жана пайдалар түрүндө, башка адамдарды контролдогон кишинин макулдугун алуу үчүн сатып алуу, ошондой эле башка бүтүмдөргө карата адамдарды эксплуатациялоо.

Адамдарды эксплуатациялоо, башка адамдарды, жок дегенде, сойкулук максатында же башка, сексуалдык эксплуатациялоонун формасында пайдалануу, мажбурлаган эмгек, кызмат көрсөтүүлөр, кулчулук, же кулчулукка өңдүү үрп-адаттар, эрксиз абалы же органдарды алуу.

Адамдарды сатуунун жайылышы калктын натыйжалуу ишке орноштурууга, билимге, социалдык коргоого жана башка ресурстарга чектелген жеткиликтүүлүгү менен байланышкан, ошондой эле, кедейликтин жайылышы, эмкек базарынын сегрегациясы.

Адамдарды сатуунун бир варианты болсо аялдардын жана балдарды сойкулук максатында тартуу. Аялдарды адамдарды сатуунун кырдаалына түрткөн негизги себептердин арасында, эксперттер айткандай, кедейчилик жана гендердик дискриминациялоо — билим алууга, ишке орношууга жана келечекке ишениминин табууга тоскоолдук кылган факторлор.

 

НЕГИЗГИ ЧЕНЕМДИК-УКУК АКТЛАР

КРнын Конституциясы «Миграция жөнүндө» КРнын мыйзамы «Адамдарды сатууга каршы аракеттенүү жана каршы күрөшүү жөнүндө» КРнын мыйзамы «КРна көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдер жөнүндө» КРнын мыйзамы

 

 

TRAFFIKUNET.KG САЙТЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Маалыматтык сайт traffikunet.kg Кыргызстанда адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана каршы аракеттенүү боюнча темаларды айтып билдирет. Сайтта бардык керектүү маалыматтар, видео жана фотоматериал тапсаңар болот, мамлекеттик органдардын, Кыргызстандагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун жана жергиликтүү жарандык коомдун уюмдардын адамдарды сатууга каршы күрөшүүсү, каршы аракеттенүүсү жана мыйзамсыз миграция боюнча кабыл алган чаралар, жана жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалыматтар бар.

АЧЫК-САЙТЫ

 

МОБИЛДИК ТИРКЕМЕ «МИГРАНТТЫН МААЛЫМДАМАСЫ»”

«Мигранттын маалымдамасы» мобильдик тиркемесинде потенциалдык мигранттар үчүн бүткүл керектүү маалыматтарды алууга болот:

1. Тез байланыштын номерлерин
2. Кыргызстандын чет өлкөдөгү Элчиликтердин жана консулдук кызматынын дарегилерин 
3. Ар кайсы өлкөлөрдөгү, кыргызстандыктар үчүн болуунун жана ишке орношуунун негизги эрежелерин
4. Мыйзамдуу ишке орношуу үчүн социалдык жана медициналык кызмат алуу борборлорунун дареги

Колдонмону жүктөп алуу

 

ТЕЗ БАЙЛАНЫШКА ЧАЛУУ АКЫСЫЗ

Кыска же узун номерлерине чалсаңыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын адистери мыйзамсыз миграция боюнча суроолорунузга жооп беришет.

 

 

АДАМ САТУУНУ АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КҮРӨШҮҮ

 





МОМ БЮРОЛОРУНДА КМШ

Азербайджандагы Миграция боюнча эл аралык уюм

Н. Нариманов көч., 14,
Мингечаур шаары, AZ4504

Тел: +994 24 2747365

Таджикистандагы Миграция боюнча эл аралык уюм

Тажикстанга Миссиясы
Экинчи үзүндү Азизбеков көч.,22А 
734013, Душанбе шаары

Тел/Факс: (+992 37) 221-03-02 / 224-71-96

Email: [email protected]

Казахстан Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюм

Борбордук Азиядагы Координациялык офиси
Мамбетова көч.,14

Тел.: +7(7172) 69 65 53

Иш убактысы: 9.00 - 13.00; 14.00 - 18.00
Дем алыш күндөр: Ишенби, Жекшенби

Email:[email protected]
Web: www.iom.kz , www.iom.int

Беларусь Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюм

Горный көч., 3
220005, Минск шаары

Тел: +375 17 288-27-42, +375 17 288-27-43


Факс: +375 17 288-27-44

Азербайджандагы Миграция боюнча эл аралык уюм

Яшар Хусеинов көч., 18,
Баку шаары, AZ1069

Тел: +994 12 4659071, 4659072
Факс: +994 12 4659073

Email: [email protected]







Молдова, Миграция боюнча эл аралык уюм

Молдова Республикасындагы миссиясы
Дареги: Кишинев шаары, Чуфля көч., 36/1

Тел: + 373 22 23 29 40; + 373 22 23 29 41;
Тел: + 373 22 26 06 71; + 373 22 26 06 72
Факс: + 373 22 23 28 62

Ресепшендын email: [email protected],
Улук башкаруунун email: [email protected]

Миграция боюнча эл аралык уюмунун бюросу

Россия Федерациясындагы 
123100, Москва шаары
2-ая Звенигородская көч.,12

Келүүчүлөрдү кабыл алуучу убакытты:
Дүйшөнбү – Бейшемби саат 9.00 - 17.00 чейин
Жума саат 9.00 - 16.00 чейин

Тел.: +7 (495) 797-87-22
Факс: +7 (499) 253-35-22

E-mail: [email protected]
Web: http://moscow.iom.int

Украинадагы Миграция боюнча эл аралык уюм

01001, Киев шаары, Михайловская көч., 8,

Тел: (044) 568-50-15
Факс: (044) 568-50-16

E-mail: [email protected]

 



Правовая база

  • Закон Кыргызской Республики О предупреждении и борьбе с торговлей людьми

  • Постановление О Программе Правительства Кыргызской Республики по борьбе с торговлей людьми в Кыргызской Республике на 2013-2016 годы

  • Распоряжение Премьер-министра Кыргызской Республики от 7 октября 2016 года № 538 В целях разработки проекта Программы Правительства Кыргызской Республики по борьбе с торговлей людьми в Кыргызской Республике на 2017-2020 годы

  • Информация о деятельности по борьбе с торговлей людьми за I-полугодие 2016 года

© 2018. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.

Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга

7 - Марта  2018 | 9 : 54107


 

Жакында Өкмөт башчы Сапар Исаков адам аткезчилиги боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Ага ылайык, жарандарды чет өлкөгө жөнөткөн агенттиктердин иши тыкыр көзөмөлгө алынып, адам сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги  жогорулаган. Адам сатуу - глобалдык масштабдагы кылмыш болуп эсептелет жана белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук, күнкордук  жана көп учурларда курмандык  менен бүтөт. Адам сатуунун басаңдабоосу мигранттардын санынын артышы менен түшүндүрүлүүдө. Мындай ойлор жакында 32 өкмөттүк эмес уюм укук коргоо органдары менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык миграция уюму, КРнын ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы, “Аймира” коомдук  фонду жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте  «Кыргызстанда адамдарды сатуу: коркунучтар, көйгөйлөр жана аларды чечүү»-деген аталышта өткөн жыйында айтылды.  

   

Төрт жыл кул болушуп...

 35 жаштагы  Нургүл менен жолдошу  Бакыт(аттары өзгөртүлдү)  экөө чет өлкөгө барып, кул болуп калышкан . “Бизди  жакын эле тууганыбыз тамеки талаасында иш таап бермекчи болуп, чет өлкөгө ээрчитип барып ,  сатып койгон” дейт жолдошу Бакыт.
- Жашоо-шарт жок, үй-жай жок. Айылда жашачубуз. Атам үйдү сатып салды. Арга жок шаарга келдик.  Бир жерде батирде турчуубуз. Бажам менен иштөө үчүн Кахакстандын тамеки талаасына иштөөгө макул болуп, үй-бүлөм менен барганмын. Анан документтердин баарын алып калып,  акча бербей иштетти. Анан качып келгенбиз-дейт ал.

 Төрт жыл жубайлар Казакстанда тамеки талаасында кул болуп жүргөн. Жубайы Нургүлдүн  айтымында эки баласын кулчулукта  жүрүп төрөгөн.

-Анан тамекиге иштетип-иштетип алып,кайра бизди карызсыңар деп,  мойнубузга  акча илип койду (көзүнөн жаш алып)...Ал жакта чоң балам боюмда бар эле. Өзүм ооруп, бир ай ооруканада жаттым. Тилден кетип, кулактан калып, сүйлөй албай, же укпай калдым. “Отуз миң теңге карызсыңар” деп, бизди бекер иштетти.  Анан, айла жок Казакстандын талаасы менен жөө жүрүп олтуруп, качып келгенбиз- деди , ал.        

Көздөгөн максатына жетпей, тескерисинче, кор болуп, иштеген эмгек акысын ала албай 4 жыл дегенде кулчулуктан чек ара аркылуу качып келишкен төрт баласы бар каармандар  учурда бараар жери жок, көчөлөрдө күн кечирип келишүүдө. 

 

Билбеген шорго малынат болуп...

“Аймира” коомдук  уюмунун өкүлү Нургуль Жолоева: -Көпчүлүк учурларда адамдар кайсыл жакта, эмне жумушта иштей тургандыктарын билбей туруп , кулчулукка дуушар болушат. Биздин коомдук уюм 2009-жылдан бери кулчулукка кабыл болгон жарандар менен иштеп келет. Көбүнчө адам сатууга кайсы катмарлар кабылышат? Бул калктын өтө оор , кыйналган жана аярлуу катмары. Жумушу жок, жашоо шарттары өтө татаал, кыйынчылыкка учурагандар тобокелге салып, негизги максат акча табуу болуп  калат да, бара беришет.  

Мындай  ойго, психолог Гүлмира Бөрүбаева да кошулат:

 -Мисалы, бизге кулчулукка кабылып келгендердин 90 пайызы  кыздар  жана алар кат жазууну билбейт. Өзүнүн атын да жаза албагандар бар. “Вербовщиктер” алардын психологиясын аябай жакшы билишет. Мисалы, Бишкекте иштеп жүргөн бир кызды ошол жердеги бир топ  кыздар “Кореяга барып иштеп келебиз” деп, азгыра башташат. “Мен тил билбеймин да” деп, жакшы эле кыйылат. “Ээ, ал жакка тилдин кереги жок, бара бер, ошол жактан бизге котормочу болот”-деп,  аны алдап, алып кетишет. Бирок,кыздар Кореяга барбастан, Түркияга барып калышат. Аларды башка бирөөлөр тосуп алат. Ал кыз ошондо гана аны алдашканын тушүнөт. Бирок,арга жок, ал жакта калып калат. Көрсө  ошол топ кыздарды кимдир бирөөлөр сексуалдык кулчулукка саткан экен. Колдорунда документтери, кайтып келели дешсе,акчалары жок,аргасыздан ошол жумушта иштеп калышат. Мисалдар толтура. Мындай абал кыргызстандык жаш кыздардын  коңшу  Казакстан менен Орусияга жумуш издеп барган учурларда да кездешет- дейт ал.

Ал эми көп жылдардан бери адам сатуудан жабыркаган жарандар менен иш алып барган “Эл аралык миграция” уюмунун өкүлү Амина Курбанова:

 -Адам сатуу деген түшүнүк өзүнө  “жалдоо, транспортировкалоо, адамдарды сатып жиберүү жана адамдарды өткөрүп алуу” дегенди камтыйт.Негизги максаты киреше табуу. Дүйнөнүн ар бир өлкөлөрүндө орун алган, миллиарддаган оборотторду жүгүртүүчү, уюмдашкан кылмышкерликти колдогон криминалдык аракет. Жарандар мамлекеттик чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүлөт, алардын көпчүлүгү аялдар жана жаш балдар. Кара жумушта эркинен айрылып ,кул болуп жүрүшөт. Андан сырткары, белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук, күнкордук  жана көп учурларда курмандык  менен бүтөт ,-деген оюн айтат.

Бөтөн жерде кулчулукка кабылгандарды куткаруу дагы бир топ мыйзамдык түйшүктөр менен коштолууда-дейт юрист  Кайыргуль Садыбакасова. Анын белгилөөсүндө адам сатуунун ар кандай түрлөрү бар, сексуалдык жактан кызмат көрсөтүү үчүн кыздарды алып кетишет. Алдап, алардын документтерин алып коет дагы, ал жакка баргандан кийин “ошол кызматтарды аткарасын” деп, зордук-зомбулукка да салышат. Көбүнчө буга себеп, маалыматтын жоктугу жана миграциядан каттоодон өтүшпөгөндүгү, өздөрүнүн укуктарын жакшы билишпегендиги болуп саналат.  

-Ата-энесине кыздар айта албайт. Андан кийинки турмушуна да кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Акча таап келдим ооба модель болуп иштедим деп гана коюшат. Укук коргоо органдарына берсе, эми алар башка мамлекет да, алардын укук коргоо органдары менен байланыш керек. Ал абдан татаал система. Бул жака келип арыз жазбайт. Адам сатуу – глобалдык масштабдагы кылмыш болуп эсептелет -дейт юрист.

 

Себеп менен күрөшүү натыйжалуубу?

Серепчилердин айтымында кулчулук менен күрөшүүдө анын кесепеттери менен эмес, себептери менен күрөшүш керек. Ошондуктан күрөшүүнүн бир ыкмасы–мигрантардын аң-сезимин жана билимдүүлүгүн жогорулатуу. КР ИИМ Криминалдык милиция кызматынын улук опери Жылдыз Ахмедгалиева жарандар кандай жолдор менен сыртка чыгуу керектигине токтолду:

 -Адам сатуу чоң кылмыш болуп эсептелет. Аны далилдөө өтө кыйын. Кулчулукка кабылгандар Кыргызстанга келип айтуудан уялышат. Дагы бул уурулар жана трафикерщиктер-булар адамды Казакстангабы же Россиягабы алып барып тапшырып коюшат. Алар кандай иштейт, иши жок. Бирөө келип эле паспортун берип коюшат. Паспортту алууга эч кимдин укугу жок, бирөөгө эч качан бербеш керек. Официалдуу түрдө укук коргоо органдары келсе, жөн гана текшерип карап коет, же кайра кайтарып бериш керек. Аны билбей эле паспортторун иш берген адамдарга берип коюп жатышат. Бизде Казакстан жана Россия менен биргеликте келишим бар ошого байланыштуу миграцияга кайрылып, анан кетиши керек. Жарандар кыйынчылыкты өздөрү түзүп жатат. Ошондуктан укуктук сабат берүү жагынан коомчулук жакшы аракеттерге өтүүсү кажет,-деген оюн билдирди. 

Үшул өңүттөн улай, адам сатуунун жана кулчулукка кабылган учурларды азайтуу үчүн Кыргызстанда калкка ММКнын атайын социалдык роликтердин көрсөтүүлүсү жана аэропортто, темиржол бекетинде эмгек мигранттар үчун маалымат баракчалары таркатуу  керек деген сунуштар да айтылды. Балким ошондо миграциянын агымы азайбаса дагы, мигранттар керекттүү билимге ээ болуп, укугун дагы эркин дагы сактай алышат.

П.С.:

Дүйнө жүзүндө 27 миллионго жакын адам кулчулуктун ар кандай формасынан жабыр тартат жана анын улуту, жынысы, жашы чектелген эмес. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан кулчулукка туш болгон жарандарынын саны боюнча Борбор Азияда Өзбекстан менен Тажикстандан к ийинки 3-орунда турат.


















Сабактын темасы: Жаратылыш жан досум.


Сабактын максаты: Жаратылыштагы жандуу жана жансыз заттарды айрып таанытуу менен бирге окуучулардын жаратылышка болгон сүйүүсүн ойготуу, аяр мамиле жасоого багыт берүү, табигый байлыктарды сарамжалдуулук менен пайдалана билүүгө багыттоо, жаратылышка анын кубулуштарына кызыгып байкоо жүргүзүүгө тарбиялоо.


Сабактын жабдылышы: маркер, ватман, жаратылыш жана өсүмдүктөр тууралуу сүрөттөр, плакаттар 3-минуталык слайд.


I. Жаңы теманы баяндоо:

Кана балдар жаратылыш жана аны курчап турган чөйрө менен таанышуубузду баштайлы.


ЖАРАТЫЛЫШ ДЕГЕН ЭМНЕ?

-Айланаңа көз чаптырып көрчү. Ооба, сен күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды көрөсүң,-демек ушулардын баары  жаратылыш.Бизди курчап турган дүйнө.

Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар  булар жансыз жаратылыш.

Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам  булар жандуу жаратылыш. Канаттуулар да, айбандар да, кескелдириктер да, жыландар да, ташбакалар да, бакалар да, балыктар да, курт-кумурскалар да, курттар да жаныбарлар экенин эсиңен чыгарба.

Жаратылыш  бул биздин айланабыздагы өтө таң каларлык нерселер. Ар бир кадам сайын сен ошол таң каларлык нерселердин сырын ачууга мажбур болосуң. Алгачкы сапарыңды жылдын ар кайсы мезгилиндеги жаратылыштын жашоотиричилигине байкоо жүргүзүүдөн баштайсың.

Жаратылыш  биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо тиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет. Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында көп эмгектенишет.





Жаратылыш – таланттын жан досу

Абасы таза, жаратылышы кооз жерлерден таланттар көп чыгат дешет. Шаркырап аккан тунук суу, суу түбүндөгү ар кандай балыктар, ар бир дабышты улап жаңырган аска жана ал асканын күчүнө моюн бербей тең ортосун жарып чыккан арча, карагайлар адамдын жан дүйнөсүн кызытып талантына талант кошот. Айта берсе сөз түгөнгүс болгон жаратылыш кооздугун жүрөгү назик адам сезе билет, суктана билет. Айлана-чөйрөсүн аярлап карап, ар бир нерсенин ийне жибине чейин кылдат баамдаган адам гана жаратылыштын ушул кереметин, сулуулугун жан дүйнөсү менен жүрөгүнө жакын кабыл алат.

Жаратылыштын өзүнөн эле зор күч алат. Мындай чөлкөмдө жашаган элден таланттар көп чыгат.


Кана арабызда таланттуу балдар барбы?

Жаратылыш-сенин койнуң эң кенен,

Азаматсыңар, бирок биз дайыма эле табияттын сырларын, кооздугун байкай бербейбиз. Биздин өлкөдө жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөр, жаныбарларды коргоо максатында «Кызыл китеп» басылып чыккан. Аларды өз убагында коргоп калбасак, жаратылыш өз кооздугунан айрылат.


-Араңарда Асанкайгы деген киши жөнүндө уламышты укканыңар барбы?

Жылдызбек кызы Диана : Илгери Асанкайгы деген боорукер, акылман, көрөгөч киши жашап өткөн экен. Ал жан-жаныбарларды аяп минтип ырдаган экен.

Асанкайгынын сөзү:

Салган тамы жок,

Кылган иши жок,

Алган даны жок,

Мал багарга даны жок.

Көзү башын көгөртүп,

Баягы көгөн байкуш кантти экен?

Көрө турган көзү жок,

Чымын байкуш кантти экен?

Таразасын көтөрүп,

Тырмаңдаган шо байкуш.

Таш бака байкуш кантти экен?

Боору жерге жабышкан,

Баса албаган балчактап,

Бака байкуш кантти экен?

Куйругу жок, жалы жок,

Кулан байкуш кантти экен?

Кирер эшиги жок,

Корголор тешиги жок,

Коңуз байкуш кантти экен?

Суукка муздап, сөөгү сыздап,

Көргүлүктү көргөн чыгар,

Балык байкуш кантти экен?

Жайлоодо жабуу албаган,

Арык байкуш кантти экен?

Курт-кумурска үйү жок, Куурап баары өлгөн чыгаар,

Өлбөсө да байкуштар,

Көргүлүктү көргөн чыгар.

Жанын сууда жашырып жүргөн, Чаян байкуш кантти экен?


II Өсүмдүк жана айлана-чөйрө.

Өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилиги үчүн белгилүү бир шарттар зарыл. Ал эми тиричилик шарттары жаратылыштын ар кандай факторлорунун таасирине жараша болот. Өсүмдүктөрдүн тиричилигинде жансыз жаратылыш факторлору: жарык, суу, температура, минералдык туздар. Эң маанилүү роль ойнойт. Өсүмдүктөргө ошондой эле жандуу жаратылыш факторлору ар түрдүү тирүү организмдердин, анын ичинде кишинин да иш аракеттери таасир тийгизет.

Жарык өсүмдүктүн тиричилиги үчүн зарыл. Ансыз хлорофили пайда болбойт жана фотосинтез өстүрбөйт. Жарык өсүмдүктүн кадимкидей өсүшү үчүн керек. Караңгыда өскөн өсүмдүктөр узун жана агыш болот.

Жылуулук да өсүмдүктөрдүн тиричилиги үчүн керек. Алардын бирөө жылуулукту сүйөт, башкалары тескерисинче суукка абдан чыдамдуу келет.

Суу өсүмдүктөргө керек. Ал ар бир тирүү клетканын цитоплазмасынын жана клетка суюктугунун составына кирет. Суу болсо өсүмдүк боюнча азык заттар жыла албайт, фотосинтез жүрбөйт, буулануунун натыйжасында өсүмдүк өтө ысып кетпейт. Ар кайсы өсүмдүктүн сууга болгон талабы ар кандай болот.

Өсүмдүк дем алганда абдан кычкылтекти сиңирип алат, ал эми фотосинтез убагында көмүр кычкыл газын сиңирип алат.

Минералдык заттар өсүмдүккө топурактан келет, бирок өсүмдүккө алардын ичинен көбүнчө азот, фосфар жана калий баарынан көбүрөөк керек. Өсүмдүккө бор, марганец, темир абдан аз өлчөмдө керек.

Андан башка өсүмдүккө алардын айланасындагы тирүү организмдер –жаныбарлар, башка өсүмдүктөр жана микроорганизмдер таасир этет.

Өсүмдүктөр өз кезегинде, айлана-чөйрөгө да таасир этет. Алар абанын составын өзгөртөт: аны нымдайт, көмүр кычкыл газды сиңирип алат да, кычкылтекти бөлүп чыгарат.

Өсүмдүктөр топурактын составын өзгөртөт. Алар абдан бир затты соруп алып, ага башка бир затты аларга бөлүп чыгарат.

Эмесе балдар таблица менен иштейли:

1-топко тапшырма: 2 топко тапшырма



жаратылыш

  • Ү схемасы менен иштөө

Сезип турам:

- күндүн жылулугун;

-жаныбарлар менен адамдардын ортосундагы бири-бирине болгон ишеничти;

- салкын желди;

Көрүп турам:

- абышка- кемпирди, кызды

-чычканды, күчүктү, түлкүнү;

-үйдү, күндү, бак –дарактарды, чамгырды;

Угуп турам:

-адамдардын жаныбарлар менен сүйлөшкөнүн;

-кемпир-чалдын кыйкырыгын;

-короодогу түрдүү үндөрдү


Мугалим жаратылышка аяр мамиле жасоо жана коргоо жөнүндө түшүнүк берет.

-Табиятты коргоо , курчап турган чөйрөгө сарамжал мамиле кылуу азыр бүткүл дүйнөдө эң маанилүү жана актуалдуу маселеге айланып олтурат . Атмосферанын жалпы жылууланышы , жыл сайын жана туруктуу болуп турган техногендик алааматтар , биосферанын кескин начарлашы адамдарды Жер планетасынын тагдыры жөнүндө ойлонууга аргасыз кылууда. Тилекке каршы , соңку мезгилде табигый ресурстарды коргоого талаптагыдай көңүл бурулбай калгандыктан тоолордогу жана адырлуу зонадагы токойлордун абалы өзгөчө кооптонууну пайда кылат . Бак – дарактар жөнү жок кыркылып , отун кылуу максатында же курулуш иштерине пайдалануу үчүн жырткычтык менен кыйылып жатты . Ал эми адам баласынын турмушунда жашыл бак – дарактар , токой маанилүү ролду ойнойт . Демек биз жаратылышты коргоо менен бирге түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө милдеттүүбүз.

Бышыктоо.

  1. Балдар табиятка же жаратылышка аяр мамиле жасалбаган учурларды кайсы жерлерден көп кезиктиресиңер, жана аларды коргоо боюнча кандай оюңар бар?

  2. Биздин мектептин айланасында кандай дарактар отургузулган жана жазында кандай көчөттөрдү отургузабыз

  3. Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор деген макалды турмушта кандай пайдаланабыз?

  4. ”Канаттуулардын уясын бузуп, балапандарын өлтүрбөгүлө, канаттуулар каргайт”-деген түшүнүккө кандай мамиледесиң

Жыйынтыктоо:

Окуучулардан жогорку суроолорго жооп алгандан кийин мугалим сабакты төмөндөгүдөй жыйынтыктаса болот. Табият менен таттуу мамиледе болуу окуучулардын жан дүйнөсүн тазартып, руханий бийиктикке көтөрүлүп, адам жаратылыштын бир бөлүгү экендигине ишенет.

Үйгө тапшырма: «Жаратылыш жан досум» деген темада аңгеме түзүү







Тешебай Исак уулу атындагы №35 жалпы билим берүүчү орто мектеби.








Менин

ардактуу

ата-энем.