| Уюштуруу:Класстын тазалыгына көңүл буруу,иш оордун уюштуруу(3топко бөлүнүшөт 1.мурас,2.доор,3.түндүк) Жоктоо. 5Е модели((Кызыктыруу) Жаңы теманы ачып алуу үчүн мезгил сызыгы эсеп түрүндө берилет.Эсепти чыгаруу менен жаңы темага байланыштуу дата келип чыгат. Өтүлгөн теманы кайталоо: Өтүлгөн теманы кайталоо үчүн ар бир топтон 2 ден окуучу чыгып,боз үйдүн,беш-бармактын жана электрондук боз үйдөгү суроолорго жооп бересиңер. Физминутка: Кара жорго бийи Жаңы тема: 1-кадам: 2Е модели(Изилдөө) 1.Мурас тобу Сингапур методу боюнча тарыхый инсандардын эн тамгасын табып,инсан тууралуу кыскача маалымат беришет.Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар таш бетине эн тамгаларды калтырышат.Начар окуган окуучулар ватманды кооздоого жардам беришет. 2.Доор тобу “Курман Датка кино тасмасынан үзүндү аткарышат.Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар сүрөт тартышат. 3.Кокон хандыгындагы мезгилдеги кыргыз элинин салыгы менен,азыркы Кыргызстандын салыгын салыштыруу вендин диаграммасы менен. Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар ватман кооздоого жардам беришет. 3-кадам3Е модели(түшүндүрүү) Белгиленген убактыт бүткөн соң бөлүнүп берилген тапшырмаңарды түшүндүрүп бересиңер. Жаңы теманы түшүндүрүү:Мен жаңы теманы видео, слайд аркылуу түшүндүрөм. Бышыктоо: learningapps сайты аркылуу хронологиялык дал келтирүү аркылуу жана картага башкаруучулардын кайсы жерди башкарганын табып белгилөө менен бышыкташат. Рефлекция:Теманы түшүндум,суроом бар,түшүнгөн жокмун (комуз,нота)аркылуу. Баалоо: Топ аркылуу жашыл жебе менен бааланасыңар ал эми жекече кызыл жебе аркылуу бааланасыңар. Үй иши: 1 Мурас тобу:крассворд түзөсүңөр. 2 Доор тобу:Вендин диаграммасын колдонуу менен кыргыздар менен кокондуктарды салыштырасыңар. 3 Түндүк тобу:Хронологиялык дал келтиресиңер. |