СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алгоритм биздин турмушта

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алгоритм биздин турмушта»

Сабактын темасы: Алгоритм биздин турмушта

Предметтик компотенттүүлүк:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар алгоритмдин түрлөрүн таанып билишет.

Аларды сүрөттөп, мисалдап айтып бере алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Алгоритмдин түрлөрүн жашоо-турмуштагы маанисин талдай алышат.

Ойлоп табууга, топ менен иштөөгө көнүгөт.

Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар топ менен иштөөдө ынтымактуулукка, план менен иш кылууга

жана ар бир иште эрежелерди так, туура колдонууга тарбияланышат.

Сабактын усулу: Интерактивдүү

Сабактын формасы: Топ менен иштөө

Сабактын тиби: Бышыктоо сабагы

Сабактын каражаттары: Ноутбук, проектор, слайд, ватман, клей, блок-схема жазылган барак.

Уюштуруу: Саламдашуу. Классты топко бөлүү. Жагымдуу маанай түзүү. Алтын эреже кабыл алуу.

Жаңы тема: Алгоритм биздин турмушта.

Мугалимдин сөзү: Саламатсыңарбы балдар, бүгүнкү ачык сабагыбызга жакшы даярдыктар менен келдиңер деп ишенем. Анда эмесе сабагыбызды баштаардан мурда силерди эки топко бөлүп алсам. Колумда 1-2 номерлери жазылган чек турат, келип баарыңыздар бир-бирден алсаңыздар. Кимдин колуна кайсы номер түшсө, ошол номер менен командага бөлүнөт. Демек баарыбыз эки топко бөлүнүп алдык. Бул жакта доскага жазып койгом.

1-команда Сызыктуу алгоритм.

2-команда Циклдык алгоритм.

Анда эмесе сабагыбызды жакшы маанай менен баштап алуу үчүн жагымдуу маанай түзүп алалы. Таланттуу кызыбыз Айтурган командаларга ийгилик каалоо менен бирге, көңүл көтөргөн ыр ырдап берсин. Мынакей маанайыбызды да көтөрүп алдык. Эми өзүбүзгө алтын эреже кабыл алып алсак.

Демек командалар даяр болсок, жаңы темага өтөлү. Тема: Алгоритм биздин турмушта.

Сабактын максаты менен тааныштырып өтөйүн.

Алгоритмдин түрлөрүн таанып билесиңер.

Аларды сүрөттөп, мисалдап айтып бере аласыңар.

Алгоритмдин түрлөрүн жашоо-турмуштагы маанисин талдай алышат.

Ойлоп табууга, топ менен иштөөгө көнүгөт.

Окуучулар топ менен иштөөдө ынтымактуулукка, план менен иш кылууга

жана ар бир иште эрежелерди так, туура колдонууга тарбияланышат.

Биз баарыбыз билебиз ээ? Көзүбүздү ачкандан баштап эле алгоритм дүйнөсүндө ойгонобуз. Алгоритм жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Көздөгөн максатка жетүүбүз үчүн бизге берилген так туура буйрук. Б.а көрсөтмө же план. Биз буга чейин алгоритм менен таанышпыз, ал кайдан келип чыккан, кимдин ысымынан аталган. Канча касиети бар, кандай жолдор менен берилет, канча түрү бар. Мына ошол өткөндөрүбүздүн баарын мына ушул сабагыбыздын шарттарын аткарууда эсибизге салабыз.

Анда эмесе бүгүн сиздер менен жаңы бир усулда Бенжамен Блумдун таксономиясы менен өтөбүз.

Мен анда кыскача таксаномиянын шарттары менен тааныштырып өтсөм.

1-шарт БИЛҮҮ (Мында эрежелерди так туура айтасыңар)

2-шарт ТҮШҮНҮҮ (Блок схема менен иштейсиңер)

3-шарт КОЛДОНУУ (Алгоритмди пайдаланып бир нерсени жасап же көрсөтүп бересиңер)

4-шарт ТАЛКУУ (Слайд, сүрөттөр аркылуу талкуу жүргүзөсүңөр)

5-шарт ТОПТОО (Тесттерге жооп бересиңер жана бир тапшырма аткарасыңар)

6-шарт БААЛОО (Топ менен баалоо, жекече баалоо) Бул акыркы шартта топтолгон балыңар каралат.

Мен силерди баалоо үчүн колумдагы быйтыкча менен баалайм. Күлүп турган быйтыкчаны 5 деп түшүнөбүз. Таң калып турган быйтыкчаны 4 деп түшүнөбүз. А.э ыйлагысы келип турган быйтыкчаны 3 деп түшүнөбүз. Ар бир шартты аткарууда мына ушул быйтыкчаларды балл катары чогултуп, шарттын аягында эсебин чыгарабыз.

Анда эмесе 1-шартыбыз Билүү шарты кетти. Ар бир команда командасынын аты боюнча аныктама берет.

Сызыктуу алгоритм командасы: Эч кандай шартты камтыбастан, биринин артынан экинчиси удаалаш аткарылган аракеттерден турган алгоритм сызыктуу алгоритм деп аталат.

Циклдык алгоритм командасы: Берилген шарт аткарылмайынча кайталана берген аракеттердин удаалаштыгынан турган алгоритм циклдик алгоритм деп аталат. (жоопторго карап балл ыйгарылат)

2-шартыбыз Түшүнүү. Мен 2 командага суроо берип бүтүп, блок-схема түзүүгө уруксат бергенимден кийин чийип баштайсыздар.

Анда Сызыктуу алгоритм командасына суроо. Мына балдар бизге семинарга Ноокен районунун ар тарабынан мугалимдер келишти. Рахманжан, Сакалды, Масыдан Кочкор-Ата стоянкасына келип түшүштү. Алар биздин 23-мектепти адашпай табып келүүсү үчүн, сызыктуу блок схема түрүндө алгоритм түзгүлө.

Циклдык алгоритм командасына суроо. Силерге эжеңер ноутбугу үйдө калып кеткенин айтып топ ачкычты карматты да, силер мына ушуга циклдүү алгоритм түзөсүңөр. (Блок-схемаларды туура чийгенине жана алгоритмди туура жазганына карап баа берилет.

Демек даяр болсок баштадык.

Мына 3-шартыбызга да келдик. Бул шартта жогоруда айтып өткөндөй алгоритмди колдонуп, бир нерсени көрсөтүп, колдонуп көрүшүңөр керек. Сызыктуу алгоритм, сызыктуу түрдө, циклдык алгоритм, циклдүү түрдө көрсөтүп бересиздер.

4-шарт Слайддагы сүрөттөр менен иштейбиз.







5-шарт. Биринчи тестке жооп берели анан, блок схемаларды бул жерде аралаштырып салгам, силер ошону иретке келтиришиңер керек.

Сызыктуу алгоритм командасынын тесттик суроосу.

Циклдык алгоритм командасынын тесттик суроосу.

6-шарт. Мына таксономиянын акыркы шарты алтынчы шартына келип жетти. Демек чогулткан баллдарыбыздын эсеби менен бүгүнкү сабагыбызда ___________________________________________________________командасы жеңишке ээ болду.