СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алгоритмдер сабак

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Алгоритмдер жонундо маалымат

Просмотр содержимого документа
«Алгоритмдер сабак»




Жаңы теманы түшүндүрүү

Сызыктуу алгоритмдер


Алгоритмдерде командалар белгилүү тартипте биринин артынан экинчиси жазылат.

 Командалары жазылыш тартиби боюнча, б. а. бири-бирине удаалаш аткарылган алгоритм сызыктуу деп аталат.

Мисалы, төмөндөгү даракты отургузуу алгоритми сызыктуу болуп эсептелет:

1) жерге чуњкурча казгыла;

2) көчөттү чуњкурчага салгыла;

3) чуњкурчадагы көчөттү көмгүлө;

4) көчөттү сугаргыла.

Бул алгоритмди блок-схеманын жардамы менен төмөнкүдөй сүрөттөсө болот:



Тармактуу алгоритмдер


Зарыл аракеттердин ырааттуулугу алдын ала белгилүү болгон жагдайлар сейрек кездешет. Жашоодо көпчүлүк учурда үстөмдүк абалга жараша чечим кабыл алууга туура келет. Эгерде жаан жааса, биз кол чатыр алып плащь кийебиз; эгерде ысык болсо жењил кийинебиз. Абдан татаал шарттарды тандоо да кездешет. Кээ бир учурларда адамдын кийинки тагдыры тандалган чечимге жараша болушу мүмкүн.


Чечимдерди кабыл алуунун логикасын мындай сыпаттоого болот:

ЭГЕР АНДА БОЛБОСО


Мисалдар:

  • ЭГЕРДЕ чыњ ден соолук кааласањ, АНДА чыњдал, АНДАЙ БОЛБОСО бир күн кечке диванда оонап жат.

  • ЭГЕРДЕ чабалекейлер ылдый учса АНДА жаан жайт, БОЛБОСО жаан жаабайт;

  • ЭГЕРДЕ сабакка даярдансан, АНДА сейилдеп кел, БОЛБОСО сабак оку.

Кээ бир учурларда жак болушу мумкун:

ЭГЕРДЕ АНДА

Мисал:

  • ЭГЕРДЕ айдоочу болсоњ, АНДА кабинага отур.


Кандайдыр бир шарттын аткарылышына же аткарылбашына жараша аракеттердин ырааттуулугун бир тарапка же башка тарапка ашыруучу аракеттердин уюштуруу формасы тармактануу деп аталат.


6-класстын окуучусу Асанов Болоттун аракеттеринин ырааттуулугун блок-схема түрүндө көрсөтөлү. Асан бул аракеттерин төмөнкүдөй элестетет: Эгерде Адилет үйүндө болсо, анда математика боюнча маселелерди чыгарабыз. Болбосо Алинага чалуу керек жана чогуу биология боюнча доклад даярдашыбыз керек. Эгерде Алина үйүндө жок болсо, анда дилбаян жазганга отуруш керек.


Төмөнкү маселени чечүүдө ушундай кылып блок-схеманын жардамы менен абдан көрсөтмөлүү берсе болот.

Бирдей даражадагы үч монетанын ичинен бирөө фальш (жалган, жењилирээк) Ташы жок таразанын жардамы менен бир эле жолу тартып аны (фальшты) кантип билсе болот?



Керектүү жерлерин дептерлерине конспекти кылып жазып алышат.


Сабакты бышыктоо.

Кайталануучу алгоритмдер


Бир же бир нече аракеттерди алдын ала түзүлгөн шарты сакталганча бир нече жолу кайталаганга туура келүүчү маселелер турмушта көп кездешет.


 Бир же бир нече аракеттердин ырааттулугу алдын ала түзүлгөн шарты сакталганча кайталаганган аракеттерди уюштуруу формасы цикл (кайталоо) деп аталат.

 Циклди камтыган алгоритм циклдик алгоритм же кайталоосу бар алгоритм деп аталат.

Циклдин аткарылышы эч убакта токтобогон жагдай үзгүлтүксүз цикл деп аталат. Иш жүзүндө мындай абалга жол бербеген алгоритмдерди иштеп чыгуу керек.

Турмуштан мисал карайлы. Кечки сейилдөөнүн алдында математика боюнча тапшырма аткарууга тийиш болгон окуучунун аракеттеринин блок-схемасынын көрүнүшү ушундай болушу мүмкүн:

Бул циклдик алгоритм. Окуучунун үй тапшырмасы канча маселеден турса ошончо жолу «Маселени чыгар» аракети аткарылат.





Ар бир окуучу ѳз алдынча ой жүгүртүп иштешет.


Жыйынтыктоо

ЭСИҢЕРГЕ САКТАГЫЛА!


Командалары жазылыш тартиби боюнча, б. а. бири-бирине удаалаш аткарылган алгоритм сызыктуу деп аталат.

Кандайдыр бир шарттын аткарылышына же аткарылбашына жараша аракеттердин ырааттуулугун бир тарапка же башка тарапка ашыруучу аракеттердин уюштуруу формасы тармактануу деп аталат.

Бир же бир нече аракеттердин ырааттуулугу алдын-ала түзүлгөн шарты сакталганча кайталаганган аракеттерди уюштуруу формасы цикл (кайталоо) деп аталат.




Үйгѳ тапшырма берүү

Суроолор жана тапшырмалар

1. Кандай алгоритмдер сызыктуу деп аталат? Сызыктуу алгоритмдердин мисалдарын келтиргиле.

2. Эсепчи аткаруучусу эки гана команданы аткарганды билет: экиге көбөйткөндү жана бирди кошконду. Бул аткаруучуга нөлдөн 50 деген санды алуунун эң кыска алгоритмин ойлоп тапкыла.

3. Аракеттерди кандай уюштуруу формасы бутактануу деп аталат? Бутактанууну камтыган алгоритмди келтиргиле.

4. Бирдей даражадагы 9 монетанын ичинен бирөө (жеңилирээк) жалган. Ташы жок табактуу тараза менен силер канча жолу тартып, аны аныктай аласыңар?

5. Аракеттердин кандай уюштуруу формасы кайталоо деп аталат? Кайталоону камтыган алгоритмдин мисалын келтиргиле.

6. Төмөнкү топтогу буйруктарды 16 жолу катары менен аткарган аткаруучу кайсы жерде токтойт?

10 метр алга

саат багыты боюнча 90° бурул

Төмөнкү маселелерди чечүүдө аракеттердин кайсы тобун жана канча кайталашы керек?

Эки бала кайыкта сүзүп эс алып жүргөн дарыянын жээгине кырк аскер келди. Кайыкка бир бала жана бир аскер батпайт. Эгерде кайыкка бир аскер же эки бала гана батса, солдаттар аркы жээке кантип өтүшү керек?

7. Экини көбөйткөндү жана бирди кошконду билген Эсепчи тууралуу маселени эстегиле. Төмөнкү блок-схеманы колдонсок ал үчүн рационалдуу (кыска) программаларды иштеп чыгуу бир топ жеңил болот:


Бул блок-схеманы пайдаланып 0 санынан 1024 жана 500 сандарын ала турган рационалдуу программаларды түзгүлө.




Окуучулардын билимин баалоо

Сабак дагы аяктап калды. Келгиле бүгүнкү иштерибизди баалайлы.