СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алиппе 1-класс Тема: "Сс" тыбышы"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алиппе 1-класс Тема: "Сс" тыбышы"»

Сабактын аты : Алиппе

Өтүлгөн күнү: 27.11.2020

Классы: 1

Сабактын темасы: Сс тыбышы

Негизги компетенттүүлүктөр

1

Маалыматтык

Сс тыбышы катышкан сөздөрдү табат.

2

Социалдык-коммуникациялык

Биргеликте ой бөлүшүп мамиле түзүшөт

3

Өз алдынча уюштуруу

жана көйгөйлөрдү чечүү

Түшүнбөгөн суроолорун беришип, талкуу

уюштурушат.

Предметтик компетенттүүлүк

К1

Тыбыш жана тамга менен иштей билүү


К2

Окуй алуу


К3

Сөз байлыгы менен иштей алуу/жазганын окуп түшүнө билүү


К4

Тамга сөз сүйлөм менен иштей алуу


К5

Аң сезимдүү окуп, адабий сөздөр менен иштей алуу




Сабактын максаты


Көрсөткүчтөр

Билим берүүчүлүк :

Сс тыбышы менен таанышат.

Окуучулар Сс тыбышын таанып билишсе.

Өнүктүрүүчүлүк :

Муундап шар окуу аркылуу, окуп түшүнүүсү, кабыл алуусу, эске тутуусу, сөз байлыгы өсөт.

Окуучулар сөздөр менен иштей алышса

Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар бирин-бири сыйлоого, жаныбарларга аяр мамиле жасоого адабий тилде сүйлөөгө,

ынтымактуулукка, кечиримдүү болууга тарбияланышат.

Окуучулар бири-бирине туура мамиле

жасай билсе, адабий тилде сүйлөй алышса



Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү

Сабакта колдонулган ыкма: Жекече иштөө

Сабактын жабдылышы: Окуу куралдары, кырдаалга карата сүрөттөр.



Сабактын этабы

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети


1.Шыктандыруу

Саламдашуу. Жагымдуу маанай түзүү. Сабакта отуруунун

эрежесин кайталоо.

Тыбыш деп эмнени айтабыз?

Тамга деп эмнени айтабыз?



Өтүлгөн теманы кайталоо.

Окуучулар окуу

куралдарын толуктайт.

Бирин-бири

көзөмөлдөйт. Окуучулар

тыбыштын, тамганын

эрежесин айтышат.

Сылык учурашышат.


К1

2.Теманын күтүлгөн окуунатыйжаларын жарыялоо


Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүп, чечмелешет. Текст менен таанышып, түшүнүктөрүн айтышат.

“Жашынган тамгалар” оюну




Сс тыбышы катышкан сөздөрдү таап, тыбыштык талдоо жүргүзүп, сүйлөм түзүшөт.

Сүрөттүн артында кайсы тамгалар жашынып турганын табышып, тамгалардан сөз курашат.

К2

3.Тема боюнча

маалыматтарды берүү

Сабактын максатын айтуу.

Сс тыбышынын баш жана кичине тамгасы менен таанышат. “Салтанат” деген текст менен

таанышып, чынжырча түрүндө окуп, түшүнүктөрүн айтышат. Биздин досторубуз ким? Сүйлөбөйт бирок акыл үйрөтөт.

Китептеги муундарды,

сөздөрдү, тексти окуп, маанисин түшүнүшөт.

Окуучулар ойлонуп, сүрөткө карата жоопторун айтышат.


К3

4. Интерактивдүү көнүгүүлөр

“Ким көп табат” оюну

“Дүкөн” оюну


“Тыбышты карма” оюну



Сс тыбышы катышкан

сөздөрдү табышат.

Буюмдарды сүрөттөрүн көрүү аркылуу тыбыштар менен сатып алышат.

Айтылган сөздөрдүн

тыбыштарын кармап, тыбыштык талдоо жүргүзөт.

К4

5.Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу натыйжаларын баалоо

Бүгүнкү сабакта кайсы тыбыш менен достоштуңар?

Ал кандай тыбыш ?

Кандай түс менен белгиленет?

Оозеки кайтарым

байланыш


К5

6. Баалоо

Окуусуна, тапкычтыгына,

активдүүлугүнө, тартибине карап эмоционалдуу баалоо.