СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алиппе ачык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алиппе ачык сабак»

Предметтин аты: Алиппе Өтүлгөн күнү:

Классы: 1-класс

Сабактын темасы: “Хх” тыбышы

Негизги компетенттүүлүктөр

  • Маалыматтык : “Хх” тыбышы жөнүндө маалымат алат.

  • Социалдык-комуникациялык: топтордо жупта иштейт.

  • Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү: өз алдынча сүрөт аркылуу жана муундарды табуу аркылуу китеп окушат. Колдонот.

Предметтик компетенттүүлүктөр

К1- Хх тыбышын жана тамгасын тааныйт. К4- Муунду туура окууга машыгат.

К2- үндүү, үнсүзгө ажыратат. К5- Шар окуйт.

К3- кошуп муун окуйт.

Сабактын максаты:

Окуучулар үчүн күтүлүүчү натыйжалар

1. Хх тыбышын жана тамгасын таанытуу.

-эгерде окуучу Хх тыбышы менен таанышып, Хх катышкан сөздөрдү, тексттерди туура окууга үйрөнсө;

2. Жаны сөздөрдүн маанисин түшүнүп, сөз байлыгы, ой жүгүртүүсү эске тутуу жөндөмдүүлүктөрү калыптанат.

-кырдаалга карата оозеки кеби өнүксө; текст боюнча өз оюн жеткилитүү, туура айтып берүүгө машыкса:

3. Кыш мезгилинин өзгөчө кереметин хоккей оюну аркылуу байкай алышат.

- “Хоккей” деген текстти окуп, табияттын сулуулугуна суктана алса;

Сабактын тиби: Жаны билимдерди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын ыкмасы : Сүрөт аркылуу аңгемелешүү, көрсөтмөлүүлүк, байкоо, топто иштөө.

Сабактын жабдылышы: Окуу китебиндеги тапшырмалар , сүрөттөр, буклеттер тамга кассасы.

Сабактын жүрүшү:

Сабак - тын этаптары

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракети

Компетен-түүлүк

I этап

Шык-тан-дыруу

а) Саламдашуу

б) уюштуруу.

Жагымдуу маанай түзүү.

Алтын эреже түзүү.

Топторго жетекчи шайлоо.

в) Өтүлгөн тема боюнча билимдерин текшерүү, бышыктоо.

Ар бир топтор жупта иштейт.

Ар бир топко карточкалар берилет.Карточкада тамгаларды түстөр менен белгилешет.

1-топ үндүү кызыл калем

2-топ жумшак үнсүз жашыл

3-топ: каткалаң үнсүз көк

1.Кутман күн!

Бири-бирине жылуу сөз тартуулоо.

Өтүлгөн тема боюнча мугалимдин суроолоруна жооп берет.

Билимдерин жыйынтыкташат.








Жупта иштешет.



К2 К3, К4


II этап: Жаны теманы жарыя-лоо

Сабактын максаты окуучулардан суралат.Окуучуларды мугалим толуктайт.

1.Мотивация берүү

2. “Хх” тыбышы менен тааныштыруу.

Каткалаң үнсүз.Түгөйсүз.

Окуучулар максаттарды айтышат.

“Хх”тыбышы менен таанышат.


К 1

3-этап Тема боюнча маалы-мат берүү

1.Окуучулар чынжыр боюнча х тыбышы катышкан сөздөрдү айтышат..

2.Сөз куроо

Топторго тамгалар таркатылат.Тамгалардан сөз куроо керек.

1-топ: халат

2-топ:пахта

3-топ:шахмат


Топтор иштешет.

1.Сөздү курайт

2.Тамга жана тыбыштардын санын эсептейт.

3.Муунга бөлөт.Муундун түрлөрун аныкташат.

4.Сүйлөм түзүшөт.


К 2,


IV этап

Көнү-гүү машы-гуулар

Доскадагы ачык ,жабык,туюк муундарды топтор кезектешип жалпы окушат.

Текст менен иштөө.

Кыш келди.Айлана-ак карга бөлөндү.Бүгүн Фархад менен Рахат.хоккей ойногону чыгышты.Аларга башкаларда кошулду.Тахир менен Султан аларга кызыгуу менен карап турушту.Балдар хоккей ойногонду жакшы көрүшөт.Алар мыкты ойноп жатышат.

Синоним сөздөр.

Бөлөндү-чулганды.

Ойногону чыгышты-ойногону барышты.

Кызыгуу менен-ынтызарлык менен

Мыкты-зор

Антоним сөздөр.

Ак-кара

Балдар-кыздар

Жакшы-жаман.

Китептеги сөздөрдү окуу.

Ах,ох,хан,хор,сахна,хоккей,шахта,пахта.

Убакыт болсо кошумча тапшырмалар.

Сыйкырдуу экран силерге тапшырмаларды алып келиптир.

Синоним сөздөр.

Жүгүрдү-чуркады.

кубанды-сүйүндү.

Кооз-сулуу

Антоним сөздөр.

Суук-жылуу

Эмгекчил-жалкоо

Жумшак-катуу

Тексттерди туура окууга машыгышат.

Топтор текстти бир сүйлөмдөн окушат.

Синоним,антоним сөздөр менен иштешет.


.Ар бир окуучу бир сөздөн окушат.











Китептеги сөздөрдү чынжыр боюнча окушат.Окуган сөздөрү боюнча сүрөттөр экрандан көргөзүлүп турат.


К2

К3

К 4


V. этап жыйынтыктоо

Х тамгасын газеталардан белгилөө.

1.Бүгүн кандай тыбыш менен тааныштыңар?

2.Эмнелерди үйрөндүңөр?

3.Сабакта койгон максатыңарга жеттиңерби?

Суроолоруна жооп берүү менен сабактан алган билимдерин жыйынтыкташат.Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп беришет, жана ага карата сүйлөм түзүүгө үйрөнүшөт.


Баалоо

Бири-бирин баалоо.

Упайлар эсептелип жеңүүчү топ аныкталат.

Бири-бирин оозеки баалашат.


Үйгө тапшырма

Хоккей - деген текстти окуп, көчүрүп жазып келүү.

Текстти окуп, көчүрүп жазып келишет.