СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алиппе майрам 1-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алиппе майрам 1-класс»



Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер жана мугалимдер. 1-класстын окуучулары тарабынан даярдалган “Кош Алиппе” майрамына кош келипсиздер!

Балалыктын доорунда,

Балкып турган учуру.

Ак мектепке кадам таштап,

Толкунданган убагы.



Сабак болгон учурда,

Мугалимди урматтап,

Кичипейил, адептүү,

Ынтымактуу класста.



Дилгирленип окууга,

Аракеттенет дайыма.

Кең келечек алдында,

Буюрса болот алдыда.

Анда эмесе коноктор сиздердин алдыңыздарга 1-класстын окуучуларын жана мугалими Рахманова Каныкей Азиреткуловнаны тосуп алыңыздар.







Төрт ай бою балдардын,

Бал тилин ийге келтирдим.

Окутуп сулуу жаздырып,

Жан дилин ийге келтирдим.

Талыкпай тамга таанытып,

Жаздырып колун көндүрдүм.

Сөздөрдү кошуп окутуп,

Билимге көңүл бөлдүрдүм.

Саламатсыздарбы ардактуу ата-энелер, урматтуу кесиптештер жана коноктор. Биздин сабатыбызды ачып, “А” тамгасын таанытып билимдин чексиз мейкиндигине жетелеп алып барар

“ Ырахмат сага Алиппе!” майрамына кош келипсиздер!

Бүгүнкү салтанаттуу кечебизди ачып берүү үчүн сөздү Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицейинин мүдүрү Базарбаева Бүбүнукура Кудайбердиевнага беребиз.

Келгиле балдар эми силердин бүгүнкү жашооңордо алгач ирет жана акыркы жолу болуп жаткан “Кош Алиппе” майрамына келген коноктор менен саламдашып алалы.

Ариет:

Салты билип башынан,

Саламдашып алалы.

Аруузат:

Арбагыла калайык,

Мен да айтам саламды.

Ариет:

Айдай сулуу апаларга,

Аруузат:

Аска тоодой аталарга.

Ариет:

Мээримдүү мугалимдерге

Жалпы окуучулар: Баш ийип салам айтабыз

Айдана:

Куттуктаймын колду чабам,

Жаркыраган нур заманга толкунданам.

Ук жер жүзү, ук бүт аалам,

Бүгүн бизде Алиппе майрам.

Окуучулар хор менен айтышат.

Бегайым:

Ушул китеп мени үйрөтөт досума,

Шар окууга, шайыр жашап басууга.

Эң алгачкы достоштурган “Алиппе”,

Ак тилектүү анын аты “Алиппе”.

Зарлык:

Бүгүн бизде чоң майрам,

Алиппенин майрамы.

Ариптерди үйрөткөн,

Ал акылдын каймагы.

Аруузат: Алиппе китеби кимдер үчүн жазылганын билесиңерби?

Хор менен айтышат:

Алиппебиз алтын китеп аталган,

Тамгалардан бермет шуру чачылган.

Босогосун ачып бизге билимдин,

Алиппебиз бизге арнап жазылган.

Мына бүгүн мектеп босогосун аттаганда эң биринчи колуңарга кармап, тамгаларды үйрөткөн, алиппе китебиңер менен коштошкону турасыңар. Бүгүн силер сүйүктүү китебиңерге ырахматыңарды айтышыңар керек. Туурабы балдар?

Окуучулар: Туура

Анда эмесе балдар биздин болуп жаткан майрамыбызга сүйүктүү досуңар болуп калган “Алиппе” китебини чакырып алалы.

Окуучулар: Алиппе, алиппе, алиппе.

Алиппе китеп: Саламатсыңарбы кымбаттуу менин кичинекей досторум. бүгүнкү “Кош Алиппе” майрамыңарга силердин 8 ай бою окуп мени капа кылбастан сүйүп окугандыгыңар үчүн силерге рахмат айтып, ыраазычылыгымды билдирем. Кана эмесе силер Алиппе китебинен эмнелерди үйрөндүңөр айткылачы? Мен силердин бүгүнкү майрамыңарга күбө болоюн.

Силер менен ыр ырдап,

Бий бийлеймин сүйүнүп.

Мени чындап сүйсөңөр,

Мени урматтап жүрсөңөр,

Айткылачы угайын,

Китебимдин сырларын.

Айдана: Бажырайган тамгалар,

Баарыбызга жат болду.

Алиппебиз сүйүктүү,

Ачып берди ак жолду.

Жасмина:

А тамгасы алиппенин ачкычы,

Алиппеден билим нуру таралат.

Билимдүүнүн тоодой болгон бактысы,

Биздин бакыт билим менен жаралат.

Сыймык:

Алтын китеп Алиппем,

Ар күн окуп ачканмын.

Отуз алты тамганы,

Ойдогудай жаттадым.

Айгерим:

Алиппенин барагын,

Ачып дагы карадым,

Улам билим алсам деп,

Арта түштү талабым.

Алиппе:

Тамгаларды билсеңер,

Мени урматтап жүрсөңөр.

Айткылачы угайын,

Ар бир тамга ырларын,

Айта турган сырларын.

Кана эмесе балдар ынтымактуу тамгалардын сырларын айтып бергилечи? Тамгалардын ырларын айтышат.





Аа

Ата, апа, алмага, Мадыл, маймыл мамалак,

“А” тамгасын жазабыз, “М” тамгасы жазылат.

Алгач жолу билимди, Майрам эне мышыгын,

Алиппеден алабыз. Мый-мый-мый деп чакырат.



Ь Фф

Алигиче атым жок, Фартук жана фонарга,

“Ичкертүү ” деп коюшат. “Ф” жазылат баш тамга.

Июнь, июль сөздөргө, Фломастер эң керек,

Мени жазып коюшат. Кооздоп сүрөт тартканга.

Бб Ээ

Бала, балык, балкага, Эшик, элик, эмерек,

“Б” жазылат баш тамга. “Э” тамгасы эң керек.

Балдар туруп эртелеп, Эң бир ыйык адамың

Баратышат бакчага. Эне десең “Э” келет.



Яя

Й менен А кошулса,

Я тамга деп аталат.

Якорь, Ялта, Январь, Юю

Я тамгадан башталат. “Й” менен “У” биригип,

“Ю” тамга деп аталат.

Юля деген оюнчук,

Чимирилип айланат.

Гг Ее

Гимн, гербди жазганда, Жашайт экен токойдо,

Керек дайым “Г” тамга. Енот деген жаныбар.

Гулай, Гүлзат баратат, Кудум мышык окшогон,

Гүл тергени талаага. Куйругунда чаары бар.

Ии

Ийне, илгич, ийнелик,

“И” тамгасын билелик.

Илим кудук казгандай,

Ийне менен изденип.

Дд Өө

Данек, дарак, дарбызга, “Ө” тамгысы тегерек,

“Д” жазылат дайыма. Өрдөк десең “Ө” керек.

Дамир, Дөөлөт эки дос, Өтөгөнгө саначы,

Жардам берди дайырга. Канча тамга “Ө” келет.





Шш

Шыпылдатып колдорун,

Шырдак шырыйт Шарипа.

Шабдалыны үзөм деп,

Шакир чыкты шатыга.

Жж Ыы

Желек, жебе, жарганат, Ышкырыкка “Ы” келет,

“Ж” тамгадан башталат. Ырысбекке “Ы” керек.

Жоо келтирбей жерине, “Ы” тамгасы колдонгон.

Жоокер жерин кайтарат. Кайсы сөздү ким билет?



Хх

Халат, Хасан, халвага,

“Х” тамгасын жазабыз.

Көк тиреген чокуну,

Хан-Теңир деп айтабыз.

Зз Уу

Зоо да “З”дан башталат, Улуу тоодо жашаган,

Зым заводдо жасалат. Уккулуктуу сайраган.

Уйдун пирин билип ал, Ушул кайсы канаттуу,

Зеңги баба аталат. “У” тамгадан башталган.



Чч

Чабалекей, чагылган,

“Ч” тамгасы жазылган.

Чынчыл болуп чоңойгун,

Чындык ыйык баарынан.

Нн Йй

Мен “Н” деген тамгамын, Йогурт менен йодду,

Нанды, нарды жазамын. “Й” тамгадан баштайбыз.

Нандан ыйык байлык жок, “Й” башында бөлөк сөз,

Нанды дайым барктагын. Издесек да таппайбыз



Цц

Айлананы кагазга,

Циркуль менен чиебиз.

Сонун оюн көргөнү,

Циркке барып киребиз.

Вв Оо

Велосипед, вертолёт, Тоголонгон топко окшош,

“В” тамгадан башталат. “О” тамгасы тоголок.

Вокзал жакка паравоз, Окуу, отун, орокко,

Вагон сүйрөп баратат. “О” тамгасын колдонот.

Кк

Кийим, кийим калыңдап,

Канат кайда камынат?

Карасаңар баарына,

“К” тамгасы жазылат.

Алиппе:

Тамгалардын бардыгын,

Жакшы экен билип алганың,

Китептерге достошуп,

Оку, үйрөн калганын.

Окуучулар: Окуганды алиппем, үйрөнгөнбүз өзүңдөн.

Кымбаттуу окуучулар силердин сабатыңарды ачкан сүйүктүү алиппе китебиңерди ким жазган?

Бела Кубаталиева

Балдар силер тамгаларды окуганды эмнеден үйрөндүңөр?



Окуучулар: Китептен.

Анда эмесе “Китеп” ыры жөнүндөгү хоруңарга кезек берели.

Хор:

Китеп ыры

Билбегенди билгизген,

Мээге сезим киргизген.

Ак булуттун үстүндө,

Айга жакын жургүзгөн.

Кайырма:

Китеп менин, китеп акылым,

Китеп менин, китеп жакыным.

Китеп менин акылым,

Китеп менин жакыным.



Турмуш сөзүн үйрөткөн,

Көркөм тилди сүйлөткөн.

Көкөлөтүп көңүлдү,

Табияты билмексен.

Кайырма:

Алиппе:

Окуганды билсеңер,

Кыйынбыз деп жүрсөңөр.

Азыр окуп берүүгө,

Кимиң даяр келүүгө.



Менин аракетчил жана сабырдуу балдарым келгиле эми экранга көңүл буруп макал-лакаптарды окуп берип, өзүңөрдүн жөндөмүңөрдү көрсөткүлө.

Ариет, Айгерим, Зарлык, Бегайым, Сыймык, Жасмина, Айдана, Аруузат.

Билимдүүгө - дүйнө жарык.

Китеп - билим булагы.

Мугалим мөмөлүү – дарак.

Туулган жердин – топурагы алтын.

Эне сыйлаган элине жагат.

Ата сыйлаган абийир табаар.

Тил жүрөктүн ачкычы.

Билимдүү болсоң озорсуң,

Билимсиз болсоң тозорсуң.

Балдар ары сыйкырдуу, ары кызыктуу бул китептен силер дагы эмнелерди үйрөнө алдыңар?

Окуучулар: Табышмактарды, жомокторду, ырларды, макалдарды.

Азаматсыңар мындан ары дагы китеп менен дос болсоңор келечегиңер кең, жашооңор жарык болот менин кичинекей акылдуу балдарым.

Келгиле эми билсеңер,

Айткылачы табышмак.

Тапкыч бекен апаңар,

Байкап тыңшап баарыны,

Жандырмагын таап алсын батыраак.

Ариет, Узун экен куйругу,

Учтуу экен тумшугу.

Эң айлакер жаныбар,

Эмне дейбиз биз муну





Аруузат: Сулуу куйрук жалы бар,

Сүтү абдан дары мал.

Эр жигиттин канаты,

Эмне деген жаныбар.



Зарлык: Сүтүн берет чакалап,

Сүзмө каймак жасалат.

Анан дагы биз жеген,

Абдан ширин балмуздак.



Айдана: Базарда сатылбайт,

Таразага тартылбайт.



Бегайым: Гүлдүн жыйнап ширесин,

Тынбай учуп жүрөт ким?

Сен тийишсең аларга.

Сайып алат ийнесин



Сыймык: Ак булуттай ап-аппак,

Алар көлдө жашашат.

Көл үстүнө көрк кошуп,

Көлдө сүзсө жарашат.



Айгерим: Эмнеде тамыр жок?



Балдар айткылачы биз алиппеден тышкары математика сабагын да окудук. Математика сабагынан эмнелерди үйрөнө алдыңар?

Окуучулар: сандарды, амалдарды, мисал, маселе чыгарганды.

Кана анда айткылачы сандар сырларын ачып бергилечи?



Саноо бирден башталат,

Бул сан бир деп аталат.

Сан башында жол баштап,

Сандын баарын башкарат.



Эң эле кооз койкойгон,

Эки деген сан болом.

Эринчээкке, жалкоого,

“Эки” деген баа коём.



Үч деген сан боломун,

Үмүтүмдү кошомун.

Эл аралык мелдеште,

Ээси менмин колонун.

Төрт деген сан мен боломун,

Бир, эки, үчтөн чоң боломун.

Жакшы окуган балдарга,

Жакшы деген баа коём.



Бардык сандан беш жакшы,

Буга болот ким жакшы?

“Отличник” деп коёт,

Бешке окуган балдарды.

Мен жетимин, жетимин,

Бир жумада жети күн.

Билип жүргүн дайыма,

Бири кыдыр жетинин



Балпаңдаган сегизмин,

Бардык сандан семизмин.

Эки төрткө бөлүнүп,

Кызмат кылам эл үчүн

Тогуз деген сан болом,

Топ сандан чоң болом.

Топтоголок башым бар,

Тогуз коргоол ойногон.

Менин боюм тоголок,

Менин атым нөл болот.



Терметип билимине алтын бешик,

Келгин деп канчаларга ачып эшик.

Үйрөтөөр бул дүйнөнүн көп сырларын,

Ушундай бийик татаал мугалимдик кесип.

Жеке номер:

Нурматова Аруузат

Мугалим

Ак сүтүн берген апамдай,

Тынч алып эч бир жата албай.

Окуучум билим алсын деп,

Кам көрдүң алыс баса албай.

Кайырма:

Баш ийип таазим кыларым,

Мугалим алтын чынарым.

Сүйүктүү эжей агайым,

Силерге алкыш айтамын.

Кездешсек мээрим төгөсүң,

Чын дилден көңүл бөлөсүң.

Биздерге ак жол тиледиң,

Билимдин берип мөмөсү.

Кайырма:

Жандырып өмүр чырагын,

Тааныткан жолдун ыраагын.

Жылдызга башым жетсе да,

Мугалим менин сыйларым. Кайырма:

Кымбаттуу балдар силерге ата-энеңер үйдө жомок окуп беришет эмеспи, ошонун сыңары бүгүн силер дагы актёрлук чеберчилигиңерди көрсөтүп, жомок аткарып бере аласыңарбы?

Окуучулар: Ооба

Аруузат, Ариет, Зарлык. “Абышка менен Дөө”

Кымбаттуу окуучуларым ушул ыр саптарында айтылгандарга арналган ырлардан айтып бергилечи?

Апа деген ыйык жан,

Мектепке барсаңар кубанган,

Силерге устат мугалим,

Мекенчил бол деп тарбиялаган.



Мугалимге: Аруузат:

Жашоого жол көрсөтүп багыт берген,

Талыкпас акыл эмгек, сөзү менен.

Билимден бийиктикти урмат сыйды,

Табышмак ак эмгектен, маңдай терден.

Китеп: Айдана:

Китепсиз билим болбос,

Китепсиз акыл болбос.

Китеп-бул адаштырбас,

Кеңешчи, акыл жолдош.

Мектепке: Жасмина:

Окутуп көптү үйрөткөн,

Тамгаларды сүйлөткөн.

Мугалим менин устатым,

Мектеп менин курдашым.

Апа жөнүндө: Зарлык:

Ардагым алтын апам,

Эмгегин дайым барктайм.

Ар күнү ойлономун,

Ак сүтүн кантсем актайм.



Мекенге: Айгерим:

Атырдай жыты буркурап,

Салкын жел согуп зыркырап.

Абасы таза, тунук суу,

Жайлоосу сонун кыргыздын!



Урматтуу балдар биз алиппе, математикадан тышкары мекен таануу менен дагы тааныштык. Мекен таануу сабагы биздин мекенибиз Кыргызстандын жаратылыш кубулуштарын, кооздугун, байлыгын үйрөтөрүн билдиңер. Ушул таасирлүү китебиңердин автору ким экен?

Окуучулар? Заря Мамбетова

Кана айткылачы биз кайсы өлкөдө жашап жатабыз?

Борборубуз кайсыл шаар?

Силердин кичи мекениңер эмне деп аталат?

Биз кайсы обласка карайбыз?

Республикабызда канча област бар?

Аптада канча күн бар? Бир жылда канча мезгил бар?

Бир жылда канча ай, канча күн бар?





Балалыктын доорунда,

Балкып турган учуру.

Ак мектепке кадам таштап,

Толкунданган убагы.

Бийлеп берсин берилип,

Биринчи класстын бийчилери.

Бий: “Балалык”

Балдар мына эми Алиппе китебиңер менен коштошор мезгил келди. Сүйүктүү китебибиз менен коштошолу.

Балдарга мен кубанам,

Көптү үйрөнгөн карасам,

Шашып турам кетсем деп,

Даярданып мен дагы,

Эмдиги 1-класска,

Сентябрда жетсем деп!

Окуучулар: шашылбачы Алиппе! Көптү үйрөттүң сен бизге.

Алиппе: Көптү үйрөнүпсүңөр. Мындан ары да адабий окуу китептерди көп-көп окуп жүргүлө.

Адабий окуу: Уруксатбы? Саламатсыздарбы!

Хор менен: Саламатсызбы!

Алиппе: Мына Алиппе китеби да келип калды.

Адабий окууну силерге,

Тааныштырып кетейин.

Жакшы урматтап окугула,

Чиймелебей беттерин,

Эми балдар кетейин.

Адабий окуу: улантайын ишиңди, берейин алын билимди. Кош бол!

Хор менен:

Кел сүйүктүү адабий окуу,

Күткөн элек биз сени,

Алиппе кетти коштошуп,

Билим бергин бизге эми.

Бий:

Директор менен ата-энелер комитетине сөз.

Алиппени аяктап жаткан 1-классынын лицейистерине ата-энелерге, бардык конокторго ийгиликтерди каалоо менен бирге бүгүнкү майрамга келип катышып бергениңиздер үчүн бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирип, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалаймын.



























Майрамы деп алиппенин,

Ыр жаттап келдик баарыбыз.

Кайсы тамга экенин,

Ырларынан тааныныз.

Мугалим:

Урматтуу алиппе балдар алиппеден алган билимдерин ырларын айтып беришсин анда.

Тамгалардын ырлары.



Окуучу : Жазгүл

Алфавиттин башаты,

А тамгадан башталат,

Ата, апа ыйык сөз.

А тамгада айтылат.





Окуучу: Нурбек

Билек туруп баатырларча,

Б тамгасы боломун.

Жакшы окуп келечекте,

Билим алуу тилегим.











Окуучу: Эмран

Венера күт деп досуна,

Воронежге барам деп.

Билбеймин канча күн өттү,

Ватсаптан кабар жөнөттү.



Окуучу: Азема

Гүл бакчамды карадым,

Гүлдөрүмдү санадым,

Гүлдөтүп туулган кананы,

Гений болуу талабым.



Окуучу: Байаман

Д деген тамга мен болом,

Достукту бекем колдогон.

Душманды чектен откозбой,

Эр болом мекен коргогон.



Окуучу: Мадина

Жаа сыяктуу ийилген,

Ж тамгасын билип ал.

Жыргалдуу кең заманда,

Жакшы окуп билим ал.





Окуучу: Айпери

З тамгадан башталат.

Зулфия акын эжем бар.

Ыр жазууну ойлосоң,

З тамганы билип ал.



Окуучу: Медина

Илимпоз өссүн кыргызда,

Издегин кыргыз кыймылда.

Изилдеп аалам сырларын.

Из калтыргын жылдызга.



Окуучу: Алина

Й тамгадан башталган,

Сөз жок экен кыргызда.

Ай дегенде бар экен,

Й жок экен жылдызда.



Окуучу: Адиз

Коңшулаш кытай кыр ашкан,

Кыргызды даалай сынашкан.

Кайратын көрүп баалашып,

Калыс дос деп аташкан.





Окуучу: Маржона

Лента байлап чачына,

Лола келди шашыла.

Лабиринт оюн кайда деп,

Лимон кошом чайга деп.



Окуучу: Байаман

Мыкты окуп мектепте,

Медаль менен бүтүрөм.

Министр болуп Бишкекте,

Мен апамды сүйүнтөм.

Окуучу: Зуура

Нандын ыйык экенин,

Нуржан эстейт кезинде,

Нан болсо ыр болоору,

Наристе балдар эсинде.



Окуучу: Зарина

Аңдан отсо чоң атам,

Чапаны чаң болуптур,

Таңда чыгып кечинде,

Айылга барып конуптур.





Окуучу: Батма

Оңдогон улут жашаган,

Ошумда тынчтык тараган,

Орус, өзбек кыргыздын,

Ойлору бийик самаган.



Окуучу: Рахатай

Өжөрлөнүп бек туруп,

Өнөр жайды көп куруп.

Өндүрүүгө киришсек,

Өнүгөт өлкөм кулпуруп.



Окуучу: Нурбек

Пайдасы учун мекендин,

Пайдубал болуп турайын.

Пальма менен чекендин,

Пайдасын кимден сурайын.



Окуучу: Жазгүл

Региондорду өнүктүрүп,

Райондорду өстүрүп.

Рахмат алып үлгүлүү окуп жүрүшүм,

Өлкөмө кошкон үлүшүм.





Окуучу: Аяна

Суу менен өмүр уланат,

Суу менен гүлдөйт туш тарап.

Суудан түшүм мол алып,

Сурахмат абам кубанат.



Окуучу: Эмран

Түрк атанын балдары,

Туугандай болуп жүрөлү.

Таарынышты билбестен,

Тынчтыкта өмүр сүрөлү



Окуучу: Өмүрбек

Урмат кылып Чыңгызды,

Улуу эл деп кыргызды.

Угуп келсе достору,

Утурлап сунат кымызды.



Окуучу: Айпери

Үтүк, үлүл, үйгө,

Ү келет деп билемин.

Үйүбүздүн тынчтыгын,

Үмүт менен тиледим.







Ф тамгадан башталат,

Форма, фартук такталат.

Формалар түргө бөлүндү,

Номер 7 сонун көрүндү.





Халваны жакшы көрөмүн,

Халаты үйдө киемин.

Хан боломун мен дагы,

Сөзүн уккан улуунун.





Ценьзяндан Кытайлар келишти,

Цемент завод курушту.

Цехтерге көңүл бурушту,

Центрлеп ченеп турушту.





Чоң энемдин колунда,

Чоңоюп жаткан бир кызмын,

Чынара, Чолпон эжемдей,

Чыгааны болом кыргыздын.





Шаарды кесип өтүптүр,

Шаркырап аккан дарыя.

Шашылып айтты Шарипа,

Ак Буура -деп жарыя.





Щ деген тамга бар,

Щётка сөзгө келет ал.

Тазалыкты сүйгүн деп,

Жардамын сага берет ал.





Шаарларды карадым,

Подьезддерди санадым.

Жумшартуучу белгини,

Досторумдан сурадым.





Ыйласаң соороткон,

Ырдатып ойноткон.

Ырыстуу эжекем,

Ыймандуу энекем.







Эшик, элек элине,

Э келет деп билемин.

Элик эмне экенин,

Эжекемден билемин.





Юрий агам сыяктуу,

Шарипов учкан космоско.

Юлия учкуч болом дейт,

Юпитерге коном дейт.





Я тамгасын 36 деп,

Шатырата кол чаптык.

Я дан кийин тамга жок,

Шар окууга жол таптык



Тамгаларды, тыбыштарды, ырларды, макалдарды, жомокторду


Окуучу:

Арыбаңыздар, энелер,

Барсыңарбы бөбөктөр.

Сөзүмө кулак салыңыз.

Бир серпилип калыңыз.

Алиппеге арналат.

Бүгүнкү ыр кечебиз.



Окуучу:

Бүгүн биздин мектепте,

Алиппенин майрамы.

Окуп калдым бүт таанып,

Отуз алты тамганы.



Окуучу:

Алгач жүрсөк апкаарып.

Анан коно баштадык.

Жаңылмачка тил көнүп,

Жакшы ырларын жаттадык.



Окуучу:

Көптү билдик, көп окуп,

Алиппе менен достошуп.

Сезимдерди ойготту,

Оюбузга ой кошуп.



Окуучу:

Сүйүктүү ушул алиппе,

Китептердин төл башы.

Жолуктурган дөөлөргө

Жомогу бар көп жакшы.



Окуучу:

Быйтың-быйтың басамын,

Мектепти көздөй шашамын.

Сабагымдан беш алып.

Көңүлүмдү ачамын.



Окуучу:

Отуз алты тамганы,

Оңой эле үйрөндүм.

Сөзүн окуп алиппенин.

Эжейимдей сүйлөдүм.



Окуучу:

Жакшы окуп билим алдык,

Болсун бизге калайык,

Эмне үйрөнүп, эмне билдик.

Кана, ортого салайык.



Окуучу:

Өттү бизде сан сабак,

Бүгүн бизде салтанат.

Башка окуу менен достоштук,

Алиппе менен коштоштук.

Окуучу:

Алиппе менен кош айтышып калабыз

Эми колго башка китеп алабыз.

Ата-эне кубанычка орток бол.

Сабаттуу болуп чыкты эми балаңыз.



Мугалим: Балдар уккулачы.

Ичи толгон арипке,

Билим берген бул бизге,

Биринчи колго кармаган.

Кайсы китеп ал сенде?



Хор: Келечекке жол ачкан, ак сүйүтүү алиппе.



Мугалим: Андай болсо баарыбызга кымбат болгон дос алиппени ортого чакырып алалы.

Балдар хор менен окуучулар чакырат. Алиппе.

Алиппе:

Арбаңыздар жаш достор,

Келечекке жол ачар.

Алиппең келди ортого,

Билим деген баланын.

Алиппесин мен берген,

Тамгаларды билсеңер,

Мени урматтап жүрсөңөр.

Айткылачы угайын.

Ар бириңдин ырларын.



Окуучу:

Ооба алиппе биз бүгүн.

Даярданып келгенбиз.

Тамгалардын ырларын,

Баарын айтып беребиз.




Окуучу:

Ынтымактуу баарыбыз,

36 тамгабыз.

Үндүү, үнсүз тамга деп,

Топторго болуп алганбыз.





Окуучу:

Бүгүн бизде чоң майрам,

Алиппенин майрамы.

Тыбыш менен тамгалар,

Бизди алга кадамдар.



Окуучу:

Кана эмесе бир бирден,

Тыбыштарды козгойлу.

Тамгаларды кезектеп,

Ролу менен ойнойлу.



Окуучу:

Майрамы деп алиппенин,

Ыр жаттап келдик баарыбыз.

Кайсы тамга экенин,

Ырларынан тааныңыз.




















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!