СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алиппе." Майрамдык кече."

Нажмите, чтобы узнать подробности

Алиппе "Майрамдык кече"

Просмотр содержимого документа
«Алиппе." Майрамдык кече."»

үр өгүздү кууп жетти

Өмүрүӊ узун болсун деп

Өзүм эле ыр жаздым.

 

«Ү» деген үндүү тамгамын

Үпөл сиӊдим, асманды карады

Үркөр жылдыз жылт этти.

Үпөл үшүп турду эле

Үркөр жылдыз жылытты.

Үтүрөӊдөп мен аны

Үйгө кир, — деп уруштум.

 

«Э» деген үндүү тамгамын

Эдил, Эсенди чакырып

Энеме бар – деди

Эсен энесине энтигип

Энекелеп жөнөдү

Эркелеген Эсенди

«Эстүү бол! – деп

Эсиме жазып, койдум.

 

АЛИППЕ – 2

Үнүӊ бийик чыгарган 6 созулма үндүүлөр

2-топ Эки окшош тамга биригип

Бир тыбышты билдирер.

Созулма ырдашат (обону менен)

Эки окшош тамга биригип

Бир тыбышты билдиребиз

Аска зоодон жаӊырыктап

Күүдө ойноп дилдирейбиз.

(аа,оо) ээ өө) уу, үү) аа,оо)

 

Ааламда да оолакта да

Ээн жерде өрөөн бойлойт

Ууга чыксак кооглашакан

Биздин тилек, тирөөч болмок.

(аа, оо) ээ,оо) уу,үү) ээ, өө)

 

Үндү бийик создурган

Алты созулма үндүүбүз

Айрым – айрым ырларды

Созуп-созуп ырдайбыз

(аа, оо)  ээ,өө)  уу,үү)  аа, оо)

 

АЛИППЕ – 1 Алиппенин майрамына

Кезектешип таанышып

Үнсүз тамгалар келе жатат

Бир нерсени талашып.

Үнсүз тамгалардын таанышканы

(Инсценировка)

Автор: Бир күнүүнсүз тыбыштар алыс жактан келишип тааныша башташты.

Каткалаӊүнсүздөр: — Саламатсыӊарбы?

Жумшак  үнсүздөр: — Саламатчылык.

Каткалаӊүнсүздөр: — Силер кандай тамга болосуӊар?

Жумшак үнсүздөр: — Биз жумшак үнсүз болобуз.

А силерчи?

Каткалаӊүнсүздөр: — Биз каткалаӊүнсүз болобуз.

Автор: Ошол кезде үнсүз эне келет.

Үнсүз эне: — Эки команда теӊүнсүз тамга болосуӊар. Өзүӊөрдү ыр түрүндө тааныштыра кете аласыӊарбы?

Жалпы: — Ооба, ооба. Тааныштыра кете алабыз.

Үнсүз эне: — Анда кезек Жумшак үнсүздөрдө.

Жумшак үнсүздөр: — 12, б, в, г, д, ж, з, й, л, м, н, ӊ, р

Өзүбүз он экенбиз

Жарым үн менен чыгабыз

Сөздөрдү так айткан кезде

Жумшак болуп угулабыз.

 

Үнсүз эне: Каткалаӊүнсүздөр өзүӊөр жөнүндө  айтсаӊар

Каткалаӊүнсүздөр – 10.  к, п, т, с, ф, ц, х, ч, ш, щ

Каткалаӊүнсүз 10 болот

Тыбыш үн менен айтылат

Тамгаларды айткан кезде

Катуу шыбыш угулат.

Үнсүз эне:

— Азаматсыӊар, 1-1ӊер менен таанышып алдыӊар. Эми майрамга даярдап келген ырларыӊарды угайлычы.

Жумшак үнсүздөр менен каткалаӊүнсүз тамгалар менен ырлар айтышат.

Үнсүз эне – Азаматсыӊар (кол чабуулар)

Бири-бириӊер менен дос болгуӊар келеби?

Жалпы:  — Ооба, дос болгубуз келет.

Үнсүз эне – Мен сөз айтам, кайсы уйкаш сөздөр башында, тыбыш угулса, ошол тамгалар чыгасыӊар.

Бил – пил, так — дак

Вера –Федя  шаш – жаш

Гүл – күл   зор – сор

Үнсүз эне – Бардык эле алдамдар дос күтө беришпейт. Ошол сыяктуу тамгалардын арасында да досу жок жалгыз тамгалар да кезигет.

Бул бир-бирине уйкаш келген сөздөрдө кезиккен үнсүз тамгалар

Б-п, д-т, з-с, г-к, ж-ш, в-ф – 12

Түгөйлүүүнсүздөр болосуӊар

Ал эми калган үнсүздөр

М, н, ӊ, р, л, ч, щ, й, ф – 10

Түгөйлүүүнсүз болосуӊар.

Азыр түгөйлүүүнсүздөр – б-п, д-т, з-с, г-к, ж-ш, в-ф бийлейсиздер. (бийлешет)

Ал эми түгөйсүз үнсүздөр табышмак, макал-лакап айтасыӊар.

Табышмактар:

Лл – кереги тиет кышында… (лыжа)

Мм – Апамдын жүрөт бутунда (маасы)

Нн – Баарыбыз сүйгөн тамак ал (нан)

Рр – Космоско караб атылат. (ракета)

Ӊӊ – Жарга түшсөӊ оӊбойсуӊ… (аӊ)

Макал-лакаптар

Хх – Миӊ сөз айткыча – бир ишти кыл.

Цц – Мекендин бактысы, өмүрдөн кымбат.

Чч – Калем курчу – изденүү менен акылда.

Щщ – Кеп билген адам – көп билген адам.

Үнсүз эне – биздин түгөйсүз үнсүздөр эӊ сонун табышмак, макал-лакап айттыӊар.

— Кыргыз тилинде бардыгы канча үнсүз бар экен? – 22.

— Канча үндүү тыбыш бар экен. – 8+6-14

Музыкалык тыныгуу

5-топ: Инсценировка

 

Ичкертүү жана ажыратуу белгилеринин капа болушу.

Автор: Бир күнү. Ичкертүү белгиси менен ажыратуу белги капа болуп келишет.

Тамга эне – Келгиле ь белгиси жана ъ белги.

Ь жана ъ белгилери: — Биз… биз… (алар үн берейин дешсе үн чыкпайт капа болуп калышат)

Тамга эне  -Эмне капа болуп жатасыӊар? ь жана ъ белгилери:

— Биз кандай тамгабыз? Б, В, О, Г, П сыяктуу үн берейли десек үнүбүз жок да. Тамга эне – Жорк тамгалар силер эч капа болбогула. Анткени силер керек болосуӊар. Азыр ьтуруп тургулачы (деп даярдап койгон с ъ е з д, п а л ь т о өзүнчө сөздөрдү окутуп ъ жана ь белгилерин тамгалардын ортосуна коюп окутат).

Тамга эне  — Ичкертүү белгиси сен болсо сөздөрдү түзүп жатканда сөздөгү  тыбыштарды назик, сылык угузуп турасыӊ (карточканы же балдарды пайдаланса болот, лагер, пальто.

— Ал эми ажыратуу белгиси сен болсоӊ сөздөгү тыбыштарды ажыратып турасыӊ. Көбүнчө силер орусча сөздөрдө кезигесиӊер, с ъезд, под ъезд – (этаж үйлөр)

— Ажыратуу белгиси жана ь белгиси силер сөз түзгөндө керек болуп, тамга болуп көрүнөсүӊөр. Ал эми оозеки айтканда тыбыш болбойсуӊар, эми капа болбойсуӊар?

Ъ л ь белгилери – ооба.

— Тамга эне биз ырдап берели.

— Макул ырдагылачы.

Ь жана ъ белгилери:

Жалпы:

Назик, сылык сөздөрдү

Угузууга  жаралганбыз

Айрым гана сөздөрдү

Ажыратып турабыз.

Тамга эне:

Дагы дагы айткылачы

Ыр даярдап жайкалсаӊар

Айткылачы шаӊданалы

Көӊүл кирин чайкасаӊар.

 

Ь белгиси:

Белги менмин ичкертүүчү

Айрым гана сөздөрдүн

Келе калып ортосуна

Же жабышып аягына

Өзүм тыбыш болбосом да

Көбү муктаж жардамыма.

 

Ъ белгиси:

Ажыратуу билгисимин

Зарыл менин өмүрүм

Эл, эл менен достошкондо

Тилдери ачат илимдин

С ъезддерде сүйлөшүп

Под ъезддерде жөө жүрөмүн.

Автор: — Ошентип ичкертүү белгиси менен ажыратуу белгилеринин көӊүлдөрү ачылыптыр.

(Эскертүү: 2-класска өткөндө кыргыз тили сабагында колдонсо болот).

Тыныгуу: Ата-энелер оюн уюштурат.

6-топ: Инсценировка

«Йоттошкон тамгалардын жаралышы»

Автор: Бир маалда бир нерседен чоочугансып й тамгасы келет.

Й тамгасы – Ой тамгалар билесиӊерби?

Мен эки тамганы бириктирип бир тамга болом дагы, жок болуп кетем.

Тамгалар – Кантип жок болосуӊ?

Автор: — Й тамга А, О, У, Э үндүү тыбыштарды чакырат. Ар бир тамганын жанына туруп окутат.

Й тамгасы –А+Й-АЙ  У+Й-УЙ

О+Й-ОЙ  Э+Й-ЭЙ

Тамгалар – Ай, ой, уй, эй (деп окушуп)

Эй, й тамга  мактанба, сен жок болгон жоксуӊ го?

Й тамга – Мен мында маани берген, муундарды түздүм, жоголгон жокмун.

Эми карагылачы, окугула.

ЙА, ЙО, ЙЕ, ЙУ

ЙА – окутуп Яны чыгарат да окутат

ЙУ – окутуп Юну чыгарат.

ЙЭ – окутуп Еени чыгарат

Йо – окутуп ЕЕ тамгасын чыгарат

Дагы й тамгасы кетип калат.

Тамгалар – И и й тамгасы чын эле жоголуп кетти. Я, Ю, Е, Ё деп окушат

Й тамгасы келип:

— Мына көрдүӊөрбү. Оозеки айтканда, окуганда эки тыбыштан турабыз. Ал эми жазганда бир тамга болот. Ошентип мен дагы үндүү тамгалар жок болуп, йоттошкон тамгалар жаралат.

Йоттошкон тамгалар: (ыр айтышат)

Эки тыбыш биригип

Бир тамга жаралдык

Айтып берип ырыбызды

Бир моокумдан каналы.

 

Уя, ую, коён, чие

Тамгалар көзгө көрүнөт

Оозеки айткан кезде

Тыбыштар көбөйүп угулат.

Автор: — Ошентип йоттошкон тамгалар пайдаӊ болушкан экен.

(Адабий окуу менен таанышышат).

2-бөлүк. Концерттик программа…