СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алиппе майрамынын сценарийи

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алиппе майрамынын сценарийи»

Саламдашуу:

Алып баруучу: Саламатсыӊарбы балдар!

Ушул күндөр силер үчүн кандай таттуу,

Бүгүндөн эртеӊкиси кандай шаттуу.

Мектептин эшиги ачык силер үчүн,

Мугалимдер беришет баардык күчүн.

Жалбырагы жашылдан

Роза гүлү ачылган

Сиздерге салам айтабыз

1 «В»- классынын атынан

Алып баруучу:

Силердин окуганыӊарга 2 айдын жүзү болду. 2 айдын ичинде көп нерсени үйрөндүӊөр болуш керек. Эми силер окуучу болдуӊар. Окуучулук күндөр кандай таттуу 1-жолу 1-класска мектеп босогосун аттаган күнүӊөр эч качан эсиӊерден кетпейт. Кымбаттуу окуучулар китеп окуудан талыкпагыла!

- Белгилүү акын А.Осмоновдун төмөнкү ырын эсиӊерден чыгарбагыла.


Китеп менин тунук таза булагым,

Китеп менин өчпөс жарык чырагым.

Көптү окуп, көптү билип китептиен,

Мекениме талбай кызмат кыламын.


Ким китепти оку билсе түшүнө,

Эки дүйнө жарык берет ишине.

Мындан артык мурун китеп бар беле,

Жаралабы? – кийин буга теӊ тете.

Декламация

Кыргыз желеги

1-Салидат

Желбирейт эркин бийикте,

Кыргыздын кызыл желеги.

Түндүгү нурга бөлөнгөн,

Орундан элдик тилеги.


2-Абдурахман

Мураска калган желекути

Мурастан түндүк белекти

Коргойлук жалпы түбөлүк

Аябай жанды, жүрөктү

Алихан

Ак калпак кийген кыргыздар

Ааламга пайда болгону.

Ардактап сактайт калпакты,

Алтынга теӊеп болжолу.


Байэль

Ак калпак кийген кыргыздар,

Тааныткан аны алыстан.

Ак калпак кийген сен дагы,

Бабалар окшоп даанышман.


Хор «Ак гүлдөр, көк гүлдөр»

Нуркыз

Декламация Баары

Азыр балдар окуу куралдар жөнундө табышмак айтам, силер табасыӊар,

«Алтын сөз бар ичинде,

Акыл берет кишиге». (китеп)


Үйрөтөм сулуу жазганга

Адашпай жолдон басканга

Жолдош болуп келетам,

Турмуштун сырын ачканга. (дептер)


Тоону жоодой түрдөйбүз

Дарак болуп бүрдөйбүз.

Жан киргизер кагазга,

Сүрөт ишин сүй дейбиз (түр карандаш)


Менсиз түз жолдор курулбайт,

Менсиз түз үйлөр курулбайт.

Менин жолум түптүз жол,

Жолумда жүргөн жыгылбайт. (сызгыч)


Кир жолотпойм ар убак,

Мени дайым сүйгөнгө.

Тазалык да сулуулук,

Өзүм менен бир жерде. (өчүргүч)


Хор: Ала-Тоонун ары жагында кыздар, балдар! Кыздар, Балдар

Конкурс ата-энелер үчүн: Өзүӊдүн балаӊды тап!

Анда эмесе балдар жомокко көӊүл бургулачы! Жомок «Сыйкырдуу кагаздар»

Илгери илгери бир сыйкырдуу токой болуптур. Бул токойдун ичинде түркүн жер – жемиштердин баары өсчү экен. Токойду Математика, Алиппе, Адеп, Мекен Таануу деген өлкөлөр курчап турчу экен. Бир күнү математика өлкөсүнөн сыйкырдуу токойго 1,5,7,9,8,6,5,4,3,2,10 деген сандар саякатка келишиптир. Бул сандар өздөрүнүн катар ордун жакшы билишчү эмес экен. Сандар токойдун дарбазасынан киришмек болушат.

- Мен биринчи кирем деп 9 айтса, Мен биринчи кирем деп 5 айтып, бирин бири түрткүлөшүп, ызы-чуу болушат. Канчалык дарбазадан киргенге аракет кылышса да кандайдыр бир күч тоскоол болот. Дал ушул учурда токойдон бир башкача үн чыгат.

- Силер сандар убура болбой эле койгула! Баары бир дарбазадан кире албайсыӊар! Баарыӊар токойго киресиӊер да, алыӊардын келишинче алма терип чыгасыӊар. Терип бүтсөӊөр терген алмаӊардын санына жараша тизилгиле.

- Мына көрдүӊөрбү эми өз ордуӊарды таптыӊар! Мен Силерге сыйкырдуу күч берем. Мындан ары ирээтиӊерди бузбай, сыйкырдуу өнөрүӊөрдү көрсөтө билгиле!

Балдар келгиле, биз дагы сыйкырдуу сандардын кызыгына баталы! Алар менен чогуу аралашып, билимибизди санайлы.

- Баштадыкпы балдар?

- Ооба!

1 – Нуркыз

2 – Алия

3 – Алихан

4 – Жылдыз

5 – Нурайка

6 – Салидат

7 – Сүйүн

8 – Даткайым

9 – Арай

10 – Абдурахман

Жеке ыр Ай чыкты: Салидат, Нурайка, Нурайка, Иман, Акбий


Эми мен силерге математикалык табышмак айтып көрөйүн. Силер жообун тапкылачы


Көлмөдө жүрөт 8 каз

Сегизден үчөө аппапак.

Жээкке бешөө кеткенде

Көлмөдө калат канча каз? (3)

Тогузубуз тоого чыгып ойлондук,

Толкунданып көпкө ойнодук.

Төртөө кетип, бешөө кошулду,

Баардыгы канча болдук? (10)

Тал башында 5 чымчык,

Сайрап жатат чыйырчык.

Экөө учуп кеткенде,

Канчоо калат санап чык? (3)

Кызыл гүлдөр ак гүлдөр

Жерге турчу көрк берип,

3 кызыл гүл, 5 жашыл, 2 сары

Канча болду айта гой

Жердеги гүлдөрдүн баарысы? (10)

Эрмек тикти эки алма

Эсен тикти үч алма.

Эми биздин короодо

Болуп калды канча алма? (5)

Бий «Гамгастайл»

Жеке ыр «кызыл гүл»


Алиппе

Билим:

Мен окуучу баламын,

Менин ушул талабым.

Эми алиппе китебин,

Өзүм окуй аламын.


Кана балдар «Алиппе» китебинен кайсы тамгаларды үйрөндүӊөр?

А – Сүйүн

Л – Даткайым

О – Ш.Нурайка

Э – Акбий

Е – Иман

Р – Байэл


Эмки кезек макалда

Айта бергин такалба.

Макалдын өзү тарбия

Түшүнбөгөндөр барбы ыя?

Бий – Вальс

Нурайка – Билим

Салидат – Абдырахман

Нуркыз – Сүйүн


Алып баруучу: Кандай кыздар, балдар биздин класста окуйт?

Эртеӊ менен эрте турат, сабакка дайым кечикпей барат.

Хор: Мен жана менин досторум!

Эрежени аткарып,

Эжейинин тилин алат

Хор: Мен жана менин досторум!

Китеп, дептер калемин унутпай сумкага салат

Хор: Мен жана менин досторум!

Жакшы окууга убада берет

Хор: Мен жана менин досторум!


Китепти сүй!

Даткайым:

Китепти сүй баркын бил,

Китептин көп акылы,

Ким китепке дос болсо,

Ал ошонун жакыны.


Нурель:

Сүттөй таза тилеги,

Деӊиздей кеӊ талабы.

Көктөй тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.


Алия:

Таалайдын жолун көрсөтүп,

Чакырып турат келчи деп.

Арамдыктан тазалап,

Жакшылыкка ээрчитет.

Иман:

Ошондуктан баркын бил,

Кирдебесин бир чети.

Сыя төгүп булгабай,

Жакшы сакта китепти.


- Балдар биз адеп сабагынан эрежелерди үйрөндүк.

- Адептүүлүккө

- Ымандуулукка

- калп сүйлөбөөгө


Калпычы бала

Атасы: Ай балам бери келчи!

Баласы: Ата эмне дейсиз?

Атасы: Балам атка чөп салдыӊбы?

Баласы: Салды мата.

Атасы: Сугардыӊбы?

Баласы: Ооба, ата сугардым.

Атасы: Анда балам атты токучу?

Баласы: Апей ата ат кайда эле?

Атасы: О Кудай урган калпычы десе! Мындан кийин калп айтпай жүр! Калп айткан жаман болот.

Баласы: Кечирип коюӊузчу, экинчи калп айтпайм.


Адеп сабагынан

Улууларды сыйлагын

Акбий:

Улуу киши келатса,

Салам айткын озунуп.

Тарбиялуу бала деп,

Бата берет олтуруп.


Айэлита:

Алдын тороп жолобо,

Сенден улуу адамды,

Уят болуп каласыӊ,

Байкабасаӊ буларды.



Рустам:

Олтуруп алба тымпыйып,

Жаныӊда турса сакалдуу.

Же калп эле кылтыйып,

Уктап калба – «амалдуу»


Сиз деген сылык сөз,

Сен деген сенек сөз

Жакшы болмок өзүӊдөн,

Сылык болмок сөзүӊдөн


Ата-энелер

Урматтуу ата-энелер убада бермек эмки кезек Сиздерде!


Балдарыбызды мактап, дайыма «АЗАМАТ» деп айтууга

Убада беребиз!

Эки алып калса сабактан жардам дайым берүүгө

Убада беребиз!

Мугалимдин айтканын закон катары көрүүгө

Убада беребиз!

Нурайка Чынбаева:

Кайсы тамакты жакшы көрөсүӊ? – Каша

Кайсы мультфильмди жакшы көрөсүӊ? – Рапунзель

Кайсы жаныбарды жакшы көрөсүӊ? – Итти

Үйдөн кимди жакшы көрөсүӊ? – Мамамды


Нурайка Шадыканова

Кайсы тамакты жакшы көрөсүӊ? –Манты

Кайсы мультфильмди жакшы көрөсүӊ? – Блум

Кайсы жаныбарды жакшы көрөсүӊ? – Мышык

Үйдөн кимди жакшы көрөсүӊ? – Мамамды


Керемет Бейшекеева

Кайсы тамакты жакшы көрөсүӊ? – Манты

Кайсы мультфильмди жакшы көрөсүӊ? – Маша жана аюу

Кайсы жаныбарды жакшы көрөсүӊ? – Бегемотту

Үйдөн кимди жакшы көрөсүӊ? – Мамамды