Мөөнөтү: 22-декабрь. 2017-жыл.
Предмети: «Алиппе».
Сабактын темасы: Созулма «өө» тыбышы;
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү;
Сабактын усулу: Топто иштөө, аңгемелешүү, баалоо ыкмалары;
Колдонулуучу каражаттар: Сүрөттөр, карточкалар, окуу китеби.
- Негизги компетенттүүлүктөр:
- Маалыматтык (НК 1);
- Социалдык-коммуникациялык;
- Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК 3).
- Предметтик компетенттүүлүктөр:
- Тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК 1);
- Окуй алуу компетенттүүлүгү (ПК 2)
- Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК 3);
- Сүйлөм, текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК 4)
- Аң сезимдүү окуу, угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК 5).
№
|
Сабактын максаттары
|
|
1.
|
Билим берүүчүлүк
|
Созулма «өө»тыбышын таанып билишет.
|
2.
|
Өнүктүрүүчүлүк
|
Кабыл алуусу, эске тутуусу, көңүл буруусу, чыгармачыл ой жүгүртүүсү, сүйлөө кеби өнүгөт.
|
3.
|
Тарбия берүүчүлүк
|
Муундап шар окууга, жаныбарларга аяр мамиле жасоого үйрөнүшөт.
|
Сабактын жүрүшү
№
|
Сабактын баскычтары
|
Мугалимдин ишмердиги
|
Окуучунун ишмердиги
|
Компетенттүүлүктөр
|
Баалоо
|
НК
|
ПК
|
1.
|
Уюштуруу
|
Саламдашуу. Жагымдуу маанай түзүү.
Азыр кайсы мезгил?
Жакында кайсы майрам болот?
Кыш мезгилине кайсы айлар кирет?
Жаңы жыл майрамына Аяз Ата менен Аяз кыз кечикпей убагында келиш үчүн биз эмне кылуубуз керек?
|
«Балаты» ырын ырдашып, жагымдуу маанай түзүшөт.
Топторго бөлүнүшөт.
1-топ. Декабрь
2-топ. Январь
3-топ. Февраль
Окуучулар жакшы баа алуунун жолдорун санап айтып беришет.
|
|
|
|
2.
|
Өтүлгөн теманы кайталоо.
|
Топторго суроо берилет?
|
1-топ: «Х» тыбышы кандай тыбыш?
2-топ: «Халат» сөзүндөгү «Х» тыбышынын ордун аныктап бер.
3-топ: Хоккей кандай оюн?
|
|
ПК 1
|
|
3.
|
Окуучулар
дын билимин
актуалдаш-
тыруу.
|
Сүрөт менен иштөө.
Сүрөттөн эмнени көрүп турасыңар?
|
Окуучулар «Төө» жөнүндө билгендерин айтышат.
|
|
ПК 3
|
|
4.
|
Жаңы теманы түшүндүрүү
|
«Төө» деген сөз аркылуу созулма «өө» тыбышы менен тааныштыруу.
Текст менен иштөө.
Текст боюнча түшүнүгүн текшерүү үчүн суроолор берилет.
1.Мурда төө кандай экен?
2.Төөнүн мүйүзүн ким сурап кетти?
3.Ал эми куйругун ким сурап кетти?
|
Окуучулар китептеги сөздөрдү мугалимдин артынан кайталашат.
Окуучулар суроолорго жооп беришет.
|
|
ПК 4
|
Оозеки мактап баалоо
|
5.
|
Эс алуу мүнөтү.
|
Түшүп алып кайыкка,
Сүзүш үчүн көл керек.
Шамал болсо ыргалып,
Кайык кошо термелет.
|
Окуучулар кыймыл аркылуу көргөзүшөт
|
|
|
|
6.
|
Бышыктоо
|
Топ менен иштөө.
1-топ: жаңырык окушат.
2-топ: чынжырча аркылуу окушат.
3-топ: жаңылмачты айтышат.
|
Сөздүк иши менен жүргүзүлөт.
|
|
ПК 2
|
|
7.
|
Көнүгүүлөр
|
Үч топко сөздөр берилет:
1-топ
2-топ
3-топ
Баш тамгасын койсоңор,
Айры өркөчтүү төө болот.
Тазалабай от жакса, кернейинде к… болот.
Карышкырдан кичине,
Анын аты ч… болот.
Атчан адам эгерде,
Аттан түшсө ж… болот.
|
|
|
ПК 3
|
|
8.
|
Жыйынтыктоо
|
Балдар биз бүгүн кайсы тыбыш менен тааныштык?
Ал кандай тыбыш экен?
|
Окуучулар мугалимдин суроосуна жооп беришет.
|
НК 3
|
|
Светофор ыкмасы менен
|
9.
|
Билимдерин баалоо
|
Кайсы топтун ёлкасы жакшы кооздолгонун байкашат.
|
|
|
|
|
10.
|
Үйгө тапгырма
|
«Төө менен бугу» жомогун шар окуп келүү.
|
Күндөлүккө жазышат
|
НК 1
НК 3
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Просмотр содержимого документа
«Алиппе сабагы боюнча иштелме»