Сабактын темасы: «Алиппем алтын ачкычым»
Сабактын максаты: а) Алгачкы сабактардан алган билимдерин ыр,
жомок менен айкалыштырып бышыкташат.
б) Алган билимдерин турмушта колдонушат.
в) Билимдʏʏ, ынтымактуу, адептʏʏ
балдардан болууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Тʏстʏʏ сʏрѳттѳр, ырлар, тамгалар, гʏлдѳр ж.б.
Сабактын жʏрʏшʏ: Уюштуруу.
- Саламатсыздарбы, урматтуу эже-агайлар, ата-энелер, кадырман меймандар!
Биздин сабатыбызды ачып «А» тамгасын таанытып, билимдин чексиз мейкиндигине жетелеп алып барар, алгачкы китеп, алиппе менен коштошууга арналган «Алиппем алтын ачкычым» аттуу кечеге кош келиӊиздер!
Сѳздʏ мектептин мʏдʏрʏ: Банура Муктаровнага сѳз берсек.
Бʏгʏнкʏ кʏн 1-класстын окуучулары ʏчʏн ѳзгѳчѳ кʏн, анткени бул майрам адам баласынын ѳмʏрʏндѳ жана дегеле мектеп турмушунда бир гана жолу майрамдалуучу майрам.
Гʏл ѳстʏрдʏм 21 багыма
Гʏлдѳр келет эркелешип жаныма
Гʏлдѳрʏмдʏ кѳрʏшсʏн деп сиздерди
Кечебизге чакырганбыз барыӊды
Билим кени ачылсын
Бажырайып гʏлдѳр бизге шашылсын
Аянбастан кол чапкыла коноктор
Гʏлдѳрʏмдʏн бʏгʏн жарпы, бʏгʏн чери жазылсын
- Биздин балдар бул кʏнгѳ чейин 7 ай ичинде кандай билим алдыгын? Эмнелерге жетишкендигине кʏбѳ болуӊуздар.
Музыканын коштоосунда «Ак кеме» повестиндеги Нургаазы портфелин көтөрүп кирет.
Нургаазы: -Достор сүйүнчү, сүйүнчү! Таятам мага китеп кап сатып берди. Мына китеп кап. Көрдүӊөрбү?! (Ак кеменин үнү угулат).
-Ураа Ак кеме келе жатат! Ак кеме токто! Мени ала кет! Эми эмне кылам?
Бугу эне келет.
Бугу эне: - Балакай сен эмне ыйлап жатасыӊ?
Нургаазы: - Бугу эне, Ак кеме мени албай кетти. Менин мектепке баргым келет. Менин мектептен билим алгым келет. Менин ар түрдүү билимге ээ болгум келет. Мына көрдүӊбү? Менин китеп кабым бар.
Бугу эне: - Ыйлаба балакай! Мен сени Есенжан Кожомкулов атындагы мектебине алып барам. Бизди аябай узак жол күтүп турат. Анда эмесе балакай билим сапарына барууга даярсыӊбы?
Нургаазы: -Даярмын!
Бугу эне: -Жʏрʏ кеттик. (Бугу эне ээрчитип жөнөйт.)
Бугу эне менен бала келет.
Нургаазы: -Бугу эне бул жерде эмне болуп жатат?
Бугу эне: -Балдар, силер Алиппе майрамын өткөрүп жаткан турбайсыӊарбы? Кана анда силер менин балакайыма алган билимиӊерди жана өнөрлөрүӊөрдү көрсөткүлөчү?
Хор: Балалык
Бийик максат жаралып,
Бирге ѳсʏп баралык.
Бийлеп, ырдап кѳӊʏлдʏʏ,
Биздин сонун балалык.
Кыялга батабыз,
Кызык сыр ачабыз
Бат эле ѳссѳк деп
Бʏт баарыбыз шашабыз
Биз баарыбыз шашабыз.
Мектеп ата-энебиз
Айга кʏнгѳ теӊегиз
Жаралсак деп намыска
Жакшы окуп келебиз
Интернеттен топтолуп
Илим –билим коштолуп
Бʏт дʏйнѳгѳ чыгабыз
Балдар менен дос болуп
Хор саламдашуу: Кыргызда сѳздʏн чебери
Кылымдан ѳткѳн белеги
Кана эмесе баарыбыз
Кыргызча салам берели
1-окуучу Наиль 2- окуучу Нуржамал
Ассалоому алейкум, Арыбагыла калайык,
Меймандарым аманбы? Мен да айтам саламды.
3-окуучу Даткайым 4-окуучу Айсуна
Салтты билип башында Амандыкты сурашкан,
Саламдашып алалы Айткылачы жаманбы
5-окуучу Умар 6-окуучу Нурислам
Айдай сулуу апаларга Аска- тоодой аталарга
7-окуучу Ширин
Мээримдүү мугалимдерге
Хор: Баш ийип салам айтабыз!
Ук жер жʏзʏ,
Ук бʏт аалам
Бʏгʏн бизде Алиппе майрамы (шарлар учурулат)
Бʏгʏн бизде чоӊ майрам Нурбай Келип кирдик мектепке Арууке
Алиппенин майрамы Мыкты билим алганы
Ариптерди ʏйрѳткѳн Окуп бʏттʏк калтырбай
Ал акылдын каймагы Алиппени айрыбай
Бʏгʏн биздин мектепте, Жанчар Ынтымактуу баарыбыз Бекзат
Алиппенин майрамы Отуз алты тамгабыз
Окуп калдык бʏт таанып Алфабитте тизилип
Отуз алты тамганы Катар орун алганбыз
Алиппе майрам деп Ширин Алгач жʏрсѳк апкаарып Хадижа
Даярданып келгенбиз Анан кѳнѳ баштадык
Тамгалардын ырларын Жаӊылмачка тил кѳнʏп
Таптак айтып беребиз Жакшы ырларын жаттадык
Мугалим: - Тамгалар ырдашат.
«А» «Б»
Атым менин Айсуна Байэл менин ѳз атым
А тамгадан башталат Б тамгадан турамын
Акыл эсим кʏнʏгѳ Бойго жетип чоӊойсом
Алга жылып баратат Бийик ʏйлѳр курамын
А тамгасын ʏйрѳткѳн
Алиппеме ыракмат
«В» «Д»
В тамга жок дебегин Дили таза доктурлар
Врач болсом деген тилегим Даарылашат ооруну
Витамини бар ʏчʏн Дайым мен ойлоном
Варенье жегенмин Дилгир доктур болууну
«Ж» «И»
Жашым жетип чоӊойсом Илимге абдан берилген
Журтума кызмат кыламын И тамгамын ийилген
Жолун таап эӊ сонун Чоӊ окууну бʏтʏрʏп
Жаӊылык ачып турамын Илимпоз болом кийин мен
«К» «Л»
К тамгадан башталган Лента байлап башына
Кармышакова Самирамын Л тамга келди ашыга
Кудай колдоп буйруса Кезек качан келет деп
Калкыма кызмат кыламын Кʏтʏп турат шашыла
«М» «Н»
Мээрим деген мен болом Н тамгадан куралган
М тамгадан башталган Наамым менин Нурислам
Мектепти жакшы бʏтʏрʏп Ыр тѳлгʏлгѳн Кум-Арыкка
Министр болом чоӊойсом Нан заводун курдурам
«ӊ» «О»
Н эмес ӊ мын Оймо-чийме чиймелеп
Сѳз башына келбесем да Китеп бетин булгабайм
Ѳз ишиме тыӊмын О тамгасын тааныттым
Окуудан качып ыйлабайм.
«Р» «Т»
Роза гʏл бар ʏйʏмдѳ Таалим алып мектептен
Кʏндѳ багам суу куям Талпынамын учамын
Р тамгасы талашат Тарбиялуу боломун
Мен куям деп тултуюп Таза жʏрʏп ар дайым
«Y» «Ш»
Yрѳнѳмʏн китептен Шашпай сʏйлѳп ойлонуп
Yйрѳтѳмʏн бѳбѳккѳ Шар окууну сʏйѳмʏн
Yлгʏ болуп ар дайым Шоктонбоймун мектепте
Yйдѳ тышта бѳбѳккѳ Шайыр болуп жʏрѳмʏн
«Ы» «Э»
Ырыс алды ынтымак Эгемендʏʏ элимдин
Ынтымактуу бололу Эртеӊкисин оӊдоймун
Ы тамга кетсе адашып Элим ʏчʏн жол ачып
Ордуна тʏзѳп коёлу Эл башкаргыч боломун
«Х» «Ч»
Халат кийип аппак Чабалекей чагылган
Хирург болуу тилегим Ч тамгадан башталган
Хордо ырдайм азыртан Чынчыл болуп чоӊойгун
Хоккейди да билемин Чындык ыйык баарынан
«Я»
Я тамгасы базарлап
Ярмаркада жʏрʏптʏр
Якутту кѳрʏп Кыялбек
Япон тилде сʏйлѳптʏр
Мугалим: Хор «Алиппе»
Алиппе
Нур заманда тѳрѳлдʏк Алиппени колго алып
Биз бактылуу балдарбыз Окуп бʏттʏм баарысын
Окуу, окуу, окуу деп Ѳркʏндѳтʏп билимди
Жылдыз болуп жанабыз Yйрѳнѳбʏз жаӊысын
Алиппе, алиппе Алиппе, алиппе
Жылдыз болуп жанабыз Yйрѳнѳбʏз жаӊысын
Эне тилди сʏйѳбʏз
Окуп баарын билебиз
Турмуш сонун сырларын
Эжейге айтып беребиз
Жомокту, ырларды
Эжейге айтып беребиз
Мугалим: Мектебим кандай сонун кѳркʏ чыккан,
Мектептин далай жолу даӊкы чыккан.
Билимди талыкпастан алып жʏргѳн,
Инсандар бул мектептен бʏтʏп чыккан.
-Келгиле балдар мектеп жѳнʏндѳ ырларыбызды айтып берели.
Таттуу экен мектебим Даткайым Колдо болуп дептерим Ранель
Татынакай мектебим Ачып китеп беттерин
Тарбияӊды ʏйрѳнʏп Жакын болуп ушунча ай
Таалай гʏлʏ экенин Жандай сʏйгѳн мектебим
Билим гʏлʏ сепкени Самира Кʏзʏндѳ мен мектепке Наиль
Билим алтын мектебим 1-класска киргенми
Ата-энемден артыкча ай Ошондон бери мектепте
Айткан акыл кептерин Окуучу болгондугум билгенмин
Бактылуу ушул кʏнʏбʏз Айгʏл
Ак мектеп биздин ʏйʏбʏз
Мээрими тунук энедей
Акталат биздин сʏйʏʏбʏз
Хор: «Мектебим»
Татынакай мектебим
Дайым сени эстеймин
Тапшырмалар жазууга
Даяр менен дептерим.
Жаркылдатып кабагын
Агай берет сабагын
Кʏндѳ барып мектепке
Жаӊылыкка канамын
Сʏйкʏмдѳтʏп жамалын
Эжей берет сабагын
Ар кʏн окуп мектепке
Тереӊ билим аламын
Мугалим: -Кезекти кѳркѳм окууга берели
Алиппеден ʏйрѳнгѳн ырларыбызды айталы.
- Кыргызстан кандай өлкө?
Окуучулар: Тоолуу өлкө.
Жоомарт Бөкөнбаев “Кыргыздын Ала-Тоосу” ( Баяна)
Жайы –кышы кетпеген
Мѳӊгʏсʏ бар Ала-Тоо
Асман менен тирешкен
Белгиси бар Ала-Тоо
Балдан ширин туптунук
Булагы бар Ала-Тоо
Тукабадай кулпурган
Тулаӊы бар Ала-Тоо
Ала-Тоонун арасын
Айбандары жойлогон
Аюу жолборс сʏлѳѳсʏн
Аралашып ойногон
Мугалим: - Бир жылда канча мезгил бар?
Окуучулар хор: 4 мезгил бар.
Аалы Токомбаев “Төрт мезгил”
Жазда Наиль
Жазды мактап тоскондой Айран сʏттʏ кѳлдѳтѳт
Ырдай берет боз торгой Балыр сѳптʏ кармалап
Тѳрт тʏлʏк мал тѳлдѳшѳт Балдар издейт мандалак
Жайда Арууке
Бедерленип жер бети,
Жашылданат келбети.
Чымын, чиркей, кѳпѳлѳк,
Учуп жʏрѳт кѳкѳлѳп.
Жʏр, жʏр балдар баралык,
Калкан кармап алалык.
Кʏздѳ Нурбай Кышта Жанчар
Керилген жер бети, Мына, мына аппак кар,
Алтындай келбети. Аппак карда алтын бар.
Тоо болуп жыйналат, Жазда тердеп ээришет,
Эмгектин бермети. Жерге жашын тѳгʏшѳт.
Мугалим: - Кайсы мезгил болуп калды?
Байдылда Сарногоев “Болуп калды жазгы убак” Айсуна
Кыш кеткенде жаз чыгат.
Жаз алдында ким турат?
Байчечекей биринчи,
Баш чыгарып кымпыят.
Кыш кеткенде жаз чыгат,
Жазды тосуп ким турат?
Калыӊ кара чыйырчык,
Учуп келет чуркурап.
Мугалим: - Кайсы досубуз келет экен?
Абдрасул Токтомушев “Чыйырчык дос” Хадижа
Тʏрʏӊ баркыт ѳӊʏндѳй
Каралыгыӊ кѳмʏрдѳй
Кайда жʏрдʏӊ чыйырчык
Кʏздѳн бери кѳрʏнбѳй
Келсе экен деп айылга
Сени кʏттʏм айылда
Ала шалбырт жаз менен
Уя салдым бутакка
Сен кичине баатырсыӊ
Ыйык жана асылсыӊ
Чегирткени терип чык
Жердин кѳркʏ ачылсын
Мугалим: - Билимди эмнеден алабыз?
Китептен. А.Осмонов “Китепти сүй” Даткайым
Китепти сʏй, баркын бил,
Китептин кѳп акылы.
Ким китепке дос болсо
Ал ошонун жакыны
Сʏттѳй таза тилеги
Деӊиздей кеӊ талабы
Кѳктѳй тунук акыйкат
Анын ар бир барагы
Мугалим: - Жаныбарларга арналган ырлар барбы?
Ѳчѳӊ-ѳчѳӊ тѳѳ желип,
Келе жатса жумушка
Чакырып калды конокко
Чай ичип кет деп кумурска
Тамак-ашын тʏрдʏʏлѳп
Дасторконго жайнатып
Кумурска чай апкелди
Самооруна кайнатып
Кичинекей чынысы
Кичинекей табагы
Кичинекей кумурсканын
Кыпындай да табагы
Буларды тѳѳ кѳрѳ албай
Бʏркѳлʏп турду кабагы.
Турар Кожомбердиев “Сак кʏчʏк” Ширин
Айлана мемиреп,
Ала-Тоо керилет.
Бѳбѳктѳр, бѳжѳктѳр,
Козулар, кулундар,
Уларлар, улактар
Уйкуга берилет
Бир гана сак кʏчʏк
Уктабай кѳрʏнѳт.
Арсайган тоо жомоктой,
Ай кѳрʏнѳт ороктой,
Сак кʏчʏк борсулдап
Ууруну, бѳрʏнʏ жолотпой.
Тоскоолду майтарып,
Уктабайт сак кʏчʏк.
И. Токтогулов “Таш бака” Дайыр
Саякатчы таш бака
Сахарага барыптыр
Чѳлдѳн ысык ѳтѳт деп
“Чѳйчѳк” кийип алыптыр
Сайран куруп бир далай
Таӊ тамаша салыптыр
Анан далай жылдан соӊ
Ал таш бака карыптыр
А “чѳйчѳгʏ” жоннан
Тʏшпѳс болп калыптыр.
Мугалим: - Yлгʏ, насыят ырларынан дагы айтып берели.
Барпы Алыкулов “Балдарга насыят” Нуржамал
Ырыскыӊды бекерге
Тѳкпѳгʏлѳ балдар ай
Акарат кылып бирѳѳнʏ
Сѳкпѳгʏлѳ балдар ай
Каяша сʏйлѳп, сѳз кайрып
Турбагыла, балдар ай
Шоктук кылып бирѳѳнʏ
Урбагыла, балдар ай
Атка минсеӊ сылантып,
Токугула, балдар ай.
Илим-билим пайдалуу
Окугула, балдар ай
Токтогул Сатылганов “Yлгʏ ырлар” Мээрим
Дайранын кѳркʏ кемеде
Баланын кѳркʏ энеде
Акыл айтсаӊ тыӊшабай
Акмактын кѳркʏ жемеде
Эчкинин кѳркʏ - тѳл менен
Эгиндин кѳркʏ - жер менен
Эликтин кѳркʏ - тѳр менен
Эр жигит кѳркʏ - эл менен
Бирдин кѳѳнʏн оорутуп
Кетпегиле балдар ай
Тʏбʏ кандай болушун
Эстегиле, балдар ай
Жеӊижок “Аккан суу” Умар
Эй, Адамзат пендеси,
Аккан сууну булгаба
Суу сыйлаган зор болор
Суу кордогон кор болор.
Мугалим: - Кѳп ырларды ʏйрѳндʏк эле дагы барбы айта турган?
“Светафор” Айгʏл
Машиналар кѳп ѳткѳн
Чоӊ жол болот кѳчѳбʏз
Светафор жапжашыл
Кʏйгѳн кезде ѳтѳбʏз
Сарысы кʏйсѳ камданып
Кызылы жанса токтойбуз
Туура эмес ѳтʏп кѳчѳдѳн
Машина жолун тоспойбуз
“Нияз менен пияз” Бекзат
“Парашют” Нурислам
“Футбол” Байэл
“Лифт” Аяна
“Интернет” Карина
“Yйрѳнѳм” Ранель
Хор: “Ак гʏлдѳр, кѳк гʏлдѳр”
Мугалим: - Кыргыздын башын бириктирип, “Бир жакадан баш, бир женден кол чыгарган” баатыр?
Манас айтуу (Балдар)
Жомок: “Акылдуу кыз”.
Умар: - Таттуунун таттуусу эмне? Ачуунун ачуусу эмне? Бул суроону табууга 40 кʏн убакыт берем!
Чече албасаӊар кыргын салам. Ар бириӊердин башыӊарды алам!
Нурислам: - Ханга кирʏʏгѳ урксатпы?
Байэл: - Кʏтѳ туруӊуз.
-Ханым, сизге бир адам келди.
-Кириӊиз. Кѳп сʏйлѳбѳӊʏз.
Умар: - Ии айткын!
Нурислам: - Ханым, таттуунун таттуусу – бал. Ачуунун ачуусу – калемпир.
Умар: - Жок, таппадыӊ, башын алгыла!
Кыз: - Атаке, сиз ханга барып келиӊиз.
-Таттуунун таттусу- бала. Ачуунун ачуусу- ажал болот деӊиз.
Наиль: - Ханга кирʏʏгѳ урксатпы?
Байэл: - Кʏтѳ туруӊуз.
-Ханым, сизге бир адам келди.
-Кириӊиз. Кѳп сʏйлѳбѳӊʏз.
Наиль: - Макул, кызым.
- Ханга кирʏʏгѳ руксатпы?
- Ханым табышмактын жообун таптым .
- Таттуунун таттуусу- бала.
- Ачуунун ачуусу – ажал болот.
Умар: -Туура айтасыӊ.
-Абышканы узатып койгула!
Кыз: - Ошентип абышка, кызы экѳѳ элин ажалдан сактап калган экен.
Мугалим: Хор “Yйрѳнѳбʏз”
Мугалим: Эне сизге кандай мактоо жарашат.
Эне сизден ким сыймыкты талашат
Эне менен теӊдеше албайт эч бир жан
Бардык мактоо сизге гана жарашат
-Анда эмесе эне жѳнʏндѳ ырлар.
Билесиӊби сен муну Мээрим
Бул дʏйнѳдѳ ким сулуу?
Апам сулуу баарынан
Андан кийин кʏн сулуу
Алтын, алтын апаке Баяна
Ааламда жок сага теӊ
Бар ʏчʏн сен дʏйнѳдѳ
Бактым менин бар экен
Апакем эркелетип Байэл
Кʏн нурун тѳгѳт мага
Кʏн менин апакемдей
Дʏйнѳдѳ жалгыз кана
Билесиӊби ченемсиз Дайыр
Биздин кымбат апалар
Жакшы болсо ал бала
Кʏндѳ кайра жашарат
Эртеӊ менен ойгоном Карина
Апам ишке кетерде
Идиш-аяк жууймун
Тургум келбейт бекерге
Жекече ыр: “Ата-Эне” Хадижа
Мугалим: -Кагылат коӊгʏроонун жагым ʏнʏ
Башталат жаӊы сабак ар бир кʏнʏ
Жадырап бѳбѳк шашып сабагына
Арналат мугалимге ар бир сʏйʏʏ
-Анда эмесе ырлар мугалимге сиздерге арналмакчы
Математика сабагын Нуржамал
Кѳкʏрѳккѳ тʏйѳмʏн
Мээрим тѳгʏп окуткан
Мугалимди сʏйѳмʏн
Табияттын сырларын Умар
Танбай бизге сʏйлѳткѳн
Кызыктардын барысын
Мугалимден ʏйрѳнѳм.
Алтын билим ѳнѳрдʏн Аяна
Сʏтʏн берген мугалим
Аябастан эмгекке
Кʏчʏн берген мугалим
Маселени чыгарып Нурислам
Эсеп чотко кѳндʏргѳн
Мугалимдин эмгеги
Билбегенди ʏйрѳткѳн
Алтыдагы бѳбѳккѳ Айсуна
Аллиппени ʏйрѳткѳн
Адамзатты билимге
Алып келген мугалим
Жекече ыр: “Мугалим” Хадижа
Мугалим: - Кыргыз тили – эне тилим
Орус тилин билемин
Эми болсо англисче
Билсем деген тилегим.
Эми кезекти бийлерге берсек.
Кыздар бийи “ Комузчу”
Балдар бийи “Кара жорго”
Флешмоб: жалпы.
Бугу эне: Балдар абдан жакшы аткардыӊар. Эми биз кетели.
Хор: Силерге берер белегибиз,
Алиппе китеби
Нургаазы: -Ракмат!
Жыйынтыктоо: Кечээки алдейлеген жаш балдар
Бʏгʏн мына алдыӊарда окуучу.
Ошентип Алиппе майрамынын дагы жыйынтыктоо учуруна келип жеттик. Эмесе мотурайган жаш бѳбѳктѳрдʏ куттуктоо менен
сѳз кезегин мектептин О.б.б. башчысы Усенова Гʏлзада эжебизге берсек. Андан кийинки сѳз кезеги Исманова Жипара эжебизде.
Кош Алиппе
Орундатып тилекти
Окуп бʏттʏм Алиппени
Таанып билип алдым мен
Тамгаларды жалпы эми
Кош Алиппем, Алиппем
Менин алгач китебим
Акыл оюм ѳстʏрʏп
Ачтыӊ билим эшигиӊ
Эми бардык тамганы
Эжелебей такалбай
Эркин окуй аламын
Шатыратып атамдай
Кош бол Алиппе
Көӊүлдөрдү ачык кылган жайдары
Бүгүн бизде Алиппенин майрамы
Бүгүн биздин мектепте
Алиппенин майрамы
Окуп калдык бүт таанып
Отуз алты тамганы
Алгач жүрсөк апкаарып
Анан көнө баштадык
Жаӊылмачка тил көнуп
Жакшы ырларын жаттадык
Сүйүктүү ушул Алиппе
Китептердин төл башы
Жолуктурган кызыкка
Жомогу бар көп жакшы
Көӊүлдөрдү ачык кылган жайдары
Бүгүн бизде Алиппенин майрамы
Бүгүн биздин мектепте
Алиппенин майрамы
Окуп калдык бүт таанып
Отуз алты тамганы
Алгач жүрсөк апкаарып
Анан көнө баштадык
Жаӊылмачка тил көнуп
Жакшы ырларын жаттадык
Сүйүктүү ушул Алиппе
Китептердин төл башы
Жолуктурган кызыкка
Жомогу бар көп жакшы
Хор «Алиппе»
Алган кʏндѳн алиппем
Сʏрѳттʏӊѳ ʏӊʏлдʏм
Жакшы ырыӊды жат билип
Жаным калбай сʏйʏндʏм
Алтын китеп Алиппем
Ар кʏн сайын ачканмын
36 тамганы
Ойдогудай жаттадым
Китептердин жакшысы
Китептердин башчысы
Айткын десе кээ бирѳѳ
Мен Алиппе дээр элем.