Просмотр содержимого документа
«Алкаголдук коз карандылык»
ТЕМАСЫ: Алкоголдук көз карандылык
МАКСАТЫ:
Алкоголизм көз карандылыкка алып келүүчү оору экендиги жөнүндө түшүнүк берүү.
Алкоголду ичүүгө байланыштуу натыйжалар менен тааныштыруу.
Алкоголду ичүүгө каршы туруу көндүмдөрүн калыптандыруу.
УСУЛДАРЫ: аңгемелешүү, мээге чабуул, кичи-лекция, ролдук оюн.
САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор, кагазга жазылган көнүгүү.
САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:
Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу:
Бүткүл дүйнөлүк саламатык сактоо уюмунун берилгени боюнча: калктын ар биринин башына жылына 8 литр спиртти ичүү өлкө үчүн кооптуу абал болуп саналат. Өспүрүм алкоголдук ичимдикти канчалык эрте ичип баштаса, анын алкоголдон ошончолук эрте көз каранды болуу мүмкүндүгү жогору. Алкоголдон коз каранды болгон бир экинчи адам бул жолду 14 жашында баштаса, 10 %га жакыны 19га чейинки жаш куракта башташкан.
I. Мээге чабуул – 10 мин.
Суроо: “Алкоголду ашыкча ичкен адамда кандай оорулар пайда болушу мүмкүн атап бергиле?”
Бардык жооптор доскага жазылып, талкууланат. Мугалим жалпылайт.
II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.
Алкоголизмдин белгилери.
Оорунун өнүгүү стадиялары.
Алкоголизмдин денелин жана социалдык натыйжалары.
III. Топтордо иштөө – 15 мин.
Класстагы окуучуларды 4 топко бөлүп, тапшырма бергилет:
1-топ – алкогол адамдын организмине кандай таасир тийгизет?
2-топ – алкогол адамдын коомдогу жүрүм-турумна кандай таасир тийгизет?
3-топ – алкогол адамдын жекече турмушуна (досторуна, иштеген ишине, үй-бүлөсүнө) кандай таасир тийгизет?
4-топ – алкогол адамдын сырткы келбетине (алкоголду ашыкча ичкен адамдын портрети) кандай таасир тийгизет?
Бүтүндөй бардык жооптор кагазга же доскага жазылып жана талкууга алынат. Алкоголизм оору гана эмес социалдык көйгөй экенин мугалим белгилейт.
IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 2 мин. Мугалим: “Өспүрүмдөр алкоголдон көз каранды болуп калуулары мүмкүнбү?” деп суроо берип, окуучулардын ой-пикирлерин угат.