СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алоэ жөнүндө маалымат

Нажмите, чтобы узнать подробности

алоэ гүлү жөнүндө маалыматтар алышат

Просмотр содержимого документа
«Алоэ жөнүндө маалымат»

АЛОЭ КАЙСЫ ООРУЛАРГА ЖАРДАМ БЕРЕТ? Эттүү жалбырактары, сейрек тикенектери менен айырмаланган кадимки эле алоэ бөлмөлөрдүн абасын тазартуу менен катар эле элдик медицинадагы кеңири колдонулат. Бул өсүмдүктү жүз жылдык деп да аталып келет. Алоэнин жалбырагындагы заттар теринин картаюусун кечеңдете турган касиетке ээ. Ошондой эле клеткаларды калыптандыруу, теринин иммундук системасын чыңоого жардам берет. Бирок, ичеги-карын оорулары, бөйрөккө суук тийүү, табарсык оорулары, гемморой, жүрөк ооруларынын оор түрлөрү, гиппертония жана кош бойлуулуктун акыркы айларында алоэни колдонууга тыюу салынат. Ширесин алуу ыкмалары Алоэнин ширесин алуу үчүн жалбырактарын тилип, тилинген жерин ылдый каратып, астына идиш коюп кою керек. Ширени 2-3 жылдан ашык өскөн өсүмдүктөн алган жакшы. Ошондой эле кыш-жаз айларында алуу дурус. Ал эми кесилген жалбыракты болсо (15см ден узун) күңүрт кагазга ороп, 3-5 градус температурада үч жума сактаса да болот. Үй шартында болсо жаңы алынган ширени же болбосо тикенектеринен тазаланып, майдаланган жалбырактардан жасалган боткону пайдаланган оң. Колдонуу ыкмалары Тамак ооруганда суу кошулган шире менен тамакты чайкап же сүт менен кошулган ширени бир чай кашыктан бир күндө 3 маал ичүү керек. Ооз көңдөйү жана тиштин бүйлөлөрү ооруса алоэ ширесинин 50% суу аралашмасы менен чайкоо зарыл. Ал эми өнөкөткө айланган бронхит үчүн 1 чай кашык алоэ жалбырагына, 2 чай кашык кам каймак 2 чай кашык балдын аралашмасы пайдалуу. Аралашманы жогорку температурадагы ысыктыкта 5 саат бою духовкада кармоо зарыл. Даяр болгон дарыны 3 маал, бир чай кашыктан сүт менен ичүү керек. Ашказан жарасына жана он эки эли ичеги ооруганда, боор, көк боор, ич оору, тамакты начар сиңирүүдө төмөнкү аралашма сунуш кылынат: жарым стакан майдаланган жалбыракты алып, ага бир стакан шекер же балды кошобуз. Аны 3 күн караңгы жерге коюп коебуз. Андан соң бир стакан кызыл винону кошуп, дагы бир күн коебуз. Даяр болгон соң бир күндө 2-3 маал бир аш кашыктан ичүү керек. Мурун тез-тез канаган учурларда 10-15 күн тамактанаардын алдында 2см. узундуктагы алоэнин жалбырактарынын бөлүкчөлөрүн жеш керек. Жалпы ден-соолукту чыңдоодо 150 гр. алоэнин жаңы ширесине 250 гр. бал, 350 гр. кагорду кошуп, аралаштырып, күнүнө 3 маал бир аш кашыктан ичиңиз. Тери ооруларына сырты аарчылган алоэнин жалбырагын же майдаланганын тартуу керек. Аны 2 сааттан соң алмаштырып туруу зарыл. Негизи эле алоэнин согун сыйпоо (жумасына 2-3 жолу 10 мүнөттөн) терини оңдоодо, бырышты алдын алууда, кычышууда абдан жакшы жардам берет. Гайморитти дарылоо Мурунга сабиздин же алоэнин жаңы сыгылган ширесин тамызуу жардам берет. Андан тышкары көк чайдын тундурмасы да пайдалуу. Ал үчүн бир стакан кайнаган сууга бир чай кашык көк чайды демдейсиз. Мурунду ал тундурма менен бир күндө жети-сегиз жолу чайкаш керек, уктаар алдында жылуу тундурмадан эки-үч тамчыны пипетка менен мурунга тамчылатса жакшы жардам берет. Ошондой эле ушул ыкманы туздуу суу менен жасаса да болот.