| № | Максаттар | Күтүлүүчү натыйжалар |
| 1 | Билим берүүчүлүк : Жомокту окуп, анын мазмунун түшүнө алат. Түшүнгөнүн ырааттуу айтып бере алат. | Чыгарманын мазмунун түшүнөт. Чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алат |
| 2 | Өнүктүрүүчүлүк: Акылдуу менен акылсыздын жоопторунан мүнөздөп салыштыра алат. Топто иштеп, талкуу жүргүзө алат. | Текст менен иштөөдө каармандардын жоопторун салыштырып, айырмачылыктарын билет. Эмне үчүн хандын баласы кедейдин кызына үйлөнгөнүнө жыйынтык чыгара алат. |
| 3 | Тарбиялык: Бири-биринин ой- пикирин угууну үйрөнөт. | Акылдуу болуу менен жакшы нерсеге жетерине үйрөнүшөт. |
| № | Сабактын этаптары | Мугулимдин иш-аракети | Окуучунун иш-аракети | Баалоо |
| 1 | 1.Саламдашуу 2.мүн Алтын эреже | Балдар менен учурашып : ---Бүгүнкү сабактын кандай болушун калайсыңар? ---Деп суроо берем. Анда силерге ак жол! Ким көптү билгиси келсе : | ---Кызыктуу, ---Көп нерсени билгибиз келет. Мугалимдин сөзүнө кошулгандар кол көтөрүп коюшат. | |
| 2 | Сабактын максаттары 1мүн | Бүгүнкү сабакта кызыктуу жомок менен таанышабыз.Жомоктогу каармандардын жоопторун салыштырып , талкулайсыңар жана жыйынтык чыгарасыңар | Окуучуларда суроо болсо беришет. | |
| 3 | Үй тапшырмасын суроо 4мүн | Бөлүм боюнча кайталоо. Викториналык суроолор . окуучуларга карточкалар таратылып берилет.Үч түстөгү шариктер таркатылат Сары түстөрдү сурайм. | Сары түстү алган окуучулар жооп беришет. | Жакшы жооп бергендерге жылдызчаларды таратуу. |
| 4 | Топторго бөлүү 2мин | Окуучуларга түстөрдү таратып берем. | Окуучулар алган түстөрү боюнча бөлүнүшөт. | |
| 5 | Жаңы теманы түшүндүрүү 1мүн | Доскага “Ойлонуп көрөлүк” деген жазууну илем. Биз эми ушул бөлүм боюнча окуйбуз. Демек ар бир чыгарманы окуганда, ойлонуп жыйынтык чыгарат экенбиз | | |
| 6 | Сөздүк иш 2мүн | Доскага плакат илинет.Ага сөздөрдү жазам. Сүрөттөр илинет.куур тон, өмүр, бойго жеткен тайган колукту. аргымак | Окуучулар билишинче жооп беришет | мактоо |
| 7 | Мээ чабуулу. 2мүн | Доскага плакат илем.” Акылдуу кыз” кандай болуш керек? | Окуучулар жооп беришет класстер толтурушат. | |
| 8 | Текстти окуп берүү 6мүн | Текстти көркөм окуп берем. Бөлүктөр боюнча окуучуларга суроо берем. | Окуучулар суроолорго жооп беришет | Жооп бергендерге жылдызча берем |
| 9 | Топтордо окуу 7мүн | I топ хор окушат II топ чынжырча III топ ролдоштуруу | Окуучулар топтордо берилген тапшырма боюнча окушат. | |
| 10 | түрдүү деңгээлдеги тапшырма 7мүн | I топ класстер түзүшөт II топ “ Беш манжа” III топ менин стикер -аңгемем | Топтордо иштөө | |
| 11 | Презентация 3мүн | Топторду ирэти менен доскага чакырам | Аткарган иштерин жакташат | |
| 12 | Жыйынтыктоочу суроолор 3мүн | Китептеги суроолорду үч топко берем | Окуучулар жооп беришет. | Жылдызча берем |
| 13 | Баалоо 2мүн | | | Жылдызчаларды саноо |
| 14 | Тапшырма берүү 1мүн | Текстти окуп келүү | Күндөлүктөрүнө жазышат | |
| 15 | Жыйынтыктоо 2мүн | Сабакты жыйынтыктап максаттарды эске салып, аткарылганына балдар менен чогу баа берүү | Ойлорун айтышат. | |