СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алтын күз! кл.саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алтын күз! кл.саат»

Сабактын темасы: Алтын күз!


Сабактын максаттары:

Күтүлүүчү натыйжалар:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар мезгилдердин ичинен күздүн өзгөчөлүгүн билишет, күз берекелерин айта алышат.

мезгилдердин ичинен күздүн өзгөчөлүгүн билсе;

Өнүктүрүүчүлүк: күздөгү аба ырайына мүнөздөмө бере алышат, икебана жасашат.

күздөгү аба ырайына мүнөздөмө бере алышса.

Тарбиялык: мөмө-жемиштердин ар биринин пайдалуу жактарын айта алышат.

Өз ойлорун эркин айта алса.



Сабактын жабдылышы: сары жалбырактар, мөмө-жемиштер, клей, кагаз, кайчы, маркер ж.б.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу. Класстагы окуучуларды мугалим 6 топко бөлөт. 1-топ “Алма”, 2-топ “Жаңгак”, 3 –топ “Өрүк”, 4-топ “Жүзүм”, 5-топ “Дарбыз”, 6-топ “Коон”.

Ар бир топко ватман, клей, кагаз, кайчы, маркер берет. Убакытты белгилеп топторго жалбырактардан күз мезгилинин бир көрүнүшүн жана топтун атын чагылдырган сүрөт тартууга тапшырма берет.

  1. Убакыт бүткөндөн кийин топтор өз чыгармачылыгын жактап беришет.

  2. “Күз мезгили силерге эмнеси менен жагат?” деген суроо менен мугалим окуучуларга кайрылат. Окуучулардан жооптор алынып, кызуу талгуу болот.

  3. Мугалим күз жөнүндө ырды окуп берет. Окуучулар дагы көрктүү окушат.

Кузду суйом жалбырактар саргайган,
Кун алыстап керемет бир жел согот.
Жер бетине жалбырактар тошолуп,
Куз аталган бул мезгилге корк кошот.


Алтын куз аталбаптыр бекеринен,
Куз келсе кубанышат баардыгы тен.
Элимде бул мезгилде тойлор болот,
Элимдин бул мезгилде ырысы кен.

Ар мезгилдин оз, озунчо кооздугу бар,
Жаз келсе жашылданат, а кышта кар.
Жайында жер жемиштин баары бышып,
Кузундо учуп тушот жалбырактар.

Булут тосуп жарык күндүн бир көзүн,
Булбул куштун уга албайсың үндөшүн.
Кирип келди чыкыроон күз – айбаттуу,
Кийип алып кызыл-сары күрмөсүн.

Суук аба, муздак шамал, суз асман,
Суулар акпай муз денелүү тузактан.
Сумсайышса тоолор ичтен чыйрыгып,
Сук каргалар “карк-курк” этет узактан.

Төгөт жамгыр… Жолдор көлчүк тешилип,
Таманыңдан баткак өбөт эзилип.
Дарыялар киргил тартып ташкындап,
Дарак боздойт эчак алган чечинип.

Чулгап жерди үймөк сары жалбырак,
Чөп кубарат, бели сынып жалдырап.
Терезелер ным кучактап тердешсе,
Туман уктайт таалааларда магдырап.

Түтүн булап көккө кыштак үйүнөн,
Түндөр узун сестенчүдөй түрүнөн.
Камыккансыйт Жер-эне да ыр угуп,
Кайтып учса келгин куштар дүңүнөн.

Иттер тоңуп, эптеп үрбөй таң ашат,
Иштер кычап, мезгил санаа жаратат.
Мемиреген жылуулук бар бөлмөдө,
Мештин үстүн кумган, чайнек талашат.

Тоготпостон күзгү желдин үшүгүн,
Татып даамын жайкы эмгек үзүрүн,
Элеттиктер кызуу турмуш шарында,
Эбак жыйган отун, эгин, түшүмүн.

Аяганды көңүлүнө эч илбей,
Аяз ойноп айлананын бетинде эй.
Чыкыроон күз – улам сүрдүү ышкырат,
Чиркин өмүр тизмегинин кечиндей.

Үй тапшырма: окуучулар мөмө-жемиштер жөнүндө ырларды,табышмак, макалдарды жаттап келишет.