СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 20.07.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алыкул Осмонов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Алыкул Осмонов

Просмотр содержимого документа
«Алыкул Осмонов»

Сабактын темасы: Алыкул Осмонов – кыргыз поэзиясынын таң чолпону

Сабактын жабдылышы: А. Осмоновдун портрети, сабакка керектүү сүрөтттөр, китептер, видеоролик.

Сабактагы негизги иш-аракеттер:

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучулардын ишмердүүлүгү

1.Уюштуруу

Саламдашуу. Сабакка балдардын көңүлүн буруп жакшы маанай тартуулоо.

Көңүлдөрү ачык, кунт коюп угуп олтурушат

2.Бүгүнкү сабактын максаты

а) А.Осмоновдун чыгармачылыгы бюнча кеңири маалымат алышат.

б) Көрктүү окууга көнүгүшөт.

в) Өмүрү өрнөктүү инсандардын таасиринде адамдагы асыл сапаттарга тарбияланат


3. Видеодогу сүрөттөрдү көрүү, ыр угуу

«Көркөм сөз» деген эмне?! Анын адам турмушуна таасирин тийгизген кудурети эмнеде?! Жашоону кооздукка бөлөп, эчен түрлүү сезимдерди жаратып, бирде кайгыртса, бирде кубанткан, келечекке шыктандырып кайрат-күч берген көркөм сөздүн күчү тууралуу кенен билгибиз келсе бул бөлүм жардамга келет. Ар бир автор жараткан көркөм дүйнөнү аралап, андагы каармандарга аралашып саякат жасоону кааласак кыргыз адабиятынын ааламына баш багалы!



Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?



Адабият галереясына саякатыбызды кыргыздын улуу акыны, элибиздин кайталангыс таланты Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгынан баштайбыз. Алыкул ΧΧ кылымдагы кыргыз поэзиясынын алп акыны экени талашсыз

Видеодон сүрөтттөрдү көрүшүп. Обондуу ырларынан угушат.


Видеоролик коюлат

Видео роликти көрүшөт

4.Мугалим менен окуучунун иш- аракети (суроо – жооп)



Балдар, Алыкул Осмонов улуу У.Шекспирдин “Отеллосун” ким кыргызча сүйлөткөнүн билесиңерби?

Жалпы тапшырма. Окуучулар берилген суроолор боюнча ойлонот, оюн, так, туура айтууга аракеттенет.

5. Кошумча маалыматтар

Алыкул Осмонов – таланттуу акын гана эмес, чебер котормочу да болгон. Ал дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн чыгармаларды кыргыз тилине которгон. Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы, А.С.Пушкиндин "Евгений Онегин" романы, У.Шекспирдин "Отелло" пьесасы кыргызча Алыкул Осмоновдун калеминен которулуп чыккан. Алыкулдун аркасы менен Александр Сергеевич Пушкиндин, Шарль Перронун жомокторун, Иван Крыловдун тамсилдерин, Корней Чуковский менен С.Маршактын ырларын кыргыз тилинде окуй аласыңар.


Жуп-жуп болуп иштешет.





Окуучулар бири-биринин оюн угуп, бир жыйынтыкка келип айтып беришет.

6. Мугалим (окуучулардын оюна, жообуна кошулат) бышыктайт.

Алыкул Осмоновдун ырларын окушат

“Окурмандардын ар бир мууну Алыкулдун жан дүйнөсүн өзүнчө ачат, табат. Ушунун өзү эле өлбөстүк, сөз касиетинин ажар, кемелин ача билгендик эмеспи. Демек, акын дайым эли менен.» (Омор Султанов, Кыргыз эл акыны)


Окуучулар эстерине сактайт. Ырларды көрктүү окушат.

7. Сабактын жыйынтыгы

Алыкул Осмоновдун мааракесине карата энциклопедия жарык көрдү.
"Алыкул Осмонов энциклопедиясы" – чыгармачыл кишилерге арналып чыккан экинчи энциклопедия. Биринчиси – Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата "Токтогул" деген ат менен 2014-жылы басмадан чыккан.


8.Үй тапшырма

А.Осмоновдун ыларынан жаттап келишет.














 Алыкул акындын үйү турган аймак Чолпон- Ата шаарындагы паркка айланды   Алыкулдун мезгилиндеги саркеч сумка




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!