СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алыкул Осмонов "Бүкөнтай"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Алыкул Осмонов "Бүкөнтай"

Просмотр содержимого документа
«Алыкул Осмонов "Бүкөнтай"»

Тема: Алыкул Осмонов “Неге кечигет?” , “Бүкөн”

Сабактын максаты:

А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы жана “Неге кечигет?”, “Бүкөнтай” ырлары менен таанышышат, идеясын түшүнүп, талдашат.

Б) Өнүктүрүүчүлүк: Алыкул улуу, алп акын, ыр өнөрүнүн генийи экендигин билүү менен ой жүгүртүүлөрүн өстүрүшөт.

В) Тарбия берүүчүлүк: Ырдын мазмунун түшүнүү менен өмүрдү, турмушту, тынч заманды баалай билүүгө тарбия алышат. Башкалардын оюн угууга жана сыйлай билүү жөндөмүнө ээ болушат.

Сабактын тиби: жаңы материалдарды окутуп үйрөтүү.

Сабактын усулдары: логикалык

Сабактын жабдылышы: окуу китеби, телевизор, ноутбук, портрет, корточкалар, таратылуучу материалдар жана башка

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу, өткөн тапшырманы кайталоо, жаңы теманы түшүндүрүү, бышыктоо, жыйынтыктоо, үй тапшырма берүү, баалоо.

I.Саламдашуу, Манас гимни (хор), жагымдуу маанай, топко бөлүү, баалоонун критерийлери менен тааныштыруу.

II.Үй тапшырмасын кайталоо:

Мээге чабуул: Балдар, өзүнчө мамлекет болуш үчүн эмнелер сөзсүз болуш керек? (Тил, герб,гимн, желек, валюта ж.б.).

Мугалим: Азаматсыңар, ошол силер айтып жаткан валютабызда кимдердин сүрөттөрү бар? (Тоголок Молдо, Курманжан Датка, Токтогул Сатылганов, Алыкул Осмонов, Саякбай Каралаев, Жусуп Баласагын, Касым Тыныстанов). Ооба ошол силер айтып жаткан улуу инсандар тууралуу маалыматтарыбыз бар ? Анда айткылачы 200 сомдогу А.Осмонов ким болгон? (акын, котормочу).

Демек, бүгүнкү өтө турган темабыз А.Осмоновдун “Неге кечигет” жана “Бүкөнтай” деген ырлары. Кана айткылачы, балдар, бүгүнкү сабагыбыздан тема боюнча эмнелерди билип, кандай көндүмдөргө ээ болобуз деп ойлоп жатасыңар башкача айтканда максатыңар? (окуучулар өз ойлорун айтат). Ооба, балдар, биздин бүгүнкү сабагыбыздын максаты төмөндөгүдөй (доскада илинген сабактын максаты окулуп, окуучуларга кошумчаланат).

III. Үйгө тапшырманы кайталоо (А.Осмонов боюнча билип келгендерин ар бир окуучу доскадагы кластерге жазышат)

IV. Жаңы теманы түшүндүрүү: Доскада илинген ватмандагы сүрөт-схема, слайд боюнча А.Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы түшүндүрүлөт.

Кыргыз адабиятынын классик акыны – Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аз убакыттан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925-1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. 1929-жылы он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып. Орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы “Сабаттуу бол” газетасынын сентябрь айындагы биринчи жолу анын “Кызыл жүк” деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета-журналдарга үзүлбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. Акын дүйнөлүк жана орус адабиятына кызыгып, алардын бир тобун эне тилине которуу менен бирге чыгармачыл мектептен өтүп, кыргыз фольклоруна терең маани берүү менен, эл арасынан көптөгөн уламыштарды чогултуп, алардын негизинде ондогон поэмаларды жазган. А.Осмонов 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө өткөн. 1930-1950-жылдар аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. Аларды атап кетсек: 1930-жылы “Сабаттуу бол” газетасына “Кызыл жүк” ыры, 1935-жылы “Таңдагы ырлар” жыйнагы, 1937-жылы “Жылдыздуу жаштык”, “Чолпонстан” жыйнактары, 1945-жылы “Махабат ырлар” жыйнагы, 1947-жылы “Менин жерим-ырдын жери”, “Жаңы ырлар” аттуу китептери жарык көргөн.

Акындын көзү өткөндөн кийин да анын көптөгөн чыгармалары китеп болуп жарыяланып чыккан. Маселен, 1950-жылы “Ата Журт”, 1964-167-жылдары чыгармаларынын үч томдугу, 2015-жылы чыгармалар жыйнагынын эки томдугу жарык көрдү.

Алыкул Осмонов көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Биз жогоркуда айтып кетпедикпи Алыкул Осмонов 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө өткөн деп, мына ошол кирген жылы эле акын “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган.

Андан кийин 1946-жылы “1941-1942-жылдар аралыгындагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги “Каарман эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган. 1950-жылы Москвада жарык көргөн “Мой дом” аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлөт. Бул китеп жалпы союздук окурман тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. 1967-жылы Алыкулга Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын №1-лауреаттык күбөлүгү ыйгарылган.

Акындын бүгүнкү биз өтө турган ырлары: “Неге кечигет?”, “Бүкөнтай” (ырлар слайт түрүндө берилет, окуп, айрымдарын окуучуларга окутуп, талдап, түшүндүрүп берем).

V. 1-тапшырма: Ырларды көркөм окуу

1-топ “Бүкөн”

2-топ “Неге кечигет?”

2-тапшырма: Карточкалардагы суроолорго тез, так жооп берүү жана топтор бири бирине суроо берип ,баалашат.

1-топ “Бүкөн”

Эсимде... бир жолу эмес, нечен ирет,

Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.

А быйыл...Күн жылыбайт, жер тегиз кар,

Шумдук ай неге мынча жаз кечигет?

Салыштыргыла: эки жаз алар кайсы жылдын жаздары? (Бир жаз-бул быйылкы 1942-жылдын жазы. Калганы ал жазга чейинки көп кайталанган жаздар).

2-топ “Жаз”

Алыкулдун “Бүкөнтай” аттуу ыры кандай саптар менен башталат?

3-тапшырма:

Ар бир топтун окуучулары бирден класстер, бирден синквейн түзүшөт (Алыкул, согуш, жаз, Бүкөн)

  1. Алыкул

  2. Жазат, аракеттенет, үйрөтөт

  3. Таланттуу, белгилүү, акылдуу

  4. Алыкул – акындардын мыктысы

  5. Акын



  1. Согуш

  2. Кыйратат, кайгыртат, ажыратат

  3. Ырыйымсыз, таш боор, жек көрүнүч

  4. Согуш-адамды бөксөртөт

  5. Кан кечүү

  1. Бүкөнтай

  2. Ырдайт, ыйлабайт, уктайт

  3. Кичинекей, сулуу, татынакай

  4. Букөн атасын күтөт

  5. Кыз

  1. Жаз

  2. Жылыйт, өсөт, гүлдөйт

  3. Сулуу, жылуу,кооз

  4. Жаз-жарыш

  5. Мезгил

4-тапшырма:

Билем

Билдим

Билгим келет




6-тапшырма: “Сандар сүйлөйт” оюну (Мугалим 1915 санын көтөрсө, окуучу А.Осмоновдун туулган жылы деп табышы керек. Ушул сыяктуу көп сандар берилет)

VI.Сабакты жыйынтыктоо:

Сабакка койгон максаттын ишке ашкандыгын аныктоо үчүн алма багына кызыл(сабак максатына жетти), жашыл (сабак орто деңгээлде болду), көк (сабак максатына жетпей калды) алмаларды чаптайбыз.

Мына балдар бүгүн биз элибиздин таланттуу акыны Алыкул Осмоновдун чыгармаларын окуп, акындын жаратылышка, согуш темасына арналган ырлары менен таанышып, көп нерселерди акылыбызга түйүп алгандыгыбыз чапталган алмалар аныктады.

Акындын ырлары окурмандарды тамшантып, дагы жашай берерине, анын ырлары дайыма көөдөнүбүздө жүрө берерине ынандык.

VII. Үйгө тапшырма: Ыр жаттоо

VIII. Баалоо