Просмотр содержимого документа
«Алыкул Осмонов презентация»
Алыкул Осмонов (1915-1950)
Аткарган:Өсөрбек кызы Айгерим.
Группа:Ми18
Улуу акын Алыкул Осмонов тирүү болгондо быйыл 105 жашка чыкмак.35инде мезгилсиз дүйнө салган калемгер дагы жашай түшкөндө эмне деген керемет чыгармаларын берер эле деп өкүнүч ойго кабыласың.Оору бир жактан,эпке келбеген үй-бүлөчүлүк турмушу экинчи тараптан мазесин алып,сүзмөдөй эзилген акындын азаптуу тагдыры жүрөгүңдү оорутпай койбойт.
Жазган негизги темасы-өмүр жана өлүм,мезгилдин учкулдугу,жашоонун кыскалыгы,сүйүүнүн ыйыктыгы,анын ачуу даамы,мааниси болду.
Албетте,дүйнө айдыңынан алганда көзү тирүүсүндө эле “классик”аталып,өздөрүнө өлбөс-очпос эстелик калтырып кеткен талант ээлери аз эмес.Акындары,жазуучулары,сүрөтчүлөрү,музыканттары,башкалары да бар.Атак-даңктын сересине ар киши ар башка тагдыр менен келген.Өз шедеврлерине каны-жанын,жүрөк-жүгүнүн,бүткүл талант дараметин берип кайталангыс кереметин жаратышкан.
Бул жагдайдан алганда Алыкул Осмоновдун жолу татаал да,оор да болду десек болот.Кенедейинде жетим калып,ар кимдин ирегесинде жүрдү.Жарытылуу кийим ге,курсагы тоё тамакка жетпей ,суукта калган күндөрүндө кургак учук оорусу жабышты.Токмоктогу балдар үйүнө кабыл алынып,алгач ирет мээримдүү адамдардын жылуу сөзүн укту.
Андагы тарбиячысы Грузия Савельевнага кийин эр жеткен курагында:.
...Алыс кеттим,бармын,өлүү эмесмин,
Мен барбасмын,сен да мага келбессиң.
Жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың,
Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин.-деген ыр саптарын арнаган
Балдар үйүнөн соң ал кездеги негизги окуу жайы болгон педтехникумдан билим алды.Айдай Жигиталиевага болгон сүйүүсү жолдуу болгон жок. Кыз ата-энесинин сөзүнөн чыга албай,айылдаш жигитке турмушка чыгып,төрөттөн каза болду.Алыкул теңтушунун карындашы,Москвадан театралдык институтту бүтүп келген Зейнепке үйлөнүп,турмуш жолун баштоого умтулду.Кызы Жыпар бир айга толбой жатып чарчап,акын терең кайгыга батты.
Кызына арнап:
Күндөр болду ырас,аздым,жүдөдүм,
Эртесинде кайра унутуп күлгөнүм.
Бирок чиркин бөбөк деми күч экен,
Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм-деген ыр саптарын жазган.