СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алымбек Датка темасында реферат

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыздын көрүнүктүү тарыхый инсаны Алымбек датканын өмур баяны

материалдар интернет булагынан алынды

Просмотр содержимого документа
«Алымбек Датка темасында реферат»


Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри.

44 Абдраман Сматов атындагы орто мектеби



Реферат

Тема: Алымбек Датка

Жазган: Айтмаматова Нурия

Текшерген: Түркбаева Самара



2020-жыл

План:

  1. Киришүү.

  2. Алымбек датка жөнүндө.

  3. Корутунду.









































Киришүү

Тарых биздин күзгүбүз. Тарых бир тараптан кээ бир улуттардын жана өлкөлөрдүн ачуу жана коркунучтуу кулап жок болууларын кара беттерине жазып жатканда, экинчи тараптан болсо өнүгүү жана алдыга умтулууларын жазуу үчүн жаркыраган аппак беттерин ачат. Мына бул нерсе унутулбасын, жаркыраган беттерде жаркырап туруу да, кара беттердин караңгылыгына чөгүү да жеке инсандардын аракетчилигиндигинен жана аракетсиздиктеринен улам болот.



















































Алымбек датка

Алымбек датка – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. Толук аты-жөнү Алымбек Датка Асан бий уулу. Ал 1799-жылы төрөлгөн. Алымбек датка 31 жашында датка наамын алган. 27 жашында Кокон ханы Мадалы ханга кызмат тй баштаган. Алымбек датка кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан Алайлык эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, генералга тете наамдарды эң биринчи алган адам. Ал 1831-жылы мадалы хан тарабынан “Алайдын даткасы” наамын алган. Алымбек датка каза тапкандан кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.Отуз эки жашында Анжиян вилайэтинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын ордосунда таасирдүү роль ойногон. 1842-жылы Шераалыны хан с жардам берген. Анжиян вилайетинин борборун Ош шааоына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон.



Алымбек Датка Асан бий уулу, Алымбек парваначы (1799–1862) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. Жыйырма жети жашында Кокон ханы Мадалиге кызмат өтөй баштаган. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. Алымбек 1831 ­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.

Отуз эки жашында Анжиян вилайэтинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын ордосунда таасирдүү рол ойногон.

1842-жылы Шераалыны хан көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген.

Хандыктагы саясий жана мамлекеттин 30 жылдык (1831–62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга (заговорго) катышкан. Тактыга Шераалы хандын он эки жаштагы жеени Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес.

Алымбек Датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган, өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүүгө далалаттанган.

Отуз жылдык (1831-62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. Алымбек датка Кокондун 4 ханын көргөн (Мадалы, Шералы, Мала, Шах мурад).











Алымбек датка – Кокон мамлекетинин улуу вазири



Алымбек датка Асан бий уулу (1799-1862-жж) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. XIX к. 30-60-жж. башында Фергана жана Аркалык кыргыздардын арасында айтып бүткүс эмгеги менен жакшы таанылган, зор кадыр – барка ээ болуп, улуттун сыймыгына айланган улуу инсан. Алымбек датка Алай өрөөнүндөгү адыгне уруу бирикмесинин манабы Асан бийдин уулу болгон. Жеринен эле анын ата-бабасы өз заманынын белгилүү инсандары болуу менен бирге кыргыз элинин көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн, аттары алыска таанымал эрендерден болушканын тарыхый булактар жана эл эсинде сакталган оозеки айтымдар далилдейт. Алымбек датканын чоң атасы Ажы бий жөнүндө төмөндөгүдөй тарыхый маалыматы учуратабыз.


«18 к. экинчи жарымында кокондуктарга каршы көз каранды эместик үчүн күрөштө эл башында туруп даңкы далайга кеткен кыргыз мыктыларынын бири Ажы бий болгон. Кытайлык маалыматтарга караганда адыгине уруусунун чыгааны Ажы бийге Бухарадан күн чыгышты көздөй кеңири аймакты жердеген 200 миң кыргыз баш ийчү. Алай жана Ош аймагындагы бардык кыргыз уруулары анын карамагында болгон. Ажы бий коңшу мамлекетке көз каранды эмес эркин элдин улугу катары Цин дөөлөтү менен өз бетинче алака кылган. Ал өзүнүн, атүгүл, кокондук Ирдана бийдин атынан Кытай төрөлөрүнө кат жиберип турган. Эгерде кыргыз мырзаларынын ич ара чатактары болбосо, балким ал кыргыз урууларынын саясий жактан бириктирип, бийликти өз колуна топтомок. 60-жж. башында Ажы бийдин жетекчилиги астында, адыгине, ичкилик, моңолдор уруулары Ирдана бийдин баскынчылык аракеттерине катуу каршылык көрсөтүп турду». Чындыгында эле Фергана өрөөнүндө өзбектердин миң уруусунан чыккан Шахрух бий 1709-жылы Кокон хандыгын негиздеген. Тез эле Орто Азия аймагындагы Хива жана Бухара мамлекеттери менен тең тайлашууга жетишкен бул хандык алгач кыргыздар менен жакшы мамиледе болсо кийинчэрээк ал мамиле солгундап кеткен. Кыргыз жеринин ажайып кооз кереметине сук арткан Кокон хандыктары ал аймактарды өзүнө кошуп алуу максаттарын күчөтүшкөн. +згөчө 1762-ж. Ирдананын тушунда кыргыздарга тиешелүү Ош жана +згөн аймагын жортуулдар башталган. Мына ошондо айтылуу Ажы бий кокондуктарга катуу каршылык көрсөткөн. Бир нече жолку салгылашуудан кийин Ажы бий тоо тарапка чегинеген. Ошол кырдаалды окумуштуу Д.Сапаралиев төмөндөгүдөй баяндайт: «Ажы бий Ирданага каршы биргелешип каршылык көрсөтүү үчүн түндүк кыргыздардын башчысы Маматкулга, Арзымат атуу кабарчысын жөнөтөт, Маматкул көбүрөөк күч топтоо үчүн сарбагыш бийлери Черикчи менен Темиржанды кошо үндөйт». Бирок, тарыхый маалыматтарга караганда, кыргыз урууларынын ич ара чатактары ырбап, ынтымакка келе албай, сарбагыштар кокондуктарга каршы күрөшкө келген эмес. Кыргыздардын бириге албашын эптүүлүк менен пайдаланган Ирдана Ош жана +згөн аймагын каратып, андан ары 1764-жылы Кожентти багындыруу үчүн аттанат. Мындан пайдаланган Ажы бий кыргыз жигиттеринен кайтадан кол курап Ош аймагын ажыратып алуу максатын көздөп чабуулга өтөт. Бул кабарды угары менен Ирдана жолдон кайта тартып кыргыздар менен согуша баштайт. Салгылашуу учурунда кыргыз колу жеңилүүгө учурайт. Ажы бийдин кылган аракетине карабастан Кокон сыпайыларынын күчтүү кысымына кыргыздар туруштук бере алган эмес, 80-жж. карата Кокон хандыгы ферганалык кыргыздардын көпчүлүк бөлүгүн багындырып алууга үлгүргөн. Бирок тоо этектерин мекендеген кыргыз уруулары менен Памир-Алай кыргыздары али өз алдынчалыгын сактап кала беришкен. Мында Алымбектин ата-бабаларынын зор саясий, аскердик иштеринин салымы бар. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, Алымбек чоң аталарынын жолун жолдоп чыгаан инсан катары калптанды. Ал эми Алымбектин атасы Асан бий Шамырза уулу көптү көргөн, оомалуу-төкмөлүү замандын тез өзгөрмө талаптарына жараша иш кылган, кыйынчылыктарга моюн сунбай кысталышта калкына караан, өбөк-жөлөк болгон чарбачыл, ишкер жол башчы катары урмат-сыйга арзыган.
Нарк билген тектүү тукумдан туулган, көргөн-өскөнү жакшы Алымбектин өспүрүм балалыгы, жигиттик курагы Чоң Алай, Кичи Алай өрөөндөрүндө өткөн. Ал жаш чагынан эле ар нерсеге чапчаң, чыйрак, курбу-курдаштарынан оголе тың, бышык, кылычтай курч, зээндүү чыгып, 15-17 жаш курагында эле өз уруусу адыгиненин баргы уругуна баш-көз болуп, уюштургуч жоомарт бий катары тааныла баштайт.
19 к. 30-жж. Кокон ханы Мадалынын Алай-Памир жерлерин кошуп алуу үчүн баскынчылык аракеттери күчөп, салык жыйноого сарбыздарын жөнөткөндө, Асан бийдин балдары хандын жигиттерине катуу каршылык көрсөтүшкөн. +згөчө Алымбек Кокон ханынын буйругун кабыл алмак түгүл, ата конушуна бут бастырбай,
хандын жигиттерин кууп чыккан.
Тарыхый тактыктарга таянып академик Б.Жамгырчинов мындай деп жазат: «1831-ж. Мадалы хан түндүк кыргыздарды жеңип алуу аракетин жасаганда, Алай кыргыздарынын үстүнөн хан бийлигинин орнотулушуна Алымбек каршылык көрсөткөн. Памир-Алай кыргыздарынын башкаруучусу катары Алымбек кыргыздардын өз алдынчалыгын коргоп калуунун көздөп бир нече жолу Кокон хандыгына каршы чыккан»
Жеңишке дайым эле күч колдонуу аркылуу жете бербесине көзү жеткен Мадалы хан жергиликтүү ак сөөктөрдү өз тарабына тартуу үчүн ар түрдүү наамдарды ыйгарып (датка, миңбашы, паңсат ж.б.) кыргыз төбөлдөрүн өз тарабына имерип, бийликке аралаштыра баштаган.
Алымбектин калайык-калк арасындагы кадырын, арыстан айбат чыгаандыгын эске алып, 1831-ж. Мадалы хан ага датка наамын берген.
« Мына ушундан баштап Орто Азия чөлкөмүндө теңтайлаша дооран сүргөн үч мамлекеттин бири, ээлеген аймагы, калкынын саны жана улуттук курамы жагынан коңшуларынан эч кем калбаган ири Кокон хандыгынын саясий турмушуна дээрлик 35 жыл бою активдүү аралашып, өмүрүнүн акырында вазир мансап-мартабасына арзып ханга тете бийликти өз колуна топтоого жетишкен»-деп жазат тарых илиминин доктору Т.+мүрбеков.
+зүнүн өткүрлүгү, адамкерчилик касиеттери, адилеттиги, эл бийлөөгө шык-жөндөмү менен тез эле хандыктын калкына таанылып, өзгөлөрдөн өзгөчөлөнгөн, айкөлдүк мүнөзү бар Алымбек датка 1832-ж. 32 жаш курагында Мадали хан аны Анжиян вилаетинин башкаруучусу, беги кызматына дайындайт. Аталган вилаетке Алай менен Ош аймагы жана Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо, Куртка аймагындагы кыргыздар ошо менен катар Анжиян аймагы толук кирген.
Алайлык кыргыздарды гана бийлөө менен чектелген Алымбек датка эми бүткүл Анжиян аймагын башкара баштап, мындан ары Кокон хандыгынын мамлекеттик саясатына активдүү аралашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Алымбек датка акырындык менен мамлекеттик түзүлүштүн маани-маңызын, башкаруу системасынын, өзгөчөлүктөрүн, хан бийлигинин татаал сырларын үйрөнүү менен саясий тажыйрба топтоду. Ал Кокон хандыгынын коомдук-саясий, чарбалык турмушундагы кыргыздардын татыктуу ордун табууга, хан ордосундагы ролун көтөрүүгө көп күч жумшады. Эң негизгиси мүмкүнчүлүккө жараша ыңгайы келгенде кыргыздардын көз каранды эместигин камсыз кылууга, өз алдынча бирдиктүү жана түптүү мамлекетин түзүүгө жол издеген.
Анжиян вилаетинде гана эмес бүткүл Фергана өрөөнүндө кадыр-баркы аябагандай артып даңкы чыккан датка ордонун саясий иштеринде активдүүлүгүн көрсөткөн.
Алымбек датканын таасири 1842-ж. баштап ордодогу хандарды тактынан түшүрүп жана такка коюп, хан көтөргөнгө түздөн-түз катышкан саясий окуялардан көрүнүп турат. Ал хандыктын оош-кыйыштуу турмушуна өктөм аралашып, көптөгөн катаал окуялардын күбөсү гана болбостон, түздөн-түз катышуучусу да болуп, ордонун кооптуу иштерин, саясий сырларын, түпкү максатын терең түшүнгөн.
Алымбек датканы бир кезде мамлекеттик бийликке тарткан Мухаммед Али хан
(Мадалы хан) дын акыркы мезгилдеги коңшулары менен болгон согушу, калка салган оор салыгы анын бийлигине болгон нааразылыкты күчөткөн, мунун натыйжасында ага каршы козголоң уюштурула баштаган. Кыргыз жана кыпчак төбөлдөрү да хан тактысына өздөрүнүн адамын отургузууга ынтызар болушкан. 1842-ж. хан ордосунда көтөрүлүш чыгат, буга Мадалы хандын Бухара эмири менен болгон согушта жеңилип калышы жана ага вассал болуу менен Кожент шаарын бериши кокондуктардын нааразылыгынын чегине жеткирген. «Бул кабарды уккан Бухара эмири Насрулла көп аскер топтоп келип Кокон шаарын басып алат. Натыйжада Кокон хандыгы Бухара эмирлигинин карамагына өтөт. Эмир Мадалы хан жана анын бир туугандарын ошондой эле ири аскер башчыларын өлүм жазасына тартат. Кокондун башчылыгына бухаралык маңгыттар династиясынан чыккан Ибрагим Хаялды дайындайт»-деп жазат тарыхчы Т.+мүзакова. Жаңы хан бийликке отураары менен алык-салыкты көбөйтөт, бухаралык аскерлер шаар элин талоонго алышат. Бул эл арасында жаңы көтөрүлүштүн чыгышын шарттайт.
Мадалы хан каза тапкандан кийин, кыргыз-кыпчак төбөлдөрү өзгөчө Аксы,Чаткал, Таластык таасири күчтүү Ажыбек датка, Нүсүп бий хан династиясынын тукумдарынан болгон, кыйла жыл кыргыздардын ичинде жүргөн Шералыны хан көтөрүү максатын көздөшкөн. Алымбек даткада булар тарабында болот. 1842-ж. жайында көп сандаган колу менен Шералы Ибрагим Хаялга каршы аттанат. Кокондун эли Шералыны колдоп чыгат, Ибрагим Хаял Бухарага качып кетет. Кокондогу хан бийлиги Шералыга өтөт. Жаш кезинде кыргыздарга барып баш калкалап, алардын арасында өскөн Шералы кыргыздардын жардамы менен хан бийлигине жеткенде, аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, алардын ак сөөктөрүн өз тегеретесине көбүрөөк топтогон. Кыргыздар хандыкта көп маселени чече турган болушкан. Алымбек датка хан тактына болгон атаандашууда Шералыны колдогону белгилүү, ал хан ордосуна жубайы Курманжанды өзү менен кошо ала келип Шералы ханга куттук айткан.
Бирок көп өтпөй Кокон хандыгында, бөтөнчө хан ордосунда кыпчак ак сөөктөрүнүн таасири күчөп, эң жогорку мансап-мартабалар алардын колуна өтөт да, кыргыздар мамлекеттик бийликтен четтетиле баштайт. Кезектеги ич ара кармашуулар, кыпчактардын башчысы Мусулманкулду бийликке алып келет. Шералы такта отурганы менен саясий бийлик толук Мусулманкулдун колуна өтөт. Кыргыз төбөлдөрү анын ичинде Алымбек датка да бийликтен четтетилет. Мусулманкулдун башкаруусунда өлкөдө зомбулук күчөп, алык-салыктар көбөйүп, элдин эзилүүсү күч алат. Бул Мусулманкулга каршы элдик чыгуунун өбөлгөсүн жаратты.
Тарыхый булактарда ошол мезгил мындайча баяндалат: «Мусулманкулдун зомбулугуна каршы нааразы болгон Кокон хандыгынын чыгыш жагындагы Ош жана Алай тоолорундагы кыргыздар көтөрүлүшкө чыгышты. Алар ого эле көп санда Мады чебинин жанында чогулушту жана Ошко жана анын айланасына кол салышты. Бул кыймылга баргы уруусунан чыккан Алымбек датка жетекчилик кылды». Мындай маалыматка караганда Алымбек даткага караштуу Оштун айланасын жана Алай өрөөнүн мекендеген кыргыздар көтөрүлүшкө чыгып, Ош менен ага жакын аймакты кокондуктардан тазалашкан. Бул окуя 1845-ж. болгон. Мамлекеттин келечегине чоң коркунуч түзүлгөнүн баамдаган кыпчатардын тукумунан чыккан миңбашы Мусулманкул Ошго кокон аскерлеринин көбүн баштап келип, көтөрүлүштү аёсуз баскан. Алдын ала кабар алган Алымбек датка Алайга качып ажалдан аман калган. Ошто тартипти жөнгө салуу үчүн Мусулманкул бир топ кармалып калган. Ошол мезгилде Кокондо дагы бир козголоң уюшулуп Шералы хан өлтүрүлүп, козголоңчулар Алим хандын уулу Мурад-бекти хан көтөрүшөт.
Мурад хан жарыялангандан кийин Мусулманкул шашылыш кайтып келип ордону ээлеп, Шералы хандын бойго жете элек 14 жаштагы баласы Кудаярды хан көтөрөт. Эми Мусулманкул каршылык көрсөтөөр киши калтырбоону көздөп, тирүү жүргөн кээбир ханзаадалардын көзүн тазалап, өлкөнү башкаруунун аталык мансабын колго алат. Ошондо Кудаяр хандын атасы бир, энеси бөлөк аталаш агасы Малабек жалгыс качып кутулган болуучу.
Буга чейин кыргызга жээн Малабек менен жакындаш мамиледе жүргөн Алымбек даткага каршы Мусулманкул көп колду Алайга жөнөтөрү туралуу кабар угулуп, кырсыктан алысыраак болуш үчүн убактылуу Алымбек датка Көкарт ашуусу аркылуу Нарындын төрүндөгү Ак-Талаа,Тогуз-Торо, Ат-Башылык туугандарына келет. Бул аймактарда даңкы чыккан Алымбек датканы аркалык туугандары кучак жайып тосуп алышкан.
Кокон ордосундагы ич ара чыр чатактар Кудаяр хан кыпчак Мусулманкулду өлтүртүп бийликке толук ээ болуусу менен да тынчыган эмес. Так талашуу эми Кудаяр хан менен анан аталаш агасы Малабектин ортосунда күч алат. Малабек тактыга жетүү үчүн Алайлык кыргыздардан колодоо издеген. Ал Алымбек датка менен жолугуп сүйлөшкөн. Натыйжада Алымбек датка Малабектин пайдасына уюшулуп жаткан Кудаяр ханга каршы козголоңду уюштурууга жетекчилик кылат.
1858-ж. Саманчыга жакын жерде Кудаяр хан менен Малабектин ортосунда чечүүчү кармашуу болот, анда Кудаяр хан жеңилет да, Бухара качып кутулат. Хандыкты башкаруу тагына Малабек отурат. Ошентип XIX к. 50-жж. аягында Кокон хандыгынын саясий турмушунда олутуу роль ойногон Алымбек датка, ордодогу эң жогорку бийлик вазирлик мансапка жетип, дээрлик 4 жыл бою 1858-1862-
жылдары хандыктын тагдырын чечип турган. Кокондогу хан ордосундагы жогорку бийлик эгеси болгон Алымбек датка өз элинин түпкү кызыкчылыгын эсинен чыгарбай кыргыздардын мыкты азаматтарын жогорку бийликке тарткан. Тарыхчы К Молдокасымов : « Баш вазир Алымбек датканын сунуш-талабына ылайык Малабек хан кыргыз урууларынын чыгаан кол башчылары: Сейтбек датканы Ходжентке, Молдо Касымды Нау чебине башчылыкка койгон. Исфаранын акими Сатыбалды датка жана башка ордо кишилери да кыргыздар эле» – деп жазат өз изилдөөлөрүндө.
Алымбек датканын акылман, алысты көрө билген көсөм, кылдат саясатчылдыгы 60-жж. башында даfна көрүнгөн. Бул мезгилде Россия империясынын Орто Азияга тереңдеп кирип, Кокон хандыгы менен тирешүүсү күч алган эле. 1860-ж. Узун-Агачта орустар менен салгылашуу үчүн Алымбек датка Мала хан тарабынан аскер башчылыгы катарында жөнөтүлөт. Чүй өрөөнүндө Алымбек датка Ташкент беги Канат-шаа жетектеген кокон аскерлери менен жолугушат. Бул жерде бири-бирине баш ийгиси келбеген эки төбөл башкы кол башчылыкты талашышат. Алымбек датка үчүн учурдагы таймаш шылтоо болот да, өңчөй кыргыздардан турган аскерлерин ээрчитип, согушка катыштырбай, бөөдө өлүмдөн сактап кан майдандан алып чыгып кетет.
Ошондогу Алымбектин өз алдынча жасаган аракети 12 миң кишиден турган аскерин согушка киргизбей, Канат-шааны тоңотпой, анын буйругун аткарбай, бөөдө кыргынга жоокерлерин салып бербей, согуш талаасынан чыгып кеткендиги дагы бир жолу Алымбек датка үчүн кыргыз элинин кызыкчылыгы биринчи орунда тургандыгынын, эгер ордонун саясий багыты өз элинин мүдөөсүнө каршы келсе, ал токтолбостон Кокон ханына каршы курал көтөрүп чыга тургандыгын далилдеди. «Анжияндын акими, Намангандын парванчысы, ордодогу биринчи вазир кызматын ээлеген Алымбектин», өз бийлигинен ажырап калуудан коркпой, эртең Малабек хан анын башын сылабасын эң сонун түшүнсө да, өмүрүн кылыч мизине коюп, башын канжыгага байлап, ошол учурдагы көз ирмемдей өтүп жаткан тарыхый кырдаалга чечкиндүү кадам таштап, капсалаңдуу чечимдерге баргысып жаткан күч, атуулдук парыз-бул жалпы кыргыз журтунун келечек тагдыры-кыргыз мамлекетүүлүгүнүн түптөө максаты болгондугун тарыхый булактар ырастады деп Т.+мүрбеков таамай жазган.
Кандай болгон күндө да Мала хан менен Алымбек датканын ортосундагы мамиле бузулган.
1861 жылы Мала хан орустарга каршы жүрүш уюштурууну чечкенде, кыргыздар таптакыр баш тартышат, ошондо хан Алымбекти камакка алуу жөнүндө буйрук берет, а бирок ал Гүлчөдөн ары, аркалык кыргыз туугандарына качып кеткенге үлгүрөт. Арадан көп өтпөй Кокон хандыгында ич ара коогалаңдар башталып хан тарабынан Алымбекке каршы аракеттер убактылуу токтотулат. Ошол мезгилдерде ордо адамдары кыргыз Кыдыр, түрк Кудайназар, кыргыз-кыпчак Алымкул Мала ханга каршы кутум уюштурушат, буга ыңгайлуу кырдаалды колдон чыгарбаган Алымбек датка келип кошулат. Кокон тарыхчылары жазгандай 1862-ж. 24-февралда Мала хан өлтүрүлүп, өспүрүм бала Шах Мурад такка отургузулат, анын алдында-аталык милдетин Алымбек датка аткарууга киришет. Алымкул Анжияндын, Кыдыр Маргалаңдын, Кудайназар Намангандын беги мансаптарына ээ болушат.
Бул мезгилде Алымбек датканын кадыр-баркы болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, Кокон мамлекетинин эң жогорку башкаруучусу болуп калган эле.
Бирок тилекке каршы бул кутумга киргендердин ичинде биримдик, жарым жылга жетпей бузулду. Кезектеги козголоңдо Алымбек датка атаандашы, Алымкул кыпчак тарабынан өлтүрүлөт.
Демек Алайдан чыккан айтылуу датка, Анжияндын акими, Кокондун ири мамлекеттик ишмери, баш вазири атаандаштыктын айынан 1862-жылы жайдын толугунда 63 жаш курагында аңдоосуздан мерт болгон.
Алай өрөөнүндөгү адыгине уруу бирикмесинин башкаруучусу, Кокон мамлекетинин ири саясий ишмери Алымбек датка улуу инсан катары тарыхта калып анын өмүр жолу кийинки урпактарга өрнөк катары айтылып келет









Корутунду

Алымбек датка кыргыздардын, башкача айтканда Алайлык түштүк кыргыздардын атын дагы да таанытып, дагы да өнүктүрүүгө салым кошкон адам экени көрүнүп турат. Өмүр жолунда акыйкаттыктын, акылмандыктын, адилеттүүлүктүн, ишмердиктин, жада калса кыйтырлыктын тирүүлөй мисалы келтирилген. Бир колунда тарых жарыгы, экинчи колунда келечек сүйүүсү болгон улуттар гана дайыма өнүгүүгө татыктуу талапкер.