СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алыстан режиминде өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” аталышындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин 2020-жылдын 11-майындагы “364/1 буйругунун талаптарына ылайык иштелип чыкты.

Просмотр содержимого документа
«Алыстан режиминде өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация»

Алыстан режиминде өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга

НУСКАМА

Бул нускама “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто окуу жайларында окуу жылын аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” аталышындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин 2020-жылдын 11-майындагы “364/1 буйругунун талаптарына ылайык иштелип чыкты.

1. Мамлекеттик аттестациялык сыноолор компьютердик тестирөө формасында окуу жайдын AVN маалымат системасын пайдаланып өткөрүлөт. Жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендердин программасы, белгиленген тартипте бекитилген консультациялар, жалпыланган лекциялар жана мамлекеттик экзаменди өткөрүүнүн мөөнөттөрү мамлекеттик экзаменге бир ай калганга чейин кафедра башчылары тарабынан студенттерге маалымдалат.

2. Мамлекеттик экзамендерде бири-бирин көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоону мамлекеттик аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү видеоконференция түрүндө ишке ашырат. Видеокоференцияны уюштурууну, анын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоону окуу жайдын инженер-программисти ишке ашырат.

3. Техникалык каржаттардын жарамдуулугун текшерүү жана студенттер менен МАК мүчөлөрүнө мамлекеттик экзаменди өткөрүүнүн форматын түшүндүрүү максатында биринчи мамлекеттик сынакка эки күн калганга чейинки мөөнөттө бүтүрүүчү кафедралар тарабынан сынамык байланышуу жүргүзүлөт.

4. МАКтын катчылары жана бүтүрүүчү кафедралардын башчылары тарабынан студенттер менен МАКтын мүчөлөрү үчүн даярдык иштеринин, мамлекеттик экзамендин, БКИ ни коргоонун этаптарын жана жана механизмдерин көрсөтүү менен нускама иштелип чыгат. Ал нускама директор тарабынан бекитилет.

5. Мамлекеттик экзамендин башталышына жарым саат калганда видеоконференция системасына МАКтын мүчөлөрүн жана студенттерди кошуулар (катталуулар) жүргүзүлөт. Идентификациялоону МАКтын катчысы жүргүзөт.

6. Мамлекеттик сынактын башталышында ар бир бүтүрүүчү паспортун көрсөтөт (zoom).

7. AVN маалымат системасын пайдаланып компьютердик тестирлөөнү өткөрүү үчүн суроолор окутуучулар тарабынан түзүлүп, кафедраларда каралат жана директордун окуу иштери боюнча орун басары тарабынан бекитилет.

8. Тестирлөөдөн өтүү убактысы даярдалган тесттин программасы менен белгиленет жана бекитилет.

9. Тесттин жыйынтыгы боюнча ведомость окуу жайдын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы тарабынан басып чыгарылып, МАКтын катчысына берилет

10. МАКтын отурумунда форс-мажордук жагдайлардан улам байланыш үзгүлтүккө учураса, төрага аттестациялык сыноодон кайрадан өтүү үчүн кошумча убакытты белгилейт.

11. Жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон жүйөлүү себептер (документ менен тастыкталаган медициналык көрсөтмөлөр, үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча) боюнча өтпөгөн бүтүрүүчүлөргө окуу жайдан чыгаруусуз жыйынтыктоочу аттестациялык сыноолордон өтүү мүмкүнчүлүгү берилет.

12. ЖМАны өткөрүү процесси толугу менен видеого жаздырылып, компакт дискте МАКтын отурумдарынын протоколдору менен бирге сакталат.

13. Карантин жана өзгөчө кырдаал режимдери аяктагандан кийин МАКтын катчысы отурумдардын протоколдорун тийиштүү түрдө толтурат жана протоколдор менен студенттердин электрондук зачеттук китепчелерине МАКтын мүчөлөрү кол тамгаларын коюшат.

14. ЖМАны аралыктан өткөрүүнүн жалпы уюштурулушуна түздөн-түз кафедра башчысы жоопкерчилик тартат.

15. БКИни коргоо процедурасына киришүү үчүн студенттер 100% даярдыкка ээ болуусу зарыл, бул кафедра тарабынан өткөрүлүүчү алдын ала коргоо процедурасында далилденет (видеоматериал түрүндө). Алдын ала коргоонун жыйынтыгы боюнча кафедранын отурумунда студенттерди коргоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат. Алдын ала коргоо ишин видеоконференция түрүндө өткөрүп (zoom платформасы), ал видеоматериалдарды сактоо кафедранын башчысынын жоопкерчилигинде болот. МАКтын отурумунун узактыгы 6 сааттан айпайт. БКИни коргоо үчүн студенттердин кезеги түзүлөт. Бүтүрүүчүлөрдүн ишти коргоо мезгилиндеги чыгып сүйлөө убактысы МАК мүчөлөрү тарабынан белгиленет. Баа коюу үчүн МАК курамы купуя кеңешишет. Кайрадан видеобайланышка студенттерди кошуп, баалар жарыяланат.