СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Анатай Өмүркановдун "Чолпонбай" поэмасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Анатай Өмүркановдун "Чолпонбай" поэмасы - Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин чагылдырган поэма. Акын чыгармасында нечен азаматтардын өмүрүн алган кандуу согушту жеңүүгө баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин кошкон салымын баса белгилеген.

Просмотр содержимого документа
«Анатай Өмүркановдун "Чолпонбай" поэмасы»

АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВДУН “ЧОЛПОНБАЙ” ПОЭМАСЫ


  • Сен эрдик. Келдиң  кайдан?

  • Энелер дин көз жашынан.

  • Ысмың ким ?

  • Туулган  ж ер.

  • Күчүң  к а й да ?

- Намысымда.

- Сапар алдың эми кайда?

- Келечек муундарга

- Мүдөөң кандай?

- Дагы күчөп

кирем урпак кан-жанына.

(ырдан)

Жоо жакалап, бөрү этектеп,

Турган кезде кары бала

Чымын жанын

Ата Журт деп,

Бекем байлап канжыгага, —

Кек артынан кете берип

Көп кемиген ушул айыл,

Чок баскандай “чурр” дей тушөт

Кара кагаз алган сайын.

Кут учурат кунарсыз кеп,

Күн кылдырайт эптеп-септеп.

Иңирлентип көңүлдөрдү  

Ириң мисал булут келет.

Эркектерден аялдар көп,

Эңсөө эзген ырын төгөт.

Чалгы тартып , соко кармап,

Жакшылыкка үрөн себет.

Кыл кыяктай абышкалар

Чылк кайгыда үлүңдөшүп

Майып болгон уулун карайт

Ак сакалын дирилдетип:

— өчпөсүн  өч, кетпесин кек,

Өлүмгө өлүм, канга кан — деп

Кумсарышкан карыялар

Кыбыла карап, чыйт түкүрөт

Түгөнбөстөн көбөй түтөп

Күргүчтүнтүп жоо сүр күчөп

Чакан айыл баш жагында

Чал Эргештин чарбагында

Күндө бири маал айланага

Чымын жаным калтыр ата

Деген жалыныч угулат да

Анан пастайт

Өткөн жайда Эргеш чалдын жалгыз уулу

Кан майдандан качып келген

Аны угуп өзү уулунан

Укканына ишенбестен

Карт аюудай ок жаңылган

Очорулуп бир жаңылган

Анан туруп таяк менен

Эргеш уулун берип калат

Ит жыгылыш экөө кулап

Таймашуунун акырында

Баласынын бети айрылып,

Жоон сандан буту сынат

Эргеш али тың абышка

Күндө келип баласына

козгоп коёт бутун кайра

жан таттуубу?

Ушул жанды

Сага берген кудай таала

Эл башына күн түшкөндө

Качпасын деп кайра артына

Чырагыңмын бул жалганда

Ошол жаным калтыр ата  


- Жан таттуубу?

Сенден көрө
Кара кагаз алганымда
Жүзүм жарык болбойт беле
Эл алдында...

  • Жалгызыңмын,

жан соога, ата,

Жан соога ата...

- Жан таттуубу?

Ушул жаның

Мен бергемин

намыс-арга
Жарасын деп!

Жарабадын,

Андан аяп келген жанын
Мен аламын. Курган бала, Келме келтир, тез бол, кана... Туягыңмын бул жалганда
Жаным аман калтыр, ата… Күндө бир маал айланага
Ушул жалынч угулат да,
Аралашып үшкүрүккө
Сиңип кетет капчыгайга… ...Мордон түтүн, көкүрөктөн Күйүт булап. чакан айыл.
Уулдарын кан майданга
Узатышат ар күн сайын.
Мына бүгүн Чолпонбайдын
энекеси  ысык чайын
Элге берип, Армияга

бара жаткан баласынын
Ак жолуна тилейт  бата.
Камыштай эл кыркалата
Жайган бойдон алаканын
Жүз тигишет, бата сурап Тургам чийкил Сурма апага.
...Чолнонбайдып көз алдында;
Аппак чоку. Анан ылдый
Кырка тоолор, жыбыт-жылга
Анан мектеп, анан дайра, Анан элес келген кайра, Караңгыда бал-был жанган,
Карегинен каухар тамган. Каплес  бой, камыш кирпик,
Айырмасыз мандалактан —
Чыйбыл кыздын жылмайганы
Жылт дей түшкөн  жылдыз мисал
Жыргал ачат улам жаңы. ошол кызга — аты Гүлнар, Кат бергизип эчен курдай,
Жолукканда жооп  сурабай, Жоготконун таап алгандай, Жоодур карап жүргөн күнү
Көз алдына келет тынбай...

Анан үйдө сандыктагы
Кызыл аскер атасынын
Гимнастёрка, будёновка
Келе калат көз алдына.
будёновка беш жылдызы
Жалт–жулт этчу азыр эле, атасы аны чече коюп

Чыккан өңдүү шашып эшке.

—    гимнастёрка...

жүрөк тушу

тешик эле, оңурайган,

Сурмаке aпa алып чыгып

Муну жаттап окуп куран,

Анан төшкү чөнтөгүнөн

Катты алып үч бүктөгөн

Калч-калч сунуп «Оку» дечү,

аны окуп бүткүчөктү

Жашы он салаа агып кетчү...

Гимнастёрка, будёновка

Ага болгон Чолпонбайга,

сагынганда алмак-с а л м а к

Жытын жыттап, боорго басып,

анан коюп баштарына

аруу түндө уктап калса;

Бир алп караан олбур, сүрдүү

Каттап чыгып, басып калбаат,

Башында бар будёновка

Чолпонбайды беттен сылап,

Керээз кебин айтчу кыйла —

тоолор кулап кетүүчүдөй

Колдураган жаңырыкта:

Жан кулактын учунда,

Жана кылыч мизинде,

турган кезде, акыркы

Керээзим бул силерге:

Ленин берген теңдик күн,

Узун болсун өмүрүң.

Өмүрүңдү чексизге

Улап  кетсин өлүмүм.

Чаптым заман кылычын,

өмүр келсе кайрадан —

Кашык каным калганча

кылычыңды мен чабам. Атилары атамдын

Келериңди эңсеген.

Балдарына баламдын

Барктап өткүн деп кетем.

Эртең, өзүң эрки зор

болгонуңда комсомол.

Заманга ар дайым

Аккан суудай таза бол.

Чымын жаның ту я гы м,

Заман керек десе эгер,

Өзүмө окшош аянбай

Өмүрүңдү сен да бер...

Кийип жүргөн тонуңду,

Минип жүргөн атыңды,

Оозуңдагы сөзүңдү.

Алдырганча душманга,

Aлдырган оң башыңды.

Заманыңды атаңдай,

Сыйлап өткүн, Чолпонбай

Атаң ага кубанып,

Айланат да эч тынбай.

Актыгыңды заманга

Тиктеп турат кышы-жай.

Мелт дей түшсө

Ойлуу, сүрдүү

Кыркаар тартып олтургандар.

Сурданышат уккан сыңар

Укпай турган суук кабар.

Тыноо какпас тынчтык бузуп,

Каргылданат Мама Тумар:

Эл башына Мүшкүл түшсө,

Эр азамат чекте турар.

Атаң намыс кишиси эле,

Жүрөгүндө жалыны бар.

Өкмөт менен кошо чыгып

Бай-манапты кууп кырып,

Ушул күндүн өмүрү үчүн

Өз өмүрүн берген кыйын.

Сен тулпардан калган туяк,

Ата жолун ула чыңап.

Келбестердин кегин кайры

Өткөндөрдүн өчүн кайры.

“Чамынгын” де жолуктурсаң

Сенден мурда баргандарды.

Жеңбей келбе жок дегенде.

Өз жаздыгың ала жаткын.

Ошо менен көздөн учкан

Жеңиш күндү жакындаткын.

Баргын уулум кезек келсе,

Биз барабыз жеңилгенден

Канча жеңил кармаш менен

Канды төгүп туулган жер деп,

Кан майданда жанды берген.

Баргын уулум, атаң Манас,

Арбагында колдоп жүрсүн.

Жигит деген жоо келгенде,

Аткарышкан эл үмүтүн.

Оомийин! Кемпир-кесек

Өздөрүнчө кемшеңдешет.

Эр жалгыздын жалгызы эле

Аскер албай койсо эмне?

Шумпай кемпир андай дебе!

Ооздуктан суу ичет дейт.

Ат башына күн түшкөндө

Андан көрө аман барып,

Аман келсин жүзү жарык.

Ак жол сага баргын уулум,

Жортконуңда жолуң болсун.

Жан жолдошуң кыдырболсун!

Мүдөөң келсин, иш оңолсун!

Оомийин! Казганак эл

Алаканын бетке тартып,

Асман жара чурулдашып.

Кол жайышат, Оомийин!

Эзелтеден эр-азамат,

Элин коргоп, жоого аттанат,

Аттанганын колко кылбай,

Канкордон калк өчүн алат.

Тоолор менен кумсаң кумайт.

Ушул добуш жаңырыктай,

Күр дей түшүп чоң дайрага,

Күргүчтөнүп чыгып кайра.

Кайрат кошуп кайраттарга,

Кайрак болот намыс-арга!

Денең чеп кыл, жоо жолунтос,

Чегинүүгө жол жок башка.

Артыбызда жандан кымбат,

Жандан артык жан Москва!

Бул кыйкырык көк асманга

Атып чыгып жел шамалга.

Аралашып, жери күйүп,

Адам көрбөс кордук-ыза!

Орус-өзбек, казак-кыргыз

Жаңы заман жаратканбыз.

Таң боюнча жүрөк бирге,

Эл кошулган Ленинге

Ошондо биз лениндик

Достукка үрөөн септик эле.

Эми мына кан боюнча

Боорлошуп олтурабыз.

Орус, литва, тажик, кыргыз

Тан боюнча каны бирге.

Кан бонча жаны бирге.

Ушу бизди жеңем деген

Мээ жок экен Гитлер итте!

Карегинен кайрат жанган,

Тапшырганды так аткарган.

Өткүр кайрат көзү жалын,

Тилге жүйрүк жана балбан.

Кебетең маа тааныш сүйкүм,

Жанга жакын сезилесиң.

Баласындай Фрунзенин

Балам окшош балам менин.

Мезгилби азыр өткөндү айтар,

Анда көрө Вася менен

Бирге барып, кампа кайтар.

Китеп жазсам жазам кийин,

Биздин муун жасап кеткен.

Жасап жаткан эрдиктерди,

Эң башкысы эртелетип,

Жеңличи фашисттерди.

Мүштөк сорот сакал-мурут.

Саргайганча соротда анан.

Автоматын чачып-оңдоп,

Ойго батат үн катпастан.

Токолдонуп токой күйүп,

Айыл-кыштак бүт өрттөнүп,

Алдын тосуп чыкпайт барсаң,

Адам эмес ит да үрүп.

Терезеси сынган үйлөр

Көзү сокур кишилердей.

Томсорушат кирип барсаң.

Шейит жатат көзү алайган.

Аял жатат айы жеткен.

Курсагына штык малынган.

Абышканы жаш баланы

Тирсегинен асып салган.

Бети-башы, кийген кийми

Көө бала көзү алаңдайт.

Морго кирип аман калган.

Ар-ар жерде танка күйөт.

Көзү кызыл кутурган ит.

Шүмүрөңдөп чуркап жүрөт.

Айыл бопбош, мүрзөгө окшош,

Катуусунан эчтеке жок.

Жумшагынан күлү калган.

Ок чыгарып, полк коштошот.

Солдаттарга дүйнө салган.

Көздөн аккан жашка окшоп,

Көрүстөндө атылган ок.

Эртеңдерден алынчу кек

Сыяктанып көккө жетет.

Жарты нанды бөлүп жеген.

Жан-каныбыз бирге деген

Досу менен Сергей алда

А Чолпонбай арт жагында.

Чабуул коюп баратканда,

Көгөндөрдүн бардыгына

Жаал кошуп жаалына.

Каар кошуп каарына

Чагылгандай чарт-чурт этип,

Өч алууга чакырууда.

Ай-асманда С тамгадай,

Булут жирей коргошундай,

Жоого атылчу сансыз октой

Күнгүрүнөт калын токой

Куш уча албас Дон дайрасы

Кут учуруп агат онтой

Токой ичи жер төлөөдө

Бейпил күндөн мин бир эсе

кыйын татаал согуш ишке

машыгууга Чолпонбайды

бир ай мурун кошкон эле

айлылында кан көтөргөн

балдар менен мелдешкенде

женип жүрчү тентуштарын

той топурда эңишкенде

Куп жарашып аскер шапке

Кабар берет каруу күчтөн

Карыш кабат, калбаат дене

Керден болуп чыга түшөт

булчундары экчелгенде

кыйналсада а дегенде

Эти оор, тумсак неме

көнүп кетти көп катары

жүк көтөрүп жүгүргөнгө

Анан келип бет-кол жууп,

Мылтык  атып, кайра чачып,

Бир заматта  окоп казып,

Жаздымдабай ок атканга

Сазда чуркап бара жатып.

Чолпонбайдын тушкон полку,

Көп улуттар турган болчу.

бир жеңден кол, бир жакадан

баш чыгарган

өзү курдууМетревели, Гилязитдинов,

Захарин да, Черновал да

Мамед оглы, Шувакос жана

Атасы Иван, уулу Вася

Зыкалиндер ата-бала,

бир туугандай болуп ага;

Ок жамгырда да, чабуулда да,

Же тыныгуу маалында да

Аяшчу эмес жардамды ага.

бардыгынын калбай жаны

Үйрөтүштү орусчаны.

идиреги даана жигит

Эки эле айда сүйлөй билип,

3ыкалиндин атасынан

Сурай берет: — Оо, аба жан,

Айтыңызчы, граждандык

Coгуштагы кылчайнаштан...

— балам, - дечу ата Иван

белге түшкөн аппак куудай

акыл алтын сакалынан,—

өлүү ары, тирүү бери

Тартып турган  ошол кезде

Кындан кылыч сууруп чыгып

Кызмат кылгам Фрунзеге.

«Туркестанда  совет бийлик

Орнотулду» деп Ленинге

Телеграмма жибергенде,

Мен какайып тургам анда,

Желек ыргал  соккон желге.

Чарт жармшып каткан мина,

«Анаа» деп  ооз ачканга

Аран жарап бир заматта

Колу колдой , буту буттай

Учуп  кеткен кок асманга

Сөз  айта албай андан башка...

Жолдоштору Чолнонбайдын

Сөөгүнөн  тутун чыгып,

Сергейине  кайгырганын

Сезип  көнул, кайрат айтат:

Мүңкүрөнүү эмне керек?!

Андан көрө досун учун

Өч алганын фрицтерден

Эки эселеп, уч эселеп...

Ок атышуу токтоп кээде

Эки тарап тыпыкканда,

Токой жактан булбул тилин

Белен сайрайт. Кызыл кыргын

Болбогондой  эч убакта.

Андай кезде жаагын жанын,

Антон айтын анекдотун

Боорун эзет досторунун

Бирөө тартып гармошканы

Калгандары жардап аны

Кайнап каны, кайнап жаны,

Жерди бир тээп, ичи элжиреп

Алакан  чаап, бий бийлешет...

Сырын билип куралдардын

Жана  урушуу амалдарын,

Алар кечте жатарында,

Кеп кылышса сагынганын

Алыстагы сүйгөн жарын

Сөз түгөнбөй тан атканча

бөлмө толот кусалыкка:

—  Жарым мени күтөм деген,

Meн барганча күтөт мени...

—  Күтмөк кайда, бир эркекти

танса кетет колун кармап

Алар бизди коёт алдап...

—  Азыр мына көзүм жумсам,

Алдым тосуп чымылдаган

Өзүмө окшош наристемдин

Караанын мен көрүп турам...

—  Бир кызга мен кат бердирсем,

Көңүлүн ал билдирбеген...

- Кат жазыптыр бир кыз мага,

Айттым: алам, келип кайра...

—  Биз жашадык бир ай гана...

—  А биз араң эки жума...

—  Силердики көп турбайбы,

нике кыйып, кечиндеси

Эртесинде жөнөп  кеткем...

—   Арбын тура сенде арман...

Күлкү чыгат шарактаган.

—    Эмне деген арсыз кулку,

Ким күнөөлүү калганына

Жарың айда, өзүң мында?!

Билесиңби?!

Билсең  анда

Өзүңдү өзүң курчут, бүлө.

Тез жетели Жеңиш күнгө,

Жеңиш күндү өөп, жыттап,

Барасыңар анан үйгө.

Ага чейии душмандан өч

Алыш керек жан аябай.

Жол жок азыр күлкүгө андай...

Тып басылат бака-шака.

Оор ойлор коргошундай

Ушуларды  уктатпастан

Ойлондурат таң атканча..

Кең Таластын атыр жыттуу

Дем алып жел-абасынан,

табияттын кырсыгынан

тышкары тынч, жашап жаткан

Суу сураса, балын берген

адамда жок асыл энем,

Арнап сизге кат жиберсем.

Жерин коргоп, кеткен майдан,

Ушул катты деп билиңиз

Уулуңуз Чолпонбайдан.

ал-күчүңүз кандай, апа?

Не  жаңылык айыл жакта?

Маматумар, Камбар ата

Кандай жүрөт?А биз болсок

Жанды тиштеп оозубузга —

Кирүүдөбүз улам күчөп

Кылчайнашкан былчылдашка.

мен укпаган улуттардан

Жоокерлер көп. Каарданып

Чагылганын чартылдатчу

аса-Муса сыяктанып

бириккенбиз. Зикалиндер

биздер менен ата-бала.

Иван ава граждандык

Катышыптыр согушка да

Атама окшош тагдыры бар,

Чарчаганды дале билбей

Чабуулдарга чыгат биздей.

баратабыз сүрүп душман,

таш боорлукту алар кылган

Жазыш кыйын ак кагазга,

айтып берем барганымда.

билбей кунду, билбей тунду,

биздикилер жан укпаган

Көрсөтүүдө эрдиктерди.

Жолдошу бүт кырылганда

Жолду бербей буктурмада,

Огу бутуп жардамы жок

Жалгыз өзү калган чакта,—

Гитлерчилер ок коротпой

Гранаттан өлсүн дешип

Граната ыргытышса —

Ыргытылган гранаттар

Кайра келип фашисттерге

Тарс жарылат. Oшол замат.

Өлүп, азы жараат алат.

Кексе фашист өздөрүнүн

Гранаты өздөрүнө

Жарылганып даана билип,

Гранаттын капсулун бек

Гранатын анан азга токтоп

Ыргытканда күм-жам болот...

Жердешиңдин Акун аты

Сабырбаев фамилиясы

Көк жал экен десе баары,

Фамилиямды уккан өңдүү

Сыймыктанып болдум тоодой

Эрдикти ойлоп так ошондой..

Болсо дагы өзү курман,

Эрдик жасап өлбөй турган

кеткендердин бири Матай.

Казак жигит. Мерген экен

Кудум биздин  Кожожаштай.

Жер өрттөнүп, үйлөр күйүп,

Баратканда фашист сурун.

Арттан жардам келгичекти

Жалгыз тосуп мерчем чекти

Душманды алга жылдырбастан

Жок билгизбей өзүн катып,

сойлотуптур фашисттерди

сорок этсе чекеге атып.

Oю кетет фрицтердин:

Тобу бардай аскерлердин»...

Бири-бирин согуп, боктоп,

Жогун жоктоп, күчүн топтоп

Көптөн кол жууп, акырында,

Чабуулга  өтүп, курчап аны

Барып  жатат. Эң  акыркы

Өтү менен чыккан жаны.

Фашисттердин заареси үчүн,

Таң калыптыр бул эрдикке:

Аласабыз булардан го,

Ар солдатты минте берсе

Фашисттик  самолёттор

Кулаалыдай калдаңдаган,

Көктөн бизге шукшурулуп,

Кайкып  учат бомба таштап.

Аба тытып жамгырдай ок

Асман-жерге кулагандай Кулак  тунат. Коңуз окшоп

Күдүрөңдөп немис танкы

Келатканда  бизге карай,

Ок түгөнүп болуп майып

Жаш грузин аты Вано

Калган жалгыз гранатын

Белге байлап, сени кайбар

Өткөргөнчө ушул жакка

Өлүм менен сени өлтүрөм!

Жата калат экөөсү тен

тыйпыл  болот бир заматта.

«Мындай элди жеңүү болбойт»

Карманыптыр фриц жака.

Ушу менен сөзүм бүтөт,

Катка кайра жооп күтөм...»

...Тармал көкүл Талас тоосу.

Чакан айыл. Капка оозу.

Кубанычы ичке батпай

Улам карап колдо катка,

Окутарга киши таппай

Сурмаке апа келе жатса,

Терең кудук түбүндөгү

Үлбүрөгөн аруу шамдай

Гулнар кетип баратыптыр

Чөп чабыктан үйүн карай.

—   Кат окуп бер, айланайын.

—   Болсун эне, келди кайдан?

—  Өзүң билген аскердеги

Көрөр көзүм Чолпонбайдан.

Болсун, болсун...

Гулнардын да

Каны үйөрлөп, бети албыра

Жагымдуу бир калтыракка

Кабылды да анан катты

Окуп кир ди шатырата...

Калч-калч этип эриндери

Эне өзүнчө сүйлөй берди:

—  Жүргөнүңдөн аман-эсен!,

балакетиң алсын энең,

Кагылайын кебетеңден...

Сүйүнгөндөн чыккан жашын

Сүртүп эне жоолугуна,

Маңдан жарып балбалактап

Жооп жаз - дейт Гулнар кызга.

...«Атаң билбес Дон дайранын

Атыр жыттуу абасынан

Дем алып кең Мекен үчүн

Ыйык милдет өтөп жаткан

Жиберебиз Чолпонбайга.

Алган катты деп билгиле

Алыстагы    а п а ң а р дан,

Жана дагы Гулнар кыздан.

Айыл көбү аскер кеткен

беш-алты эле эркектерден

Кары калды. Калгандары

каты ра га н катын  баары.

Кары келсе — ашка эзелтен,

Жашты дайым ишке деген.

Душман селдей каптаганда

Жанын аяп Ата Журттан

Уул эмес үй күчүктөй

Үйдөн чыкпай жатып алган.

Контор менен коргонун той,

Көптөр менен көргүн баарын.

төлгө салам аман-эсен,

Келсе экен деп чымын жаның.

сага тийчү душман огу

ташка тийип кайып кетсин.

Жыргалың бүт алды жакта

Жыйырмага келе элексиң.

Жарадарлар келип жатат

Колдон-буттан ажыраган.

Жигит пири сени колдоп,

Сактай жүрсүн кырсыктардан,

Атаңа окшоп карыянын

Аткар бардык айткандарын.

Бейкүнөө аккан биздин  кандын  

Өчүн алгын, кегин алгын.

Көркоолорду аябагын.

баскынчылар башын жутсун,

Каргаймын да, Каргыш дагы

Күчтүүрөөк болсун учүн

Майданга деп иштеп жүрөм

Иштеп жүрөм тынбай күн-түн.

Мен өлбөймүн иштегенден

Андан көрө жаның аман

Келсе экен деп тилейт энең,

Жана дагы тилеймин мен»...

Анан минтип  кошуп койду:

«Кандай болуп калдың экен,

Эмне болот сүрөтүңдү

Эстеликке салып ийсең?!

Сага бет аарчы салдым мына,

Кубат берет чарчаганда,

Өзүмдү эстеп бетиң сүртсөң»...

...Старшина күлүп келди;

—  Түлөбердиев, — Не дейсиз энди,

— Бийле - деди, бийлеп берди,

Ырда деди, ырдап берди.

Миң кыйнасын түшүнүктүү

Жакшылыкка ушул белги.

Тердеген соң алка-шалка

Колу жетти үч бурч катка.

Оттой жанып жаш жүрөгү

Ошол катты окуганда,

Ээ-жаа бербес  тулпар болуп

Туйлап турду жооп жазганча:

бу дүйнөдө өчүн-жангап,

баласына энесинин

Сүйүүсүнөн башка жалган,

Оо, эненин тилеги  ай,

Кырк жыл кыргын болсо дагы

Тилек менен баласынын

Чымын  жанын алып калган.

Аман чыктым кармаштардан

Эртең дагы чабуул барам.

Ыйык иш жок эне сенин

Үмүтүңдү  актагандан.

Эне менен туулган жерди

Бекер  жерден салыштырбайт

Ишеничиң актамайын

ишен, aпa, жаным чыкпайт

баскынчынын  ып лас буту

биздин  жерди баспасы учун,

сендей  ак чач энелердин

Эрксиз жашы акпасы учун,

Күнөөсү жок аккан кандын,

түгөнбөгөн убалы үчүн,

жана келчү Жеңиш үчүн,

Жумшалат бүт өмүр күчүм.

Эсендигим тиле, эне.

Өзүң гана тилеп турсаң

Миң кылымдык кармаш болсун

Миң ок тийсин, аман чыгам

Эне бүркүт баласын

Эгер бирөө алып кетсе

Бооруна ал асканын

Ташын басып таңдан кечке

Балапанды чыгарышат

Энелик зор кудуретте

Эгер кокус ок жаңырып

Ээк кагып бу дүйнөдө

Коло болуп калганымда

Коюп баарын ак чачына

Колун колум кармаганда

Кан жүгүрөт кара ташка.

Чыккын десең чыгып кетем...

Мен балаңмын ар убакта

Балаң бойдон калам сага...

Эң бир жаңы, эң бир эски,

Кереметтин керемети;

Сөөгү сөпөт болсо дагы

Уулунун укканында

Энекеси айткан кепти...

Эртең эч бир тарых билбес,

Адам каны суудай акчу

Баштамакпыз кылчайнашты.

Эмне болот, кандай болот,

Айтыш кыйын аны болжоп.

Айыл болуп астын-үстүн

Мүмкүн шаар тыйпыл болот.

Эч коркпойбуз?!

Эң башкысы. Биз сүрөбүз душманды ары.

Мага тумар абакемдин

Мен узатып жаткандай

Эсте турат айткандары.

Айтып берем эмки катта

Абалымды чыккандагы.

Көрүшкөнчө, жаным апа,

Салам дегин бут айылга!»...

Анан башка кагаз алып

Ал кат жазды  Гулнар кызга,

Сагынычка куйкаланып

Алоолоно күйүп-жанып:

«Өзүңдөн кантип жашырдым

өрттөнгөн жүрөк айласын.

Кечигип келген катыңдын

Өпкүлөйм ар бир тамгасын.

Кармасам каттын барагын,

Былкылдайт аппак тамагың,

Он жолу сөзүң кайталап,

От болуп күйүп жанамын.

Укканда көңүл сабылтар

Ууздан тала атың бар.

Атыңа затың жарашкан

Актыгына мен кумар.

Белек деп берген бет аарчың,

Бетиме бассам беш ирет.

Жүрөккө окту өткөрбөс

Ак  олпок өңдүү сезилет.

Белек деп берген бет аарчың

Бетиме бассам беш ирет.

Алкынган ичте сагыныч

азайган өңдүү сезилет.

Белегиң менен катыңа

Берекем, Гүлнар, ыракмат,

Беттешсем жоого алдырбай

Бул экөө жүрөт кубаттап...»

Элестетти; эл укпаган

Бир чоң эрдик койду жасап,

Пионерлер гүлүн кармап

Комсомолдор аны жандап,

Аба жарып шаң музыка

Эл тосууда урмат менен

Шумкарым деп кучак жайып

Энекесин өбөт беттен

Апа элдин арасынан

Гулнар жылып дагы астыга

Элең карап Чолнонбайга

Эрдигине кылып ызаат

Колдо кызыл гүлүн булгап

Күн жүздөнүп күлүп турат

Уйку качып Чолпонбайдан

Учуп түндө санаасы сан

Бири-бирине тонмуй

Болуш үчүн эзелтеден

Апаат согуш болуп келген

Ал окшошот чон ооруга

Канат сермеп шамаалга тен

Капыс келип не бир улуу

Өмүрлөрдү өлкөлөрдү

Ок тартып, шуу алып кеткен

Оо адамдар бир бирине

көрсөткүчө зомбулукту

бири-бириңди сүйүп, сыйлап

“Ассалому алейкумду”...

Бийик тутсан эч убакта

Болмок эмес чимелидей

Өлүк дөбө, кырылуу да

Адам колу ал мустактан

Ок атууга жаралбаган

Мылтык эмес кармап соко

Кол сунулса тууган, доско

“Ассалому алейкумду”...

Бийик туткан жалбыракты

Көрчү. Ана Бири–бирине

Көрсөтпөстөн кордук-ыза

Чоңмун дебей баары чогу

Жашап жатат ынтымакта

Жалбырактар чөптөр дарак

Башы менен сайылышып

Турган адам көктү карап,

Бактылуулар! Бир орундан

Жылбай туруп турганы үчун.

Баскан болсо адамдардай

Кырат беле бири-бирин?!

Күчтүүлөру күчсүздөрүн,

Алдуулары алсыздарын,

Кулдап, анан мазакташып,

Жасайт беле каалаганын?!

Эмне үчүн ушундайча?

Баскан-сүзгөн бүт жаныбар

Ал гана эмес адамдарда

бир-бирине үстөмдүгун

Көрсөтүүгө болот кумар?!

Жер жетпейби жашаганга?!

Аба азбы дем алганга?!

Пейилдерди тарытпаса,

Нан табылат чайнаганга.

Анан  эмне? Бир-бирине

Тиш кайрайсың өчүң барча?!

Акыл качса адамдардан

Кимдер түшөт арачага?!

Пейли, ою, чексиз-кенен,

Талаасындай мелмилд е ге н.

Күчтүү болуп күч көрсөтпөс,

Досу учун керек кезде,

Жанын берген, канын эмес.

Улуу орус болбогондо

Кыргызымды толбос уучка

Жан алгычтай болгон фашист

Эчак кырып салмак тура.

Бүркүт болсо баскынчылар,

Эркиндигин коргогон эл

Аны тээп чыкчу шумкар.

Бычак болсо баскынчы эгер,

Кылыч болот ошол замат

Эркиндигин коргогон эл.

Жатка жерди бүт тарттырып

Эрксиз кулча тирүү калып

Жашаганча, Кан майданда,

Кылчайнашып  өлгөн артык.

Эрксиздиктин кылымынан

Баатырдыктын  муноту артык!»...

...«Дөң алынсын” «Келди буйрук»...

Мурадян политрук

Сүйлөп  жатат кайрат чачып

Чымын учса угулчудай

Полк буйрукту турат угуп.

Сүйлөп жатат... «Коргонууда

Турдук көпкө жанды тиштеп.

Бугун  танда ж о о дзоту

Typган дөнду алыш керек

Бурсугуну алар бизге

Чабуул жасайт, ал антпесек

Дондун аркы жээгиндеги

Бузуп турган пландарымды

Бошотобуз Селявное

Жана Урыв кыштактарды

Өмүр жалгыз Мекен жалгыз

Адамды адам кылган намыс

биздин максат- эркин болуу

алардыкы – басып алыш

Өмүр жалгыз Мекен жалгыз

Эгер Менен милдет такса

Көтөрөбүз ар убакта

Болсо дагы көтөрө алгыс

Өмүр жалгыз Мекен жалгыз

Ошол жалгыз Ата Мекен

Жанымды алып кала көр деп

Жардам сурап турат сенден

Өмүр жалгыз Мекен жалгыз

Ошол жалгыз өмурду сен

Бергин! Аман калсын десен

Жандан артык Ата-Мекен!

Мекен cyйуу  актыгына

Сыналуучу келди мезгил —

Ыктыярда көкжал, өткүр,

Азаматтан чыккыла он бир»...

—  Meн даярмын бардыгына! - - Алга басып Иван ата,

Кызыл Тууну маңдайына

Тийгизди да чөгөлөдү

Сакалынан жашы тама.

—  Оо, Кызыл  Туу, оо, ыйык Туу, Сен жаратып  эркиндикти

Сүйгөндөрдүн кан-жанынан, -бизге мурас берилгенсин,

Лениндин өз  колунан.

Жер өмүрү - күн нурунда,

А биздики Кызыл Тууда.

Берем сени урпактарга,

Так ушундай  аруу, таза.

Оо, Кызыл Туу, өзун барсын

Жер үстүндө Россия

Дем чыгарып турган  чакта.

Сени жатка тартырбаска

Салгылашып келе жатам

Сакал-мурут агарганча

Салгылашам. Кыл учунда

Турган кезде жашоо күнүм

Сенин күнүң бүткөнчөктү

Бүтүп кетсин менин күнүм.

Бар бол Туум! Жол көрсөтүп

Жаркырап тур, бизден кийин

Келчү муун, кылымдарга.

Сен жаркырап туруш үчун

Чыгам мына, мен катарга!»...

— ата, токто, мен турганда,—

Деди  Вася, — Желек үчүн!

Тура калды Чолпонбай да:

—  Бейкүнөө аккан биздин элдин

Каны үчүн!

—  мекен  үчүн!

—     Калаа үчүн!

—        Талаа үчүн!

— Тоолор үчүн!

Каар чачып карегинен,

Дондун аркы жээгинен

Көзүн албайт он бир жоокер

Кыз өбө эле жүздөрүнөн

Сылагылайт бир эле жел

— Өмүр кымбат! аны андан

Кымбат Мекен үчүн берем! —

Он бир жоокер, он бир жолборс

Өч ал у у га кекенишкен

Жөнөйсүнөр таңкы маалда

Токой түнүн көздөй кара

Чылк уюган айланага

Чегирткелер анда санда

Чыркылдашат. Жылдыздар да

Мунайынкы жымындашат

Токой камыш айдарымга

Шуулдашат коогалана

Калайык журт каарына окшоп

Дон суусу агат жээк копшоп

Бир жан кирпик ирмеген жок

Ар кимиси ар кыл ойдо

Чолпонбайга тартылууда

Өткөн күнү комсомолго.

Анан айыл, апакеси

Анан Гулнар жайнап гулдөй

Сумсайыңкы карайт күлбөй

Атасынын керээз каты

Анан арткан байманасы

Дон дайрасы, дон талаасы

Шанк дей тушөт кайра кулагына. Өзү берген ант-убада «Ыйык Мекен!

сага келген

Ажалга мен өзүм кетем!»...

Taң куланөөк таштаганда

Шыбыш бербей тирүү жанга,

Он бир жоокер - баарысы шай

Түштү шарт-шурт кайык-салга.

Дөңдөн дүрбү салып душман,

Кичине эле шек-шооратты,

сезер замат биз тарапты

тытыратып  атып турган.

Салган өңдүү алаканга

Дөңдөн баарын көруп даана,

Кара нөшөр огун төккөн,

Камыш тубу кыймылдаса.

Сактык менен илбэсиндей

Он бир жоокер шек билдирбей

Баратканда сагызгандан

Сак фрицтер байкай калып,

Пулёмоту жаагын жанып,

бир заматта суунун үстү

Бүлөөлөндү кайнагансып.

Кайыктагынын жаны бирге.

Жамгыр окко карабастан

Бел байлашып  тобокелге

Он бир жоокер жылат өөдө.

Көздөн  учкан жээкке жетип

Секиришип туш-туш жакка

Жер менен жер, секин, аста

Боортоктоп дзот жакка

Жылып барат жандалбаста...

А Чолпонбай  эң астында

Бара жатып граната

Ыргытты  эле пулемёттун

Жаагы жап боло тушту.

Ал кыйкырып: «Ураа, Ураа!»

Каны кайнап ушунча жакын

Калгандыгын корбогондө,

Көздөрүнөн чаары чычып

Атырыла алга умтулуп,

Акыркы куч, акыркы дем,

Эң акыркы алын жыйнап,

Ажал бурккөн пулемёттун

Кылуу учун жаагын  жап

Тиш  кычырап, ыза кайнап,

Ач жолборстой айбар, айбат

Албууттана бир секирип

Амбразураны бек кучактап

Жатып  калды... Кап буугандай,Ок тык токтоп, биздикилер

Дөнду алууга чыкты «Ураалап!»...

Чолпонбайдын жүрөгүнөн

Кара курум кан тамчылап

Жан мусасы турду ырдан:

«Куш асманда «кек алгын» — деп учканда,

Суу ташкындап «өч алгын»— деп акканда,

Бешенеңден үргүлөйүн Ата Журт

Бактылуумун сени көрүп  жатканга.

Ыйык тутуп, аруу тутуп намысын,

Тыңшайм сенин  жүрөгүңдүн  кагышын.

Таап берсем деп жүрчү элем өзүңө

Өлбөстүктүн көздөн учкан дарысын...

Дүйнө салсам тирилемин сен десем,

Эч азайба, эч кемибе, өлбө сен...

Өмүр бою туткун бол де боломун

Сенин эркин күнүң үчүн кең Мекен!

Сага атылган окко ыйык Мекеним,

Төшүм тосуп ажалыңа кетемин.

Мен дүйнөдөн кеткендигим  кеп эмес,

Өзүң бар бол, өссүн колуң, этегиң...

Керээзим бул, мен келбеске кетерде:

Кыргыз болгон жана дагы болот де.

Мендей болсун уулуңдун начары

Эч азайба, эч кемибе, кебелбе!

Кылым кыркып кылкылдаган тууларын,

Эркин желге эгиздесин ырларын,

Кайсы жерде мен жатпайын сеземин

Кай шамалда кай бутагың сынганын.

Ар бир уулуң сага мендей жалынсын,

Жүрөгүн чаап, айлансын да, кагылсын.

Keтce чөптөн айтып, турсун саа деген

Ак сүйүүсүн, камкордугун, сагынычын!»...

Дүйнө көчүп  ай-ааламдан

булут жылат саймаланган.

Ын-жын болуп кайдан-жайдан

Үн  угулат атасынан:

«Ылаачыным! Ыраазымын

Анан жылып көз алдына

Келди энеси, тууган жери,

Ал соңку ирет жыт искеди:

«Алтын Апа!   Кечир мени.

Куудай чачын сылабаймын,

Бырыш баскан бетиң өппөйм.

Кандай    гана        оор сага —

Менде    башка болбоду арга,

Кечир мени,   кечир, Апа.

Келем сага!  Кечөлөрдөн

Бала болуп кулүндөгөн

Шамал болуп чачың сылап

Аймалаймын аба болуп,

Саруулансаң сайрап берем

Талга конгон кушуң болуп,

Жыт сагынып кусалансаң

Ак гүл болуп таң заардан

Көз жашыңдан гүлүм ачам.

Мен барбасам бул милдетке

Мага окшогон бирөө бармак.

Өзүмө окшоп сага атылган

Окко төшүн тосуп калмак.

Ыраазымын  бу дүйнөгө

Жаралганга, төрөлгөнгө

Эң башкысы балалык парз

Милдетимди өтөгөнгө .

Кечиргиле... Баскынчынын

Баарын кырып, тыйпыл кылып

Кең Мекенден  кууп чыгып

Анан кийин  кетпегенге

Кечиргиле...

У л у у Мекен күйүт тартпа.

Мендей сансыз балдарын бар.

Мен энемдин жалгызы элем

Эң акыркы жашы сымал.

Жаштыгымды бердим сага

Сен түбөлүк жаш болуп кал.

Күчүм берип турам тилеп

Мындан дагы күчтүү бол деп..

Бердим сага өмурумду

Болсун күнүң түбөлүктүү —Ааламда жок асыл өлкөм

Сенин ыйык турпагыңды

Баскан эмес бөлөк-бөтөн

Эч убакта бастырышпайт

Муун бизден кийин өскөн.

Канча узак, канчалык оор,

Канча кыйын болгон менен—

Бардык жолум сага келген

Сага келет, Ата Мекен.

Менде баары болуп толук,

Бир гана сен, сен болбосон —

Жашаганым сокур тьйын.

Ошол замат мен жок болом.

Бар бол дайым! Амандыгың

Тилеп жатам сансыз кылым.

Обологон күлкүң уксам.

Ошол менин амандыгым.

Суук колдон, суук көздөн

Сактап жатам сени дайым!

Калдайып тур! Каралдым,

Карааныңдан кагылайын.

Оо, асыл жер, кечир мени,

Келбетиңди көрбөйм кайра.

Дон өзүңдүн добушуңду

Берип турат. Талас дайра:

Сагынычым мөнгүң мисал.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!