СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ангина жөнүндө маалымат

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ангина жөнүндө маалыматтар алышат

Просмотр содержимого документа
«Ангина жөнүндө маалымат»

Ангина


Ангинадан боло турган кабылдоолордун схемасы (стрелка менен сезгенген бадам сымал бездери көрсөтүлгөн). Оорудан жабыркоого учурай турган органдар: 1— муундар; 2—жүрөк; 3—кулак (а — ортоңку, б — ички); 4— бөйрөк; 5—лимфа түйүндөрү.

Ангина: 1—соо көмөкөйдүн көрүнүшү (салыштыруу үчүн); 2-катардык ангина; 3—фолликулярдык ангина.

Ангина — катуу кармама жугуштуу оору.

Ангина тууралуу

Анда негизинен, бадам сымал без сезгенип жабыркайт. Ангина — кеңири таралган оору, көбүнчө балдар, ошондой эле 35—40 жашка чейинки чоң кишилер ооруйт. Аны ар кандай микроорганизмдер, негизинен стафилакокк менен стрептококк пайда кылат. Алар организмге оорулуу пайдаланган түрдүү буюмдардан (мисалы, идиштен) жугат. Айрым учурларда ангинаны бадам сымал бездердин лакуналарында, ооз көңдөйүндө жана кулкунда дайыма жашоочу микробдор пайда кылат. Ал микробдор киши үшүп калса, өтө чарчаса, ар кандай оору менен ооруса, көбүнчө грипптен кийин организмдин коргонуу күчү начарлаганда ангинаны козгойт. Кээ бир кишилер бал муздак жеп, буту суу болуп же муздак сууга түшүп койсо ангина менен ооруп калышы мүмкүн. Мурун көңдөйүнүн жана анын кошумча коңулдарынын (мисалы, гайморит), ооз көңдөйүнүн (тиштин чириши) сезгенүүлөрү, ошондой эле аденоиддер, өнөкөт мурун бүтүү жана башка мурун менен дем алууну бузуучу оорулар ангина менен бат-бат ооруга түрткү берет. Балдардын скарлатинасынын чоң кишилердин ангинасы менен жалпы окшоштугу бар. Ангина күз жана кыш мезгилинде көп кармайт. Оору капысынан башталып, тамак кычышкансып, ачышкансып, эч нерсе жуткузбай ооруйт. Оорунун биринчи күнү эти ысып 38—39° С, кээде 40° Сге жетет, башы ооруйт, шалдырайт, чыйрыгат. Оорунун 2—3-күнү тамактын ооруганы күчөп, акырындап азаят. Ангина демейде 7—8 күнгө созулат. Ангина катардык (бездер сезгенип, кызарат), фолликулярдык (бездерди майда ириңдүү кебер каптайт) жана лакуналык (бездер бүт ириңдейт) болуп бөлүнөт. Көпчүлүк кишилерде ангина бир нече жылда бир кармайт. Тез-тез кармама ангина өнөкөт сезгенүү — өнөкөт тонзиллитке өтөт.