СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Анимация по теме коксование угля

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

 Сабактын планы

Просмотр содержимого документа
«Анимация по теме коксование угля»

Сабактын темасы: Алкандар .

Алкандардын курамы, малекуласынын

түзүлүшү. Изомериясы, номенклатурасы


САБАКА ЧЕЙИН

Сабактын максаты:

Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)

Окуучулар углеводороддор боюнча билим алат, алкандардын молекуласынын түзүлүшүн окуп үйрөнөт, каситтери менен таанышат. Окуучулар алкандардын курамын анализдеп, формуласын жазганды үйрөнөт, гибриддешүүнүн пайда болушун жазып, гибриддешпей калган электронду табат. Алкандардын гомологдорун жазууну үйрөнөт.

Алкнадын практикалык мааниси боюнча билим алышат.

Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)

-Окуучулар ацетилендин катарындагы углеводороддордун касиетин түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен углеводороддордун башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;

-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Жаң ы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: башкарып окутуу ,топ менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: 1.Алкандардын молекулаларынын шар өзөк моделдери менен таанышат ,молекуласынын түзүлүшү боюнча сүрөттөр. Слайддар көрсөтүлөт.

С абактын жүрүшү :

Өтүлгөн теманы кайталоо үчүн суроолор же жаңы теманы кабыл алууга даярдоо. Окуучулардын биологиядан алган билимдерине таянып, мугалим төмөнкүдөй тести иштетсе да болот.

1.Фотосинтез процессинде көмүртектин (IV) оксиди жана суу менен кошулуп, жарык энергиясынын таасири астында пайда болгон зат:

A) глюкоза

B)  сахароза

C)  крахмал

D)  көмүр кислотасы

E)  рибоза

2.ДНК , РНК нын молекуласынын курамына кирген зат:

A)  бир атомдуу спирттер,

B)  майлар,

C)  белоктор,

D) углеводдор,

E)  альдегиддер.

3. Адамдын канында углевод кандай абалда болот?

A)  гликоген,

B)  сахароза,

C)глюкоза

D)  крахмал,

E)  целлюлоза.

Тести иштеп окуучулар менен талкуулагандан кийин,

жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат да , андан кийин сабактын темасы берилет.


Сабак.

Сабактын темасы доскага жазылат. Алкандар. Алкандардын курамы,

малекуласынын түзүлүшү.

Изомериясы, номенклатурасы.


Суроо: Алкандар кандай углеводороддордун катарына кирет?

Окуучулар өз алдынча, экиден иштеп ойлорун айтышат. ( 1мин)


М угалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет. ( мугалим текст таратып берет)

1-тыным.

Мурунку темаларда жалпы эле органикалык заттар, алардын классификациясы менен таанышкансыңар.Эми органикалык заттардын негизги классы болгон углеводороддорду окуп үйрөнөбүз. Углеводороддор бул органикалык заттардын башатын түзөт. Углеводороддун курамына кирген суутектин атомдору башка атомдор же атомдордун тобу менен орун алмашса органикалык заттардын класстары келип чыгат.Углеводороддордун тобуна кирген алкандар менен таанышасыңар.Алкандар, каныккан алифатикалыкуглеводороддор же парафиндер деп да аталат.

Парафин парафин (от лат. parum - май и лат. affinis - тектеш) мом сыяктуу аралашма дегенди түшүндүрөт .Химиялык жактан туруктуу. Көмүртектин төрт валенти суутектин атомдору менен каныккан жана башка атомдор менен орун алмашууга гана жөндөмдүү. С-С ортосундагы байланыштын узундугу 0,154нм, с-н ортосундагы байланыштын узундугу 0, 108,7 нм барабар, жөнөкөй байланыш сигма байланышы менен байланышкан. Sp3 гибриддешүүгө ээ, валенттик бурч 109 градуска барабар. Молекуланын формасы тетраэдр .

Метандын эмприкалык формуласы – СН4 Молекуласында төрт жөнөкөй байланышы бар. 4 байланышы . Структуралык формуласы төмөнкүдөй , көмүртек төрт валентине төрт суутектин атому менен байланышат:

СnН2n+2




  • А лардын жалпы формуласы СnH2n+2 . Бул формуланыны негизинде калган чектүү увлеводороддордун өкүлдөрүнүн формуласын чыгарып алсак болот.Эгерде n=1 болсо анда СН4 формуласы келип чыгат. Метан , этан, пропан, бутан, тарыхый аталышы сакталып калган. Пентандан баштап сандардын грекча аталышына ан деген мүчө уланып жазылат.Бул заттардын молекулалык формласына көңүл бурсаңар улам биринчи заттан , экинчи зат СН2 группасына айырмалана тургандыгы көрүнүп турат. Углеводороддордун мындай катары гомологиялык катар деп аталат.

Мугалим: Метандын катарындагы углеводороддордун гомологдорун жазабыз деп окуучулар менен бирдикте гомологиялык катар жазылат.

















Бул катарды гомологиялык катар деп атайбыз. Гомологиялык катар деп бири-биринен СН2 группасы менен айырмаланган заттардын катарын айтабыз. Көмүртек скелети эң узун алкан С390 Н782 болгон нонаконтатриктан белгилүү. Аны 1985-жылы англиялык химик И.Билл жана М.К.Уайтинг синтездеп алган.

  • Кадимки шартта бутактанбаган углеводороддор метандан баштап CH4 бутанга чейин C4H10 — газ абалында; пентандан баштап C5H12 - C13H28 —чейин суюк; C14H30 кийинкилери катуу абалда.

  • Газ абалындагы алкандар чоӊ жылуулукту бөлүп чыгаруу менен түссүз жалын менен күйөт.

Текст окулуп бүткөндөн кийин жалпы топто талкууланат же текст боюнча суроолор түзүлүп суроолор аркылуу тексти талкууласа да болот.

А ндан кийин экинчи суроо берилет:

Алкандардын молекуласындагы көмүртектин атому кандай гибриддешүү абалында болот? ( окуучулар бирден, экиден иштешет)

Андан кийин берилген суроого толук жооп берүү үчүн лекциянын экинчи бөлүгү берилет.

2 -тыным .

Алкандардын молекуласындагы көмүртектин атому Sp3 гибриддешүү абалында болот.

Көмүртектин атому мезгилдик системада 6- катарда тургандыктан, 6 электронду эки деӊгээлге бөлүштүрүп жазабыз. Алар төмөнкүдөй:




2S


1S




Көмүртектин катар саны 6 болгондуктан , көмүртектин 6 электрону , 6 протону бар. Экинчи мезгилде жайланышкандыктан эки деңгээли болот. Биринчи деңгээлинде 2 электрону бар, экинчи денгээлдн 4 электрону бар. Көмүртектин электрондук формуласы төмөнкүдөй учурда, эки жупсуз электрону болгондуктан,


2s




көмүртек II валенттүү. Ал эми жарык энергиясынын таасири астында 2Sтеги 1 электрон 2р деңгээлинин бош ячейкасына козголуп өтөт.



2s




Ошондуктан органикалык бирикмелерде көмүртек IV валенттүү. Алкандардын малекуласында көмүртек биринчи валенттик абалда б.а. Sp3- гибриддешүугө ээ болот. Гибриддешүүгө 2sтеги бир электрон формасы шар (А) түрүндө жана 2р деңгээлиндеги 3 электрон формасы көлөмдүү сегиздик формага ээ (Б) болгон электрондук орбиталдар гибриддешүүгө катышат да ,




А Б В

баштапкы электрондук булуттарга окшошпогон, алмурут түрүндөгү (В) төрт электрондук булуттар пайда болот. Ошондуктан ар бир көмүртек 4 (сигма) байланышты пайда кылат. Алар мейкиндикте тетраэдр түрүндөгү геометриялык фигурага ээ болот , алардын арасындагы бурч 1090 градуска барабар.



2s








Чектүү углеводороддордун дагы бир касиети радикалдарды пайда кылышы. . Бул жупсуз электрондору бар атомдордун топтору , абдан активдүү. Радикаладар молекулаларга таасир этип , молекулалрдан атомдорду кошуп алып , дагы жаңы радикалдар пайда болуп турат. Радикалдардын пайда болушун төмөнкү видео тасмадан көрүүгө болот. ( радикалдар боюнча видео дискте берилген)

ХIХ-кылымда 1.Радикалдар теориясы киргизилген. Мында кандайдыр бир атомдордун тобу химиялык реакция учурунда бир заттан экинчи затка өтуп турат деген божомолдоо айтылган , бирок ал теориянын далили болгон эмес ошондуктан кабыл алынбай калган. 2.Типтер теориясы: Мында органикалык заттарды:

H2O ( H OH) суусу бар органикалык бирикме.

HCL ( хлор туундулар ) органикалык бирикме

NH3 ( аммиагы бар ) органикалык бирикме деп үч топко бөлгөн. Негизинен мындай топторго бөлуштүрүү жакындашат, бирок далил жок болгондуктан

1857-жылы немец окумуштуусу Кекуле көмүртектин 4 валенттүү экенигин айтып далилдеген.1858-жылы шотландиялык химик окумуштуусу Купер көмүртек-көмүртек менен байланышып чынжырды түзгөндүгүн айткан. 1861-жылы орус окумуштуусу А.М.Бутлеров “органикалык бирикмелердин химиялык түзулүш теориясы” ачкан жана теорияны 4 жобо менен далилдеген. Органикалык заттардын курамындагы атомдор, алардын түзүлүшү, касиеттери, атомдордун бири-бирне таасир этиши жөнүндө толук түшундүргөн бир бүтүн теория А. Бутлервдун теориясы болгон.















Текст окулуп бүткөндөн кийин жалпы топто талкууланат же текст боюнча суроолор түзүлүп суроолор аркылуу тексти талкууласа да болот.

Андан кийин үчүнчү суроо берилет:


Суроо: Алкандардын катарындагы углеводороддор изомерлениши мүмкүнбү?

( окуучулар бирден,экиден иштешет 1мин убакыт берилет)

2. Көмүртек скелетиндеги изомер: (С4Н10 дан баштап)

С4Н10 С4Н10





бутан

2-метилпропан

(изобутан)

Демек чектүү углеводороддор көмүртек скелетинде изомерленет.

С5Н12 пентандын үч изомери бар.Алар н-пентан, 2-метилбутан, 2,2-диметилпропан.


н-пентан





2-метилбутан







2,2-диметилпропан





Алкандар катарындагы углеводороддор калий перманганатынын жана бром суусунун өӊүн түссүздөндүрбөйт. ( Алкандардын бул касиети боюнча видео көрсөтүлөт.)

Алкандардын негизги булагы –нефть. Алкандар отун катары кеӊири колдонулат. М: бензин,керосин, дизелдик отундар. Майлоочу май катары жеӊил жана оор газойль колдонулат. Нефти продукталары пластмасса, синтетикалык була, каучук жана кээ бир кир кетирүүчү каражаттарды алууда колдонулат. Вазелин жана вазелин аралашмалары майлоочу май катары медицинада , косметологияда колдонулат.


газ


бензин

каучук

вазелин

пластмасса




Демек көмүртектин атому суутектин 4 атому менен байланышкандыктан, көмүртектин атому каныккан углеводород , чектүү углеводороддор деп аталат.

Теманы окуучулар окуп бүткөндөн кийин топто талкууланат.

  • Окуучу: - Алкандар бир жөнөкөй байланыш менен байланышкан углеводороддор; - калий перманганатынын , бром суусунун өӊү өзгөрбөйт; - Көмүртектин атому Sp3 гибриддешүү абалында; -молекуласы тетраэдр түрүндө, алардын арасындагы бурч 1090 градуска барабар. -парафиндер дап аталат.

  • Окуучу: Углеводороддордун бул тобунда көмүртек биринчи валенттик абалда болот. Отун ктары кеӊири колдонулат. Көмүртек атому Sp3 гибриддешүү абалында. М едицинада , парфюмерияда колдонулат.


Текст окулуп бүткөндөн кийин жалпы топто талкууланат же текст боюнча суроолор түзүлүп суроолор аркылуу тексти талкууласа да болот.

Андан кийин төртүнчү суроо берилет:


Суроо: Көмүртек атомдору бири-бири менен кандай байланышып турат?


4 -тыным.

Көмүртек атомунун өзгөчөлөнгөн касиети бири-бир менен байланышкандыгында.

Элементтердин атомундорун туюнтуучу моделдин тетиктери белгилүү масштабда жасалат, ошондуктан модель болжолдоп алганда атомдордун ченемдеринин катышын жана молекуланын сырткы формасына туура келет. Мындай атомдордун моделин молекуланын шар-өзөк модели деп атайбыз. Анда бир нече молекуланын моделин тузүп көрөлү. Көмуртек- көмүртек менен,көмүртек -суутек менен байланышып пайда кылган молекулалардын шар –өзөк моделин карап көрөлу. Көмуртек төрт валенттүү болгондуктан бир валенти менен экинчи көмүртек менен байланышып, калган үч валенти суутек менен байланышат да ар түрдүу органикалык заттарды пайда кылат. Мисалы: Метан, этан, пропан ж.б. метандын атомундагы суутектин атому башка атомдор менен орун алмашып башка заттарды пайда кылат.












Көмүртек атомдору бири-бирнин айланасында кеӊири айлана тургандыгы боюнча анимация көрсөтүлөт. (анимация дискте берилген)

Анимация боюнча окуучулар өзүнүн байкаганын дептерге жазып жыйынтык чыгарат.

Окуучулардын билимин бышыктоо үчүн тестик суроолорду берүүгө болот.

Мисалы: Гомологдор – булар :

  1. Гексан и гексаналь,      2. Гексан и гексен,       3. Бутан и пентан,        4.Бутан и пентил.

2. Алкандардын жалпы формуласы:

СnH2n              2. CnH2n+2               3. CnH2n-2              4. CnH2n-

3.Бул бирикмелердин кайсынысында суутектин массалык үлүшү көп:

  1. С3Н8                  2. С4Н10                 3. С6Н6                  4. С5Н12


Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!