Лейлек району «Баластан» балдардын билим бер үү чыгармачылык борбору
Компьютердик сабаттуулук ийрими
Ийрим жетекчи: Маанова Чынара Пирмановна
Эмнелерди кѳрүп турасыңар?
Туура айтасыңар балдар, бүгүнкү сабактын темасы:
Антивирустук программалар
Сабактын максаты:
- Билим берүүчүлүк- Окуучулар антивирустук программалар жана вирусту издеп табуу жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.
- Өнүктүрүүчүлүк- практикалык ищтерди аткаруу менен, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
- Тарбия берүүчүлүк- Антивирустук программаны туура колдонууга үйрѳнүшѳт. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.
Антивирус - бул
«анти»-каршы, «вирус» - уу деген маанини берет. Жеке компьютерге зыян алып келүүчү ар кандай вирустук программаларга каршы иштелип чыккан программа.
Антивирустук программанын негизги максаты – вирустук программаларды аныктоо, алардан жапа чеккен файлдарды калыбына келтирүү, тактап айтканда, аларды айыктыруу жана зыяндуу вирустардан алдын алуу болуп эсептелинет.
ВИРУС
Антивирус
. Компьютердеги эң негизги программалар «Майкрософт Виндоус» фирмасы тарабынан жазылгандыктан, вирустук программалардын көбү ага жараша даярдалып келген. Бирок учурда «Майкрософттун» негизги атаандаштары өзүнүн кынтыксыз коопсуздугу менен айырмаланып келген «Линукс» жана «Мак ОСко» дагы каршы вирустук программалар чыгарылууда. Алар бир гана компьютерлерге ылайыкталбастан, чөнтөк телефондорго дагы ылайыкталып чыгарылат. Өзүңүздүн жеке компьютериңиз жакшы иштеши үчүн лицензиясы бар антивирустук программаны орнотуу зарыл. Анын тийиштүү деңгээлде иштеши үчүн компьютер интернетке кошулуп, ошондой эле антивирустук программаны колдон келишинче жаңылап туруш керек.
Компьютердик вирус кандай программа ?
Компьютердин файлдарын дарылоочу программа
Компьютердик оюндарды иштетп өөчү программа
Компьютердин программаларына каршы программа
Компьютердин программаларынпрограмма
Антивирустук программалардын классификациясы
Вакцина программасы
Детектор программасы
Фильтр программасы
Антивирустук программалар
Доктор программасы
Ревизор программасы
Доктор-ревизор программасы
Антивирустук программа
Иш-аракети
Дектектор программасы
Детектор программалары белгилүү вируска чалдыккан файлдарды табууга мүмкүндүк берет. Бул программалар компьютерди вирустарды гана сканерлейт. Программалар бул маалыматтарды дарылай албайт.
Вакцина программасы
Вакциналар - Вакцина берилген файлды вируска каршы вирус берилген деп эсептеп, өзгөртүү. Азыркы шарттарда, мүмкүн болуучу вирустардын саны он миңдегенде, мындай ыкма колдонулбайт.
Фильтр программасы
компьютерде аткарылган аракеттерди көзөмөлдөп турушат. Вирустардын бар экендигин көрсөткөн иш-аракеттер пайда болгондо, алар бул жөнүндө колдонуучуга билдиришет.
Доктор программасы
Доктор программалары белгилүү вируска чалдыккан файлдарды гана байкап калбастан, аларды дарылоого мүмкүнчүлүк берет. Вирус жуккан файлдарды тазалоо учурунда, дарыгер программасы вирус денесин файлдан жок кылат, б.а. файлды вирус жукканга чейин болгон абалда калыбына келтирет.
Ревизор программасы
компьютердик текшерүү учурунда, аудитордук программалар файлдардын абалын жана дисктин тутумдук аймактарын баштапкыга салыштырышат. Эгерде вирустун аракеттерине мүнөздүү өзгөрүүлөр болсо, анда алар бул жөнүндө колдонуучуга билдиришет.
Доктор ревизордук пргормма
Компьютерди текшерүүдѳ вирус жуккандыгы жѳнүндѳ маалымат берет жан ошол учурда аларды дарылоого мүмкүнчүлүк берет. Вирус жуккан файлдарды тазалоо учурунда, дарыгер программасы вирус денесин файлдан жок кылат
Кайсы антивирустук программа эң пайдалуу деп ойлойсуңар?
Дектектор программасы
Доктор программасы
Фильтр программасы
Ревизор программасы
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
«WEBCITY Business Network» тарабынан интернетте жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында, Касперский лабораториясынын «Kaspersky Crystal» антивирустук программасы эң мыкты деп табылган. Андан кийинки катарда «ESET NOD32 Smart Security», «Dr.Web Бастион Pro», «Avira AntiVir Premium Security Suite» программалары турат. Касперский лабораториясынын маалыматтары боюнча, 2011-жылдын башында интернетте кеминде эле 4,5 миллион вирус бар экени аныкталган.Бишкек шаарында лицензиялуу антивирустук программалардын баалары 1000 сомдон башталат. Сапатына жараша программанын баасы жогорулайт.
Компьютердеги антивирустук программалар:
Бул сүрѳттѳ кайсынысы антивирус эмес?
Вирус жукпай турган түзүлүштү тап?
Жагымдуу маанай т ү з үү : Информатиканын тили менен айтылган макалдарды элдик макалдарга которгула!
- Wi Fi-га жанаш,вирустан адаш.
Жообу: Жакшыга жанаш,жамандан адаш.
- Вирус тазалаш аста-аста, Вирус жугузуш бир паста.
- Жообу: Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста.
- Жакшы компьютерге бир антивирус,
Жаман компьютерге мин вирус.
- Жообу: Жакшы атка бир камчы,
Жаман атка мин камчы.
- Антивирус бар компьютерде вирус жатпайт.
- Жообу: Кыздуу уйдо кыл жатпайт.
- Жакшы компьютеринди жаман вирусун бузат.
- Жообу: Айдай чырайынды иттей кыялын бузат.
- Интернет бирдиктен,программа билимден.
- Жообу: Асыл таштан,акыл жаштан.
- Ѳз алдыңарча элдик макал-лакаптардан информатиканын тили менен айтылган макалдарды түзүп кѳргүлѳ.