НАТАЛИЯ ЛОГИНОВА: РОМАНДАР МЕНЕН ЧАГЫМЧЫЛ КАТТАРДЫ ГАНА ЖАЗА АЛГАН ЭМЕС
Чеховдун чыгармачылыгы менен акырындап таанышып жүрүп олтурдум. Бул адегенде бала чагымда, жашоомдогу алгачкы бапсагай сары итиме атын койгон “Каштанкадан” башталган. Кийин мугалим катары үчүнчү класстарга “Ваньканы” окуп берип жаткам. Класста чымын учса угулчудай жымжырттык өкүм сүрөт, ошондо акыркы саптарга жеткенде жүрөгүм кысылганын сездим: “Түгөнгөн менин өмүрүм, сандалган иттикинен да жаман”… китептен башымды көтөрдүм… – көчүгү жерге тийбеген тентектеримдин көз жаштары жаактарына ботала болуп шыбалыптыр…
… Менин атамдын сүйүктүү жазуучусу – Чехов.
— Эмне үчүн Чехов? – деп бир сапар кызыгып сурадым.
— Анын “Талаасын” окуп чык…
Ошентип окуп жаттым: “… Июль кечтери менен түндөрүндө бөдөнөлөр менен тартар куштар кыйкырбай калган кези, токойдогу бутактарда булбулдар сайрашпайт, гүлдөр аңкыбайт, бирок талаа дагы деле кооз жана жашоо демине толо. Күн жашынып, жерди мунарык басар замат күндүзгү кусалык унутулат, баары кечирилет, талаа кең көкүрөгү менен терең дем алат… Ал эми ай чыкканда, түн кубарып, караңгы тартат. Кудум мунарык болбогондой. Аба таза, жаңы жана жылуу… Ал эми боз-жашыл болуп, кымындай булуту же тагы жок жылдыздар жайнаган асманга карасаң, эмне үчүн жылуу абанын кыймылсыздыгын, эмнеликтен табигаттын сактанып, бир козголуп коюудан коркконун түшүнөсүң: табигаттын үрөйү учуп, ага өмүрдүн атүгүл, бир ирмемин жоготуу да өкүнүчтүү болуп турат…”
Повесть мени айран калтырды! Талаанын сүрөттөлүшү таланттуу пейзажист-сүрөтчү тарткан картина сыяктуу абдан таасирдүү жана бул көрүнүштүн артында бирде муңайым, бирде жашоо кубанычына толгон поэтикалуу образдар… Атам жазуучудан жаңылбаптыр!
Буниндин сөздөрү менен айтканда, “ар бир адам окуган, бүт дүйнө жактырган”, кээ бирлери ага деген махабатын бүт өмүрү сактаган Чехов деген ким?
Антон Павлович Чехов крепостнойлук укук али сакталып турган акыркы жылы Таганрогдо 1960-жылы 16-январда (29) төрөлгөн. Чеховдордун беш мууну крепостной дыйкандар болушкан жана атасы Павел Егорович гана “үчүнчү гильдиядагы” эң төмөнкү майда дүкөндөрдүн соодагерлери кирген көпөстөр тобундагы көпөс деп аталуу менен, крепостнойлук кулчулуктан башын азат кылат. Чеховдор бир нече жазуучулар менен сүрөтчүлөрдү берген таң каларлык таланттуу үй-бүлө, бирок алардын беш баласынын ичинен бирөөсүнө гана улуу орус жазуучусу деген атак бешенесине жазылган.
Бул атак оңой менен келген эмес.
Көптөгөн шык даарыган адамдардын бала чагы азаптуу, кыйынчылыктарга толгон балалык болгон. Ошондо да Антоша Чехов сыяктуу жаш чагынан көп азап тартканын табуу кыйын. 1887-жылы Антон Павлович автобиографиялык мүнөзгө ээ “Аяз” деген аңгемесин жарыялайт. Жазуучунун атасы балдарына катаал эле жана көр турмуш кыйынчылыктарынан ашкере динчилдик менен чыгууну көздөп, муну балдарына да таңуулаган. Эркек балдар, атасы сыяктуу ага дүкөндө жардам берип жатып сууктан сенейип катып калышчу, ал эми гимназияга качардын алдында, муздак чиркөөдө сааттап тикесинен турушчу. Гимназиядан кийин, кайрадан дүкөнгө… “…Аяздан үйгө, жылуу жайга келесиң, бирок ошондо да кубанар нерсе аз! Түн жарымга чейин уктабай, ыйлап чыгасың, а эмнеге ыйлаганыңды өзүң да билбейсиң”.
Чехов эч жерде атасы өзүн жана бир туугандарын катуу суукта, сыйынуу Афон монастырларындагыдай айрыкча “жан дили менен, ачык-айкын жана өткөрүп жибербестен” ырдалган учурларда алдан тайып суй жыгылгыча, эстери оогончо чиркөө хорунда ырдоого мажбурлаган азаптуу сааттарды эскерип жазган эмес. Чехов агасы Николайдын “бул сокур берилүүгө” кургак учук жана таланты гүлдөп турган учурда дүйнөдөн кеткени менен жооп бергенин да эч жерде эскербейт. Булардын баарын өзүндөй так жана ишенимдүү берүү үчүн, “Аяз”, сатиралык “Убаралуу иш”, “Мастан” аңгемелеринде гана эмес, кийин кайгыруу менен: “Бала чагымда балалыгым болгон жок” деп жана болгону коңгуроо үнүнө деген сүйүүнү гана калтырып, өзүнө: “Менде эми дин жок” деп айтуу үчүн, “Өлтүрүүдө” да баарын баштан өткөрүү керек эле.
Сынчылар бул ата менен баланын ортосундагы мамиледеги терең драмадан абайлап аттап кетүүгө бекер эле аракет кылышат. Иван Бунин ырастагандай, Чехов атасын бактысыз балалыгы үчүн кечирген эмес. Акыры Антон Павловичтин өзү да өткөн жашоосу тууралуу ачык жана кескин түрдө мындай дейт: “Зомбулук менен жалган биздин балалыгыбызды ушунчалык талкалаптыр дейсиң, эскерүүнүн өзү көңүл айлантарлык жана коркунучтуу”.
Жаштыгы да оңой болгон жок. Медициналык факультетте окуп жатып репетитордук сабактарды өтүп, сатиралык журналдарга аңгемелерди жазчу, көптөгөн кемсинтүүлөр менен жолу болбостуктан азап чегип, арзыбаган тыйын үчүн какпаган эшиги калбаган.
Аңгеме дайым эле өзүнөн-өзү бышып жетилген эмес. Бирок Антоша Чехонтенин шашылыш чиймелеп жазгандарынан да чоң таланттын мөөрүн байкоо кыйын эмес. Бул жерде түздөн-түз “юмористика” анчалык көп эмес. Ошентсе да “Контрабас менен роман”, “Мансапкордун өлүмү”, “Драма”, “Капитандын мундири”, “Карасанатай” ж. б. чыгармаларында азилдер, атүгүл, шарждар кездешет… Күнүмдүк жашоо өзүнүн майдачылдыгы, көңдөйлүгү жана кайрымсыздыгы менен чулу бойдон көз алдыбызга тартылат. Кайгылуу болсо да, жүрөктү элжиреткен алгачкы аңгемелеринен болгон “Кусалыгын” алалы: аңгеме бой тартып калган уулу каза болгон карыган арабакечтин кайгысын айтар адам издеп, бирок эч ким укпаганы тууралуу; бечара абышка акырында ичтеги бугун атына айтуу менен аңгеме аяктайт. Баарынан мурда Чеховдун көркөм стилине айланган форманын адаттан тыш кыскалыгы таңдандырат.
Чехов дайым адамды чулу бойдон бербестен, анын керектүү сөлөкөтүн гана ырааттуу сүрөттөйт. Ал өткөнгө эмес, азыркыга көңүлдү топтоо менен, каармандарынын жашоосунун белгилүү бир учурун алат. Ал портреттерди гана эмес, сөлөкөттөрдү да сүрөттөйт. Ошондуктан да анын сүрөттөмөлөрү абдан так жана даана, ал дайым экинчи даражадагы майда-чүйдө көрүнүштөргө эмес, бир чекитке сокку урат. Эгерде буга чеховдук тилдин эң сонун колориттүүлүгүн, так жана көркөм сөздөрү менен аныктамаларды кошсок, анда ага анчалык көп орундун деле кереги жоктугун көрөбүз.
Кээде жан чыдагыс оор эмгек коштогонуна карабастан, Чеховду жаш чагынан билгендер анын шайырдыгын, өзгөчөлүү азили, жадыраган мүнөзү тууралуу айтышат.
Арзыбаган иштер, атүгүл карась балыгын кармоо же токойдо козу карын терүү болсун, анын жанында шаңдуу окуяга айлана турган. Тентектик менен тамашалуу оюндардын аягы болчу эмес.
Бирок отузга таяп каттарында уламдан улам жаман жөрөлгөлүү “жалгыздык” деген сөз көп кездеше баштайт. “Отуз жашыма чейин ойноп жашадым”, — деген ал кайсы бир жолу.
Сүйүктүү бир тууганы Николайдын өлүмү, жашоонун түпкүрүн көргөн Сахалинге саякат — өзгөрүүнүн башталышы.
“Мен жалгыз болгонумда, эмнедендир коркуп кетем…” – деп жазат ал 1889-жылы.
Анын меймандостугун да түшүнсө болот. Эң мыкты чыгармаларынын бири болгон “Жар түбүндө” повестинде: “Жан дүйнөңдө кайгы өкүм сүргөндө, адамдарсыз кыйын болор”, — деген сөздөр бар. Ал бардыгына көңүл буруу менен жумшак мамиле жасаган боорукер жан эле. Адамдардын алсыздыгын, кээ биринин санда жоктугун кечирген, кечиргенинин себеби, атүгүл ушундай адамдардын да адамдык кабыр-баркын урматтаган жана айтыла жүргөндөй, үйүнөн меймандардын аягы үзүлчү эмес.
Ал эми Антоша Чехонта Антон Чехов болуп жетилгенде, айланасында көптөгөн майда душмандар менен көрө албастар пайда болушту. “Калемдештери аны майдачыл жана жаман ой менен көрө алышпайт…” – деп Горький бир жолу Екатерина Пешковага жазган катында белгилейт. Антон Павлович адилетсиздик жана карасанатайлык менен түк келише албаган, түнт тартып, сезимдерин жашыра турган. Каттарында барган сайын жаман жөрөлгөлүү “жалгыздык” кездеше баштайт. Өзү үчүн кымбат адамдарынан ажыроо жана Чеховдун эң азаптуу “өзгөрүү” жылдарында каза болгон ошол муундун залкар жазуучуларын жоготуу өз таасирин берип, саякаттоо мүмкүндүгүнөн ажыраткан оору да өз ишин кылды. Сүйүктүү Подмосковьеден Ялтага көчүүгө мажбур болуп, ал жерде күз менен кыш айларынын зарыктырган кечтеринде жылыта албаган “мелихов” ак кайыңын отургузат.
Акыркы күндөрүнө чейин жеке жашоосунда да бактылуу болгон эмес. Книпперди эске албаганда. Сүрөтчү Константин Коровин эскергендей, келишимдүү эркек болсо да, Чехов буга каяша айтат: “Мени аялдар сүйүшпөйт да… Мени баары тамашакөй, азилкеч деп билишет, а бул туура эмес…”
Жазуучунун атасынан алган кичинекей мөөрү боло турган жана анда: “Жалгызга баардык жер чөлдөй” деген сөздөр чегип жазылган. Ал бул мөөрүн жазуучу Лидия Алексеевна Авиловага жазган каттарына гана баса турган, Буниндин Чеховдун жалгыз махабаты тууралуу жоромолунан шектенген күнүбүздө да, ал бул аялга кош көңүл эмес эле. Бирок ал өзүнүн бул тынч, кайгылуу махабаты капысынан аялдын жолдошунун, балдарынын, деги эле аны абдан кадырлашып жана ага ишенишкен үйдүн жашоо агымын бузуп жиберет деп корко турган.
Чеховдун пенде катары боорукерлиги жөнүндө айтууга болот, бирок Чеховдун жазуучу катары да боорукер жана гумандуу экени алда канча маанилүү. Ооба, ал боорукер болгон, бирок ырайымсыз да боло алган. Ал жек көрө алган, бирок баарын кечирүүнүн жумшак мүнөздүү үгүттөөчүсү болгон эмес. Ал адамзат кайгыларынын тереңдигин жана адамдык бактысыздыктын үрөй учурган коркунучун билген, дарыгер жана жазуучу катары, адамдардан бири-бирине ырайымдуу болуусун талап кылган.
Токсонунчу жылдар – Чеховдун жетилген убагы. Бул мезгил таң каларлык “Гусев” аңгемеси менен башталып, “Дуэль”, “№6-палата”, “Кара кечил”, “Күчүк жетелеген аял” повесттери улантат. Ошол эле убакта “Ойноок жаз”, “Ак маңдай” аңгемелери жарык көрөт, “Ак чардак”, “Мезониндүү үй”, “Ионыч”, “Жаным менин” пьесалары болсо ошол кезде жазылгандарын ичинен бир нечеси гана. Ошентип Чехов тууралуу: “…Ал – күчтүү, ак ниеттүү, башында укмуштуу акылы бар терең талант” деп айта башташты. Ал өтө карапайым болуп ага таазим кылууларын каалаган эмес.
Чеховдун таланты ар түрдүү жанрларда көрүндү. Ал бекеринен романдар менен чагым каттардан башкасынын баарын жаза алам деп тамашалаган эмес. Ал али күнгө чейин шаттуу күлкүгө бөлөгөн юмордук аңгемелерди жараткан. Бирок бул күлкү окурманды чыгарманын идеясынан эч убакта алагды кылбайт жана комедиялык, драмалык сүрөттөөлөрдүн алмашып жүрүп олтурушу чыгарманын окурманга тийгизген таасирин күчөтөт.
Толстой аны “Жашоо сүрөткери” деп атаган. Ал кыска аңгеменин улуу чебери катары дүйнөлүк атак-даңкка арзыды, аны туурап жаза башташты. “…Англия менен Американын мыкты жазуучулары Чеховдун таасирине кабылышты… – деп 1938-жылы Соммерсет Моэм кабатырланган. – Аңгемелерди жазгысы келген ар бир таланттуу адам, Чеховдой жазууга тийиш деген көз караш калыптанды”.
Драматургияга жаңы из салган Чеховдун театры өзгөчө орунду ээлейт. Адегенде ал сахнадан түшпөгөн “Аюу” жана “Сунуш” сыяктуу бир нече тамашалуу пьесаларды жаратат. Олуттуу пьсеалар – булар актёрлордун оюну чечүүчү ролду ойногон “маанай” пьесалары. Мисалы, “Ваня байке” окуганда да күчтүү таасир калтырганы менен, бирок анын сценада коюлушу пьесанын таасирин күчөтөт.
Чеховдун кийинки чыгармачылыгынын жалпы мүнөзүнө ошол 80-жылдардагы орус коомунун сезимтал адамдарын кучагына алган арга кетүү менен үмүтсүз убайым мезгили мөөрүн баскан. Бул неврастеникалык шалдыроо мезгили Чеховдон өзүнүн көркөм тарыхчысын тапты. Ооба, тарыхчыны: бул Чехов үчүн абдан маанилүү. Биздеги “идеялык чыгармачылык” деп аталган, башкача айтканда, өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашын көркөм формада чагылдыруу Чеховго, анын табигатына жана адабий түшүнүктөрү менен табити калыптанган шарттарга жат. Ал эч качан “идеялык кыжылдоону” баштан өткөргөн эмес. Бул – ошол коомдук-саясий көңүлкоштук жана ага аны объективдүү катаалдык менен сүрөттөгөн интеллигенциянын рухий кыйроосунун, майдалануусунун жылнамачысы жана турмушун сүрөттөөчүсү болуу укугун берет. “Белгисиз адам” аңгемесинде ал революциялык кыймылды жокко чыгарат, бирок ушул эле аңгемеде карама-каршы тарап да кыжыр кайноо менен сүрөттөлөт.
Бул ар кандай кастыктан бийик турган багынбас катаалдыкты Чехов элге болгон мамилесинде да көрсөтөт. Ал аз нерсеге канааттанбагандыктан улам, оң каармандарды жаратпайт. Мындай искусствону жаратууга оптимист, чулу жана кебелбес нравалуу адам гана жөндөмдүү жана анын, Чеховдун чыгармачылыгында “беченегдер жана бакалар, пришибеевдер менен аксиниялар, казысы жер чийген короздор жана кутудагы адамдар” көп чагылдырылат. Мекенин сүйүү менен, ал мекенине анын сактыгын мокотуучу чоочундар менен амалкөйлөр сыяктуу жагымпоздонбойт. Ооба, кээде дарыгер Чехов катаал диагноз оёкт, бирок диагноздо чындыгында эле дарылоо системи камылган – ал өз Орусиясынын алп тагдырына бекем ишенүү менен, айыгуу жөнүндөгү жалындаган кыял менен жашаган.
Которгон Назгүл ОСМОНОВА
“Литературная газета” 29.01.2020